23 апреля, 2024

«КАРА ДУБАНЫН YЧ ТYРY БАР: ТАЛАК,  АКЫЛ-ЭСИНЕН АЗДЫРУУ, ƟЛYМ»

“Кара дуба, сыйкыр, ысытма-суутма” дегендерди каалайбызбы, каалабайбызды кʏнʏмдʏк жашообузда угуп, ал тургай кʏбɵ болуп калган жагдайларыбыз да бар. Жакында эле ырчы Нурлан Насип батиринин улагасына белгисиз аял майда нерселерди чачып кеткенин айтып, коомчулукта кызуу талкууга жем таштады. Бул нерселер адамдын жашоо-турмушуна, ден соолугуна таасирин тийгизери чындык. Мындан улам “Кара дуба жасалганын кантип билсе болот же андан кантип коргонобуз?” деген суроолор ар бир адамда жаралат. «Бʏбʏ-бакшылар биринчи кара дуба жасаткысы келген адамды дубалашат» дейт жин чыгаруучу, кара дубаны кайтаруучу Умар Калмурзаев. Ал Медина шаарында жети жыл билим алып келген. Алгач тааныштарына, жакындарына дем салып жʏрʏп эле ага кайрылгандардын саны ɵскɵн. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ КМШ, Европа ɵлкɵлɵрʏнɵн да кара дубаны кайтаруу ʏчʏн кайрылгандар бар экенин айтат. Мындан улам кара дуба, сыйкыр эл ичинде кеңири тараган десек туура болот. Анда кеп башынан болсун.

Жин-шайтандардан жардам суроо

-Умар мырза, кара дубаны кайтаруу ʏчʏн кайрылгандар кɵппʏ?

-Ооба, сыйкыр, кара дуба менен ооруп кайрылгандар кɵп. Куранда да сыйкыр, кара дуба деген сɵз ɵтɵ кездешет. Биринчи пайгамбарлардан тарта бар.  Ал эми кара сыйкыр деген эмне дегенге келсек, бул да бир илим. Тагыраагы, жин-шайтандардан жардам суроо илими. Муну кɵбʏнчɵ кɵрɵ албастык менен жасашат. Кайсы бир адамдын жетишкен ийгилигин же жакшы жагын кɵрɵ албай, ичи тардык кылган адам бакшыга барып, ɵзʏн актап, ал адамды болушунча жамандап, ийгилигин тартып алгандыгын айтып даттанат. Мындайды уккан бакшылар жин- шайтандардан жардам сурап, кайрылган адамдын оюн ишке ашырып берʏʏсʏн буйруйт. Адамдарда жин-шайтандарга тʏз байланыш болбогондуктан, бакшылар ортомчу болушат. Тамак-аш, кийим-кече же дагы башка нерселер аркылуу жин-шайтандар адамды таап, кыйноону баштайт.

Эң кʏчтʏʏ бакшылар еврейлер делет

-Бул бардык дин ɵкʏлдɵрʏндɵ, бардык ɵлкɵлɵрдɵ кездешеби?

-Сыйкыр бʏткʏл дʏйнɵдɵ, бардык дин ɵкʏлдɵрʏндɵ бар. Улуттардын ичинен эң кʏчтʏʏ бакшылар еврейлер делет, ал эми мусулмандардын ичинен шииттер. Бирок, сыйкыр башка ɵлкɵлɵргɵ салыштырмалуу мусулман ɵлкɵлɵрʏндɵ кɵп таралган. Бизде, Ошто бʏбʏ-бакшыларга барбоо керектигин кɵпчʏлʏк жакшы тʏшʏнʏп калган. Дегенибиз менен адамдар ар тʏрдʏʏбʏз да, кимдин ою, ичи кандай экенин билбейсиң. Жогоруда айткандай, сыйкырдан жабыр тартып кайрылгандар жок эмес.

Аялдарды тɵрɵбɵс кылып дубалашат

-Сыйкырдын кайсыл тʏрʏ кɵп колдонулат экен?

-Негизи сыйкырдын ʏч тʏрʏ бар: талак, акыл-эсинен аздыруу, ɵлʏм. Анан мындан майдаланып отуруп, тʏрлɵрʏ кɵбɵйɵт. Мисалы, аялдарды тɵрɵбɵс кылып дубалашат, мунун натыйжасында ʏй-бʏлɵ бузулат, талак тʏшɵт. Дарылануу натыйжа бербей, айыкпас ооруга кептелгендер бар. Кечээ жакында эле бир кыз келип тамагынан рак болгонун, дарылоо жардам бербей жатканын айтты. Алты кʏн катары менен окудум, жылыш бар, жакшы боло баштаганын билдирди. Адамды кесел кылуучу кара дуба жасалганда ушундай болот. Алгач кара дубаны кайтармай сайын дары, медицина жардам берʏʏсʏ кыйын. Ошондуктан, дарыланса да оорусу басаңдабай, кайра-кайра кайталап ооруй бергендерге сɵзсʏз дем салдырып кɵрʏʏсʏн сунуштайт элем. Бул сыяктуу мисалдар бизде кɵп кездешет, болгону убактысында кайрылып калса жакшы. Сыйкыр, кара дуба адамды ракка, ɵлʏмгɵ алып келʏʏсʏ толук мʏмкʏн. Ɵлʏмгɵ жасалчу сыйкырлар ушундай, же ооруга чалдыктырат, же адам ɵзʏнɵ-ɵзʏ кол салат же кырсыкка учуратат.

Ийгилик жолдорун тоскон сыйкыр бар

-Кара дуба жасалганын кантип билсе болот? Белгилерин айта аласызбы?

