• Ср. Июл 15th, 2026

Популярдуу темалар

Ошто чогултулган салыктардын бир бөлүгү шаардык бюджетте калат

Автор:Osh Shamy

Июн 24, 2026

Ош шаарынын бюджети жакынкы бир жыл ичинде болжол менен 2 миллиард сомго көбөйүшү мүмкүн.

Мындай мүмкүнчүлүк Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон «Ош шаарында сатуудан алынуучу салыктан жана бирдиктүү салыктан түшүүлөрдү бөлүштүрүү боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө» жарлыктын негизинде ишке ашууда.

Бул чечим шаар казынасынын киреше бөлүгүн көбөйтүп, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган маанилүү кадам катары бааланууда. Жарлыкка ылайык, Министрлер Кабинетине 2026-жылдын 1-июнунан 2027-жылдын 1-июнуна чейинки мезгилде пилоттук долбоорду ишке ашыруу тапшырмасы берилди. Анын алкагында Ош шаарынын жергиликтүү бюджетине сатуудан алынуучу салыктын 50 пайызы жана бирдиктүү салыктын 15 пайызы которулуп турат. Буга чейин бул салыктардан түшкөн каражаттар толугу менен республикалык бюджетке багытталып келген.

Ишкерлердин статистикасы жана кошумча киреше

Адистердин эсебинде, акыркы жылдары салыктын түшүү көлөмүндө орточо 30 пайыздык өсүү темпи байкалууда. Бул көрсөткүч сакталса, пилоттук долбоордун алкагында шаардык бюджетке кошумча 2 миллиард сомдун тегерегинде каражат түшөт.

Мисалы, 2025-жылы сатуудан алынуучу салыктын аткарылышы 2 миллиард 994 миллион 723 миң сомду түзсө, анын 50 пайызы дээрлик 1 миллиард сомду жаратмак. Ал эми бирдиктүү салыктын аткарылышы 2 миллиард 142 миллион 377 миң сомду түзүп, анын 15 пайызы 321 миллион сомго жакын каражатты түзмөк. Бүгүнкү күндө Ош шаарында каттоодон өткөн юридикалык жана жеке салык төлөөчүлөрдүн базасы кыйла чоң:

Салык төлөөчүлөрдүн категориясыЖалпы саныЖалпы салык режиминдеБирдиктүү салык системасында
Юридикалык жактар50 8449 4555 986
Жеке ишкерлер41 36911 73220 460

Жаңы өзгөрүүлөр жарандар жана ишкерлер үчүн кошумча салыктык жүктү жаратпайт — салык ставкалары мурдагы деңгээлде сакталат.

Демилгенин тарыхы жана көмүскө экономика менен күрөш

Бул демилге акыркы жылдары Ош шаардык мэриясы жана шаардык кеңештин депутаттары тарабынан бир нече жолу сунушталып келген. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов бул сунуштарды колдоп, тиешелүү мамлекеттик органдарга жеткиргендиктен маселе оң чечилди.

Буга чейин жергиликтүү бюджетке негизинен патент жана мүлк салыгынын гана тиешеси болгон. Ишкерлердин басымдуу бөлүгү бирдиктүү салыкка өткөндүктөн, шаар казынасына кирешенин саны азайган.

Эми салыктардын сапаттуу чогултулушун камсыздоо үчүн шаар бийлиги да ишкерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү жана жарандардын арасында чек талап кылуу маданиятын жайылтууну пландап жатат. Кызмат көрсөтүүлөр үчүн чек талап кылуу көмүскө экономиканын үлүшүн азайтып, салыктардын толук чогулушуна өбөлгө түзөт.

Каражаттар кайсы багытка жумшалат?

Кошумча түшкөн каражаттарды кайсы багыттарга жумшоо маселесин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрү чечет. Алдын ала пландар боюнча, каражаттар биринчи кезекте төмөнкү багыттарга бөлүнөт:

  • Социалдык объектилердин жана мектептердин курулушуна;
  • Жолдорду оңдоого жана инфраструктураны жакшыртууга;
  • Парктарды, эс алуу жайларын өнүктүрүүгө жана Ак-Буура дарыясынын жээктерин көрктөндүрүүгө.

Ошондой эле, бул каражаттар шаардагы ири долбоорлорду — жол тыгындарын азайтуу максатында көпүрөлөрдү, жөө жүргүнчүлөр өтмөктөрүн курууну жана эски базарлардын ордуна заманбап соода комплекстерин салуу иштерин олуттуу колдоого алат.

Шаар тургундары бюджетке түшкөн каражаттар жана алардын сарпталышы тууралуу маалыматтарды Ош шаардык мэриясынын жана Ош шаардык кеңешинин расмий сайттарынан ачык таба алышат.

About The Author

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *