28 сентября, 2024

Кесипкɵй муниципалдык кызматкерлер

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат – бул чоң жоопкерчилик. Аталган тармакта иштегендер коомдо дайыма бааланып, мамлекеттик кызматкер болууну эңсегендер да арбын. Эл кызматындагылар кандай сапаттарга ээ болуу керек? Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер кʏнʏн утурлай Ош шаардык мэриясынын кесипкɵй кызматкерлерин кепке тартып, кенен маектешкенбиз.

Гʏлʏмкан Нурматова, Ош шаарынын мэриясынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтʏʏ ɵз алдынча башкаруу бɵлʏмʏнʏн башкы адиси.

“Ар дайым билим алып турабыз”

-Алгач кичи мекениңиз, кесибиңиз тууралуу айтып берсеңиз?

-Кичи мекеним Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылы. Мектепти бʏткɵн соң Ош мамлекеттик университетинин филология факультетинин “Орус тили жана адабияты” адистиги боюнча билим алдым. Жашоонун башкы тепкичи кесипти туура тандоодон башталарын жакшы билем. Учурда мугалим болуп иштебесем дагы, алган билимим мага таңдаган эмгек жолумда кɵмɵк болуп келе жатат. Жумушум ɵзʏмɵ абдан жагат. Ары тʏйшʏктʏʏ, ары кызыктуу, ары жоопкерчиликтʏʏ жана ардактуу. Анан дагы биздин эмгек жамаат абдан ынтымактуу. Иш кʏнʏбʏз биргеликте кызыктуу ɵтʏп, социалдык мʏнɵздɵгʏ маселелерди чечʏʏгɵ дем берет. Тургундардын кʏнʏмдʏк кɵйгɵйлɵрʏ муниципалдык деңгээлде чечилгендиктен, жер-жерлерде элдин ыңгайлуу жашоосу ʏчʏн жагымдуу шарттарды тʏзʏп берʏʏгɵ умтулабыз. Албетте, муниципалдык кызматтын кызматкерлеринин кесиптик ишинин деңгээлине, алардын жоопкерчилигине, ɵз милдеттерине олуттуу мамилесине жараша болгондуктан, дайыма ɵздɵрʏнʏн билимдерин ɵркʏндɵтʏп турууга тийиш. Андыктан, тынымсыз аткарган жумуш менен бирге тармактык кесипкɵйлʏктʏ жогорулатуу ʏчʏн изденип, ар дайым билим дагы алып турабыз. Жашоо — мен ʏчʏн бул кыймыл, изденʏʏ, башкаларга жардам берʏʏ, жакшылык жасоо. Ошондуктан дагы бул тармакта эмгектенип жаткандыгыма кубанам.

-Мурдагыга салыштырмалуу азыр жумушта кандай жаңылануулар бар?

-Жыл ɵткɵн сайын жергиликтʏʏ ɵз алдынча башкаруу органдарына жаңы технологиялар киргизилʏʏдɵ, бир нече санариптик системалар орнотулган: “Санарип аймак” (“Социалдык паспорт” жана башка), “E-kyzmat”, “Infodocs” электрондук документ жʏгʏртʏʏ системасы. Бул системалар иштɵɵ сапатын олуттуу тʏрдɵ жогорулатууга, маалыматтарды ɵз убагында алууга жана башка натыйжалуу иш алып барууга шарттарды тʏзɵт.

“Спорттун жеңил тʏрʏ менен машыгып, саякаттоону жактырам”

-Кɵп убакытты жумушка арнаймын, бирок ошого карабастан айрым учурларда спорттун жеңил тʏрлɵрʏ менен машыкканды, саякаттоону жактырам.

