28 сентября, 2024

“Июль айынан “Коопсуз шаар” долбоору толук кандуу ишке кирет”

1-июндан баштап иштеп баштаган “Коопсуз шаар долбоору” боюнча маалымат эл арасында ар тʏрдʏʏ пикирлерди жараткан. Кɵпчʏлʏгʏ “жолдор талапка жооп бербейт, шарт тʏзʏп алып анан ишке киргизсе болмок” деген пикирлерин айтышты. Жергиликтʏʏ бийлик инвесторлор менен биргеликте долбоорду кандай ишке ашырат? Кайсы кɵчɵлɵргɵ камералар коюулары эмненин негизинде белгиленген? Тийиштʏʏ тараптар жооп берет. 

Максатбек Орозалиев, Ош шаарыныны мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгын башчысынын орун басары.

“Доолбордо эл аралык жана Бишкек шаарынын тажрыйбасы эске алынган”

-Шаарыбыздын тургундарынын жол коопсуздугун камсыз кылуу, транспорттук агымдын тартибин жакшыртуу максатында Ош шаарынын мэри Бакытбек Жеңишбековичтин 2023-жылдын 20-сентябрындагы буйругунун негизинде долбоорду ишке ашыруу боюнча атайы жумушчу топ тʏзʏлгɵн. Жумушчу топко тиешелʏʏ мамлекеттик органдардан, кесипкɵй адистерден, шаардык мэриянын аппаратынын тийиштʏʏ бɵлʏм башчылары кирген. Жумушчу топ бир нече ай бою долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин жана техникалык тапшырмаларын иштеп чыгуу боюнча иш алып барды. Мында эл аралык тажрыйба жана Бишкек шаарынын тажрыйбасы эске алынган.

Тажрыйбаларды изилдеп, андан кийин долбоорго конкурс жарыяланган. Конкурсту Россиянын “Мегафон” ачык акционердик коому утуп чыккан. Ɵткɵн жылдын декабрында Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы менен Мегафон ААКнын ортосунда 5 жылга келишим тʏзʏлгɵн эле. Келишимдин алкагында “Мегафон” ААК ɵзʏнʏн толук инвестициялык каражаттарынын эсебинен шаар боюнча аппараттык-программалык комплекстерди, фото-видео фиксациялоону, серверди уюштурат. Жол чийиндерин аткарат жана топтолгон материалдарды ыйгарым укуктуу органдардын астында тʏзʏлгɵн аппараттык-маалыматтык системага интеграциялайт. Андан кийин ар бир жол эрежесин бузуучуга адресаттан жеткирʏʏ иштерин аткарат. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ биринчи этапта сыноо мɵɵнɵтʏ менен 44 жерге ылдамдыкты ɵлчɵɵчʏ жана жɵɵ жʏргʏнчʏлɵр кесип ɵтʏʏчʏ жерлерге камералар орнотулуп, 11 участокко “тренога” делген камера, 5 жерге жылып жʏрʏʏчʏ камералар орнотулуп, сыноо мɵɵнɵтʏн аткарып жатышат. Долбоордун биринчи этабы жакында аягына чыгат. 2024-жылдын июлунан тартып “Коопсуз шаар” долбоору толук кандуу иштеп баштайт.

“Долбоорго жалпы 2 жарым миллиард жумшалат”

-Инвестор компания менен келишим тʏзɵрдʏн алдында бардык жабдууларды, камераларды, техникалык тейлɵɵ кызматтарын жана сервердик уюмдарды жеткирʏʏ 5 жыл аралыгында болжолдуу эсептепте 2 жарым миллиард сом делген. Долбоордун экинчи этабында шаарга дагы 90 камера коюлат. Буга чейин 2021-жылы да бул маселе Ош шаарында кɵтɵрʏлʏп, бирок, ишке ашпай калган. Ал убакта тийиштʏʏ мамлекеттик органдар тарабынан ишке ашырылчу. Бул ирет инвестор тартуу менен Ош шаарынын мэриясынын демилгеси аркылуу аткарылып жатат. Албетте президенттик админстрациясынын, министрлер кабинетинин колдоосу менен, бирок, аткаруучу жергиликтʏʏ бийлик болуп саналат. Бул жергиликтʏʏ бийлик тарабынан ишке ашып жаткан алгачкы долбоор болуп эсептелет.

“Тʏшкɵн каражаттын 50%ы беш жылга чейин инвестор компанияга бɵлʏнɵт”

-Айып пулдар Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын алдында ачылган эсепке топтолот. Андан кийин аны бɵлʏштʏрʏʏ ɵкмɵт тарабынан бекитилген бɵлʏштʏрʏʏ тартибине ылайык ɵкмɵттʏн токтому менен ишке ашат. Тʏшкɵн каражаттын 50%ы беш жылга чейин инвестор компанияга бɵлʏнɵт. Финансы министрлигинин тапшырмасы менен жергиликтʏʏ бюджетке 15%дан кем эмес каражат тʏшʏрʏлɵт.

