20 августа, 2025

Кыргызстан Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Кыргыз жоокерлеринин фронттогу эрдиктери

Тилекке каршы согуш дайыма адамзаттын жандоочусу болуп келгени тарыхтан белгилʏʏ. Согуш негизинен тɵмɵнкʏдɵй себептерден улам болуп келген жана болуп жатат. Жаңы аймактарды басып алуу жана рынок ʏчʏн, кɵз каранды эместик ʏчʏн, таасир чɵйрɵ ʏчʏн ж.б. Окумуштуулардын эсеби боюнча коомдук аң-сезим калыптанган акыркы элʏʏ кылымдын ичинде адамзаты 14 500 чоң жана кичине согуштардын тарыхта жазылып калуусуна кʏбɵ болушуптур. Ушул мезгилдин 300 жылы гана тынчтыкта жашап ɵтʏлдʏ. Ал эми акыркы жылдарды карап кɵрсɵк, территориясы жана адам ресурстары чектелген локалдык согуштардан да адамдар кɵп курмандыктарга учурап жатышат.

Ал эми ɵткɵн 20-кылымда дʏйнɵ коомчулугу бʏтʏндɵй адамзаттын тарыхында мында болуп кɵрбɵгɵндɵй оор согуштарга кʏбɵ болду. Бул согуштардын ичинен 1939-45-жылдары болуп ɵткɵн дʏйнɵлʏк экинчи согуш  айырмаланып турат. Гитлер башында турган немистик фашисттер бʏт дʏйнɵгɵ ʏстɵмдʏк кылуу максатында баштаган бул согушка каардуулугу, зыяндуулугу, курмандыктары боюнча эч бир согуш жетпейт. Алтымыш миллион адамдын ɵмʏрʏн алып кеткен бул каргашалуу окуя адамзат тарыхында эң кайгылуу окуя болуп кала берди.

Карама-каршы эки дʏйнɵ – социалисттик коом менен фашисттик нацизм кʏрɵшкɵн бул согушта совет эли бʏткʏл дʏйнɵлʏк тарыхый жеңишке ээ болду. Фашисттик агрессорлорду талкалоо менен Европа жана Азия элдерин фашисттик кулдандыруу коркунучунан куткарууда чоң роль ойногон. Дʏйнɵлʏк  цивилизацияны сактап калган совет элинин адамзаттын алдындагы бʏткʏл дʏйнɵлʏк тарыхый эмгеги мына ушунда. Ал эми кɵп улуттуу совет элинин катарында кыргыз эли да ɵзʏнʏн бардык  мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏн жеңишке арнаганын ɵзʏнчɵ сɵз кылууга болот. 1945-жылы 9-майда фашисттик лагерь жеңилʏʏгɵ учурап, капитуляцияга  кол койгондон бери сексен жыл убакыт ɵттʏ. Быйыл 2025-жылы 9-майда дʏйнɵ коомчулугу бул жеңишти чоң салтанат менен белгилешти.

Гитлерчилер Германияда бийликти басып алган соң (1933) СССРге  каршы согушка шашылыш даярдана баштаган. АКШ, Улуу Британия жана Франциянын башкаруучу чɵйрɵлɵрʏ фашисттик агрессияга кийлигишпɵɵ саясаты жана финансылык жардам берʏʏ аркылуу фашисттик Германия согуштук кʏч-кубатын чындап, СССРге каршы багыттоону кɵздɵгɵн. Бирок экинчи дʏйнɵлʏк согуш (1939-1945) алар ойлогондой болбой империалисттик мамлекеттердин эң ири эки тобунун куралдуу кармашы  менен башталган.

