6 июля, 2025

ИРАН-ИЗРАИЛЬ ЖАҢЖАЛЫ

Дʏйнɵ коомчулугунун кɵңʏлʏ Чубактын кунундай чубалжып келаткан орус-украин согушунун сʏйлɵшʏʏ жолу менен мына-мына бʏтʏшʏн кʏтʏп жатканда ортодон Иран-Израиль чатагы оркоюп чыга калды. Андан бери эки аптага чукул убакыт уурдана ɵтʏп кетти. Ал ортодо согушка АКШ да кийлигишип-киришип, Трамп “Ирандын ядролук потенциалы бардык шектʏʏ объектилери менен бирге кыйратылды. Дʏйнɵнʏн башка бир да ɵлкɵсʏнʏн армиясы жасай албай турган эрдикти америкалык аскерлер жасап таштады” деп  мактанып алганга ʏлгʏрдʏ. Бул аптанын шейшембисинде «Иран-Израиль согушу токтотулду. Жарашуу келишимине кол коюлду» деген билдирʏʏ  чыгып, бирок, чын-тɵгʏнʏ, жɵн-жайы толук дайын боло элек.

Иран менен Израилдин ортосундагы чыр-чатактын экинчи дʏйнɵлʏк согуштан кийинки башаты 20-кылымдын 80-жылдарына барып такалат. Карама-каршы турууга эки мамлекеттин атайын кызматтары эле эмес, Ирандын Ирак, Сирия, Ливан, Палестина, Йемендеги проксилери да активдʏʏ тартылган.

Иранда 1979-жылы болуп ɵткɵн ислам революциясына чейин Иран менен Израиль тыгыз экономикалык байланыштар жана региондо араб ɵлкɵлɵрʏнɵ биргелешип каршы туруу кызыкчылыктарынын жалпылыгы менен бириктирилген союздаш мамлекеттердин катарында турушканы маалым. 1979-жылкы Ирандагы ислам революциясы жана аятолла Рухолла Хаменеи бийликке келгенден кийин Иран Израиль менен болгон байланышын ʏзʏп, сионизме каршы туруунун жана ислам революциясын экспорттоонун негиздерине таянган идеологияны жʏргʏзɵ баштаган. 1980-жылдардан тартып Иран региондо анын кызыкчылыктарын коргоого кызмат кылган бутактуу проксистеманы жана союздаштарды тʏзгɵн. Алардын ичине Ливандагы “хезболла”, Йемендеги “хуситтер”, Ирактагы “шиит”, Палестиндагы “ХАМАСты” кошкондогу топтор негизгилер делип саналат. Иран аларды башынан бери эле курал-жарак, финансы каражатар жана согушкерлерди окутуу, ʏйрɵтʏʏ жагынан жакындан жардамдашып келе жатат. Израиль болсо, Иран элдеринин “Моджахеттик” уюмун колдоого алып, Ирандын Сириядагы союздаштарына сокку уруу менен бирге ирандык ядролук программасына каршы жашыруун операцияларды жʏргʏзɵт. Эки тараптын проксилеринин эң ири салгылашууларына 1982-жылкы Ливан согушу жана 2023-25-жылдардан ушул кʏнгɵ чейин аягы ʏзʏлбɵй келе жаткан Газадагы согуш кирет. ХАМАСтын 2023-жылдын октябрындагы Израилге жасаган чабуулун Иран ачык колдоп чыкканы белгилʏʏ. Маалым болгондой, 2023-жылдын 7-октябрында ХАМАС согушчандары Израилдин тʏштʏгʏнɵ чабуул жасап, 1300 адамды ɵлтʏрʏп, 240 кишини туткундап кетишкен. Буга жооп кылып Израиль Газа секторунда кургактагы аскердик операцияны баштаганы белгилʏʏ. Канткен менен ХАМАСтын жогорудагы чабуулуна расмий Тегерандын  эч кандай тиешеси жок экенин Ирандын, андан соң Израилдин жана АКШнын расмий ɵкʏлдɵрʏ билдирип чыгышканын баса белгилеп кетʏʏ керек.

