29 марта, 2024

Данияр Жаныкулов: “Кɵчɵ толо бала, кулпуланбаган ʏйлɵр, санжыралуу аталар болчу айылыма кат”

Ааламга кеткен жол айылдан башталат. Жумуш деп элеттен алыста калган инсандар дайыма айылын кубануу, башкача эргʏʏ менен эскеришет. Бʏгʏн Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкʏлʏнʏн 1-орун басары Жаныкулов Данияр Тɵрɵгазиевич кичи мекени болгон Талас облусунун Манас айылына кат жазды.

“Бут кийимди жамап кийип…”

-Менин балалык чагым Талас облусунун Талас районуна караштуу Манас айылында ɵттʏ. Айылдагы Ак-Сай орто мектебинде окуп, билим алдым. Азыр Шабданбек Жумагулов атындагы наамды алып жʏрɵт. Ата-энем кадимки колхоздо эмгек кылган карапайым инсандар, ʏй-бʏлɵдɵ 6 бир туугандын бешинчисимин. Апам медайым болуп кɵп жыл иштеди, атам Манас колхозунда кой фермада иштеп жʏрʏп эс алууга чыкты.

Балалык кезим Манас айылында ɵттʏ. Союздун убагында балалык деле башкача болот экен, адамдын турмушу, ɵйдɵ-ылдыйы билинбей, баары тегиз жашоодо жашаптырбыз. СССР урап, 90-жылдардан кийин элдин жашоо- шарты бир топ кыйналганын ошол кездеги балалык баёо сезим менен сезбегенимди азыр эстеп, тʏшʏнʏп отурам. Эсимде, Саламандра деген фирманын бут кийимдери жаңыдан мода болгон кез эле, ата-энем мага ошол фирманын кышкы бут кийимин алып беришти. Анан бат эле анын ʏстʏ айрылып, таманы жарылып, суу кире баштады. Башка алып бергенге мʏмкʏнчʏлʏк жок. Ал кезде таманы ак, резина кедылар болгон. Атам жанагы таманы жарылып кеткен бут кийимге кедынын таманын коюп жамап берди. Саламандранын ʏстʏ кара, кедынын тʏбʏ ак, окшошпойт, кантип кием деп ойлонуп калдым. ʏйдɵ мешти сырдаган кара сыр бар экен. Ошонун краскасынан алып, баягы кедынын таманын кара кылам деп краскаладым. Кара болуп, билинбей калат, 3-4 кʏн кием, анан кайра краскасы ɵчʏп баштайт. Жаңылап краскалап коём. Ошону менен кыш чыгардым. Досторум, классташтар эч ким деле шылдыңдаган жок, алар деле билет, сырдап койгонуму.

«Мугалимдериме ыраазымын…»

-Бизди ɵтɵ кʏчтʏʏ мугалимдер окутту, мектепте англис тилин эмес, немис тилин окуп- ʏйрɵндʏк. Кадырбʏ деген эжекебиз немис тилинен, тартипти катуу кармаган Жакин эжей биология сабагын окутчу. Башталгыч классты окуткан Гʏлжар эжейибиз бизге фундаментти мыкты куйган экен. Негизги тарбияны, туура багытты ушул эжейден алдык. Биз 3 класс элек, мектепти бʏткɵнгɵ чейин кандай иш чара болбосун биздин класс биринчи орунду эч кимге бербеди. 10-11-класска келгенде мектепке дубал гезит чыгарчубуз, “Ак-Сай жаңылыктары” деп мектептин жаңылыктары илинет эле. Ошондо менин журналистикага болгон шыгым ойгоно баштаса керек. Кыргыз тил, адабияттан сабак берген эжеке «сен ушул жол менен кет» деп айтчу. Мектепте жакшы окудук, бул ʏчʏн мугалимдериме терең ыраазычылык билдирем.