Ар кʏнʏ бул тармакта иштеген кызматкерлер, эл менен тыгыз байланышта болот. Элдин арыз-мууңун угуп, кɵйгɵйлɵрʏн чечʏʏдɵ муниципалдык кызматкерден жоопкерчилик, ар тʏрдʏʏ тармактарды тʏшʏнɵ билген адистик билим, кесипкɵйлʏк, абийирдʏʏлʏк жана чыдамкайлык талап кылынат. Ушул ɵзгɵчɵлʏктɵргɵ ээ болгон адам калкка жардам берип, аталган тармакта иштей алат. Мен учурдан  пайдаланып, бардык кесиптештеримди кесиптик майрамы менен куттуктап, элге жардам берʏʏ, шаарыбызды ɵнʏктʏрʏʏгɵ алган багыттарында  ийгиликтерди каалап кетмекчимин.

Масуда Айдарбекова, Документ камсыздоо жана кɵзɵмɵлдɵɵ бɵлʏмʏнʏн башчысы.

Мугалимден муниципалдык кызматка карай

-Бала кезде кандай кесипти аркаласам дейт элеңиз, ошол максатка жете алдыңызбы?

-Мен Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кош-Дɵбɵ айылында мугалимдин ʏй-бʏлɵсʏндɵ тɵрɵлгɵм. Балалыгым ошол айылда ɵттʏ. Темуркул Мавлянов атындагы орто мектебинде билим алдым. Кичинекей кезимден эле судья болуп, сот тармагында иштɵɵнʏ кыялданчумун. Бирок, ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет дегендей, башка багытты тандоого туура келди. Тагыраагы, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых жана аймак таануу факультетин аяктап, беш жыл мугалим болуп иштедим. Мугалимдик кесипти аркалап жʏргɵндɵ менин уюштуруучулук жɵндɵмʏмдʏ же иш кагаздарын даярдоодогу артыкчылыктуу сапаттарымды ошол кездеги Майлуу-Суу шаардык билим берʏʏ бɵлʏмʏнʏн жетекчиси байкаганбы айтор, шаардын билим берʏʏ бɵлʏмʏндɵ адис болуп иштеп калдым. Мамлекеттик-муниципалдык кызматтагы алгачкы ишим Майлуу-Суу шаардык билим берʏʏ бɵлʏмʏнɵн башталган.

“Жолдошумдун колдоосу менен натыйжалуу иштеп келе жатам”

-Аял ʏчʏн мамлекеттик кызматты, ʏй-бʏлɵнʏ чогуу алып кетʏʏ оңой болбосо керек?

-Ооба, негизи мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштɵɵ аялдар ʏчʏн ɵтɵ оор. Кɵпчʏлʏк учурда ченемге салынбаган жумуш графигинен улам саартан кечке иште болуп каласың. Бирок, Ош шаарынын мэриясынын аппаратында же тʏзʏмдʏк аймактык бɵлʏмдɵрʏндɵ аялдар кɵп иштешет. Мурда бул статистика 28-30 пайызды тʏзсɵ, азыр дээрлик 50 пайызды тʏзɵт. Эң башкысы  мамлекеттик же муниципалдык кызматтагы аял ɵзʏнɵ, ɵзʏнʏн дараметине ишенʏʏсʏ керек. Мындай учурда жасалган аракет ʏй-бʏлɵ менен жумушту чогуу алып кетʏʏнʏ шарттайт. Ɵзʏмдʏн тажрыйбаман алсам, 2007-жылдан бери мамлекеттик кызматта жʏрɵм. Бала-чакалуу болуп, тɵрт баланы тарбиялап, чоңойтуу менен бир эле учурда мэрияда кызмат ɵтɵп жатам. Менин турмуштук жана ишкердик принцибимде  “демилге кɵтɵрʏʏ” маанилʏʏ орунду ээлейт. Башкача айтканда,  бекитилген кызматтык милдеттеримден сырткары да  бир топ демилгелʏʏ иштерди аткарып жатам десем жаңылышпайм.   Мунун баары адамдын алган билиминен, мамлекетке ак кызмат ɵтɵйм деген ниетинен, анан албетте, жетекчиликтен да кɵз каранды. Бʏгʏнкʏ кʏнгɵ чейин натыйжалуу иштеп жатканымдын негизги себепкери – жолдошум.  Менин бʏт жашоомдо, имиджимде, ой жʏгʏртʏʏмдɵ эркиндик берилген. Дайыма  жумушума кол кабыш кылып турат. Айрым шашылыш кырдаалдарда тʏндɵсʏ мэрияга келʏʏгɵ туура келет, мындай учурларда жумушка жеткирип сыртта кʏтʏп турат. Жолдошумдун тʏшʏнʏктʏʏ мамилесинен, ар тараптуу колдоосунан улам бʏгʏнкʏ ийгиликтериме жетип отурганым анык.

