8 сентября, 2024

Багбан: “2 гектар жерден 3 тоннага чейин ɵрʏк как алам”

Баткенде ɵрʏктʏн сезону башталып, багбандар тʏшʏм жыйноо менен алек. Лейлек районунун Жаңы жер айыл ɵкмɵтʏнɵ караштуу Жаштык айылынын тургуну багбан Акжолбек Урматов багбанчылык сырлары менен бɵлʏшɵт. Баткендин бренди болгон “сары кызды” (ɵрʏктʏ) кантип ɵстʏрʏʏнʏн, какты кантип дарылоонун сырын тɵмɵнкʏ макалабызда ачып бермекчи.

Багбан Акжолбек Урматов:

“Багбанчылык менен алектенгениме 29 жыл болду”

-Акжолбек ага, канча жылдан бери багбанчылыкта жʏрɵсʏз?

-Багбанчылык менен 1995-жылдан бери алектенем. Ал кезде элге ʏлʏш жерлер бɵлʏнгɵн. Бизге бɵлʏнгɵн ʏлʏш жерибизде анар ɵстʏрчʏбʏз. Кийин кʏн суук болуп кетип, анарыбызды суукка урунуп тʏшʏм болбой калды. Анан анардын ордуна ɵрʏк менен алектенип баштадык. 2007-жылдан бери ɵрʏк отургузуп, бак кылабыз. Андан бери 18 жыл ɵттʏ. Дале болсо ɵрʏк тигип, багбанчылыгыбызды кылып келе жатабыз. Биздин бак жалпы 2 гектар эле. 2 гектар жерден 2 жарым 3 тоннага чейин ɵрʏк как алам. Мындан 5-6 жыл мурун ɵкмɵттʏн жеринен иним экɵбʏз 7 гектар жерди арендага алып, ɵрʏк эккенбиз. 3 жылдан соң дагы 7 гектар жер алып, ага жапайы ɵрʏк тиктик. Жалпысынан алганда 14 гектар жер арендага алынган.

“Уланбаган ɵрʏк 7 жылда тʏшʏм берет”

-Канча жылда тʏшʏм берип баштайт?

-Бизде ɵрʏктʏн 220 тʏбʏ жана кɵптɵгɵн сорттору бар. Азыркы учурда тиккен ɵрʏктɵрʏбʏздʏ жаңы сортко улап карап жатканыбызга 4-5 жыл болуп калды. Бирок азырынча тʏшʏм бере элек. Уланбаган жапайы ɵрʏк 7 жылда тʏшʏм берет. Уланган ɵрʏк болсо, 3-4 жылда 5-6 данадан же 1-2 килограммдан бере баштайт. 5-7 жыл аралыгында толук кандуу тʏшʏм алат.

“Негизги жер семирткичибиз малдын кыгы”

-Кандай жер семирткичтерди колдоносуз?

-Биздин жер арык, таштак, ысык болгондуктан, жайында 50 градуска чейин ысыйт. Негизги жер семирткичибиз малдын гɵңʏ жана кыгы. Аны ɵрʏктɵрдʏн тʏбʏнɵ себебиз. 

“Курт тʏшкɵн ɵрʏк чие байлап, жалбырактары тырышып калат”

-Ɵрʏктʏн котур деген эле оорусу барбы?

-Ɵрʏктɵргɵ биз жакта кɵп деле оору тʏшпɵйт. Анткени биздин жерибиз ысык болгону менен, шамалдуу жер. Акыркы 3-4 жылдан бери паразит (кɵк бит) тʏшʏп жатат. Ал дээрлик 4-5 жылдык жаш ɵрʏктɵрдɵ болот. Ɵрʏк чоңойгон соң тʏшɵ албай калат экен. Тʏшсɵ дагы зыян келтире албайт. Бит тʏшкɵндɵ жаш ɵрʏктɵр чие байлап, жалбырактары тырышып ɵспɵй калат. Учурда жаш ɵрʏктɵргɵ тʏшʏп жаткан кɵк битти колдон келишинче ɵлтʏрʏп, дарылап жатабыз. Азырынча мындан башка оору деле жок.

Алтын кʏкʏрткɵ буулоонун негизги ɵзгɵчɵлʏгʏ

-Какты кантип жасайсыздар, сыры менен бɵлʏшɵ кетсеңиз?

