6 июля, 2025

ОШ АЙМАКТЫК МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИ

Юлдашева Санабар  Эргешовна – Ош аймактык медициналык колледжинин директору, улук окутуучу,  Кыргыз Республикасынын Билим берʏʏ жана илим министрлигинин  “Билим берʏʏнʏн  мыктысы” сыйлыгынын ээси.

Ош аймактык медициналык колледжи Кыргыз Республикасынын атайын орто кесиптик билим берʏʏ медициналык мекемеси. Сапаттуу компотенттʏʏ адистерди даярдоодо, атаандаштыкка жɵндɵмдʏʏ жана талапка ылайык заманбап кесипкɵйлɵрдʏ, мамлекеттик билим берʏʏ стандартына, жеке жана коомдук чɵйрɵнʏн кызыкчылыктарын, тарыхый-маданий жана социалдык-экономикалык маселелерди чечʏʏдɵ ɵндʏрʏштʏк аркылуу билимге, кɵндʏмдɵргɵ, жɵндɵмдʏʏлʏктʏн негизинде дʏйнɵлʏк деўгээлде талапка жооп берген сапаттуу адистерди даярдоого багытталган.

Ош аймактык медициналык колледжи 2013-жылдан бери билим берʏʏдɵ ɵзʏнʏн ишмердʏʏлʏгʏн жʏргʏзʏп келет. Окуу жайдын тɵмɵндɵгʏ адистиктер боюнча лицензиялары бар: 060109 “Медайымдык иши”; 060108 “Фармация”; 060106 “Стоматолог-ортопед”; 060113 “Физиотерапия”.  “Физиотерапия” адистиги боюнча 2023-жылы лицензия алынып, студенттерди кабыл ала баштаган. Азыркы учурда студенттер кызыгыуу менен билим алууда.

 2016-жылы окуу жайдын алгачкы бʏтʏрʏʏчʏлɵрʏ “Медайымдык  иши” адистигине ээ болушту. 2017-жылы  “Стоматология” жана “Фармация” адистигиндеги бʏтʏрʏʏчʏлɵр кесиптин ээлери болду.  Ал эми “Физикалык терапия” адистигине 9-жана 11-классты бʏтʏргɵн бʏтʏрʏʏчʏлɵр кабыл алынат.   Ушул адистик боюнча студенттер  2-курсту ийгиликтʏʏ аяктап, жайкы эс алууда.

Азыркы учурда колледжде 32 кызматкер эмгектенет. Окутуучулук курам – 21, жардамчы кызматкерлер – 11. Анын ичинен 1 илимдин доктору, профессор, 3 магистр, 3 улук окутуучу, 14 окутуучу бар.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеўешинин “Ардак грамотасы” жана “Даўк” орденинин ээси – 1.

Кыргыз Республикасынын Билим берʏʏ жана илим министрлигинин  “Билим берʏʏнʏн мыктысы” -2;

Ош облусунун администрациясынын грамотасы – 6;

Ош шаарынын мериясынын грамотасы – 8.

Азыркы учурда колледжде 230 студент тɵмɵнкʏ “Медициналык айым иши”, “Стоматолог-ортопед”, “Фармация”, “Физиотерапия” адистиктери боюнча билим алып жатышат.

Китеп фондусу 11275 даана китепти жана окуу-методикалык китептерди тʏзɵт. Анын ичинен 2439 даанасы медициналык тармакка багытталган; 1215 даана китеп электрондук китепканада сакталат.

•      Компьютердик парк – 50 даана компьютер (3 класс)

•      3 ноутбук, 3 интерактивдʏʏ доскалар менен жабдылган

•      2 проектор

•      Спорттук зал, спорт аянтчасы

•      Жыйындар залы

•      Ашкана, медпункт

Колледжде практикалык сабактарды ɵткɵрʏʏ ʏчʏн адистештирилген 38 каана бар.

1.     Фармация (фармацевт) – окуу мɵɵнɵтʏ 2 жыл 10 ай

2.     Стоматолог-ортопед (тиш техниги) – окуу мɵɵнɵтʏ 2 жыл 10 ай

3.     Медициналык айым иши (медайымы) – окуу мɵɵнɵтʏ 2 жыл 10 ай

4.     Физиотерапия (физикалык дарылоо) – окуу мɵɵнɵтʏ 2 жыл 10 ай (9-кл.,11-кл.)

Тапшыруучулар тɵмɵнкʏ сабактар боюнча тестирлɵɵдɵн ɵтʏшɵт:  

Кыргыз тили, химия, биология.

Колледждин бʏтʏрʏʏчʏлɵрʏ МАМЛЕКЕТТИК YЛГYДƟГY орто кесиптик билим жɵнʏндɵгʏ дипломду алышат.

Окутуу келишимдик негизде жʏргʏзʏлɵт.

About The Author