28 сентября, 2024

Канталадан  кутулуу – тазалыкты гана эмес, саламаттыкты сактаганга тете

Клоптун бизче аталышы кантала. Адам каны менен азыктанган каскактуу мите курт-кумурскалар тибине кирет. Кыргызстанда акыркы жылдары  кантала кɵбɵйгɵн. Бул жерде да миграция башкы ролду ойнойт. Россиядан эски эмеректерди  жибергенде ошол аркылуу келет же башка буюм-тайымдар, кийим аркылуу да бизге чейин жеткен.

Сиз конокко барган ʏйдɵ бар болсо, кийимиңизге жабышып келет. Кɵчʏп-конууда ʏйдɵгʏ буюмдарга жолдон-белден илешип алат, атʏгʏл жаңы сатып алган эмерек менен да келиши мʏмкʏн. Кошунаңыздын ʏйʏндɵ бар болсо, сиздикинде да пайда болот. Коомдук жайлардан дагы ээрчип келиши ыктымал. Ушул тууралуу билгенин сʏйлɵп берер киши издеп бир топ убара болдук. Ош СЭСтегилер залалдыздандыруу бекетине шылтап кутулса, ал жактагылар дезинфекциялоодон бошобой жатканбы айтор, “тиги жакшы билет, бул жакшы билет” деп бири-бирине шылташты. Бизге башка райондун дезинфектолог дарыгери жардамга келди. “Канталаны жок кылуудагы эң чоң кыйынчылык – адамдар бул мите курттар бар экенин айтуудан уялып, салттуу ыкмалар менен кʏрɵшʏʏгɵ аракет кылышат. Бул акыр аягында кɵбʏрɵɵк жайылышына алып келиши мʏмкʏн, анткени кантала абдан тез кɵбɵйɵт. Эгерде мындай кɵйгɵй жаралса, сɵзсʏз тʏрдɵ кошуналарыңызга кабарлашыңыз керек, алар батирлерин текшерип чыгышат. Ал эми дезинфекторлор маселени комплекстʏʏ чечет”,- дейт дезинфектолог.

Кантала тез кɵбɵйɵт

Тɵшɵк канталасы жумурткасын тɵшɵктɵрдʏн кычыгына, жумшак эмеректердин ичине таштайт. Жумуртканын ɵлчɵмʏ 1 миллиметр келип, ак тʏстɵ болот. Ургаачысы ɵмʏрʏндɵ 500 жумурткага чейин таштайт. Эки жумада жумуртка жетилет да, 3-10 жумада кадимкидей кан сорууга жарап калат. Жумуртка таштоо милдети бʏтɵрʏ менен ургаачылары ɵлʏп калышат. Кан менен азыктанганына жараша тулку бою 1-9 миллиметр. Эркеги ургаачыларына караганда кɵлɵмдʏʏ келет. Тɵшɵк канталасынын тʏсʏ киргил сары же кʏрɵң тʏстɵ болот. Абдан тез кɵбɵйʏп, узак убакытка (бир жылдан ашык) тамаксыз (кансыз) жʏрɵ алышат.

Кан менен азыктанат

Тɵшɵк канталасы адамдан тышкары жаныбарлардын – ит, мышык, ʏй канаттууларынын каны менен да азыктанат. Ачка болсо кыймылы жайлашып калат. Бирок жашоо шартынын канчалык кыйынчылыгына карабай кантала ачкачылыкка чыдамдуу болот.

Кантала чагар алдында узун тумшугу аркылуу шилекей безин сайып алат. Бул денеден кан соруп жатканда оорутпайт. Чагып кеткенден кийин бир саат убакытка жетпей дене кычыша баштайт. Кээ бир учурда чаккандан кийин аллергияга алып келет. Мындан тышкары тɵшɵк канталасы бруцеллёз, чечек, сарыктын В тʏрʏ, кургак учук, сибирь жарасы жана башка тери ооруларын жугузушу мʏмкʏн. Бир тʏндɵ 500дɵн ашык жерди чагууга жетишет.

 Кай жерлерде болот?

Канталалар ʏйдɵгʏ кычыктарда, плинтустарда, эмеректерде, атʏгʏл китептерде байырлашат. Ошондуктан, аларды жок кылуу жеңил жумуш эмес. Канталалар жарыктан качат, ошон ʏчʏн кʏндʏз аны дээрлик кɵрʏʏгɵ болбойт, тʏнкʏсʏн болсо бɵлмɵлɵрдɵ ээн-эркин жʏрɵ беришет. Бул дагы алар менен кʏрɵшʏʏгɵ чоң тоскоолдук жаратат. Эгер ʏйдɵ кандайдыр бир жол менен бир кантала пайда болсо, ал жагымдуу шартта (бɵлмɵ температурасы, жылуулук, азык) 7 кʏндʏн ичинде бɵлмɵнʏн кычыктарын каптап кала тургандай болуп кɵбɵйɵт.

