8 сентября, 2024

Табият койнундагы жайкы эс алуу

Ɵлкɵбʏздɵ кадам сайын кооз жайларды кезиктирʏʏгɵ болот. Анын ичинде Ош облусунда жайгашып, чет элдик туристтерди жана ички саякатчыларды тейлеп келе жаткан белгилʏʏ эс алуу жайларынын айрымдары жɵнʏндɵ сɵз кылабыз.

Гʏлбурак Бегматаева, “Yurt camp Gulburak” туристтик борборунун  жетекчиси:

Тоодогу мастер класстар, фольклордук шоу жана альпинизм

-Ленин чокусу — Ош шаарынан туристтерди кабыл алган базалык лагерге чейинки аралык 280 километрди тʏзɵт. Чоң-Алай кырка тоосунун борбордук бɵлʏгʏндɵгʏ эң бийик тоо. Бийиктиги боюнча Кыргызстандагы Жеңиш чокусунан кийинки экинчи орунда турат. КМШдагы ʏчʏнчʏ бийик чоку. Туристтерди тейлеп, туризм багытында иштеп жатканыбызга быйыл 11 жыл болду. 2020-жылга чейин жалаң гана чет ɵлкɵлʏк саякатчыларды кабыл алып келгенбиз. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ ички туристтер менен да тыгыз кызматташа баштадык. Кызмат кɵрсɵтʏʏдɵ, эгер чет элдик туристтер алдын ала орундарды ээлейбиз десе ɵзʏбʏздʏн пакеттерди сунуштайбыз. Пакеттер жарым жана толук болуп экиге бɵлʏнɵт. Толук пакетте туристтерди Оштун аэропортунан кʏтʏп алып, мейманканаларга жайгаштырып, Ош менен тааныштырып, андан кийин Ленин чокусунун базалык лагерлерине жол тартабыз. Базалык лагерлерде жатакана менен эрте мененки, тʏшкʏ жана кечки тамактарга атайы баалар бекитилген. Андан сырткары акылуу мастер класстар уюштурулат. Мастер класстарда этке жакын туристтер болсо, койдун союлушун, жиликтелишин, эттин бышуусун кɵрɵ алышат. Ошондой эле боорсок, жупка, нан жана башка улуттук тамактардын даярдалуусуна кʏбɵ болушат. Фольклордук шоу деген программабызда улуттук кийимдер, улуттук оюндар кɵрсɵтʏлʏп, ыр, бийлер аткарылат. Альпинизм жаатына кызыгып, чокуга чыккысы келгендер ʏчʏн коштоп жʏрʏʏчʏ гид дайындалган. Ал эми ички туристтер ɵзʏбʏздʏн маданиятты жакшы билгендиктен аларга кɵбʏнчɵ жатакана, тамак-аш кызматтары гана кɵрсɵтʏлɵт.

“Заман талабына жооп берген шартта иштеп жатабыз”

-Бир топ жыл мурда даараткана, жуунучу бɵлмɵлɵрдɵ бир аз кɵйгɵйлɵр бар эле, азыр заман талабына жооп берген шарттарда иштеп жатабыз. Аялдар менен эркектердин дааратканалары бɵлɵк жайгашкан. Жуунучу бɵлмɵлɵр, ысык суу, муздак суу жетиштʏʏ. Ленин чокусу 7 миң метрден бийик болгон тоолордун топтомуна киргендиктен туристтер кɵбʏ ошого тартылышат. Акыркы 2-3 жылда Алайдагы Тулпар кɵлʏн кɵрʏʏгɵ келгендердин саны да кескин жогорулады.

“Биз ʏчʏн Ленин чокусунун ɵзʏ жарнама”

-Саякатчыларды тартуу ʏчʏн ар кандай иш-чараларды деле уюштурбайбыз. Ленин чокусунун ɵзʏ реклама десем болот. Биз болсо келген туристтерди жоготуп албоо ʏчʏн тейлɵɵ сапатын мыкты кылганга аракет кылабыз. Чет элдиктер социалдык тармактар аркылуу мыкты билдирʏʏлɵрдʏ калтырса, жакындары, достору менен бɵлʏшсɵ да бизге пайда. Кошумчалай кетсем лагерь уюштуруучулар бир нече белгилʏʏ сайттарга мыкты делген сʏрɵттɵрʏбʏздʏ жʏктɵп турабыз. Жылда тɵрт боз ʏй тигет элек. Быйыл дагы жетɵɵнʏ кошуп жатабыз. 11 боз ʏйдʏн бирɵɵсʏн кыргыздар колдонгон илгерки буюм-тайымдарды коюп, музейге айландыруу аракетиндебиз. Максатыбыз — кооз жерлерибизди кɵрʏʏгɵ келген туристтерге улуттук баалуулуктарыбызды, маданиятыбызды, бай тарыхыбызды таанытуу. 

