8 мая, 2024

“Мигранттыктын тартып жабырын, Мекендин билдим кадырын”

Маркум Элмирбек Иманалиев кɵзʏ ɵтʏп кетсе да артынан кɵптɵгɵн шакирттерди таптап,  тɵкмɵ акындар мектебин тʏптɵп кеткени баарыбызга маалым. Бир мезгилдери маркум Майра Керим кызы деген ɵлкɵдɵ  аялзатынан чыккан жалгыз тɵкмɵ акын болсо, акыркы учурларда бул чɵйрɵдɵ кыздардын саны арбып бараткандай. Алардын бири жаңыдан такшалып келе жаткан тɵкмɵ акын кыз Минбаара Касымбекова менен тааныштырабыз.

-Минбаара, ɵзгɵчɵ атың бар экен, ысымыңдын мааниси эмнени билдирет?

-Атымды ким укпасын “ɵзгɵчɵ атың бар экен, биринчи жолу угуп жатамын” деп кɵп айтышат. Ысымым миң кырдуу, миң тʏркʏн, миң сырдуу, миң баара жолу бар болсун деген маанини билдирет деп ата-энем койгон. Ата-энем карапайым адамдар,  баарыбызды окутам деп тырышып, жогорку билимдʏʏ кылды. ʏй-бʏлɵдɵ беш бир туугандын ʏчʏнчʏсʏмʏн. 1994-жылы Баткен облусунун Кадамжай районунун Чекелик айылында туулгам.

-Акындык ɵнɵрʏн аркалап калууңа эмне себеп болду, бул ɵнɵр кимден ɵттʏ?

-Апам адабиятчы болгондуктан мектепте иш чараларда Манас жаттатып майрамдарга катыштырып, мени Манас айттырат эле. Мектепке бара элек курагымда тойлордо мен теңдʏʏ кыздар-балдар ыр айтса, мен Манас айтчумун. Мындан сырткары кыргыз тили жана адабияты сабагын жакшы кɵрчʏмʏн. Мектепти бʏткɵнчɵ Манас айтып жʏрдʏм. Тил майрамына карата Баткендеги райондор аралык чоң иш чара уюштурулуп калса сɵзсʏз Манас айтчу элем. Ошондой кʏндɵрʏ мен Манас айтып бʏттʏм, менден кийинкилерге кезек келди, комузду жакшы черткен, ырдап жʏргɵн эки кыз бар болчу, алар экɵɵ чыгып:

“Кыргыз тили улуу тил,

Кыргыз тили эй сулуу тил.

Дегенимдин себебин

Чечмелеп ырдап берейин” деп тил жɵнʏндɵ жай ырдап баратып, сабалап башкача айтып киришти. Ал кезде 6-7- класс болсом керек. Менин оозум ачылып калды, себеби ал убакта телефон жок, теледен кɵрɵ албайбыз. Биз чек арага чектеш болгонубуз ʏчʏн жалаң ɵзбек каналдары гана жеткиликтʏʏ болчу. Чуркап барып музыкант агайдан сурадым “агай, булар эмнеге башкача ырдап жатат, бул кандай ыр?” дегем. Агай кʏлʏп, “булар тɵкмɵ акындар, тɵкмɵлʏктʏн обонуна салып ырдап жатышат” деп тʏшʏндʏрдʏ.  “Агай, мен дагы ушинтип ырдагым келип жатат, эмнеге мени катыштырбадыңыз” десем агайым “сен комуз черте албайсың да” деп койгон.

Кийин жогорку окуу жайында окуп жʏргɵндɵ кыргыз тили майрамына карата чоң иш чара болуп, Манасчы издеп калышты. Манасты жакшы айткан бир бала бар болчу, экɵɵңɵр айтасыңар деп жатса тиги жигит “бул кыз Манас айтса мен айтпаймын”  деп койду. Ошентип ал бала ɵзʏ чыкты. Кийин ал баланын ɵзʏнɵн кызыгып сурагам, эмне менин Манас айтуума каршы болуп койдуң деп. «Кыз бала Манас айтпайт, уят болот» деп койгон. Ошондон кийин Манас айтпай калдым. Бирок мен 5-6-классымдан бери иш чаралар болуп калса темага байланыштырып 1-2 куплет ыр жазып коёт элем. Дил баян жазсам да аягын сɵзсʏз ыр менен бʏтʏрчʏмʏн. Манасты аябай айткым келет эле, балким Манас айтпай калгандагы бугум ырга ɵттʏбʏ деп калам.

«Тʏшʏмдɵ аян берип…»

-Айтышта ɵзʏң айтып калбадыңбы миграцияда жʏргɵнʏңдʏ, баарын таштап чыгармачылыкка келʏʏңɵ оргуп жаткан талант тынчтык бербедиби?

