8 сентября, 2024

Простата безинин залалдуу жана залалсыз шишиги

Жаш ɵткɵн сайын эркектер ден соолугуна кайдыгер карабоосу зарыл. Карылыктын бактылуу мʏнɵттɵрʏн оору менен алышып ɵткɵрʏʏ чоң трагедия. Айрыкча урологиялык ооруларды жашыруу, убагында дарылабоо кооптуу. Эркектер арасындагы кенен тараган простата безинин аденомасы тууралуу кенен маалымат алуу ʏчʏн тийиштʏʏ адиске кайрылганбыз.

Дастанбек Оморов, медицина илимдеринин кандидаты, Ош шаардык клиникалык ооруканасынын урология бɵлʏмʏнʏн башчысы, Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы уролог.

Простата безинин аденомасындагы алгачкы белгилер

-Простата безинин аденомасы латын тилинен “adenoma prostatae” — эркектин простата безинин эпителий клеткасынан ɵсʏп чыккан коркунучсуз шишик болуп саналат. Простата безинин аденомасы кɵбʏнчɵ 55-75 жаштар аралыгындагы улгайган эркектерде кездешет. Оорунун пайда болушуна ички жыныс органдарынын функциясынын бузулушу, жыныс безинини ар тʏрдʏʏ оорулар менен сезгениши жана аз кыймылдуулук тʏрткʏ болушу мʏмкʏн. Простата безинин аденомасында бездин салмагы, кɵлɵмʏ чоңоюп, заара каналын кыса баштайт. Оору ʏч стадия менен ɵɵрчʏйт. Биринчи стадиясында бейтап бат-баттан 6-7 жолу заара ушаткысы келип, тʏнкʏсʏн 2-3 жолу заара кылат. Табарсык, чаткаяктын тушунда ыңгайсыз нерсе сезилип, кээде заара менен кан аралашкан уруктук чыгышы ыктымал. Биринчи стадиясында бейтаптын жалпы абалы анча ɵзгɵрбɵйт, ошондуктан кɵпчʏлʏгʏ врачка кайрылбайт.

“Оорунун ɵтʏшкɵн стадиясында заара чыкпай калат”

-Аденоманы андан ары ɵстʏрбɵɵ ʏчʏн алгачкы белгилер пайда болору менен врачка кайрылып, анын сунуштарын аткаруу зарыл. Суукка урунуудан сактанып, ичеги-карындын иштешине кɵз салуу, эртең менен гимнастикаларды жасап, 1-1,5 саат жɵɵ басуу сунушталат. Диетаны сактоо керек, калемпир, ачуу татымалдар, консерва, ышталган эт, балык, алкоголь пайдаланууга болбойт. Экинчи стадиясында тʏнкʏсʏн 3-5 жолу ыйынып, кыйналып жатып заара ушатат. Бара-бара кʏндʏзʏ да заара ушатуусу начарлап, айрым учурда заарасын кармай албай калышы ыктымал. Заара толук чыкпай отуруп, табарсыкка чогулат. Заарада микробдор кɵбɵйɵ баштаганда табарсык сезгенип, ачышат. Канал ичкерип заара чачырап чыга баштайт. Жогорку белгилер аденоманын ɵсʏшʏнɵ жараша болот. Узак убакытка созулган ичтин катышы, сыз жерге отуруу, дененин ʏшʏп калышы, айрыкча буттун ʏшʏʏсʏ, ичкилик, ɵтɵ туздуу тамак ичʏʏ ооруну кʏчɵтɵт, кээде шейшеп бекип, тутугууга алып келет. Простата безинин аденомасынын ʏчʏнчʏ стадиясында табарсыкта 1,5-2 литрге чейин заара чогулгандыктан ал чоюлуп, эти качып, кʏчʏ кетет. Канча ыйынса да заара чыкпай, тамчылап калат. Сезгенген табарсыктагы ириңдʏʏ сийдик жогору карай бɵйрɵккɵ тарап, бɵйрɵктʏ сезгентип, ишин начарлатат. Бɵйрɵктʏн начарлашы ичеги-карын, боор ишин бузуп, оорулуу арыктап, ичи ɵтʏп, кусуп, денени сары темгил басып, тил кургап, суусап оор абалга туш болот.

“40 жаштан ɵткɵн ар бир тɵртʏнчʏ эркек бул оору менен жабыркайт”

-Кыргызстандагы урологдордун ассоциациясы жыл сайын ден соолук жумалыгын ɵткɵрʏп, урологиялык ооруларды алдын алуу, сактануу боюнча тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзɵт. Бирок, биздеги менталитет дейбизби айтор, эркектер заара кыла албай калганда гана дарыгерге кайрылышат. Жогоруда айтканымдай, простата безинин аденомасынын биринчи стадиясында пациенттер кайрылбайт. Же ɵз алдынча дарыларды жаздырып алып жʏрɵ беришет. Простата безинин шишиги залалдуу жана залалсыз болуп бɵлʏнɵт. Залалсызы бул – простата аденомасы, залалдуусу – простата рагы. Дʏйнɵ жʏзʏ боюнча 40 жаштан ɵткɵн ар бир тɵртʏнчʏ эркек бул оору менен жабыркайт. 50 жаштан ɵйдɵ ар бир экинчи эркек, 70-80 жаштан ɵйдɵ 90% эркектер аталган оору менен ооруйт. Алдын алуу макасатында эң алгач туура жашоо образын тʏзʏʏ зарыл. Убагында тамактанып, убагында эс алып, ысык-сууктан ɵзʏн абайлап, кɵп кыймылдап, ашыкча салмактан арылып, оору жугузгандан жана башка кошумча оорулардан ɵзʏн абайлаш керек. Генетикалык фактордон да кɵз каранды, мурда аталары же чоң аталары простата безинин аденомасы менен жабыркаган болсо, аларда оорунун кездешʏʏ ыктымалдуулугу жогору болот.

