28 июня, 2024

Шайлоо өнөктүгү учурунда коопсуздук сакталат

Бүгүн, 2024-жылдын 22-июнь күнү Ош облусунун ички иштер башкармылыгынын жетекчилиги 2024-жылдын 30-июнь күнү өткөрүлүүсү белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын  мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча Ноокат районунун №5 бир мандаттуу шайлоо округунун  талапкерлери  менен жолугушту.

          Жыйынга Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү борбордук комиссиясынын мүчөсү Кайрат Маматов, райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилиги, укук коргоо органдары жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлери,  алардын өкүлдөрү катышышты.

        Кайрат Маматов шайлоо учурунда добуш берүүчү жайда участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү идентификация боюнча жабдууну кантип  колдоно тургандыгы жөнүндө  маалымат берип,  талапкерлер берген суроолорго жооп берди.

                Ноокат районунун №5 бир мандаттуу шайлоо округунда коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун  сактоого 800 гө чукул милиция кызматкерлери, элдик кошундар жана ички иштер органдарынын ардагерлери тартылат.

Шайлоого байланышкан ар бир мыйзам бузуучулук жөнүндөгү маалыматтар каттоого алынып, тергөө-ыкчам тобу тарабынан дыкат текшерилип, жыйынтыгы менен  мыйзамдуу чечимдер кабыл алынат.