12 жылдык билим берүү системасына өтүү, 6-класстардын жоюлушу, заманбап IT-класстар, окуучулар үчүн акысыз автобустар жана мугалимдерди даярдоонун жаңы форматы… Ош шаарынын билим берүү тармагы жаңы 2026–2027-окуу жылында масштабдуу реформалардын босогосунда турат. Бул өзгөрүүлөр билим берүүнүн сапатын кантип жогорулатат? Үч нөөмөттүү окуу маселесин чечүү, кадр тартыштыгын жоюу жана башка өзгөрүүлөр тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Бакытбек Алматов менен кеңири маектештик.
— Бакытбек мырза, саламатсызбы? Жаңы 2026–2027-окуу жылында Ош шаарынын билим берүү тармагында кандай маанилүү жаңылыктар жана өзгөрүүлөр күтүлүүдө?

— Саламатчылык. Жаңы окуу жылына карата Ош шаарында билим берүү инфраструктурасын кеңейтүү, мектептерди заманбап талаптарга ылайыкташтыруу жана билим берүүнүн сапатын көтөрүү багытында чечкиндүү, кадамдар жасалууда. Эң оболу социалдык объекттердин курулушу боюнча токтолсом, учурда шаарыбызда 17 жаңы мектептин жана 3 жаңы бала бакчанын курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. Андан сырткары, шаардагы иштеп жаткан билим берүү мекемелери да көз жаздымда калган жок. Бардык мектептерде жана бала бакчаларда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, ага жергиликтүү бюджеттен зарыл каражаттар толугу менен бөлүндү.
Ош шаарындагы 70 мамлекеттик мектептин ичинен бир топ мектептерде капиталдык оңдоо жүрүп жатат. Алсак, №38, №41 жана №39 мектептерде капиталдык оңдоп-түзөө жумуштары кызуу жүрсө, №9, №21, №22 жана №24 мектептердин ашканалары заманбап стандарттарга ылайык жаңыланууда. Ал эми №6 мектепте көп жылдан бери чечилбей келген жылуулук системасынын түтүктөрү толугу менен алмаштырылууда. №43 мектепте болсо STEM кабинеттери, спорт залы, жыйындар залы жана имараттын башка маанилүү бөлүктөрү оңдолууда.
— Шаар турмушунда социалдык долбоорлор да колго алынып жатканы белгилүү. Мектеп окуучулары үчүн түзүлүп жаткан жаңы мүмкүнчүлүктөр тууралуу да айтып берсеңиз?
— Ооба, быйылкы окуу жылынын эң кубанычтуу жаңылыктарынын бири — Ош шаарынын мэри Жанарбек Кубанычовичтин түздөн-түз колдоосу менен мектеп окуучулары үчүн атайын жаңы автобустардын ишке киргизилиши болмокчу. Алдын ала пландар боюнча болжол менен 20дай жаңы автобус окуучуларды акысыз ташуу кызматын көрсөтөт. Бул долбоор Ош шаарында окуучуларды мектепке коопсуз жана өз убагында жеткирүүдө чоң мүмкүнчүлүк түзүп, шаар тургундарына жана ата-энелерге абдан чоң жеңилдик берет деген ишеничтебиз.
Дагы бир мэрдин демилгеси менен ишке ашып жаткан маанилүү долбоор — окуучуларды Жалпы республикалык тестирлөөгө жана предметтик олимпиадаларга даярдай турган жаңы адистештирилген борбордун ачылышы. Бул борбордо курстар окуучулар үчүн толугу менен акысыз уюштурулат. Мындай өзгөрүүлөр өзгөчө жеке менчик даярдоо курстарына каражаты жетишсиз болгон аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн чоң социалдык колдоо болуп саналат.
Ошондой эле ушул эле борбордун базасында мугалимдерибиздин квалификациясын жогорулатуу курстарын өткөрүүгө бардык шарттар түзүлөт. Борбор заманбап техникалар менен камсыздалып, 100 даана эң акыркы үлгүдөгү компьютер, тиешелүү программалар жана жогорку ылдамдыктагы интернет байланышы менен жабдылууда.
— Коомчулукта эң көп талкуу жараткан темалардын бири — 12 жылдык билим берүүгө өтүү болуп жатат. Быйыл бул реформанын экинчи этабы кандай тартипте ишке ашат?

— Быйылкы 2026–2027-окуу жылында 12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн II этабы расмий түрдө башталат. Бул этапта 1, 2, 3, 5, 7 жана 8-класстар 12 жылдык билим берүүгө ылайыкташтырылган жаңыланган окуу программалары жана жаңы окуу-методикалык комплекстер менен билим ала башташат. Ал эми 4, 9, 10 жана 11-класстар мурдагы 11 жылдык билим берүүнүн программасы боюнча окуусун уланта беришет.
Быйылкы окуу жылындагы башкы өзгөрүү — 5-класстын окуучулары түз эле 7-класска өтүшөт. Мунун себеби алар өткөн окуу жылында 5–6-класстар үчүн атайын бириктирилген (интеграцияланган) окуу программасы боюнча билим алышкан. Ошондой эле 11 жылдык билим берүү системасындагы 6-классты аяктаган окуучулар да 7-класска өтүшөт. Натыйжада 2026–2027-окуу жылында мектептерибизде 6-класс болбойт, ал эми 7-класстардын саны болжол менен эки эсеге көбөйөт.