sdr

“Документ камсыздоо багыты 90-95% санариптештирилген”

-Документ камсыздоо мэриядагы тɵртʏнчʏ иш багытым десем болот. Буга чейин уюштуруу бɵлʏмʏндɵ, кадрлар бɵлʏмʏндɵ жана социалдык бɵлʏмдɵ иштегем. Азыр документ камсыздоо багытында иш бир топ жеңилдеп 90-95 пайызы санариптештирилген. Жарандардын кагаз тʏрʏндɵгʏ кайрылууларынан сырткары бардык документтер электрондук документ жʏгʏртʏʏ системасы менен ишке ашат. Кээде ишемби, жекшемби кʏндɵрʏ да келип кат каттаганга же кат жɵнɵткɵнгɵ туура келет. Документтер мазмуну боюнча ар тʏрдʏʏ, андыктан ар бирин окуп чыгуу зарылдыгы туулат. Себеби, жетекчиликке киргизерден мурда кайсы багыт, каттагы маселе кайсы кызмат адамына тиешелʏʏ экенин алдын ала билишим керек. Баарыңыздарга белгилʏʏ болгондой мэрдин ыйгарым укуктары тɵрт орун басарына бɵлʏнʏп берилген. Эгер каттагы маселени алдын ала билбесем, кайсы кызмат адамына тиешелʏʏ экенин карабасам тʏрдʏʏ кɵйгɵйлɵр пайда болуп, ишти аркага тартат.

-Жумуштан сырткары, бош убакта эмнелер менен алектенесиз?

-Чынында жумуштан сырткары бош убактым аз. Жогоруда айтканымдай кызматкер демилге кɵтɵрʏп иштеши керек. Ɵзʏмɵ тиешелʏʏ болбосо да кɵбʏнчɵ мэриянын ишмердʏʏлʏгʏнʏн кайсы бир тармагы солгундап баратканына анализ жʏргʏзʏп турам. Ошол тармакка мониторинг жасоо менен кантип алдыга жылдыруу керектиги тууралуу кесиптештериме сунуш берип, билбесем адистерден сурап, кɵбʏнчɵ мэриянын ишмердʏʏлʏгʏн алдыга жылдырууга аракет кылам. Бош убактымда сайма сайып, чеберчилик кылам. Балдарым менен аңгемелешип, окууларына карашам. Китеп окуйм, акыркы жолу Роберт Гриндин “48 законов власти” китебин окудум. Жакында “Восточные мудрости” деп аталган китепти окуп жатам. Орто кылымдагы чыгыш философторунун, ойчулдарынын жашоо, турмуш, сʏйʏʏ, илим-билим  темаларында жазган кыскача чыгармалар экен.

“Мʏнɵзʏм чоң атама окшош”

-Атам кɵп жыл мугалим болуп иштеген. Мен эс тарткандан баштап, айылды таза суу менен камсыз кылуу багытында инженер болуп иштеди. Атам чынында чынчыл, таза киши болгон. Ɵмʏрʏнʏн аягына чейин сковажиналарды казуу же алардуу ремонттоо иштери менен алектенип, “элге таза суу беришим керек” деген принцип менен жашады. Биздин Кош-Дɵбɵ айылы кургакчыл жерде жайгашкандыктан суу маселеси абдан кɵйгɵйлʏʏ болгон. Мен атамдан таза иштɵɵнʏ, элге кɵмɵк кɵрсɵтʏʏнʏ, элдин кайгы-капасын кошо кɵтɵрʏʏнʏ ʏйрɵндʏм десем болот. Ал эми тарбиям, мʏнɵзʏмдʏн калыптанышы чоң атама окшош. Мен чоң ата, чоң энемдин колунда чоңойдум. Чоң атам ошол учурда Кош-Дɵбɵ айылындагы бодо мал фермасында башчы болуп иштеген. Кайраттуу, иштерман, ɵжɵр, бир сɵздʏʏ, чечимди бат кабыл алган киши эле. Колунда 3 миңдей адам иштесе, баарына бирдей мамиле жасаган. Чоң атамдын ошол мыкты сапаттарына ээ болдум  деп айта алам. 