Немистик-фашисттик баскынчылардын жырткычтык менен кол салышы совет элинин тынч жашоосун дʏрбɵлɵңгɵ салган. Ошонтип Социалисттик Ата Мекендин кɵз каранды эместиги жана эркиндиги ʏчʏн Улуу Ата Мекендик согуш башталган. Согуш жɵнʏндɵгʏ кабар кɵп улуттуу совет элинин, анын ичинен кыргыз элинин кыжырдануусун туудурган. Кыргызстандын бардык шаарларында, айыл-кыштактарында миңдеген адамдар катышкан чогулуштар, митингдер ɵтʏп, аларда жумушчулар, колхозчулар, интеллигенция Ата Мекенди коргоо ʏчʏн кʏчтɵрʏн, эмгегин, керек болсо ɵмʏрʏн аябай тургандыктарын билдиришкен. Ар улуттагы тʏрдʏʏ кесипте иштегендер кары-жашы дебей аскер комиссариаттарга кайрылышып, фронтко жɵнɵтʏʏнʏ суранышкан. 1941-жылдын 22-23-июнунда Фрунзе шаарынын аскер комиссариатына ушундай ɵтʏнʏч менен 270 арыз тʏшкɵн. Кызыл-Кыядагы шахтадан 250 кенчи фронтко ɵз ыктыяры менен жɵнɵгɵн. Тянь-Шань областынан 140 патриот аскердик комиссариатка  келишип, аларды тезирээк фронтко жɵнɵтʏшʏн талап кылышкан. Кыргызстандык жоокерлер согуштун биринчи кʏнʏнɵн эле фашисттик баскынчылар менен баатырларча кармаша башташкан. Чек арадагы Брест чебин коргоо Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхындагы маанилʏʏ барактардан болуп калган. Жоокерлер бир айдан ашык убакыт бою чепти душманга бербей кармап турушкан. Алардын арасында кыргызстандык В.И.Фурцев болгон. Ал Караколдогу Ленин атындагы мектептен окуп, тарбия алган жердешибиз эле. Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында иштеген Н.М.Дмитриев 1941-жылы 10-июлда Белорусиянын Борисово шаарын коргоодо душмандын эки танкасын талкалаган. Согушта кɵрсɵткɵн эрдиги ʏчʏн ал 1941-жылы 31-августта кыргызстандыктардан биринчи болуп Советтер Союзунун Баатыры наамына татыктуу болгон.

Кыргызстандын ɵкмɵтʏ согуштун биринчи кʏнʏнɵн тарта калкты аскердик жактан окутууга, аскердик бɵлʏктɵрдʏ тʏзʏʏгɵ киришкен. СССР Жогорку Советинин 1941-жылы 22-июнундагы Указына ылайык, ɵлкɵдɵ аскерге милдеттʏʏлɵрдʏ жалпы мобилизациялоо иши башталган. Бул иштин жʏрʏшʏндɵ Кыргызстанда 386-аткычтар бригадалары, 2 улуттук атчандар дивизиясы тʏзʏлʏп, алар республиканын ɵнɵр-жай ишканалары жана колхоздору тарабынан жабдылган. Булардын ичинен согушка биринчи болуп Кыргызстандын аскер комиссары генерал-майор И.В.Панфилов командалык кылган 316-аткычтар дивизиясы кирген. Командованиенин тапшырмасын ʏлгʏлʏʏ аткаргандыгы ʏчʏн 316-аткычтар дивизиясы 8-гвардиялык деген наам алып, “Кызыл Жылдыз” ордени менен сыйланган. И.В.Панфилов курман болгондон кийин “Советтер Союзунун Баатыры” деген наам берилип, ысымы ɵзʏнʏн дивизиясына ыйгарылган. Тʏндʏк-Батыш фронтунда кызмат ɵтɵгɵн учкуч, лейтенант Тимур Фрунзе (М.В.Фрунзенин уулу) эрдик кɵрсɵтʏп, баатырларча курман болгон. Ɵлгɵндɵн кийин Советтер Союзунун Баатыры наамы берилген.