-Баткендеги белгилʏʏ ɵрʏк бул бактын башында кургачу ɵрʏк. Бактын башындагы ɵрʏктɵрдʏ атайы тербей, как кылыш ʏчʏн калтырабыз. Ɵзʏ качан кургап тʏшкɵнʏ тʏшʏп, тʏшпɵгɵнʏ кургап калганда кагып алабыз. Какты ɵзʏбʏздʏн айылдагы базарга алып барып сатып келебиз. Баткендин четинде 4 айыл ɵкмɵттʏн бир базары бар. Ал жерден какты кɵбʏнчɵ баткендиктер жана бишкектиктер келип алып кетишет. Ал эми кымбатыраак сатам дегендер кактарын Бишкекке алып барып сатышат.

Кʏн ысык болгондо ɵрʏктɵргɵ курт тʏшʏп кетиши мʏмкʏн. Курт тʏшпɵɵ ʏчʏн алдын ала эле аракет кылып алтын кʏкʏрткɵ жарым саат буулап коебуз. Алтын кʏкʏрт тʏшкɵн курттарды ɵлтʏрɵт. Буулангандан кийин курт тʏшɵ албайт. Ошол ʏчʏн биз бул ыкманы колдонобуз. Бул ыкма бир гана курт тʏшʏʏдɵн сактабастан, ɵрʏктʏ дагы да саргартып, тунук кылып берет. Тактап айтканда, буулоо ɵрʏктʏ дарылоо деп эсептелинет.

Ɵрʏктʏн данегин сыгып, базарга алып чыгабыз. Кардарлар кайра иштеп чыгуучу цехтерге алып кетишет. Данекти сыгып как жассонун тʏйшʏгʏ кɵп жана татаал болот. Бирок тʏйшʏгʏ кɵп болсо дагы, эл ʏйрɵнʏп калган. Алтын кʏкʏрткɵ буулап, данегин сыгып, сɵɵгʏн чыгарып алышат.

“Ɵрʏктʏ улоо ʏчʏн 20 кʏндʏк сезон болот”

-Ɵрʏктʏн бир сорту менен башка сортун улап, кайраштырасыздарбы?

-Азыркы мезгилде жапайы ɵрʏктʏ алып келип тигип, ар ким ɵзʏ каалаган сортту улап алат. Кээ бирлери май айында эрте бышчу ɵрʏк кылып улашат. Кээ бирлери башында как боло турчу ɵрʏк кылышат. Ар кимдин ɵз каалоосу. Мен 15 жылдан бери ɵзʏм дагы улап келем. Жылына 1 жарым 2 миңдей ɵрʏк уланат. Февраль жана март айларында 20 кʏндʏк сезон болот, жетишинче ɵрʏк улап бир гана ɵзʏмдʏкʏн эмес, элдин дагы ɵрʏктɵрʏн улап берем.

“1 жылда тʏшʏм берчʏ ɵрʏктɵр мода болуп жатат”

-Азыр Тʏркиядан келген май айында эрте бышчу ɵрʏктɵр мода болууда. Ɵрʏк ɵстʏргɵндɵрдʏн баары ошого басым жасап жатышат. Жапайы ɵрʏктʏ ɵстʏрʏп улап койсоң, кийинки жылы 2-3 килограммдан ɵрʏк бере баштайт. 30-майга чейин бышып бʏтɵт. Бирок быйыл кʏн суук болгону ʏчʏн 10-майда бышып калды.         

“Быйыл кардар кɵп, ɵрʏк кымбат болот”

-Быйылкы сезонго алдын ала прогноз кандай болууда?

-Ɵрʏктʏн баалары ар жылы ар кандай болуп калат. Мисалы, былтыркы жылы кардар жок болгондугуна байланыштуу ɵрʏк арзан болуп калган. Килограммын 150 сомдон 200 сомго чейин сатканбыз. Ал эми шарты барлар Бишкекке жана Кɵлгɵ алып барып 250 сомдон сатышты. Ɵзʏбʏз жакта 150-180 сом аралыгында сатылды. 3-4 жыл мурун Тажикстан менен соода кылып, алар 200 дɵн кем эмес алышчу. 250 сомдон 280 сом аралыгында сатчубуз. 300 сомдон да саткан убак болгон. Чек ара жабылгандан кийин кардар жоктугуна байланыштуу кыйла эле арзан болуп калып жатат. Бирок быйыл кардар кɵп, 200 сомдон ашса керек деп ойлоп жатабыз.

-Кырманыңызга береке берсин.

 Таңсулуу Сʏйʏнали кызы