Зарипбек уулу Санатбек, Ош шаарынын мэриясынын Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары:

“Эл менен иштешʏʏ оңой эмес”

-Жумушуңуз сизге эмнеси менен жагат?

-Жумушум кызыктуу десем болот, ар кʏнʏ жарандарды кабыл алабыз. Кээде жумушка сонун маанай менен келсек, ишкананын алдында бирɵɵ бакырып-кыйкырып тосуп алат (кʏлʏп), башкалар жакшы сɵз айтып, батасын беришет. Эл менен иштешʏʏ оңой эмес, албетте, баарына кайыл болуп ɵз адистигимдин мыктысы болууга аракет жасап келем. 2010-2015-жылдар аралыгында Ош технологиялык университетинин “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” боюнча “менеджерлик” квалификациясын алдым. 2019-жылдан тарта 2020-жылга чейин  Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясында ошол эле адистик боюнча “Магистр” квалификациясына ээ болдум. Мамлекеттик кызматкер болуу кичинемден берки кыялым эле. Мен кызыккан адистигимди тандап, ушул тармакта иштеп жаткандыгыма сыймыктанам.

“Ата-энемдин колдоосу менен ушул деңгээлге жеттим”

-Ɵзʏм Ош облусунун Алай районундагы (мурдагы Корул) азыркы Тилектештик айыл аймагында тɵрɵлʏп-чоңойгомун. Мени окутуп, окуума шарт тʏзʏп, азыркы деңгээлге жетʏʏмɵ ата-энемдин салымы чоң. Биринчи жумушка орношуп иштеп баштаганымда айлык акым беш миң сомдун тегерегинде болгон. Ал сумма жашаган ʏйʏмдʏн ижарасына, тамак-ашыма, кийингениме такыр жетпейт болчу. Иштеп жатсам да ата-энемден акча алып жʏрчʏмʏн. “Акчасына карабай иштей бер балам, башкысы тажрыйба топтойсуң, баары жакшы болот” деп атам менен апам дайыма колдоп, баталарын берип турушту. Азыр кудайга шʏгʏр, айлык акылар кɵтɵрʏлʏп, аябай жакшы шарттар тʏзʏлдʏ. Кайсы жерде иштебейин ишти алып кетʏʏмдɵ ишкананын жетекчилиги, коллегаларымдын да салымы чоң. Мага кеп-кеңештерин айтып, билбегенимди ʏйрɵтʏп турушат. Андан тышкары аткарган жумушуңдун жыйынтыгында эл кубанып, жакшы сɵзʏн айтып, батасын берсе ошол чоң мотивация болуп, алдыга жылуума себепкер болот.

“Мыйзамдарды, жаңылыктарды кɵп окуйм”

-Жумуштан сырткары мыйзамдарды, жаңылыктарды окуп ɵзʏмдʏ ɵнʏктʏрʏʏ менен алектенем. Бир эле мэрияда эмес, жалпы эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер болуу ʏчʏн негизгиси ɵлкɵсʏнɵ, элине, жерине берилип, жɵнɵкɵй, ɵз жумушун сʏйʏп иштеген, функционалдык милдеттерин так аткарып, чечкиндʏʏ,  уюштуруу иштерине жɵндɵмдʏʏ болсо баарын алып кете алат. Айлык ʏчʏн же аброй ʏчʏн гана кызматка келсе анда мыкты кадр болуп, ишти алып кетʏʏсʏ кыйын, ɵлкɵбʏздʏн ɵнʏгʏʏсʏнɵ барандуу салым кошо албашы мʏмкʏн.

Айжылдыз Тойчиева