— Жаңы программаларды киргизүү үчүн эң оболу мугалим даяр болушу керек. Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча кандай иштер аткарылды?
— Бул багытта август айынын башынан бери ири иштер жүрүүдө. Алсак, 4–7-август күндөрү Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин базасында түштүк аймагындагы Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан жана Ош шаарынан келген 256 усулчу үчүн 4 күндүк окутуу өткөрүлдү. Алар жаңы мамлекеттик стандарттар, окуу программалары жана заманбап педагогикалык технологиялар боюнча терең даярдыктан өтүштү.
Ал эми 11-августтан 5-сентябрга чейин Ош шаарындагы 1 250 мугалим үчүн атайын квалификацияны жогорулатуу курстары уюштурулууда. Окутууларды алдын ала даярдалган 14 тажрыйбалуу тренер-мугалим өткөрүп жатат. Мында өзгөчө STEM, табигый-илимий предметтерге, заманбап педагогикалык куралдарга жана жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн сабакта колдонууга басым жасалууда.
— Ош шаарындагы мектептерде мугалимдердин тартыштыгы барбы? Бул көйгөй кантип чечилүүдө?
— Айрым предметтер боюнча, атап айтканда, математика, физика, химия жана информатика мугалимдерине муктаждык дагы эле бар. Бирок бул маселени чечүү үчүн жогорку окуу жайлары менен тыгыз кызматташып жатабыз.
2026-жылдын май айында ОшМУдан 42, ОшМПУдан 90 жана КӨЭУдан 32 бүтүрүүчү — жалпысынан 164 жаш адис Ош шаарынын билим берүү мекемелерине жумушка кабыл алынды. Ошондой эле дуалдык окутуу программасынын алкагында педагогикалык адистиктеги 10 студент мектептерде 0,5 ставка менен иштеп, теория менен практиканы айкалыштырууда. Бала бакчалардагы бош орундар да атайын вакансиялар жарманкеси аркылуу толтурулууда.
—Майыптыгы бар балдардын билим алуусуна шарт түзүү жана мектеп психологдорунун ишин күчөтүү боюнча кандай кадамдар жасалууда?
— Инклюзивдүү билим берүү – биздин башкы артыкчылыктарыбыздын бири. Мектептерди жана бала бакчаларды оңдоп-түзөөдө пандустарды, кармагычтарды, кең эшиктерди, атайын санитардык бөлмөлөрдү жана көрүүсү начар балдар үчүн багыттоочу белгилерди орнотуу милдеттендирилген. Ошондой эле логопед, дефектологдорду тартуу жана инклюзивдик ресурстук кабинеттерди өнүктүрүү пландалууда. Ал эми мектеп психологдорунун ролу өзгөчө. Өспүрүм курактагы стресс, тынчсызданууларды психологдор эрте аныктап, балага колдоо көрсөтөт. Психологдор буллинг жана кибербуллингдин алдын алууда негизги роль ойнойт. Алар класстагы мамилеге байкоо салып, зомбулук же шылдыңдоо белгилери болсо, жабырлануучу балага да, агрессор балага да өзүнчө психологиялык жардам беришет. Бул боюнча окуучулар, мугалимдер жана ата-энелер үчүн туруктуу тренингдер өткөрүлүп турат.
— Шаарда окуучулардын саны жылдан жылга өсүүдө. Үч нөөмөттүү окууну азайтуу боюнча кандай чаралар көрүлүп жатат?
— Үч нөөмөттүү окууну жоюу багытында конкреттүү иштер жүрүүдө. Жогоруда белгилегендей, 17 жаңы мектептин курулушу ишке ашса, мектептерге түшкөн жүктөм кыйла азаят. Экинчиден, ички мүмкүнчүлүктөрдү оптимизациялоо жүрүп жатат.
Мисалы, №43 Бабур атындагы мектептин 1-кабатында мурда бала бакча ээлеп келген имарат бошотулуп, мектептин карамагына кайтарылды. Бул чечим ал мектепте окууну 2 нөөмөткө өтүүгө шарт түздү. Ушундай эле ыкма менен башка мектептерде да колдонулбай жаткан же башка багытта иштеп жаткан жайлар кайра каралып, кошумча окуу кабинеттерине айландырылууда.
— Президенттин тапшырмасы менен курулуп жаткан мектептердин абалы кандай? Жеке менчик мектептер качан окууну баштайт?
— Быйыл шаарыбызда 142 мектеп (70 мамлекеттик, 72 жеке менчик) окуучуларды кабыл алат. Мамлекет башчысынын тапшырмасы менен М.В. Ломоносов атындагы мектептин ордуна 750 орундуу, С. Жигитов атындагы мектептин ордуна 1200 орундуу 4 кабаттуу заманбап мектептердин курулушу кызуу жүрүүдө. Учурда имараттардын негизги конструкциялары бүтүп, ички жасалгалоо жумуштары уланууда. Ачылыш датасы тиешелүү органдар тарабынан расмий жарыяланат. Ал эми жеке менчик мектептерге келсек, алар да окуу жылын мамлекеттик мектептер сыяктуу эле 15-сентябрда башташат. Алар 12 жылдык билим берүү стандарттарын, базалык окуу сааттарын сактоого милдеттүү.
Айнура Валижанова