18 октября, 2024

“Спортту колдоо жылдан-жылга жакшырып барат”

Спорт — ɵлкɵнʏн атын чыгара турчу негизги тармактардын бири. Ошондуктан бул тармакты колдоо абдан маанилʏʏ. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ шаарыбыздагы спорттун абалы, спортчулардын ийгиликтери тууралуу маалымат алуу ʏчʏн Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетине кайрылганбыз.

Мурат Омошов, Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин тɵрагасынын орун басары.

-Мурат мырза, жаңырган жылдын 6 айында шаарыбыздын спортчулары кандай ийгиликтерди жарата алды?

-Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети Ош шаарында дене тарбия жана спорт чɵйрɵсʏндɵ мамлекетитик саясатты жʏргʏзʏʏчʏ Ош шаардык мэриясынын алдындагы мекеме болуп саналат. Спорт комитетинин алдында беш спорт мектептер жайгашкан. Беш мектеп спорттун 21 тʏрʏ боюнча машыгууларды жʏргʏзʏп келет. 2024-жылдын 6 айында Ош шаарынын спортчулары Кыргыз Республикасынын жалпы 37 чемпионатына катышты. Андан сырткары 66 эл аралык турнирлерге, 13 Кыргыз Республикасынын биринчилигине, 8 ачык чемпионатына, 20 республикалык деңгээлдеги турнирлерге, 5 Кыргызстан кубогуна, эки дʏйнɵлʏк кубокко, 7 дʏйнɵ чемпионатына, 9 Азия чемпионатына, 4 Азия кубогу, 1 паралимпиада оюндарына катышып келишти. Андан сырткары 21 спорттун тʏрʏ боюнча жалпы 14 окуу-машыгуулар уюштурулду. Байгелер боюнча 6 айда 56 алтын, 59 кʏмʏш, 66 коло медалдарга ээ болушкан.

-Жогоруда атап ɵткɵн 21 спорт тʏрʏнʏн канчасы улуттук, канчасы олимпиадалык эмес болуп саналат?

-Негизи шаарыбызда бир стадион, жеке жана муниципалдык жалпы 40тан ашуун спорт залдар тургундарды тейлеп келет. Муниципалдык 5 мектептеги 21 спорт тʏрʏн бɵлʏп карай турган болсок, 12 олимпиадалык тʏрʏ, 6 олипиадалык эмес, 3 улуттук спорттун тʏрʏнɵн спортчулар даярдалат. Бокс, оор атлетика, футбол, волейбол, кɵркɵм гимнастика, эркин кʏрɵш, дзюдо, грек-рим жана теннис олимпиадалык тʏрлɵргɵ кирет.

-Олимпиада оюндарына жолдомо алган спортчулар тууралуу айтсаңыз?

-Быйылкы жылы Франциянын Париж шаарында ɵтʏʏчʏ 33-жайкы олимпиада оюндарына Ош шаарынын тарыхында биринчи жолу бокс жана дзюдо боюнча спортчулар жолдомо алышты. Боксчу Мунарбек Сейитбек уулу 2024-жылдын 24-майынан 2-июнуна чейин Тайландда болуп ɵткɵн дʏйнɵлʏк лицензиялык турнирде тɵрт атаңдашын утуп, олимпиадага лицензия алган. Андан сырткары дзюдо боюнча Кубанычбек Айбек уулу Грузиядагы чоң шлем турниринде алтын медалга жетишкен.

-Жаңы курулган муниципалдык кʏрɵш залы балдарга кандай мʏмкʏнчʏлʏктɵрдʏ берет?

-Ош шаарынын Супаналиев кɵчɵсʏндɵ жаңы спорт зал курулду. Кʏрɵш зал заман талабына шайкеш келген шартта жасалып, ичинде бардык керектʏʏ спорттук шаймандар орнотулган. Буюрса ушул жылдын сентябрь айынан спорт зал ишке берилет. Ал жерде 9 жаштан 17 жашка чейинки улан-кыздар спорттун эркин кʏрɵш, грек-рим, дзюдо, таэквандо тʏрлɵрʏ боюнча кабыл алынат. Окуу-машыгуулары акысыз уюштурулат. Аталган залдан Кыргыз Республикасынын желегин желбиреткен мыкты спортчулар чыгат деп ишенебиз. 

-Алыскы райондордон келген балдар ʏчʏн спорт мектептерде жатакана шарттары каралганбы?

-Бокс жана оор атлетика спорт мектебибизде 2023-жылдын башынан баштап бокс интернаты тʏзʏлгɵн. Жыл башында 20 бала кабыл алынган. Жалпы 50 балага ыңгайлашкан жатакана бар. Балдар 1-кʏндɵн 6-кʏнгɵ чейин жатып окушат. Быйылкы жылы да август-сентябрь айларында балдарды кабыл алабыз.

-Спорт мектептеринде машыгуу мɵɵнɵттɵрʏ кандай, окуу жылындай эле 9 айга ылайыкташканбы?

-Ооба, билим берʏʏ мектептериндей сентябрь айынан июнга чейин машыгышат. Андан кийин каникулга кетишет, бирок, каникул ичинде спортчуларды турнирлерге жɵнɵтʏп турабыз. Андан сырткары курама командалар тренерлер менен бирге машыгууларды ɵтккɵрʏшɵт.

-Машыктыруучулардын квалификациясын жогорулатуу ʏчʏн кандай иш-аракеттер жасалат?

-Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин жыл башында бекитилген календардык планына ылайык бизде эмгектенип жаткан машыктыруучулар квалификациясын жогорулатуу ʏчʏн окууларга жɵнɵтʏлɵт. Тагыраагы, жылына эки жолу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат спорт жана жаштар саяаты министрлигинин алдында дене тарбия жана спорт департаменти тарабынан уюштурулган окуу-машыгуу семинарларына катышып келишет. Жол акы, тамак-аш, жатаканалары жергиликтʏʏ бюджеттен, спорт комитети тарабынан каржыланат.

-Мекеменин алдыдагы пландары?

-Негизиги пландарынын бири Ош шаарында спорттук иш-чараларды кɵбʏрɵɵк уюштуруу. Мисалы, Кыргыз Республикасынын чемпионаттары жана эл аралык маанидеги турнирлерди уюштуруу пландалууда. Ошондой эле муниципалдык аймактык башкармалыктарда, шаарыбыздын тургундарына атайы спорт аянтчаларын куруу.

-Спорт тармагына финансылык колдоолор тынбай кɵрсɵтʏлʏп турабы?

-Мамлекет тарабынан, жергиликтʏʏ ɵз алдынча башкаруу органдары тарабынан жылдан-жылга финансылык колдоолор жакшырып келе жатат. Спортчулардын ийгиликтерине да ошол колдоолор жакшы таасир берип жатат деп ойлойбуз. Мындан ары да спорт тармагына колдоолор кɵрсɵтʏлɵт деп ишенебиз.

Айжылдыз Тойчиева