Иран-Израиль жаңжалына аралашып, ал тургай Израилге тарапташ катары АКШнын Иранга каршы согушка кириши дʏйнɵ коомчулугунда бир жактуу пикир жаратты деп айтууга албетте болбойт. Бирок килейген АКШнын аймалашып жаткан эки ɵлкɵнʏ тең “кое тур” дегендин ордуна согушка ɵзʏ кирип кеткени осол эле иш болгонун кɵпчʏлʏк эксперттер баса белгилешʏʏдɵ. Оруста мындай жорук “это не царское дело” деп айтылат. Бул ɵңʏттɵн караганда Путиндин сабырдуулугу дээрлик бир сɵɵм ɵйдɵ турду окшойт. БУУнун баш катчысы Гутерриш согушкан эки тарапты тең абалды масштабдуу регионалдык согушка жеткире курчутпоого чакыруу менен чектелди, башка не кылмак да колунан не келмек? БУУ саясий турмуштун азыркы кезеңинде байкоочулук кызматтан башкага жарабай калбадыбы.

“Чоң жетилик” (Улуу Британия, Германия, Италия, Канада, АКШ, Франция, Япония) ɵлкɵлɵрʏнʏн билдирʏʏлɵрʏ боюнча алганда, Иран “регионалдык туруксуздуктун, террордун башкы булагы” болуп саналат. Ошону менен бирге алар Израилдин Иранга каршы аракеттерине тʏз сын айтуудан буйдалып турушат. Германия жана Британия АКШнын Иранга каршы соккусун колдоп чыгышты.

Евробиримдик тараптарды эл аралык нормаларды жана токтоолукту сактоого чакырып, АКШга конфликтти кʏчɵтпɵɵ ʏчʏн согушка кирбей турууну эскертти.

Россия Израилдин Иранга жасаган соккусун мыйзамсыз деп, тараптарды сабырдуулукка, ал эми Американы согушка кирбɵɵгɵ чакырды. АКШнын Иранга урган соккуларын эл аралык укукту жана БУУнун Уставын орой бузгандык катары караарын билдирди. Кытай Израилдин Иранга каршы урулган соккусуна аябай тынчызданганын айтып, ал эми АКШ Иранга каршы согушка киргенден кийин, АКШ муну менен Ирактагы катасын кайталаарын билдирди.

Кандай болгондо да ɵтʏп бараткан аптада эми эле кʏчɵп бараткан Иран-Израиль алааматынын басылып калганы аныкталды. Yчʏнчʏ дʏйнɵлʏк, болгондо да ядролук согушту дʏйнɵлʏк коомчулук ʏрɵй учура болжоп жаткандагы бир очогун убагында ɵчкɵнʏн жеңилденʏʏ менен белгилеп койсо болот. Жарашуу режими башталганын жана эки тарап тең аны так сактоого тийиш экенин Трамп эскертти. Ок атышууну токтотоордон бир аз мурдараак Иран Израилге багытталган бир нече ракеталык атууну ишке ашырды. Акыркы ок катары кабылдоого боло турган бул соккулардан тɵрт израилдик каза тапканы кабарланды. Иран телеберʏʏлɵрʏнʏн берген маалыматында ок атышууну токтотуу режими Израилдин аймагына Иран тɵрт жолу чабуул жасагандан соң кʏчʏнɵ кирди.

Буга чейин Иран АКШнын Катардагы аскердик базасына америкалыктардын Ирандын ʏч ядролук объектилерине (Исфахан, Фордо жана Натанзе) жасаган чектен тышкаркы агрессиясына жооп катары сокку урганы кабарланган. Эгерде АКШ тараптан жаңы агрессия болуп калса, ага жооп кайтарууга Иран даяр экенин Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи расмий билдирди.

Учурда Иран да, Израиль да ок атышууну токтотуу келишимине келʏʏнʏн ɵзʏн ɵз жеңиши катары карашууда.

Абдираим МАМЫТОВ

About The Author