18 апреля, 2024

Азыркы балдарды урушуп тарбиялоо кыйын

Кадамжайда 3 жашка толо элек кызын сабап жаткан эненин видеосу тараган. Бул окуя Кадамжай райондук милициясынын маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, эненин бир айга камакка алуу боюнча чечим чыккан. Келин кʏйɵɵсʏ менен жарандык никеде туруп, жашабай калгандан кийин жолдошунан ɵч алуу максатында ушул кадамга барганын айткан. Бул окуядан кийин балдарга карата зомбулук темасы кайрадан талкуу жаратты. Теманын алкагында балдар иштери боюнча тийиштʏʏ адистерге кайрылып, зомбулуктун себептери жана алдын алуу жолдору тууралуу сурадык

Гʏлзина Раева, Ош шаардык эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын ʏй-бʏлɵ жана балдарды коргоо бɵлʏмʏнʏн башчысы.

-Ош шаары боюнча балдарга карата зомбулуктун кɵрсɵткʏчʏ тууралуу айта кетсеңиз?

-Биздин бɵлʏм жашы жете электер жана оор турмуштук кырдаалда жашаган ʏй-бʏлɵлɵр менен иштешет. Ошондой эле балдардын укуктарын коргоо максатында тийиштʏʏ иштерди жʏргʏзɵт. 2021-жылы зордук-зомбулук фактысы боюнча 10 учур катталып, ошол он ʏй-бʏлɵнʏн баары менен иштешкен элек. Ɵкʏнʏчтʏʏсʏ 2022-жылы кɵрсɵткʏч жогорулап, балдарга карата 34 зомбулук учуру катталды. Мындай окуялар кɵбʏнчɵ ажырашып кеткен же болбосо миграцияда жʏргɵн толук эмес ʏй-бʏлɵлɵрдɵ катталып жатат. Айрыкча ажырашуу маселеси аялга эле эмес, эркекке жана анын баласына да оор психикалык сокку болот.

-Сиздерге зомбулук фактысы боюнча маалыматтар кɵбʏнчɵ кимдер тарабынан келет?

-Албетте, жɵнɵкɵй жарандар бир аз кайдыгер мамиле жасап, окуяны билдирʏʏдɵн карманышат. Бизге маалыматтар кɵбʏнчɵ ички иштер башкармалыгынан келип тʏшɵт. Мындан сырткары ооруканадан же жɵнɵкɵй тургундардан да келиши мʏмкʏн. Ош шаардык мэриясы, прокуратура, сот, милиция бардык тармак менен иштешебиз. Азыр бизде 111 деген акысыз ишеним телефону бар. Келген чалуулар аркылуу барып окуянын чоо жайын иликтеп, тактап, кайрылуунун негизинде иш аракеттерди жʏргʏзɵбʏз.

-Ɵз баласын кордогон ата-энелерге кандай чара кɵрʏлɵт?

-Мындай учурларда баланы туугандарына камкордукка беребиз. Бала атайы соттук психиатрдык экспертизадан ɵткɵрʏлɵт, психикасына талдоо жʏргʏзʏлгɵндɵн кийин психологдор менен иштейт. Жагдай оң жакка чечилчʏ болсо, баланы албетте, кайтарыш керек. Ал эми кордук кɵрсɵткɵн баланын атасы же апасынын психологиялык абалы сɵзсʏз текшерилет. Бул маселе ʏй-бʏлɵдɵгʏ чыр-чатак, жарандык иш болгон ʏчʏн сɵзсʏз соттун жʏрʏшʏндɵ атайы экспертизалар менен корутундулар берилет. Ошонун негизинде гана бала кайтарылат. Мисалы, жакында болуп ɵткɵн окуя боюнча келин 48 саатка камалыптыр. Мында сотко чейинки тергɵɵ амалдары жʏрɵт. Балким, бул тергɵɵ менен эле аяктайттыр. Балага соттук медициналык экспертиза берилгенден кийин жеңил же оор жараат экенине карап эксперттер корутунду чыгарат. Ошого карап, апасы ɵзʏ да дарылануудан ɵтʏʏгɵ тийиш.

-Кайсы учурда ата-энелик укуктан ажыратуу маселеси каралат?