“Санжыраны сʏйлɵгɵн, ата-тегиңди сураган, отургузуп алып тарбия берген чоң аталарыбыз жок экенин кɵрʏп ичим ачышат”

-Айыл бул – башка аалам. Эстегенде ар дайым ууртуңа жылмаюу тартуулаган, кээде кɵɵдɵндʏ мыкчыган кайгырууну ала жʏргɵн сезим. Муну эс тартып, айылдан алыста калган кезде тʏшʏнɵсʏң. Бала кезибизде кошуналардын шаарда жашап, чоңоюп калган биз курдуу балдары айылга келет эле. Фрунзеден келиптир деп бир башкача сый-урмат кɵрсɵтʏлʏп, айыл апа аларды чайга чакырат. Айылдын керемети балким, ушунда болсо керек. Адамдардын пейили башкача болгон окшойт. Азыр кененчилик жашоодо жашасак да ичибиз тар. Айыл чындап айыл болчу. Азыр айылда айылдык пейил жоголуп баратат.

Мен бир ирет отуруп эсептесем, биздин кɵчɵдɵ 15тей ʏй болсо ар биринде бирден аксакал бар экен. Анан ʏйʏнʏн жол тарабында сɵзсʏз отургучу болор эле. Ал деле стандарттуу кадимки отургуч эмес, дɵңгɵчтɵрдʏ коюп, ʏстʏнɵ талпак жазып салышчу. Анан ошол жерде чоң апа, чоң аталарыбыз сʏйлɵшʏп отура берчʏ. Ары ɵтсɵң, бери ɵтсɵң учурашпай калсаң чакырып алып, аксакалдар тилдейт эле, “эй бала, бас бери, кимдин баласы болосуң, эмне учурашпайсың, сенин атаң мындай киши болгон” деп кайра сени уяткарып коёт эле. Ошондон кийин учурашпай ɵтʏп кɵр, алыстан кɵрсɵк чуркап келип салам берет элек. Чоң апаларыбыз сʏйлɵшʏп отурган жерге барып учурашып калсак “ме мынаны ал” деп колуңа момпосуйду карматып анан кетирчʏ. Азыр баягыдай ыйман, санжыраны сʏйлɵгɵн, сенин ата-тегиңди сураган, отургузуп алып тарбия берген чоң аталарыбыз жок экенин кɵрʏп ичим ачышат, кɵчɵ бош. Аксакал жок ʏйдɵ береке болбойт, береке ошол аксакалдар менен.

“Кимдин ʏйʏндɵ телевизор болсо, ошонун ʏйʏнɵ сериал кɵргɵнʏ барчубуз”

-Биз Союздун убагында телевизорго жарыбадык. ʏйдɵ Славутич деген эски телевизор бар эле, аныбыз бир жума иштесе 1 ай бузулуп калат. Мен ɵзгɵчɵ ошондой азабын тарттым. Кошуна чоң атабыздын ʏйʏндɵ кичинекей телевизору бар эле, анын да кулагы сынып калган, кычкач менен буралат. Алар сени жакшы кɵрɵбʏ, жаман кɵрɵбʏ тʏшʏнʏк, ой да болчу эмес. Барып телевизор кɵрʏп, ал ʏйдʏн тамагын ичип, кечинде уктап калып кетчʏбʏз. Мен бала кезде «Санта Барбара», «Просто Мария» деген сериалдар чыккан. Чоң ата, чоң апалар болуп кимдин ʏйʏндɵ телевизор болсо, ошонун ʏйʏнɵ сериал кɵргɵнʏ барабыз, жарык ɵчʏп калса жарыгы бар кɵчɵнʏ издейбиз. Кино бʏткɵн соң ʏйгɵ кайтканда жолдо аны талкуулап, ай жанагы жеринде мындай кылып койсо болбойт беле, кызык жерине келгенде бʏтʏп калбадыбы деп. Талкуулап атып арасында урушуп да кетишет. Ошондой жакшы кʏндɵрдʏн баары айылда калыптыр.

