23 апреля, 2024

Аида Балтабаева: “КУРАК СТРЕССКЕ КАБЫЛУУДАН САКТАЙТ”

Айланабызда ары карасаң жумушунда, бери карасаң дагы бир чөйрөдө ийгилик жаратып, ошол эле учурда кайын журтуна мыкты келин, үй-бүлөсүндө жакшы апа, сүйүктүү жубай болуп, бүт яябаарына үлгүрүп, көпчүлүккө үлгү болуп жүргөн айымдар бар. Алардын бири Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык  университетинин эл аралык байланыштар боюнча проректору, философия илимдеринин доктору, уз Аида Балтабаева бул жолку апта каарманыбыз.

 “ЧОҢ БОЛОМ ДЕГЕНДИН БААРЫ ТАРЫХ ФАКУЛЬТЕТИНЕ ТАПШЫРЫШЧУ”

— Кемин районунун Ильич айылында төрөлгөм. Советтер союзунун мезгилинде окуу жайды бүткөндөн кийин жаш адистерди өлкөнүн ар кайсы айылдарына белгилүү бир убакытка жөнөтчү эле. Ата-энем да ошол жаштар катар башка район, айылдарда иштешти. Мындан улам мен Аксыда таенемдин колунда чоңойдум. Ал эми мектепти Кара-Суу районундагы Кычан Жакыпов атындагы жатак мектебинен аяктадым. Анда Кара-Суунун борборунда кыргыз мектептер өтө аз болчу. Орус тилдүү мектептен кийин ата-энем мени “кыргыз болсун” дештиби, айтор кыргыз тилдүү мектепке которушкан.

1988-жылы Ош педагогикалык институтунун тарых факультетине тапшыргам. Анда абитуриенттерге талап аябагандай катуу болчу. Мектепти медаль менен бүткөндөр бир экзаменди “5” деген баага тапшырса дароо кабыл алынчу. Мен мына ошондой студенттин катарын толуктадым. Ал убакта тарых факультети күчтүү факультет эле, коммунистик партия бар болчу. Азыркынын тили менен айтканда чоң болом дегендердин баары тарых факультетине тапшырышчу. Айрым учурда бир орунга 20-25 абитуриент ат салышар эле.

Окуу жайда жакшы билим алдым, эки жолу Лениндик стипендиянын ээси болдум. Билимимди, илимимди өркүндөтүү максатында кайрадан тарых багыты боюнча аспирантурага тапшыргам. Бир жыл окугандан кийин кыргыз-өзбек жогорку техникалык колледжи ачылып, Тамара Нурдинова деген эжекемдин сунуштоосу менен 1995-жылы окутуучу болуп келгем. Ошондон бери Кыргыз-өзбек эл аралык университетинде эмгектенип келем. Жөнөкөй мугалимден тарта кафедра башчы, факультеттин деканы болдум. Акыркы беш жылдан бери аталган университеттин эл аралык байланыштар боюнча проректору болуп иштөөдөмүн. Бул окуу жай достуктун университети, эки элдин достугун бекемдөө максатында ачылганы белгилүү эмеспи. Менин кандидаттык, докторлук илимий иштерим да улут аралык мамилеге байланыштуу. Ошентип, 2011-жылы философия боюнча докторлук диссертациямды жактагам.

“ТАРЫХТЫ БҮТСӨҢ ФИЛОСОФ БОЛОТ ЭКЕНСИҢ” ДЕП МЕНИ КӨНДҮРҮШКӨН”

-“Жаштын тилегин берет” деген элибиздин макалы бекеринен айтылган эмес экен. Себеби жаштыгыңда эмнеге ынтызаар болуп, тилек кылсаң, ошол сөзсүз ишке ашарына ынандым. Интернатта окуп жүргөндө Москва мамлекеттик университетинде окууну кыялдангам. Анда аябай күчтүү окуу жай эле, жакшы окугандардын баары ошол жакка тапшырышчу. 10-класста окуп жүргөндө окуу жайдын ректоруна кат жазып, философия факультетине тапшыргым келерин, ал үчүн кайсы китептерди окуп, даярдануум керек экендигин сурап жөнөткөм. Жооп катары мага чоң почта келген. 10-класста эле Гегель, Фейербахты таанып, Лениндин философиялык көз караштарын, эмгектерин окуп, аябай даярдангам. Бирок, ата-энемдин жалгыз кызы болгондуктан, мени Москвага жөнөтпөй коюшкан. Философияга жакын болгон тарых факультетин сунушташып, атам менен апам “тарыхты бүтсөң философ болот экенсиң” деп мени көндүрүшкөн. Ошентип, аспирантурада окуп жүргөндө жогоруда атаган Тамара эжеке кийин кыргыз-өзбек жогорку техникалык колледжинде “философиядан сабак өтөсүң” дегенде көксөгөн максатым ишке ашкандай болуп, ОшМУдан кетип, Бишкектеги улуттук илимдер академиясынын философия институтуна барып, сырттан окуу бөлүмүнө кайрадан философия багыты боюнча аспирантурага тапшыргам. Ошол жакта кандидаттык диссертациямды жактадым. Философия бул даанышмандык жөнүндө илим. Кенен ойлонуу, адамзат тагдыры, өзүңдүн тагдырың, ички дүйнөң, өнүгүү жана башка ушул өңдүү нерселер мен үчүн абдан кызык. Бул нерселер менин жан дүйнөмдө жашаганы үчүн илимге киришип, 30 жылдан бери философ болуп калганымдын да негизи ушул болсо керек деп ойлойм. Бүгүнкү күндө илимим ишиме өбөлгө болуп, жол ачууда.