-Ата-энелик укуктан ажыратуу боюнча балдар кодексинде кенен жазылган. Ата-энелик укуктан ажыратканга чейин ата-энелик укукка чек коюу деген бар. Сот баланын кызыкчылыктарын эске алуу менен ата-энелик укукка убактылуу чек коюу тууралуу чечим чыгарат. Мисалы, атасы же апасы психикалык ооруга чалдыгып же башка ɵнɵкɵт оорулар менен ооруп, балага коркунучтуу болсо ата-энелик укукка чек коюуга жол берилет. Кайра эле баласын сабаган окуя боюнча аял психикалык оорулуулардын тизмесинде турган же турбаганын сɵзсʏз карашат. Баланы кɵптɵн бери ушинтип уруп жʏргɵнбʏ, аны да эсепке алуу керек. Кандайдыр мɵɵнɵткɵ чек коюлат балким, 6 айга, эгер ата же энеси 6 айдын ичинде дарыланып келип, айыкса баласын кайра кайтарыш керек. Эгер дагы эле мурдагыдай зомбулук кылып, ɵзʏнʏн аракетине жооп бербей, абалында ɵзгɵрʏш жок болсо ата-энелик укуктан ажырайт.

Кубатбек кызы Алмашым, Ош шаардык мэриясынын алдындагы кɵп тармактуу ʏй-бʏлɵгɵ жана балдарга жардам берʏʏ борборунун психологу:

-Сиздердин борборго кɵбʏнчɵ зомбулуктун кайсы тʏрʏнɵн жабыркаган балдар кайрылат? 

-Негизи зомбулуктун ар кандай тʏрлɵрʏ бар: психологиялык, экономикалык, физикалык, ʏй-бʏлɵлʏк, сексуалдык ж.б. Биздин борборго ʏй-бʏлɵлʏк зомбулуктун тʏрʏ менен кɵп кайрылышат. Борбордо психологдор гана эмес, аутизм, дцп ооруларына кабылган балдар менен иштешкен дефектолог, сʏйлɵɵсʏ кечеңдеген балдар менен иштешкен психолог-логопед адистери да бар болгондуктан тийиштʏʏ кɵйгɵйлɵрʏ менен келишет. Тʏштʏк аймагы боюнча социалдык коргоо бɵлʏмдɵрʏ менен да тыгыз иштешебиз. Ошондой эле борбордо жардам кɵрсɵтʏʏлɵр акысыз жʏргʏзʏлɵт.

-Зомбулукка учурап психологиялык жардамга муктаж болгон  балдар менен канча убакытка дейре иштешесиздер?

-Мындай балдарга алгач  байкоо жʏргʏзʏп, кɵйгɵйʏнɵ жараша иш алып барабыз. Баланын кɵйгɵйʏнɵ карата ар кандай методикаларды колдонуу менен кээде 1 же 2 айга дейре иштешкен учурлар болот, айрымдарынын  психологиялык абалы оор болсо кɵпкɵ чейин коркуудан, тынчсыздануудан арыла албашы мʏмкʏн. Алар менен узагыраак иштешʏʏгɵ туура келет.

-Канткенде зомбулуктун кɵбɵйʏшʏн алдын алабыз?

