28 сентября, 2024

Эламан Шамшидинов, ырчы: “Хит болгон ырым тамашадан жаралган”

Сїйїї жɵнїндɵ кандай гана керемет ырлар жаралбайт дейсиз. Бири сʏйгɵнʏнɵ арнаса, бири ɵмʏрлʏк жарына, башкасы жактырган адамына арнап ыр сунат. Мындай ырчылардын катарын “Ага бир карап, кайра мага бир карап” аттуу “Ашыгым” ырын ырдаган Эламан Шамшидинов да толуктайт. Эламан Оштун Ноокат районунун кулуну.

-Эламан мырза, ырчылыкка кантип келип калдыңыз?

-Ырдоого мектеп убагымдан бери эле кызыгып келем. Иш-чараларга, майрамдарга кɵп катышчумун. Ошентип жʏрʏп ырдоого болгон кызыгуум дагы да кʏчɵдʏ десем болот. 2015-жылы Бишкекте таланттууларды алып чыккан “Х-фактор” аттуу конкурка барып, андан финалист болдум. Андан кийин кафе-ресторандарда музыкант болуп да иштеп жʏрдʏм. Бактияр Токторовдун “Кечки туман” деген ыры бар эмеспи. Бир таанышым келип менден ушул ырды ырдап бербейсиңби деп  суранып калды. Аны укчумун, бирок ырдачу эмесмин. Ошентсе дагы макул деп суранган ырын ырдап бердим. Ырдаганымды жактырып, экинчи ирет дагы ырдатышты. Оюма бул ырды кавер кылып жаздырсамбы деген ой келе баштады. Ал кезде Москвада элем. Ырды жаздырып, видеосун тарттырдым. Ютубга киргиздик. Эл жакшы кабыл алып, ырдоомо дагы да шык кошулду. Андан кийин дагы ырларды жаздыра баштадым. Учурда жаздырган ырларым студияда турат. Убакыт, сааты чыкканда сɵзсʏз угасыздар деп ойлойм.

“Ашыгым” аттуу ырым досумдун окуясы”

-Учурда жаштар арасында ырдалып жаткан, “ага бир карап, мага бир карап…” деген ырыңызды актер жигит казак берʏʏсʏндɵ ырдап таанытты окшойт…

-“Ашыгым” деген ырдын жаралуу тарыхын дос баламдан алганмын. Студент кезде эки дос бир кызга ашык болуп калышат. Муну мага дос балам айтып бергенден кийин мен ага “ага бир карап, кайра мага бир карап” деп тамашалап отуруп эле сɵздɵн сɵз чыгып кайырмасы жаралып калган. Анан ырдын обонун жаздык. Жалпысынан алганда ыр бир кʏндɵ бʏткɵн. Студияга барып, музыкасын жазгыча эле мен сɵзʏн жазып бʏтʏп койдум. Ырымдын жаралуу тарыхы ушундай болгон. Учурда жакшы кɵрʏʏ топтоп, элге жагып жаткан убагы.

“Ырларымды илхам аке келгенде жазам”

-Азыркы учурда мурдагы ретро стилиндеги ырлар кайрадан жаңырып, жаңыланып жаткандай. Эл дагы ретро стилиндеги ырларды жакшы кабыл алып, эски варианттагы ырлар угуучулардын сʏймɵнчʏлʏгʏнɵ толо баштады. Кээде адамда ушундай бир учур болот, шыгы ойгонуп, бир нерсени жараткысы келип, ачылыш жасагысы келип, айтор ушул сыяктуу. Жазган ырларымды дагы кɵбʏнчɵ ошондой учурда жазамын. Ар бир бʏткɵн ырымды сɵзсʏз тʏрдɵ кайра угуп, алгач ɵзʏмдʏн сынымдан ɵткɵзʏп, андан кийин айлана-чɵйрɵмдɵгʏ чыгармачыл адамдардын сынынан ɵткɵзɵмʏн.  Ырчы Улан Осмон уулу агама дагы кɵп угузуп, кеп кеңешин алып турам. Улан агабыз анча-мынча ырларымдын кайырмасына да себепкер. Ал эми ыр жазган жактан кɵбʏнчɵ Айбек Жумабеков агам менен кеңешип турам.

  Таңсулуу Сʏйʏнали кызы

“Ашыгым”

Сɵзʏ, обону:

Эламан Шамшидиновдуку

Достук мээримби,

Же сʏйʏʏ сезимби.

Кызганып келем,

Сулуу перимди.

Ашыгып келем,

Бирок айта албаймын.

Сʏйɵ да берем,

Билип аныктайын.

Кайырма:

Ага бир карап,

кайра

мага бир карап,

Санаага салба, жаным.

Мага бир кʏлʏп,

кайра

ага бир кʏлʏп,

Кызгандырбачы, жаным.

Кереметимсиң,

Эгер билсең, жаным.

Такыр сезбейсиң,

Жʏрɵктʏн дартын.

Жактырып келем,

Бирок айта албаймын.

Сʏйɵ да берем,

Билип, аныктайын.

Кайырма