8 сентября, 2024

Бий бул – стрессти жеңүү, өзүнө ишенүү, сулуулукка жетүү

Түбөлүк жаш бойдон калуунун эң жакшы ыкмасы бийлөө. Чыгармачылыктын бул түрүндө ар бир кыймыл акыл менен жасалат, бир дагы маанисиз кыймыл болбойт. Бий адамга энергия тартуулайт. Айта берсе бий жөнүндө жакшы сөздөр түгөнбөйт сыягы. Бийчи, машыктыруучу Делия Михеева бул тармакка бала кезинен аралашып, азыркы учурда бийдин 6 түрү боюнча кыз-келиндерди окутуп келет.

“Кичинемде бий курстарын өзүм издеп барчумун”
-Өзүм эс тарткандан бери бийге кызыгам. Кичинебизде “Клон” деп аталган сериал болор эле. Башкы каарман Жадинин бийлегенин көрүп, мен да ошол кыздай бийчи болгум келип, жоолуктарды кармап алып күзгүнүн астынан чыкпайт элем (күлүп). Чыгыш бийине кызыгып калганымын себеби да ошол болсо керек. Мектепте окуп жүргөндө бий үйрөткөн курстарды өзүм издеп таап барчу элем. 16 жашымда тойлордун биринде бийлеп жатканымы көрүп, фитнес клубда иштеген эже ишке чакырган. Иштен баш тартпай өзүмү сынап көрүү үчүн фитнес клубка келдим. Баары мен ойлогондон да жеңил болуп, ишти оңой эле баштап кеттим. Ал жер бий дүйнөсүнүн чоң эшигин ачып, өзүмдү андан ары өнүктүрүп кетүүгө чоң мектеп болгон экен. Бишкектеги бий чеберлеринен көптөгөн мастер класстарды алдым. Казакстан жана Россия өлкөлөрүнөн келген педагогдордон сабак алып, тажрыйба топтоого жетиштим. Мектепти бүткөндөн кийин башка кесип боюнча да билим алууну чечип, эки жолу университетке тапшырдым. Бирок, окууга анча кызыгуу болбой кайра эле бий, фитнес тармагы менен иштөөгө туура келди.

“Бий үйрөнүүнүн эрте-кечи жок”
-Көпчүлүк айымдар “жашым бир топко барып калды, бийлегенди үйрөнүп кете аламбы?” деп сурашат. Эң көп берилген суроолордун бири десем болот. Мен айымдарга бий үйрөнүүнүн эрте-кечи жок деп айтар элем. Албетте, үйрөнүп кете алышат. Биз сыяктуу бий клубдардын, машыктыруучулардын милдети ошол да, нөлдөн баштап үйрөтөбүз. Башында сөзсүз кыйынчылыктар болот. Чыдаш керек. Ошондой эле “бир айда үйрөнүп кете аламбы?” деп сурагандар да арбын. Ачыгы бир айда толук үйрөнүп кетүү мүмкүн эмес, бирок, жылыш болот. Эгер жарым жыл, бир жыл регулярдуу машыкса өздөрү ойлогондой жыйынтыктарга жете алышат.

“Бийлегенде стресстен арылып, өзүңө ишенимдүүлүк пайда болот”
-Бий болобу фитнеспи же йогабы бардык түрү менен арыктаса болот. Арыктайм деген аялдар организминин абалына жараша бир айда 4-5 килограммга чейин таштоого мүмкүн. Негизи жарым жылда сапаттуу жыйынтык алууга болот. Ден соолук менен дененин абалы акырындап бирдей жакшы абалга келиши керек. “Тез арыкташым керек” ден соолукту кыйнай бербей арыктоону жеңил алып кетүү керек, бул нерсе мыкты машыктыруучудан да көз каранды. Мындан сырткары бийлөө кыздарга эле эмес, балдарга да пайдалуу. Биринчиден, дене ийкемдүү болуп, өзгөчө кыздарга назиктикти тартуулайт. Бийлегенде кадимкидей стресстен арыласың, өзүңө болгон ишенимдүүлүк көбөйөт.
“Сувенирдик самындарды жасоо хоббим”
-2019-жылдын аягында ар кыл формадагы сувенирдик самындарды жасоого кызыгып баштадым. Бул өнөр мага ушунчалык жагып калган. Акча табуу максатында эмес, болгону хоббиме айланып, дагы кандай кереметти жаратар экем деп эринбей жасай берчүмүн. Негизи бий дагы хоббим эле, азыр мынтип кесибиме айланып калды. Балким, кийинчерээк сувенирдик самындарды чыгарган атайы ишкана ачармын, муну дагы убакыт көрсөтөт.

“Бий сынактары аз уюштурулуп жатат”
-Учурда өзүм сынактарга катышпайм, менин окуучу кыздарым барып катышып келишет. Ошто Кыргыз Республикасынын заманбап бийлер федерациясы бар. Ошондой эле Модерн жана контемпорари спорттук искусствосунун кыргыз федерациясы республика боюнча сынактарды
өткөрүп турушат. Сынактарга катыша турган кыздардын ата-энелери финансы жагынан көбүрөк колдоого алыш керек. Анткени, мамлекет бийге эч кандай каражат бөлбөйт. Финансылык тартыштыктан улам учурда бий сынактары да аз уюштурулуп жатат.


“Бийди улантып кетүүмө тоскоол болбойсуң” деп талап койдум… ”
-Бийлеп жүргөн адам бийди кокустан таштап коюшу мүмкүн эмес. Орусча айтканда “бывших танцоров не бывает”, таштап койгон күндө деле жүрөгүң ушул жакка тарта берет экен. Мен да бийди жашоомдун бир бөлүгү деп эсептейм. Жолдошума турмушка чыгарда “бийди улантып кетүүмө тоскоол болбойсуң” деп талап койгон элем, макул болгон. Азырга чейин чыгармачылыгыма колдоо көрсөтүп келет. Экөөбүздүн бир балабыз бар. Үй-бүлөмүн колдоосу менен “Цитадели” деп аталган бий жана фитнес клубун ачууга жетиштим. Учурда кыз-келиндерди бийдин к-поп, контемп, чыгыш бийи, заманбап бий, хай-хилс(бийик такалуу бут кийимде бийлөө) жана спорттук хореография түрлөрү боюнча окутуп жатам.

Айжылдыз Тойчиева