-Зордук-зомбулукту алдын алуу максатында агартуу иштерин кɵп жʏргʏзɵбʏз. Мисалга мектепте окуган ɵспʏрʏм балдарга тʏшʏндʏрʏʏ иштерин, акцияларды, тегерек столдорду жана семинарларды мезгил-мезгил менен ɵткɵзʏп турабыз. Андан тышкары чоң окуу жайлардагы студенттерге тренингтерди уюштурабыз, жаңыдан турмуш курам деген жаштар ʏчʏн пландаштыруу иштерин жʏргʏзɵбʏз.Мисалы, ʏй-бʏлɵдɵ кандайдыр чыр-чатак болсо бала ошону коомго алып чыгат. Атасы апасын сабап салса аны кɵргɵн баласы башка балдарга ошол нерсени кɵрсɵтʏшʏ мʏмкʏн. Кɵпчʏлʏк ата-энелер баланын курсагын тойгузуп, кийимин алып берип, колуна телефон карматып коёт, а моралдык жактан колдоо, бала менен сʏйлɵшʏп, жакын мамиледе болбой жатышат. Буга миграция маселеси да кедергисин тийгизʏʏдɵ. “Мен сени карап жатам, курсагың ток, кийимиң бʏтʏн” деп айрым ата-энелер аткарыш керек болгон милдетин кайра баласына эскертип милдет кылат. Материалдык колдоодон да моралдык колдоо ɵтɵ маанилʏʏ. Баланын эмнеге кызыгарын, окуусун сурап, ортодо бекем байланыш болуусу керек. Тилекке каршы, ошол байланыш жоктугунан, ата-энелердин туура эмес тарбиясынан улам балдар каалаганын жасап жатат. Айрым кыздар кɵчɵгɵ чыгып кетти делген сɵздɵр айтылат. Мына ушунун айынан сексуалдык зомбулуктар катталышы мʏмкʏн. Тарбия демекчи, азыркы муун таптакыр башка. Кечке эле мурункуларга салыштырып, ошо менен тарбиялайм деген ата-энелер жаңылат. Азыркы балдарды урушуп тарбиялоо кыйын. Алар ɵзʏнʏн айыбын сезбей урушсаң дароо атам же апам мени жаман кɵрɵт экен деп кабыл алышат. Кошумчалай кетсем, социалдык коргоо бɵлʏмʏ жана ɵспʏрʏмдɵр инспекциясы менен биргеликте шаардагы 54 мектептин социалдык педагогдору менен тыгыз иштешип, зомбулукту алдын алуу боюнча семинарлар байма-бай ɵткɵрʏлʏп турат.

Замирбек Сыдыков, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сɵз кызматынын ага инспектору:

“Тааныбаган адамдар тарабынан жасалган зомбулук аз катталат”

-Жагдайды ар тараптан карай турган болсок, миграцияда жʏргɵн кээ бир ата-энелердин жакындары тууганынын кɵңʏлʏн оорутуп албайын деп балага катуу тийбей, бирок тарбиясына кийлигишпей койгон учурлар болот. Экинчиси тескерисинче, ɵзʏнʏн балдарына караганда тууганынын баласына талаптарды катуураак коюп, зомбулук кɵрсɵтʏшʏ да мʏмкʏн. Мындан сырткары балдар мектептеги башка балдардан же тааныган адамдары тарабынан зомбулук кɵрʏшɵт. Тааныбаган адамдар тарабынан жасалган зомбулук аз катталат. Бул кɵйгɵйдʏ алдын алууда милициялар гана эмес, жергиликтʏʏ бийлик органдары да активдʏʏ болушу керек. Ар бир ɵспʏрʏмдɵр иштери боюнча милициясында ɵзʏ тейлеген аймактагы зомбулукка кабылуу коркунучу жогору ʏй-бʏлɵлɵрдʏн тизмеси бар. Алардан тынбай кабар алып турушат. Албетте, милиция кызматкерлери такай кɵзɵмɵлдɵп ʏлгʏрбɵй калат экен. Ошол кɵз жаздымда калган учурларда зомбулуктар катталып жатат. Ошондой эле Ош шаарына башка аймактан келип жашап калган жарандардын арасында да мындай фактылар бар.

Башкармалык тарабынан “камкордук”, “тʏнкʏ ɵспʏрʏм”, “селсаяк”, “тилемчи” деген рейддер ɵтɵт. Мисалы, 2022-жылга карата 23 ушундай профилактикалык рейд ɵкɵрʏлгɵн. Жыйынтыгында тилемчилик кылган 148 бала, максатсыз кɵчɵдɵ жʏргɵн 426 бала, ата-энесине жардам берип иштеген 243 бала, жашоо-шарты оор 54 жаш ɵспʏрʏм аныкталып, айрымдары реабилитациялык борборго жеткирилген. Ата-энелер жана мектеп жамааты менен биргеликте дээрлик бардык мектептерде тʏшʏндʏрʏʏ иштери жʏргʏзʏлʏп келет. Ɵткɵн жылы ʏй-бʏлɵлʏк зомбулукка 16 бала кабылган. Алар бʏгʏнкʏ кʏндɵ милиция кызматкерлеринин кɵзɵмɵлʏндɵ турат.

Айжылдыз Тойчиева