-Ооба, кандай кара дуба жасалганына карап, белгилери ар тʏрдʏʏ. Мисалы, талакка жасалган болсо, аялы кʏйɵɵсʏн кɵргʏсʏ келбей, кɵрсɵ себепсиз урушуп, ата-энесинин ʏйʏнɵ кеткиси келип, ал ʏйдɵ ɵзʏн жаман сезе баштайт. Балдарын ургусу келип, башы ооруп, унутчаак болуп, ыйлагысы келе берет. Ал эми ɵлʏмгɵ жасалган адамда ɵзʏн ɵлтʏрʏʏ тууралуу ойлор келе баштайт. «Мен ɵлʏп калам» дегенди кɵп ойлонуп, тʏшʏндɵ ɵлгɵн адамдарды кɵрɵт. Алы кетип, эч нерсеге табити тартпай, жашоого кызыгы жоголот. Ошол эле учурда ийгилик жолдорун тоскон сыйкыр бар. Анда ал адам эмне жумуш кылбасын, эч алдыга жылуу болбойт. Ага ɵзʏ да таң калат. Же жумушун таштагысы келип тажап, кетʏʏнʏ эңсейт. Акыл-эсинен аздырууда кулагына ʏндɵр угулуп, бирɵɵлɵр чакырган, кɵзʏнɵ бир нерселер кɵрʏнгɵн абалга тʏшɵт. Ошондой эле ысытма, суутма дегендер бар. Бул кɵбʏнчɵ ʏй-бʏлɵлɵр, бир туугандар, бизнес ɵнɵктɵштɵр ортосуна жасалганын билʏʏгɵ болот. Сыйкыр жасалган адам биз дем салып жатканда чыдап тура албайт, жинденет.

-Дубанын кʏчʏ канчага чейин жетет?

-Кара дуба кайтармай сайын кʏчʏн жоготпойт. Максатына жетмей сайын  500 жыл болсо да жашай берет. Тагыраагы, ʏй-бʏлɵнʏ бузууга жасалган кара дуба ʏй-бʏлɵ бузулгандан кийин ɵчɵт же молдо сыйкырды чыгарып жиберет. Эгерде адамды ракка жеткирʏʏгɵ жасалса, ага дарыгерлер тарабынан «залалдуу шишик» деген диагноз коюлганда болду,  жин чыгып, кара дуба кетет. Адам оорусу менен калат.

Дубаны кайтарып, дем салдырса, анда кайра буюртма бергендин ɵзʏнɵ тиет

-Кара дуба жасаткан адамдарды кийин эмне кʏтɵт?

-Шарияттан алып карасак, пайгамбарыбыз бʏбʏ-бакшыларга барган адамдын кырк кʏн окуган намазы кабыл болбой турганын айткан. Бакшыга баруу жана ага ишенʏʏ Аллага шерик кошуу менен барабар делет. Кара дуба жасаткан адам «Баары жакшы болот, максатыма жетем» деп ойлойт. Бирок, бакшылар аны биринчи дубалайт. Мисалы, жип болсо анын бир учун буюртма бергенге, экинчи учун айтылган адамга байлайт. Эгерде сыйкыр жасалган адам дубаны кайтарып, дем салдырса, анда кайра сɵзсʏз буюртма берген адамдын ɵзʏнɵ тиет.

-Мындан кантип коргонуп, алдын алса болот?

-Кара дубадан 100 пайыз коргонсо болот деп айта албайм. Анткени мʏмкʏн эмес. Мындай сыйкыр кезинде пайгамбарыбызга, Айша энебизге, сахабаларга да жасалган. Алар абдан такыба, ыйманы кʏчтʏʏ болгон. Мындан улам адамдарда «Беш маал намаз окуса, зикр кылса, садака берсе да, сыйкыр тиеби?» деген суроо болушу мʏмкʏн. Бул нерселер сыйкырды алсыратат, адамдар ал учурду бир кыйла жеңил ɵткɵрʏшɵт. Баарынан да коргой турчу нерсе, адамдын ичи таза, ниети тʏз болуусу керек. Ошондо гана жин-шайтандарды жеңип, сыйкыр, кара дубаны ɵткɵрбɵйт. Дагы белгилеп кетʏʏчʏ жагдай, бир бʏбʏ-бакшы жасаган сыйкырды экинчи бʏбʏ-бакшы чече албайт. Муну бир гана куран чечет.

Чубак ажы Жалилов:

“Кара дуба деген бар, анын чындап таасири болот. Ошондуктан зикр кылып, ʏйдɵ Ясинь сʏрɵɵсʏн окуп турса баары ордуна келет. Кара дуба кылгандарга кара дуба менен жооп кайтарат деген туура эмес. Бул ыймандан чыгарат. ʏйʏңɵргɵ туз, майда-чʏйдɵ чачып кетсе, “БисмиЛляхи-р-Рахмани-р-Рахим” деп эле шыпырып ыргыткыла”.

Кадыр ажы Маликов:

“Буйрутма берʏʏчʏ да, кылуучу да Жараткан алдында бирдей кʏнɵɵ кылып, алар бул дʏйнɵдɵ эле жасаган жамандыгынын жазасын алышат”.

Максатбек ажы Токтомушев:

“Адамга зыян бере турган кылып, анын чачына, кийимине, сʏрɵтʏнɵ же дагы башка нерселерге окутуп, жаман нерселерди кылуунун баары арам. Буга акыретте чоң азап бар. Жʏрɵгʏ караңгылыктан адам ошондой нерсеге барат”.

Жумагʏл Кочкорбай кызы