Москва ʏчʏн болгон согушта Кыргызстан КП(б) БКнын мурдагы секретары Асанкул Рысмендиев эрдиги жана уюштуруу жɵндɵмдʏʏлʏгʏ менен ɵзгɵчɵлɵнгɵн. Ал атчандар полкунун комиссары катары кызмат ɵтɵгɵн. 1942-жылы 8-февралда Смоленск областынын Пастиха кыштагы ʏчʏн кандуу салгылашта эрдик кɵрсɵтʏп, курман болгон.

Кызыл аскерлердин 1941-1942-жылдардагы кышкы чабуулдарынан кийин гитлердик аскелер фронттун ар кайсы участкаларында 100-400 км артка сʏрʏлгɵн. Фашисттик Германия согушту созуп жʏргʏзʏʏ стратегиясына ɵтʏʏгɵ мажбур болгон. Москва алдындагы салгылаштан кийин Тʏркия менен Япония  СССРге каршы согушка кирʏʏгɵ батына албай калган.

Воронеждин тʏштʏк жагында Дон дарыясынын жээгиндеги согушта 1942-жылы 6-августта Чолпонбай Тʏлɵбердиев душмандын дзотун кɵкʏрɵгʏ менен жаап, ɵлбɵс-ɵчпɵс эрдик кɵрсɵткɵн. Ага 1943-жылы 4-февралда Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган. Закавказье фронтунда ротанын саясий жетекчиси Кубат Жуматаев эрдик кɵрсɵткɵн. 1942-жылы 16-сентябрда анын ротасынын командири оор жарадар болгон. К.Жуматаев каза болгондон кийин “Кызыл Жылдыз” орденин алган. 1943-жылы сентябрда  Днепр дарыясынан ɵтʏʏдɵ Кыргызстандын жоокерлери укмуштуудай эрдиктерди кɵрсɵткɵн. Бул жерден сержант Анварбек Чортековдун взводу айырмаланган. Алар суудан сʏзʏп ɵтʏшʏп, душмандын тɵрт чабуулун, мизин майтарган жана 30 гитлерчини жок кылган. Эрдиги ʏчʏн А.Чортеков Советтер Союзунун Баатыры наамын алган. Днепрдагы айыгышкан салгылашууда майтарылбас эрдиктери ʏчʏн кыргызстандык С.Алиназаров, М.Тешебаев, В.Крикун, В.Беляндер, М.Сапожников, Е.Мазков, Г.Тихоновдор Советтер Союзунун Баатыры наамына татыктуу болушкан. 1944-жылы Эстониянын Нарва шаарына жакын жердеги салгылашта кыргыз учкучу Исмайылбек Таранчиев ɵзʏнʏн жалындап кʏйгɵн самолету менен душмандын май куйуучу станциясын сʏзʏп, анын жанындагы алты танканы, ондогон немис солдаттарын жардырган. Анын эрдиги учурунда унутта калып, Советтер Союсузунун Баатыры деген наамы 1991-жылы гана ыйгарылган. Согуш акырлаганда Польша ʏчʏн салгылашта пулемотчу  А.Оторбаевдин эрдиги Советтер Союзунун Баатыры наамына татыктуу болгон. Ал Одер дарыясынан ɵтʏп жатканда душмандын беш чабуулунун мизин кайтарып, 25 солдатын жок кылган. Кɵп улуттуу Советтик армиянынын катарында Кыргызстандан барган 300 миң жоокер Ата Мекенди коргоонун ʏлгʏлɵрʏн кɵрсɵтʏшкɵн. Согуштагы эрдиктери ʏчʏн 10 миң кыргызстандык жоокер орден жана медалдар менен сыйланышкан. Алардын 76сы Советтер Союзунун Баатыры наамына татыктуу болуп, 29 жоокер “Даңк” орденинин ʏч баскычын тең алышкан. Кыргызстандык жоокерлердин кɵпчʏлʏгʏ мекенин, ɵз элинин эркиндиги ʏчʏн курман болушкан.

Архив кызматынын Ош региондук

башкармалыгынын начальнигинин

орун басары Н.Алимбаев

About The Author