«Кулпуланбаган ʏйлɵр…»

-Эч кимдин ʏйʏ кулпуланчу эмес, дарбаза, дубал тургузат деген тʏшʏнʏк жок. Эки таякты коюп эле эки башына жипти илип коюп кете беришет. Бир жакка баратса “ай балам, мен тиги жакка кеттим, биз жакты карап тургула”  деп дайындап коёт, эч нерсе жоголбойт. Азыр эми дубал менен тосуп, дарбаза орнотуп алган ʏчʏн барганда кээ бир ʏйлɵрдʏ тааныбай да калам. Бир кɵчɵ бала, качма топ, ортого тʏшмɵй, чʏкɵ ойнойт элек. Кыш мезгили болгондо коньки, лыжа тээп, хоккей ойночубуз. Клюшка жок, кɵчɵдɵ баратып кара талдарды карайбыз, башы кайрылган бутагы болсо сындырып алып, учун жонуп, андан хоккей ʏчʏн клюшко жасайбыз. Кийин чана деген чыгып калды, 2 шиш таяк менен тебебиз. Чана кылам деп мектептин далай партасын сындырдык, темирди алып келип айылда ширетʏʏчʏ болуп иштеген раматылык Азимбай деген аксакалга беребиз, ал киши бизге чана жасап берет, акысын деле сурабайт. Ошондой жакшы кишилерди кɵрʏп калдым деп азыр сыймыктанам. Талас суусуна барып жай мезгилинде балык уулайт элек. Азыр андай балалык жок. Кɵчɵдɵ бир да бала кɵрбɵйсʏң, баары ʏйʏндɵ гаджеттер менен алек.

Айыл ʏчʏн мындай иштерди кылдым деп ооз толтура сʏйлɵгʏм келбейт. Себепкер болуп, Жер ʏй алтын кенинде коомчулук менен байланыш боюнча бɵлʏмдʏ жетектеп иштеп калдым. “Бакубат Талас” фонду менен биргеликте айыл ɵкмɵт долбоор жазып, спорт зал курулуп калды. Машыктыруучулар жакшы кызмат кылып, азыр айылдын балдары чемпион болуп атышат. Балдар кɵчɵдɵ эмес, ошол жерде машыгып, жакшы жолдо баратканын кɵрʏп, айылым ʏчʏн кубанбай койбойм. Кудайга шʏгʏр, ушундай мʏмкʏнчʏлʏк болуп, айылыма жардамым тийип калганына. 

Биздин айылдын кишилери…

-Ошко салыштырмалуу бизде калктын саны азыраак. Ошентсе да айылым аймактагы чоң айылдардын бири десем болот. Манас айылы узунунан кеткен, алты миңдей калк жашаган айыл. Кезинде Акаевдин убагында президенттик администрацияны жетектеген, Улуттук телерадио компанияда президент болгон инсан Аманбек Карыпкулов, “Кыргыз Алтында” кɵп жыл жетекчи, кийин мамлекеттик катчы болуп турган Дастан Сарыгулов деген чыгаан инсандар биздин айылдын кишилери. Облустук, райондук деңгээлдеги ɵлкɵгɵ кызмат кылып жʏргɵн агаларыбыз кɵп.

Айылыма Ошко келгенден бери 1 жарым жыл убакытта официалдуу тʏрдɵ атайын бара элекмин. Барууга мʏмкʏнчʏлʏк болбоду, убакыт жок. Адамда жакшылык, жамандык деген кошо жʏрɵт экен, жамандык болгон кезде арга жок барып жатам. Барганда кайра тʏнʏ менен Ошко келе берем. Жамандыктын жолу башка, ага сɵзсʏз баруу керек. Жакшылык учурда туугандарга «туура тʏшʏнгʏлɵ, жакшылык нерсе башка, кайсы бир кʏнʏ баары бир келебиз» дейм. Кантсе да ар бир адам ʏчʏн ыйык болгон туулган жердин топурагы алтын, кичи мекеним, киндик кан тамган жерим Таластын Манас айылы ар дайым жʏрɵгʏмдʏн толтосунда деп айылга катымды жыйынтыктагым келет.

Урматым менен Данияр Жаныкулов