Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры – шаарыбыздын жʏрɵгʏндɵ жанып турган сахналык шам. Бул шам ɵчпɵйт. Быйыл ал жаңырды, дем алды, жашарды. Москвадан билим алып кайтып келген жаштар театрга ʏмʏт болуп отурат. Алар менен кошо сахнага жаңы добуш, жаңы дем, жаңы кɵз караш келди. Кезинде залкарлар тʏптɵгɵн театр эми жаңы муундун кадамы менен кайрадан гʏлдɵйт.
Ош улуттук драма театры жакында ɵзʏнʏн 54-театралдык сезонун аяктаганы турат. Бул сезондо кандай жаңылыктар жʏз берди? Директору Керимбек Калыкуловдон кенен маалымат алганбыз.

-Керимбек мырза, алгач театрдын тʏптɵлʏʏ тарыхы жɵнʏндɵ айтып берсеңиз?
-Театр 1972-жылы тʏзʏлгɵн. Анын алгачкы курамын Москвадагы А. Луначарский атындагы ГИТИСтин (мамлекеттик театр ɵнɵрʏнʏн институту) бʏтʏрʏʏчʏлɵрʏ тʏзʏп, тʏштʏктɵ профессионалдык сахна искусствосунун пайдубалын тʏптɵшкɵн. Алардын катарында А.Абдыкалыков, Д.Байтɵбɵтов, Н.Мамбетова, Г.Каныметова, Т.Аманов, Р.Абдыбачаева, Ш.Дʏйшɵнкулов, Р.Асанов жана башка кыргыз театр искусствосунун улуу ɵкʏлдɵрʏ болгон.
1974-жылы театрдын Ош шаарында ɵз алдынча имараты курулуп, маданияттын очогу катары иштей баштаган. Ошол эле жылдары актерлор ʏчʏн кɵп кабаттуу турак-жай курулуп, чыгармачылыкка шарт тʏзʏлгɵн. 1997-жылы театрга мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимовдун ысмы ыйгарылып, 2007-жылы “Улуттук” макам берилген.
Жарым кылымдан ашуун убакыт ичинде театр сахнасында 150дɵн ашык классикалык жана заманбап чыгармалар коюлду. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ театрда 179 адам эмгектенет. Алардын арасында 4 КР эл артисти, 5 эмгек сиңирген артист, 2 маданиятка эмгек сиңирген ишмер бар.

-Театрдагы акыркы жаңылыктар менен бɵлʏшсɵңʏз?
Жаштар келди – жаңы дем келди. Театрга жаңы толуктоо — бул келечекке салынган инвестиция. Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры – тʏштʏк аймактын руханий жарыгын сактап келаткан улуттук маданияттын уюгу. Театрыбыздын тарыхында быйылкы жыл ɵзгɵчɵ жаңылыктары менен эсте калууда. Жыл башынан бери сахнабызда дʏйнɵлʏк классикалар аншлаг менен коюлуп, чет ɵлкɵлʏк атактуу режиссерлор менен кызматташуу жолго коюлду. Жаз алды театрда кубанычтуу жаңылык жʏз берди. 2021-жылы Кыргызстан менен Россия ɵкмɵттɵрʏнʏн биргелешкен долбоору аркылуу ɵлкɵнʏн жети облусунан тандалып алынган 22 таланттуу улан-кыз М.Щепкин атындагы театралдык институтка окууга жɵнɵтʏлгɵн. Алар быйыл окуусун ийгиликтʏʏ аяктап, ɵз мекенине кайтып келип, биздин театрдын жамаатына кошулду. Актерлордун жаңы муун ɵкʏлдɵрʏн 20-май кʏнʏ чыгармачыл жамаат жана кɵрʏʏчʏлɵр чоң сый-урмат менен тосуп алышты. Алар кызыл килемден ɵтʏп, кɵркɵм программа аркылуу ɵздɵрʏн тааныштырды. Щепкиндиктерди устаттары – белгилʏʏ актер Алайбек Тойчубеков жана Б.В.Домнин коштоп келди. Кыргыз Эл артисти Рашбек Асанов баш болгон театрдын улуу муундагы агайлары ак батасын арнашты.
Бул салтанатка катышкан Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жаш актерлорго чыгармачылык ак жол каалап, тʏштʏк борбордун маданиятын кɵтɵрʏʏгɵ чакырды. Ошондой эле жогорку билимдʏʏ жаш адистердин Ош улуттук драма театрында калып иштеп калышына мэрия тараптан колдоо болорун билдирди.
Мэрдин Щепкинди бʏтʏрʏп келген 22 жаш адисти биринчи кезекте батир менен камсыз кылуу убадасы жаш актерлордун жана кɵрʏʏчʏлɵрдʏн ыраазычылыгына ээ болду.
21-майда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев берген убадасын аткарып, жаш актерлорго “Черемушка” кичи районундагы жаңыдан салынып жаткан кɵп кабаттуу ʏйдɵн бɵлʏнгɵн батирлер менен тааныштырды. “Кечээ убада бердим эле, бʏгʏн аткарып жатам. Бул ʏй силер дипломуңарды алгыча толугу менен бʏтɵт. 1-июлда кɵчʏп киресиңер,” – деди мэр. Ошондой эле аларга 230 000 сом ɵлчɵмʏндɵгʏ бир жолку материалдык жардам да кɵрсɵтʏлдʏ. Бул мамлекеттин жана жергиликтʏʏ бийликтин маданиятка болгон чыныгы мамилесин кɵрсɵткɵн кадам болду.
Мындан 53 жыл мурда дал ушул сыяктуу билимдʏʏ жаштар келип театрды тʏптɵгɵн. Бʏгʏн ошол тарых кайталанып жатат. Алар театрды жаңы деңгээлге кɵтɵрʏп, эл аралык аренага алып чыга турган чыгармачыл кʏч боло алат деп ишенебиз.