-Ооба, ɵнɵргɵ болгон кызыгуум тынчтык бербеди. Маркум, тɵкмɵ акын Элмирбек Иманалиевди тʏшʏмдɵ кɵрдʏм, дасторкондун четинде экенбиз. Мен, Элмирбек агай, дагы бир киши бар, аны тааныбадым. Элмирбек агай тɵрдɵ олтуруп аябай ырдады, анан комузун мага берип, эми сен ырда деп колума карматып койду. Ошол тʏштɵн кийин да Москвада тургум келбей калды. Ата-энеме жардам кылайын деп жʏрʏп калдым. Ɵткɵн жылы жайында баарын жыйнаштырып, мекенге ɵнɵр деп келдим.

-Акындар негизи коомдо болуп аткан терс кɵрʏнʏштɵрдʏ айткан элдин ɵкʏлʏ эмеспи, миграциядан башка сени эмне тʏйшɵлтʏп, эмне ойго салат?

-Ɵзʏм Баткендин тургуну катары чек ара кɵйгɵйʏ ойго салат, кыргызда кыз-келиндердин кадыры бааланбай, басынтуу жегендери, кордолгондору кейитет, азыр бир муун келе жатат, ата-энеси мигрант, ата-эненин мээримине тойбой чоңойгон муун. Эртеңибиз кандай  болот, ошону ойлойм. Мен Бишкектен мурда Москваны кɵрдʏм. Москвадан Бишкек кооз болсо керек, себеби айлананы тоолорубуз курчап турат деп ойлогом. Алгач учак менен Бишкекке конгондо Бишкектин абалын кɵрʏп ыйлаганмын, ушунчалык да кир болобу, себеби баскан кадам сайын таштанды кɵзʏмɵ уруна берди. Эл ɵзʏнʏн олтурган конушун, айланасын жакшы жыйнап, таза кармабаганын кɵрʏп зээним кейиди. Мекенди кандай жакшы кɵрɵрʏң мекенден сыртта жʏргɵндɵ байкалат экен. Мекенди таза кармаганды, мекенди аяганды, кадам жердин баркы кымбат экенин ʏйрɵнʏшʏбʏз керек. Ошол себептен Арген Биймырза уулу менен айтышып калганда: “Мигранттыктын тартып жабырын, Мекендин билдим кадырын” деп ырдап талаада жʏрʏп, оор кʏндɵрдʏ да, жакшы кʏндɵрдʏ да ɵткɵргɵнʏмдʏ айттым. “Жʏк-200” ɵзʏнчɵ чоң тʏйшʏк. Айткым келе берет, канчалаган тагдырларды кɵрдʏм.

“Элмирбек агайдын шакирттеринен билбегенимди  ʏйрɵнʏʏдɵмʏн”

-Миграцияда жʏрбɵй эле акындык ɵнɵрʏмдʏ ɵркʏндɵтсɵм болмок экен, убакытым текке кетиптир деп ɵкʏнгɵн учурлар болдубу?

-Албетте, ɵкʏнгɵн учур кɵп болду. Айрыкча Элмирбек агайды кɵрбɵй калганыма эртелеп эмне келбегем деп аябай ɵкʏнгɵм. Ɵнɵргɵ эрте аралашкан жакшы да, тажрыйбаң артып, эрте такшаласың. Бирок, Кудайдын жазганынан качып кутула албайбыз, бул да болсо менин тагдырым. Москвада жɵн жʏрбɵдʏм, комуз ʏйрɵндʏм, эл аралык фестивалдарга катыштым. Ал жактагы жазма акындар менен жʏрʏп, “Сармерденде”  айтыштым.  Бирок, мекенге келип, ɵнɵрдʏн артынан жʏргɵнʏмɵ бир жыл болду. Устатым деп бир кишини баса белгилеп айта албаймын. Элмирбек агайдын шакирттеринен билбегенимдин баарын ʏйрɵнʏʏдɵмʏн.

-Учурда Мундузбек Усупбек уулу менен айтышыңар кɵп кɵрʏʏ топтоп, талкуу жаратты, ошол айтыш ɵзʏңдʏн купулуңа толдубу?

-Купулума толду дегени – болду, мен кыйынмын деп кеткени болсо керек. Албетте, купулума толгон жок. Негизи Мундузбек Усупбек уулун кыйын акын, чоң акын деп билем. Ал мени эки бɵлʏп, бир жутуп коймок, сыйлады, жигиттик кылды. Байкем бар болсун, ыраазычылык билдирем.

“Гитара чертем”

-Азыр айтыш ɵнɵрʏн аркалаган кыздар кɵбɵйʏп баратат. Кимди кɵрʏп тʏздɵнʏп, кимдин кеңешин угасың?

-Мен ɵзʏм Элмирбек агайдан сабак албай калганым ʏчʏн бардык шакирттерине карап тʏздɵнɵм, ʏлгʏ алам. Кɵп учурда Нарсулуу Гургубаева акын эженин, тɵкмɵ акындардан Мундузбек Усупбек улуу сындуу агалардын кеңешин угам.

Гитараны ɵтɵ мыкты чертем деп айта албаймын. Бош убакытым болгондо Таалай Бектургановдун ырларынан ырдап калам. Башка талантым деле жок го дейм. Кесибим боюнча акушермин. Кʏʏ ʏйрɵнʏʏ хоббим.

Элира Чынтемир кызы