Уткирбек Умаров, “Алтай-импэкс” ЖЧКСнын директору:

“Комплекстик-аппараттар ʏчʏн атайы жол белгилери бар”

-Буга чейин билесиздер долбоор 2019-жылы Бишкек шаарында башталып азырга чейин жʏрʏп жатат. Коопсуз шаар долбоорунун негизги максаты — жол кырсыктарын жана коомдук жайларда болгон кылмыштарды алдын алуу. Унаа каражаттарын уурдоо жана унаа кылмыштарынын убагында аныктоо. Тийиштʏʏ комиссия тарабынан жол тилкелери белгиленип алынган. Ошонун негизинде комплекстик-аппараттар кайсы жерде бар экенин эл билсин ʏчʏн атайы жол белгилери орнотулду. Ал эми токтоого тыюу салынган жерлерге токтоп, жол тыгынын пайда кылып жаткан унаалар ʏчʏн да эки мобилдик машина иш алып барат. Камера жана керектʏʏ шаймандардын баары машинеде болот. Ɵзʏ барып, тартып, унааны системага ɵткɵзʏп берет.

“Биринчи этап ылдамдыкты азайтуу багытын кɵздɵйт”

-Бишкек шаарында коопсуз шаар долбоору иштей баштаганда, камера орнотулган жерлердеги кырсык 50 пайызга чейин азайган. Азыр Ош шаарында жол тыгыны, чийиндерде кɵйгɵйʏ бар. Жол чийини дегенде тургунда туура тʏшʏнʏʏсʏ керек. Бул экинчи этапта ишке ашат, жол кесилиштерге гана чийилет, шаардын бʏт баарын чийип чыкпайт. Биринчи этабы жалаң гана ылдамдыкты азайтуу багытын кɵздɵйт. Автостоянкаларды уюштуруу боюнча муниципалдык менчик башкармалыгынын алдындагы комиссия бир канча жерлерди сунуштап, стоянкаларды уюштурууну да колго алган. Бирок бул маселе бир эле Ошто эмес, республика боюнча Россия жана коңшу ɵлкɵлɵрдо да бар. Анткени жолдор эски, союз убагында курулган.

Султанали Эгембердиев, Ош ШИИБи боюнча МККБунун башчысынын орун басары. 

-Учурда жол кырсыктарынын кɵп катталышы олуттуу кɵйгɵйгɵ айланды. Камераларды орнотконго чейин кайсы кɵчɵлɵргɵ коюу керектиги тууралуу жол кыймылынын коопсуздугун кɵзɵмɵлдɵгɵн ишкана тыянак чыгарып бердик. Биринчиден, бизде жол кырсыктары боюнча анализдер бар. Кайсы кɵчɵлɵрдɵ кырсыктын кандай тʏрʏ кɵп катталат, кагылышуубу же жɵɵ адамдарды койдуруубу, унаанын аңтарылышыбы же турган унааны коюп кетʏʏбʏ, кʏн сайын анализдерди чыгарып турабыз. Анализдердин негизинде ушул кɵчɵгɵ коюлуш керек деп сунуштарды бергенбиз.

“Камера негизги кɵчɵлɵрдʏн ылдамдыкты жогорулаткан жерлерине коюлган”

-44 кɵчɵнʏн айрымдарын атай кетсем, Курманжан-Датка, Айтиев, Ленин, Раззаков, Абдыкадыров, Масалиев сыяктуу негизги кɵчɵлɵргɵ, Ак-Буура дарыясынын ʏстʏнɵн ɵткɵн кɵпʏрɵ жолдорго  ылдамдыкты жогорулаткан жерлерине, мектептердин жанына коюлган. Резиденция, Ак-Тилек кичи райондорунан да катуу келишет.

Ош шаарында эки деңгээлдʏʏ жол ɵтмɵгʏнʏн курулуш иштери башталды

Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов шаардагы Монуев-Шакиров-Алимжанов кɵчɵлɵрʏнʏн кесилишиндеги эки деңгээлдʏʏ жол ɵтмɵгʏнʏн курулушу боюнча муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери менен техникалык кɵчмɵ кеңешме жыйынын ɵттʏ.

Мында тиешелʏʏ кызматтарга ɵздɵрʏнɵ тиешелʏʏ болгон жумуштарды ыкчам бʏткɵрʏп берʏʏ, 2 нɵɵмɵт менен жумушту уюштуруу, мыймасыз курулуштарды иретке келтирʏʏ боюнча тапшырмалар берилди. Буга чейин шаардык архитектура тарабынан жолго чыгып кеткен же курулушка тоскоолдук жараткан соода тʏйʏндɵрʏн иретке келтирʏʏ, алып салуу боюнча ээлерине тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзгɵн.

Белгилей кетсек, долбоордун биринчи этабын ишке ашыруунун алкагында Монуев кɵчɵсʏндɵ унаа тыгынынын пайда болушунун алдын алуу максатында жол толук жабылбайт.

Жалпы жумуш 600 метр аралыкта жʏрɵт. Жол азыркыдан бир топко кеңейтилип, тротуар жана ирригациялык тармактар кошо курулат. Убактылуу ыңгайсыздактар ʏчʏн шаар тургундарын жана конокторун тʏшʏнʏʏ менен кабыл алууга чакырабыз.