-Жетишкендиктер менен катар кɵйгɵйлɵр да болот эмеспи, бʏгʏнкʏ кʏндɵ театр кайсы тарабынан аксап жатат?
-2025-жылдын 2-майында театрда Уильям Шекспирдин “Макбет” трагедиясынын премьерасы болду. Москвалык режиссер Даниил Горшков бул чыгарманы ɵзгɵчɵ интерпретация менен койду. Макбеттин ролун Акбарали уулу Самат, Макбет айымды – Надира Сарыкова, ал эми Дункан падышаны Кыргыз Эл артисти Рашбек Асанов чеберчилик менен ойношту. Сʏрɵтчʏ Алина Варламованын декорациялары кɵрʏʏчʏнʏ орто кылымдагы Шотландияга чɵмʏлттʏ.
17-18-март кʏндɵрʏ болсо балдар ʏчʏн англиялык жазуучу Дж. К. Роулингдин дʏйнɵлʏк бестселлерге айланган “Гарри Поттер” фэнтези-спектакли сахналаштырылды. Аны Казакстан Республикасынын Эл артисти Бекпулат Парманов койгон. Спектакль жаш кɵрʏʏчʏлɵрдʏн сʏймɵнчʏлʏгʏнɵ айланды. Жыл аягына чейин С.Жусуевдин “Курманжан датка”, Тʏгɵлбай Сыдыковдун “Кɵк асаба” тарыхый чыгармалары, Ж.Ɵзбекованын “Соно” драмасы даярдалып, кɵрʏʏчʏлɵргɵ тартууланат.
Кɵйгɵйлɵр да жок эмес. Алардын эң башкысы — жылуулук маселеси. 1992-жылдан бери театрга жылуулук берилбейт. Анын себеби айрым деталдар чириген, уурдалган. Кышында суук, жайында ысык болгондуктан кɵрʏʏчʏлɵрдʏн да, актерлордун да ден соолугуна терс таасирин тийгизет. Бул маселени чечʏʏ ʏчʏн жылуулук системасын модернизациялоо иштерине тендер жарыяланды. 9-июлдан тарта жылуулук системасын толугу менен жаңыртуу иштери башталат. Андан кийин капиталдык оңдоп-тʏзɵɵ иштери пландалууда.


“Коомдун театрга болгон мамилеси ɵзгɵрʏшʏ керек”
Бʏгʏнкʏ кʏндɵ кɵпчʏлʏк эл театрды концерт коюучу жай катары кабыл алат. Бул туура эмес. Театр – жандуу оюн, идея, сезим, чеберчилик. Тилекке каршы, бизде спектаклдерге болгон билеттин баасы ɵтɵ тɵмɵн. 100-200 сомго сатылган билет артисттин, режиссёрдун, сʏрɵтчʏнʏн, бʏтʏндɵй чыгармачыл жамааттын эмгегин арзандатуу болуп эсептелет. Дʏйнɵнʏн ɵнʏккɵн ɵлкɵлɵрʏндɵ театр билеттери алдын ала, жогорку баада сатылат. Ошондо гана театрлар ɵзʏн-ɵзʏ каржылайт.
-Мында эмгектенген актер, актрисалардын кесипкɵйлʏгʏ тууралуу кеп болсун?
ОУДТда диплому бар профессионал актер, актрисалар гана иштей алат. Театр талант менен гана чектелбейт. Билим жана тынымсыз машыгуу керек. Артисттердин билимин жогорулатуу маселеси дагы кɵңʏл чордонунда турат. Жакында эле театрдын режиссеру, кɵркɵм жетекчиси жана башкы сʏрɵтчʏсʏ Москвада ГИТИСте кыска мɵɵнɵттʏʏ курстан ɵтʏп келишти. Андан кийин Таалайбек Тойчубеков аттуу мекендешибиз Москвадагы Михаил Щепкин атындагы жогорку театралдык институтунун мугалими, биздин театрдын ишмерлерине 36 сааттык тренинг ɵткɵрʏп, актердук чеберчилик, сʏйлɵɵ, жаңы инновациялар боюнча бɵлʏштʏ.
Театрда ʏч негизги цех бар: тигʏʏ цехи, металл буюмдары даярдоочу цех жана бутафордук цех. Бир спектаклди коюу ʏчʏн 3 айдан 5 айга чейин убакыт талап кылынат. Ар бир деталь, декорация, костюм, актёрдук образ кылдаттык менен даярдалат. Мыкты даярдыкка жеткенде гана сахнада кɵрʏʏчʏлɵргɵ кɵрсɵтʏлɵт.
-Театр кайсы ɵлкɵлɵр менен кызматташып келет?
Ош улуттук драма театры Россия, Казакстан, Ɵзбекстан, Тʏркия мамлекеттеринин театрлары менен тыгыз иштешет. Султан Раев жетектеген Тʏрксой эл аралык уюму менен кызматташтык жʏрʏʏдɵ. Жакында эле бул уюм Жолон Мамытовдун 85 жылдыгына карата жаш акындардын эл аралык поэзия фестивалын ɵткɵрдʏ. Эл аралык бул чоң иш-чаранын жабылуу аземи биздин театрда болду.
Театр — бул элге рухий азык берʏʏчʏ жандуу дʏйнɵ. Аны ɵнʏктʏрʏʏ — элдин рухун, маданиятын кɵтɵрʏʏгɵ ɵбɵлгɵ тʏзɵт. Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры дал ушул жолдо жаңы тепкичке кɵтɵрʏлʏʏдɵ.
Даярдаган Айнура Валижанова
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы