20 апреля, 2024

Гʏлшайыр Садыбакасова:  “ФИЛАРМОНИЯДА ЖYРYП ОБОНДОРУМДУ, “КЫЗ БУРАКТЫ”, ДЕН СООЛУГУМДУ ЖОГОТТУМ”

Жакында эле Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын абалынын начар экени айтылып, жетекчисинин кызмат ордун кароо тууралуу маселе кɵтɵрʏлʏп, коомчулук эки жээк болуп, талашып-тартышты. Чыгармачыл адамдардын жан дʏйнɵсʏ абдан назик болору кɵпчʏлʏккɵ маалым. Жашоодогу болгон окуяларды жʏрɵгʏ аркылуу ɵткɵрʏшɵт делет. “Коомчулуктун эки тарап болуп, соцтармакта айтышканы мага оор тийди” дейт мекеменин жетектеп келген КРнын Эл артисти Гʏлшайыр Садыбакасова.

-Гʏлшайыр эже, кызматтан кетʏʏ тууралуу арыз жазганыңызды соцтармакта жарыяладыңыз. Келиңиз, кепти ошол окуялардан баштасак.

-Бул мен ʏчʏн кʏтʏлбɵгɵн окуя болду. Ошко текшерʏʏ келиптир. Ошол учурда мага Тʏмɵнбай (Тʏмɵнбай Колдошев – ред.) чалып, “Эже, биз чогулуш кылып жаттык эле, сиз дагы катышып койбойсузбу. Мектеп, бала бакчаларды, клубдарды текшерип келип, бʏгʏн кɵчмɵ жыйыныбыз бʏтʏп жатат” деп калды. Мен ага чейин уккан эмесмин. Анан Тʏмɵнбайга “депутаттар келсе алып келбейсиңби филармонияга, бизди да кɵрʏп кетсин, кинотеатр боюнча отурабыз” дедим. Себеби кинотеатр менен филармониянын талаптары эки башка, ал ʏчʏн чоң сахна, чоң кɵрʏʏчʏлɵр залы, гримдɵɵчʏ бɵлмɵлɵр керек, ушуну кɵрсɵтʏп калалы деген жакшы тилек болгон. Тʏмɵнбай да сунушума макул болуп, тʏштɵн кийин Жогорку Кеңештин депутаты Айгʏл Айдарова, бир эксперт жана Тʏмɵнбай ʏчɵɵ келишти. Аларга кɵрсɵтʏп, жаңы филармония куруу керектигин, жер маселелерин айттым. Макул дешип, артынан иш кагаздарын жɵнɵтʏʏмдʏ дайындашты. Бир жумадан кийин кагаздарды жɵнɵттʏм. Эртеси кʏнʏ эле мага Жогорку Кеңештеги депутаттын маселе кɵтɵргɵнʏн айтып, шилтемелерди жɵнɵтʏштʏ. Карасам, баягы кɵчмɵ жыйындын жыйынтыгы жок эле, текшерʏʏдɵ тизмеси жок филармонияны айтышууда. Ал жерде менин ишмердʏʏлʏгʏмɵ эмес, жашыма, кɵп жыл иштегениме асылышыптыр. Мен таң калдым. Баягы айткан маселелердин бири айтылган жок. Филармонияны келип кɵрбɵгɵн эле депутат ошентип айтып жатса таң каласың да.

-Сиз келгенде филармониянын абалы кандай эле?

-Ошончо жыл иштеп, эмгегиңди арнап, жасабаган ишти жасап, эптеп эле филармония деп аталган жерди кɵрктɵп, ɵнʏктʏрʏп, материалдык-техникалык базасын 20 миллион сомдук жабдуулар менен камсыздап, кɵркɵм жамаатты 58ден 150гɵ кɵбɵйтʏп, толук кандуу филармонияга айлантайын деп бʏт эмгегимди арнагам. Азыр штатты кɵбɵйтʏʏ деген эч кимдин колунан келбейт. Жаңы келген мезгилде чуркап жʏрʏп, 150 штаттык бирдикти тʏзɵ алганбыз. Анда филармонияда эл тааныган бир дагы адам иштебейт экен. Кийин Болуш Мадазимов, Жолболду Алыбаев, Токон Эшбаев жана башка бир катар таанымал адамдарды алып келдик. Кɵптɵгɵн мыкты ырчыларды, Темир Назаров, Жеңиш Айтиев деген ɵсʏп келе жаткан таланттарды, анын ичинен “Кыз Бурак” тобун да кошконбуз. Себеби ошол учурда зарыл болгон. Ошондой эле бир гана ɵзбек бий тобу бар бар болчу, Бишкектен опера-балет театрынан келишимдин негизинде балетмейстерди чакырып келип, бир жыл иштеп, биздин “Адеми” деген кыргыз бий тобубузду коюп берди. Мына ошентип, кɵркɵм топторду кɵбɵйтʏп отуруп, чыгармачылык деңгээлибизди жогорулатууга жетиштим. Андан соң оркестр тʏзʏʏгɵ кириштик. Оркестр болбосо филармония болуп эсептелбейт да, болгону 18 адамдан турган эл аспаптар ансамбли бар болчу. Ошону 37 адамдан турган эл аспаптар оркестри кылып тʏптɵп, ага Болуш Мадазимовдун атын ыйгардык. Алгач келгенимде эки колонкасы, эки сынган аккордеон, он сынган комуз, бир контрабас бар экен. Мына ушундай жарды, такыр материалдык базасы жок жерге директор болуп келгем. Мунун баарына чуркап, ызылдап жʏрʏп жетишкенбиз. Ɵзʏңɵр билесиңер, азыр чуркабасаң эч нерсе жок, кээ бир жерде кадыр-баркыңды саласың, кээ бирде чырылдап жʏрʏп аласың. Бʏгʏн музыкалык аспаптар менен оркестр, фольклордук топтор, жеке ырчыларыбыз дагы толук камсыз болгон. Мындан сырткары эки-ʏч сыйрадан концерттик формаларыбыз тигилген, мекеменин ɵзʏнʏн транспорту, ʏн жаздыруучу студиясы бар. Ар бир артистибиздин чыгармалары, ырлары жазылып, архивде сакталып турат. Азыркы кезде мындай деңгээлге жеткен тʏштʏктɵ эле эмес, жалпы ɵлкɵ боюнча маданий мекеме жок. Эң мыкты деңгээлде Бишкектеги филармония болуусу мʏмкʏн. Себеби анда мамлекеттик иш чаралар ɵтʏп тургандыктан, тынымсыз акча каражаты бɵлʏнʏп турат. Экинчиде опера-балет театры, анда дагы мамлекеттик иш чаралар ɵткɵрʏлɵт. Андан башка мекемелерде материалдык-техникалык базаны жакшыртуу деген программалар 30 жылдан бери эч жерде иштебейт. Клубдарды айтпай эле коёюн. Акыркы кезде жаңы филармония куруу боюнча маселе кɵтɵрʏлʏп келген. Ушундай тенденциялар жʏрʏп турган кезде кокусунан эле мен тема болуп чыгып жатпаймбы, иштеп келген адам. Иштебей эле отуруп алсаң, кеп кылышса, “иштебегеним ʏчʏн айтып жатат” деп ыраазы болосуң да, анан иштеп, тытынып, ɵмʏрʏ фестивалга чыкпаган биздин жамааттар эл аралык фестивалдарга катышып, алдыңкы орундарды алып келип, ийгилик жаратып жатышса, мындай кептер оор тиет экен.

-Бул нерсени кандай кабыл алдыңыз? Буюртмачылар болдубу?

-Мага кандайдыр бир буюртма болгондой сезилди. Анткени буюртма болбосо, бул маселе кɵтɵрʏлбɵйт болчу. Балким, кимдир бирɵɵлɵрдʏн кеги бардыр. Себеби мен “Кыз бурак” деген мамлекеттин чек арачысы болгонмун. Ал мамлекетти бузабыз деген канчалаган адамдар, чоңдор болгон, бирок мен буздурткан эмесмин. Ошондон дагы болуусу мʏмкʏн. Бир канча жоромолдорум бар. Экинчи жагы, же ал кыз ɵзʏн мен аркылуу “хайп” кылып алгысы келди. Андай депутат бар экенин мен деле кечээ билдим.

Негизи мен буга чейин тɵрт министрге тɵрт жолу кызматтан кетʏʏ тууралуу арыз жазгам, кабыл албай келишкен. Ɵткɵн жылдын аягында эле ден соолугума байланыштуу кызматты тапшыруу боюнча дагы министрге кирип чыккам. “Жылды жыйынтыктап тапшырайын, ага чейин кадрларыңар болсо даярдап коё бергиле” дегем, тапшырдым.

Кайсы иш чарага барбайлы биринчи же экинчи орунду алган жетишкендиктерибизди, ийгиликтерибизди тепсешип, мен кʏтпɵгɵн кара пиар болуп кетти. Эки тарап болуп элибиз айтышты. Ушул нерсе гана мага оор тийди. Мен элдин андай бɵлʏнʏʏсʏн каалабайм. Бирок, мен башымдан кɵптʏ ɵткɵргɵм. Бул нерселерге сынып калбайм.

-Чыгармачыл адамсыз, мындан кийинки пландарыңыз кандай?

-Арыз жазып чыккандан кийин аябай жеңилдедим. Анткени эрте мененки саат 8ден кечки 8-9га чейин отурчумун, кагаз иштери ɵтɵ кɵп болчу. Муну баары билишет. Филармонияда жʏрʏп ʏч нерсени: обондорумду, “Кыз буракты” жана ден соолугумду жоготтум. Жылына жок деген эки-ʏч обон жазчумун. Жумуш деп жʏрʏп, обондорум жазылбай калган. Буюрса, эми ден соолукту карап, филармониядан 20%дык жоопкерчилиги бар жумушту алып, жаштарга баш-кɵз болуп, жамааттын, Ош облусунун маданиятынын мындан ары да ɵсʏшʏнɵ кɵзʏм ɵткɵнчɵ салымымды кошо берем деген жакшы оюм бар.

-Маегиңизге рахмат. Бар болуңуз!

Жумагʏл Кочкорбай кызы