Тʏнкʏ жашоо образын алып барат, кʏндʏз дубалдын жаракаларына, обои астына, эмеректердин, китептердин, кийимдердин, керебеттердин, электроникалардын оюктарына, караңгы жана жылуу жерлерде, канаттуулардын жана жаныбарлардын торлоруна жашынат; бирок катуу ачкачылыкта кʏндʏз кол салышы мʏмкʏн. Канталанын кумурскалар сыяктуу уясы жок, бирок алар тамак-аш булагынын жанында коопсуз жерлерде чогулат. Мындай жерлерди визуалдык тʏрдɵ курт-кумурскалардын экскременттеринин кара тактары менен аныктоого болот, алар менен бирге алардын жумурткалары жана личинкаларынын терилери да кездешет. Дээрлик бардык бɵлмɵдɵ бирдей тамыр жайышат.

Караңгыда баш калкалоочу жайдан чыгып, адамга кол салышат (дененин ачык жерлерине кан сорушат), кɵбʏнчɵ таңкы саат 3-7де. Кан соргуч кубат булагына жакын турууга аракет кылат, ошондуктан кɵбʏнчɵ матрацтын, дивандын, жабуунун тигиштерине — уктап жаткан жерден алыс эмес жерде жашынат. Бирок алар башка жерлерге да жашына алышат: такталардын, жаракалардын же сыйрылган обои, сʏрɵттɵрдʏн, килемдердин артына.

Тɵшɵнчʏлɵрʏңʏздʏ кылдат текшериңиз. Кантала заңын калтырат — майда кара чекиттер. Чакандан кийин кандын кичинекей издерин да кɵрɵ аласыз.

Бул курт-кумурскалар тʏнкʏсʏн активдʏʏ болгондуктан, жарыкты кʏйгʏзсɵ таңкы саат тɵрттɵн жетиге чейин кɵрʏʏгɵ болот. Дал ушул мезгилде алар сыртка чыгып кетишет.

Канча жашайт?

ʏй канталасынын жашоо узактыгы бир жыл, максималдуу — 14 айга чейин ɵмʏр сʏрɵт.  Ушул аралыкта азыктанбай эле жашоо жɵндɵмдʏʏлʏгʏнɵ ээ. Албетте, бир жылдык ɵмʏрʏндɵ жанында жылуу кандуу жаныбар же адам болсо, анын каны ал ʏчʏн сɵзсʏз жагымдуу тамак болуп берет. Тамак-аш жок болгон учурда тɵшɵк курттары токтоп калган анимацияга окшош абалга тʏшʏп калышы мʏмкʏн, мында айлана-чɵйрɵнʏн жетишерлик тɵмɵн температурасында алар бир жылдан ашык жашоого жɵндɵмдʏʏ бойдон кала берет. Жагымсыз шарттарда керебеттер вентиляциялык каналдар аркылуу бɵлмɵлɵрдʏн ортосунда, ал эми жайында ʏйлɵрдʏн сырткы дубалдарын бойлото жашай берет.

Кантала экенин кантип билебиз?

ʏйʏңʏздɵ кантала жашагандыгынын алгачкы белгилеринин бири – бул денеңизде чаккандардын пайда болушу.

Кантала чакканда катуу аллергиялык реакция пайда болушу мʏмкʏн: алар сезгенип, чоңоюп, кээде температура кɵтɵрʏлʏшʏ мʏмкʏн. Бирок, кээ бир адамдарда алар таптакыр кɵрʏнбɵйт. Бул тандалма чагат дегенди билдирбейт, жɵн гана дене дайыма реакция кыла бербейт. Чагуулар кɵбʏнчɵ бет, моюн жана колдо пайда болот. Кээ бир адамдарда эч кандай реакция болбойт жана чаккандын бир гана белгиси кичинекей чекит болуп саналат. Улгайган адамдарда алар азыраак кездешет.

Кɵбʏнчɵ кычышуу менен коштолот. Кээ бир бейтаптар чаккан жерде асимптоматикалык кызгылт кɵк тактар пайда болот, алар да уртикария катары кɵрʏнʏшʏ мʏмкʏн.