“АТА-БАБАЛАРЫБЫЗ ЭКИ ЖҮЗ БЕТ КИТЕП ЖАЗБАСТАН, ЭКИ СҮЙЛӨМ МЕНЕН ЭЛЕ АЙТЫП КОЙГОН”

-Көбүнчө философиялык китептерди окуйм. Акыркы кезде психо-аналитикалык китептерди окуп жатам. Китеп окуганда түрдүү ойлор, пикирлер жаралат. Ошондой эле чоң жамаат менен иштейбиз, баарыбыз эмоционалдуу адамбыз. Кээде кубанасың, талашасың, жинденесиң, кээде компромисске барууга туура келет. Үйгө барганда баарын анализдеп отуруп, түрдүү ойлор жаралат. Маселен, адамгерчилик, чынчылдык, достук, туруктуулук жөнүндө жаралган ойлорду фейсбуктагы баракчама жазып илип коем. Бул ойлор, философиям кайра эле өзүмө чоң жардам берет. Биздин тээ илгерки макалдар менен азыркы жаңы чыккан психо-аналитикалык китептерди окуп салыштырып калам. Карасак, эми чыгып жаткан китептердеги ойлорду биздин ата-бабаларыбыз эки жүз бет китеп жазбастан, бир-эки сүйлөм менен эле айтып койгон экен. Мисалы, “Жаткан таштын түбүнөн суу өтпөйт” делет, суу өтүшү үчүн туруу керек. Жатсаң жата бересиң, өспөйсүң деген эле сөз. Качан туруп кыймылдасаң, алдыңдан суу өтүп, гүлдөйсүң, өнүгөсүң. Мына ушул философия.

“КУРАКТЫН БИОЭНЕРГИЯСЫ КҮЧТҮҮ”

-Таенем чоң уз, чебер эле. Көп нерселерди анын жанында жүрүп үйрөнгөм. “Ийне сая албасаң, күйөөгө тийе албай каласың. Кыз бала деген ийнени туура сайганды билүүсү керек. Ийне сая албаган кызды тарбиялаптыр дешет” деп таенем бизге көп айтчу. Эмнегедир тигүү, кол өнөрчүлүк менин табитиме жакын болчу. Ошол кезде үйдөгү тигүү машинеси азыркы чоң бир техникасы бардай көрүнчү эле. Аны тигүүгө кызыгуум күч болду. Ошентип, чеберчиликти өздөштүргөм. Акыркы төрт-беш жылда кол өнөрчүлүккө катуу басым жасадым. Мунун бир себеби таенемдин өнөрүн улоо болсо, экинчиси тигүүчүлүк кыргыз аялдарынын салттуу өнөрү. Аялдын сүрөт өнөрү курак аркылуу чагылдырылган. Кездемени жөн эле төшөк кылып койсо болот, бирок кыркып, андан кооз төшөк, буюм-тайымдарды жаратуу кыргыз аялдарынын гана колунда болгон. Таенем курак курап жатканда “бактымды курадым, өмүрүмдү курадым деп жакшы нерселерди айтып кура” деп эскертчү. Ошондуктан, курактын биоэнергиясы күчтүү. Жумуштан кийин үйгө барганда күнүнө эки сааттан курак менен алек болом, бул мени стресске кабылуудан сактайт.

“КУУРЧАКТАРЫМ АНГЛИЯДА КӨРГӨЗМӨГӨ КОЮЛДУ”

-Кол өнөрчүлүк өнөрүмдү карантин учурунда жакшы бага алдым. Тагыраагы, үйдө отурган эки ай аралыгында коллекциямды жараттым. Коллекция жараткандан кийин көргөзмө уюштуруу керек болду. Карантин мезгилинде көргөзмө уюштуруу кайдан, көркөм сүрөт музейине онлайн көргөзмөгө койдук. Иш чара жакшы болду, көп пикирлер жазылды. Жакшы сөз адамды шыктандырат эмеспи, кийинчерээк персоналдык көргөзмөмдү ачтым. Ал да жакшы кабыл алынды. Андан соң эл аралык көргөзмөлөргө катыша баштадым. Учурда Англияда куурчактарым көргөзмөдө турат. Бул өнөрдүн аркасынан Кыргызстан сүрөтчүлөр союзунун мүчөлүгүнө кабыл алындым. Кыскача айтканда, мени жаңы деңгээлге алып чыкты. Ар бир эмгегимдин өзүнчө философиялык мааниси бар. Илимим менен өнөрүмдү айкалыштыруу ийгилик алып келүүдө.

Жумагүл Кочкорбай кызы