Баалар менен бир аз тааныштыра кетсем, жатакана — 1000 сом, ʏч маал тамагы менен жатаканабыз — 2300 сом, ижарага ат (саатына) — 1000 сом.

Азамат Бекзоо, профессионалдуу гид-котормочу, тур-уюштуруучу “Визит Мурдаш” саякат компаниясынын негиздɵɵчʏсʏ.

Кɵз жоосун алган Мурдаштын Кɵк-Дɵбɵ жайлоосу

-Алай районуна караштуу Мурдаш айылындагы Кɵк-Дɵбɵ жайлоосу Ош шаарынан 115 километр алыс. Жыл сайын дʏйнɵнʏн бардык континентинен туристтерди кабыл алып келет. Мында 2019-жылдан бери ишмердʏʏлʏк жʏргʏзɵбʏз. Мурдаштын зоолору ɵзгɵчɵ бийик, тоолор жапжашыл бойдон кɵп ай турат. Кɵк-Дɵбɵ жайлоосуна бараткандагы жолдор эң кооз. Туристтер жана ички саякатчылар ʏчʏн тоого жɵɵ турлар, палаткада, боз ʏйдɵ тʏнɵɵ, тамак-аш, Алайды толук кыдыруу шарттары каралган.

Учурда даараткана, жуунучу бɵлмɵлɵрдɵ эч кандай кɵйгɵй жок. Баары так тʏзʏлгɵн. Туристтерди Мурдаш жайлоолоруна кɵбʏрɵɵк тартуу ʏчʏн социалдык тармактар аркылуу кыргыз, орус, англис тилдеринде жеткиликтʏʏ реклама постторду киргизип турабыз. Баалар боюнча айтсам, тейлɵɵ 2000 сомдон башталат. Кызматка жараша, баалар ɵзгɵрʏлʏп турат.

Калматовтор ʏй бʏлɵсʏ, «Беш-Мерген» эс алуу борборунун негиздɵɵчʏлɵрʏ.

“Бек-Жар айылындагы саамал борбору”

-Учурда ишмердʏʏлʏгʏбʏздʏн негизги багыты саамал болуп жатат. Мындан сырткары тамак-аштын тʏрлɵрʏ жасалып, кабиналар, боз ʏй, тапчандар орнотулган. Эс алуучуларга эртеден-кечке ынгайлуу шарттардын баары тʏзʏлгɵн. Тоолор курчаган, таза абасы бар эс алуу борборубуз Кара-Суу районундагы Бек-Жар айылында жайгашкан. Ош-Алай жолунун 41инчи километри. Бааларга токтолсок, боз ʏй 15 адамга чейин 4000 сомго бааланат. Адам санына жараша орундарды даярдоо, тамак-аш жасап берʏʏ, банкеттерди уюштуруу кызматтарындагы баалар ɵзгɵрʏлɵт. 

Самара Тагаева, “Форель” эс алуу жайынын жетекчиси.

Суу ʏстʏндɵгʏ “Форель” эс алуу жайы

-Эс алуу жайыбызга коноктордун кɵпчʏлʏгʏ Ош шаарыбыздан жана жакын жайгашкан региондордон келишет. 2-3 жылдан бери социалдык тармактарда ɵзʏбʏздʏ жарнамалоо аркылуу Россия жана Ɵзбекстан мамлекеттеринен да туристтерди тарта алдык. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ бизге келип, эс алып, жакшы бааларын берип кетишʏʏдɵ. “Форель” эс алуу жайы Ош шаарынан 10 километр алыс. Тɵлɵйкɵн айылында, Ак-Буура дарыясынын боюнда жайгашкан.

“13 жылдан бери балык чарбасын уюштурабыз”

-Ош облусу боюнча форель балыгын ɵстʏрʏʏнʏ биринчилерден болуп биздин ʏй-бʏлɵ баштаган. Ишкердиктин бул тʏрʏ оңой башталган жок албетте, алгач чет ɵлкɵдɵн балык ɵстʏрʏʏнʏн сырларын окуп-ʏйрɵнʏп, тажрыйба топтоп келдик. 13 жылдан бери балык чарбасын уюштуруп, кардарларды тейлеп келебиз.

Кардарларга салкын бак-дарак, суу боюндагы жайкы орундукдар тʏзʏлгɵн. Улуттук тамактардан сырткары форель балыгы куурулуп жасалат. Аптаптуу ысыкта сууга тʏшʏʏ ʏчʏн бассейн да бар.  Ошондой эле спорт аянтчалары, бий аянтчасы курулган. Эс алуу жайыбыздын дагы бир ɵзгɵчɵлʏгʏ суу ʏстʏндɵгʏ орундуктар. Ал жер кардарларды дайым кызыктырып, ʏйлɵнʏʏ-ʏлпɵт, жентек той, куда тосуу корпоративдик кечелер, достордун жолуугушууларын ɵткɵрʏшɵт. 

Айжылдыз Тойчиева