Тери реакциясы ойгонгондо же чаккандан бир нече кʏндɵн кийин байкалышы мʏмкʏн. Чагуулар адатта бир жуманын ичинде жок болот.

Эгерде чаккан жерлерге инфекция жукса, дароо дарыгерге кайрылуу керек.

Кантала чакканда эмне кылуу керек?

• Кантала чаккан жерди кир жууган самын же болбосо 1 стакан сууга 1 чай кашык ашкана содасын кошуп, аны менен жууп салыңыз.

• Чаккан жерге муздак нерсе басыңыз, же болбосо картошканы аарчып, майдалап туурап, кычышып жаткан жерге жапсаңыз, кычышуу басаңдайт.

• Кантала чаккан жер чыдатпай кычышып, аллергия болуп баштасаңыз, анда дароо дерматолог адисине кайрылыңыз.

Эң натыйжалуу жолу — адиске кайрылуу

 Тɵшɵк канталасынан кутулуу ʏчʏн атайын дезинфекция жʏргʏзʏʏ керек болот. Ал ʏчʏн адистердин кызматын пайдаланууга туура келет.

Дезинфекциялоочу каражат келгенге чейин батирди даярдаңыз. Кылдат нымдуу тазалоону жʏргʏзʏʏ зарыл. Эмеректи дубалдан алыстатып, бардык жабдууларды жабуу керек. Ошондой эле розеткаларды иштетʏʏ ʏчʏн электр зымдарын ɵчʏрʏʏгɵ туура келет. Эгерде батир катуу булганса, фокалдык дезинфекция жʏргʏзʏлɵт. Эки-ʏч жумадан кийин процедура профилактика ʏчʏн кайталанат жана эки-ʏч жолу жасалышы мʏмкʏн. Кээ бир учурларда эмеректерди ыргытууга туура келет. Дезинфекциялоонун бардык этаптары ɵткɵндɵн кийин гана жаңы эмеректерди алып келʏʏгɵ болот.  Дарылаардан мурун ʏйдɵгʏ буюмдарды, балдардын оюнчуктарын, тамак-аштарды жыйнап, дары чачканда тийбей тургандай кылып жаап коюңуз. Кантала ʏйдɵгʏ кайсы бурчта, эмеректе жыш жайгашып, жумурткалаганын табыңыз.Дарыны (неоникотиноид, карбамин кислотасы жана бор кислотасы, агран) ысырап кылып туш келди жерге чача бербей, ʏйдʏн кайсы бɵлʏгʏнɵн канталаны кɵп кɵрсɵңʏз, ошол аймактарга гана чачтыруу керек.

Дары чачкандан кийин ʏйдʏн эшик-терезелерин бекем жаап, 1 кʏн башка жакка ʏй-бʏлɵңʏз менен бара туруңуз.  Кайра кайтып келген соң эшик-терезени ачып, таза аба менен желдетип, колдонгон буюмдарды ным чʏпʏрɵк менен сʏртʏп, тазалап чыгасыз.

Жылуулукту колдонуңуз

Термометрде 45 °Cден жогору белги алардын личинкалары ʏчʏн ɵлʏмгɵ алып келет.Андыктан кийимдерди жок дегенде 30 мʏнɵт кайнатып же жогорку температурада жууп салуу андан арылууга жардам берет. Температура канчалык жогору болсо, ошончолук эрте жана бат ɵлɵт.

Калган буюмдарды буу же ʏтʏк менен кылдаттык менен иштетʏʏ керек. Жылуулук куралдары ʏйʏңʏздʏ мите курттардан тазалоого да жардам берет. Жайкысын тɵшɵк-жууркандарды кара баштыктарга салып, кʏнгɵ чыгарса болот.

Эгерде дарылоо учурунда алар жылуулук булагынан тереңирээк жашаса, анда температуранын ɵсʏшʏ ал ʏчʏн ɵлʏмгɵ алып келбейт. Бул курт-кумурскаларга ультрафиолет нурлары да зыяндуу. Андыктан ʏй буюмдарын кʏнгɵ кургатуу да жардам берет. Кышында -10°Сге чейин тɵмɵндɵгɵн температурада ʏч жумадай жашай алат Аларды тез жок кылуу ʏчʏн температураны тɵмɵндɵтʏʏ керек: личинкалар жана чоң курт-кумурскалар -16 0С 82 саатта, ал эми -24 0С 24 саатта ɵлʏшɵт. Буюмдарды тоңдургучка салып же сыртта ʏшʏк болсо, сыртка алып чыгууга болот.

 Саламат Белеков