“Улгайган эркектерде гормоналдык фон ɵзгɵрɵт”

-Жаш ɵтʏп, гормондук фон ɵзгɵргɵн сайын гормондордогу дисбаланс простата безинин функциясын ɵзгɵртʏп, простата безинин клеткаларына шишикче ɵсʏп чыгат. Ошондуктан ооруну канчалык эрте аныктап, эрте дарыласак пациенттин келечегине жакшы. 40 жаштан ɵткɵн эркектердин баары жыл сайын урологдун кɵзɵмɵлʏнɵн ɵтʏп, ультра ʏндʏʏ изилдɵɵгɵ текшерилип, простада безинин ПСА (простата-спецификалык антиген) деп аталган анализин тапшырып туруу керек. Ал анализдин жалпы жана эркин деп аталган эки тʏрʏ бар. Бул анализ оорунун онкологиялык белгилери бар же жок экендигин аныктап берет. Текшерилген соң жыйынтык кагаздарын атайы файлга салып сактап жʏрʏʏнʏ сунуштайт элем. Себеби оорулуу кокус башка жакка кɵчʏп барса ошол жердеги уролог-дарыгерге оорунун маалыматы тʏшʏнʏктʏʏрɵɵк болот.

“Залалдуу шишик башка органдарга ɵтʏп кетсе операция жардам бербейт”

-Простата безинин аденомасындагы шишикте онкологиялык тʏргɵ шек саналса, простата безинин ɵзʏнɵн УЗИнин контролу менен ткань алынып (биопсия), гистологияга жɵнɵтʏлɵт.  Жыйынтыкка жараша пациент урологдун кɵзɵмɵлʏндɵ болот, онкологдун дайындаган дары-дармегин, дарылоо ыкмаларын алат. Эгерде оорулуу кечигип келип, оору ракка айланып, башка органдарга ɵтʏп кетсе (метастаз) операция кылууга мʏмкʏн эмес. Болгону табарсыктын алдына кичʏʏ заара чыкчу тʏтʏк коюлат. Негизи рактын клеткалары башка органдарга ɵтʏп кетпɵɵсʏ ʏчʏн гормоналдык терапиялар бар. Ал ʏчʏн эртерээк врачка кайрылуу маанилʏʏ.

 “Медицинанын ɵнʏгʏшʏ менен аденоманы алып салуу жеңилдеди”

-Айрым улгайган кишилерде аденома аябай чоң бирок, заара ушатканы нормалдуу болуп жʏрɵ берет. Аны дары менен кетирʏʏгɵ болбойт, операция жасоо керек. Мурда аденоманы операция жолу менен кесип алып, бейтап 10-15 кʏн турбай, заара чыгарчу тʏтʏктɵр менен жатчу. Азыр андай эмес, жаңы ыкманын негизинде заара чыкчу канал аркылуу аппарат менен кирип, аденоманы алып чыгып кетʏʏгɵ болот. Эч жер кесилбейт, бейтап эртеси ордунан туруп, эки кʏндɵн кийин ʏйʏнɵ чыгарылат. Эгер рак экени тастыкталып, бейтап жашыраак болсо, кошумча ооруларысыз, шишик башка органдарга жайылбаган болсо простата безин алып салуу операциясы болот. 2018-жылы биздин Ош шаардык ооруканасына оорукананын эсебинен керектʏʏ жабдыктардын баары алынып, простата аденомасы боюнча эндоскопиялык операцияны тʏштʏк региону боюнча алгачкылардан болуп биздин ооруканада баштаганбыз. Акыркы статистикалык маалыматтарга ылайык 2023-жылы эндоскопиялык аппарат менен 250 операция жасалган. Башка операцияларды кошпогондо ал аппарат менен жылына 200дɵн кем эмес операция жасалып турат. Албетте, аппараттарга бир топ жыл болду, шаймандары бузулуп, ордуна жаңы алынганы бар, быйыл 2023-жылы Ош шаардык Кеңешинидеги депутат кызыбыз демилге кɵтɵрʏп, мэриянын колдоосу менен аппарат жаңыланган.

“Жаштар да простата менен жабыркашы мʏмкʏн”

-Жогоруда простата безинин 50 жаштан ɵткɵн эркектерде кездешʏʏсʏ боюнча сɵз болду. Учурда эркек балдарыбыз мигрант болуп, Америка, Европа ɵлкɵлɵрʏнɵ кетип жатышат. Коомдо тукумсуздук маселеси кɵбɵйʏп баратат. Негизи простата безинин функциясы урук чыкчу жолдун иштɵɵсʏнɵ жардам берет. Ал инфекция жугузган учурда, сезгенген учурда жаш балдар да простата менен жабыркап калышы мʏмкʏн. Бул ɵзʏнчɵ сɵз кыла турчу оорчундуу тема десек болот.