26 апреля, 2024

Жеңишбек Эдигеев, журналист: “Агам экɵɵбʏз аскердик кызматта…”

“Чакыртты бизди Советик Армия!” деп ырдаган бойдон аскерге кеттик. Белоруссиянын Борисов деген шаарына барып түштүм. Үч жарым сутка тынбай жүрүп, акыры узун состав Борисов шаарынын темир жол бекетине “Ɵ-ɵх-хх!” деп катуу бир үн чыгарып, бир жүткүнүп алды да токтоп калды. Вагондор шарт-шарт ачылып, бизди баштап келаткан прапорщиктердин буйругу менен тизилип эшикке чыктык. Ɵмүрүбүздɵ мынча алыс чыга элек жаныбыз бутубуз жерге тиери менен алаңдап эки жакты карайбыз. Бул 1989-жылдын 11-декабры. Эң эле биринчи кɵзгɵ урунган нерсе бир кезден ашык жааган калың кар. Түшүп эле вагондун маңдайына тизилдик. Мына сага! Ошондо кɵрдүк да, 12 вагон бир чиркеген узун состав толугу менен бизчилеп аскерге жаңы келгендер экен. Бүт каз катар тизилген. Ошо менен “На пра-аву! Шагом марш!” деген бойдон алып жɵнɵдү. 12 вагон “призывниктер” катар тизилип Борисов шаарына кирип бараттык. Бир кезде биз бара турган аскер бɵлүк башталды. Ошондо тээ ары жакта топтошуп турган шинель кийген солдаттар: “Ээ-эй духи, вешайтесь!” деп кыйкырып, ɵздɵрүнчɵ каткырган бойдон калышкан. Анысы: “Эй мадырабаштар, алдыңарда дагы эки жыл, барып асына бергиле!” деген шылдыңы болчу. Аларды угуп ого бетер шалпайып “духубуз” түшɵт. Бул жер Белоруссия аскер аймагындагы сержанттарды даярдап чыгарган эң ири бɵлүктɵрдүн бири эле. Бизди түптүз эле мончого алып барды. Бирге келген айылдаш, райондош жердеш балдар “Чогуу болуп калсак экен ээ!” деп коебуз. Мончосу узун бир имарат экен. “Азыр болгон кийимиңерди бүт мобу жерге чечкиле, үстүңɵрдɵ эчтеме калбасын!” деген буйрук болду. Айылдан келген киймдер тоо болуп үйүлүп калды. Баарыбыздын эси-дартыбыз үйдɵгүлɵр салып берген акчабызды эптеп сактап калыш. Акча алып киргенге да уруксат жок. Аны айылдан эле мурда барып келген чоң балдар түшүндүрүп беришкен. Алардын айтуусу боюнча 10 же 25 рублдарды ɵтɵ тыкыр кылып ороп бүктɵп, аны жылтырак менен ороп четтерин күйгүзүп бекитип алганбыз. Кийимибизди бүт чечтик бирок баягы жылтыракка оролгон акчаларыбызды оозубузга салып алдык. Узун каз катар тизилген чач тарачтар кой кырккансып бир заматта чачыбызды тысырайта кыркып салышты. Ɵлɵ албай атып бири-бирибизди карап шылдыңдап коебуз. Шарылдап аккан душтарга жуунуп болуп, мончонун башка тарабынан чыктык. Ар кимибиздин боюбузга жараша жапжаңы аскер кийимдерин беришти. Байпактын ордуна аскердик ак чулгоо, кычыраган керзо ɵтүк, үстүбүз бушлат, шинель, кокардасы маңкайган аскер тумак. Акырын ооздогу жылтыракты лып этип алып чыгып​ “жаңы” чɵнтɵккɵ салып койдум. Ошентип тиги эшиктен айылдык болуп кирип бу эшиктен советтик жоокер болуп чыга келдик. Катарга тизип, ким ким кай жакка, кай дивизия, кай ротага бараарыбыз айтылды. Мен артиллерия войскасына бармак болдум. Баарыбыз ошо менен ар жакка чилдей тарап кеттик. Ошентип күндɵр уланып, билинбей алты ай ɵттү. Катардагы жоокерден ɵтүп сержант чинин алдым. Алты айдан кийин бизди же Германияга же Чехословакияга кетесиңер деди. Ошол мезгилде менин бир тууган агам Бакыт Чехословакиянын Ружомберок деген шаарында аскерде кызмат кылып аткан. Мага 6 ай, агама бир жарым жыл болуп калган кез. Экɵɵбүз кат алышабыз, кудай жалгап мен да Чехословакияга барып калсам дейм, ошону кыялданып коебуз. Негизи турмушта кɵп күтүүсүз, керемет нерселер болот, алар ниеттенби, кудайданбы, жолуңданбы же алар капыстан болобу айтор мен үчүн чечүүчү күн келип, катар тизип эки ɵлкɵгɵ барчуларды командир айтып кирди. Бир кезде кезек мага жетти: “Сержант Эдигеев, Чехословакияга!” дегенде чыдамым кетип какайып честь бере калып: “Служу Советскому Союзу!” деп болгон күчүм менен бакырдым. Ошондон бир күн ɵтпɵй ТУ-154 учагында асманда учуп бараттым. Ɵмүрүмдɵ биринчи ирет учакка олтурушум, чыдабай, мындай учурда бир нерсе кылыш керек деп тɵш чɵнтɵктɵн блокнотумду алып чыгып айылда апама арнап кат жаздым. “Апа, самолет деген укмуш экен, терезеден карасам булуттар астымда калыптыр, мындайды кɵрдүм беле! Аябай толкундап атам. Анан калса мен Чехословакияны карай учуп баратам. Ким билет, дал Бакыттын үстүнɵ түшүп каламбы… Аны ойлосом түш сыяктуу болуп кетет. Ден соолугуңузду карап, жакшы туруңуз. Уулуңуз Жеңишбек” Ушул катым азыр да бар, сакталуу. Бир кезде учак ылдыйлай баштады. Терезеден карасам тимеле жомок сыяктуу, үйлɵрдүн чатырлары баары кызыл, тимеле кыпкызыл: “Тобо кылдым, ушундай да болот экен да…!!!” Прагадан 40 чакырым алыстагы Пордувица деген шаарга түштүк. Түз эле советтик аскер бɵлүккɵ. Баш аягы жок аскердик чоң чатырлар тигилиптир. Ошол жерде кай шаарга бараарды күтүп 3 сутка жаттык. Бакыт болсо Ружомберок деген шаарында. А андай аскер бɵлүктɵр Чехословакияда ɵтɵ кɵп. Менин эми кийинки тилегеним ошол Ружомберокко түшүп калыш. Ошентип экинчи ирет чечүүчү күн келди. Бул жолкусун эшикте, ачык асман алдында тизилип турдук. Офицер какайган калыбында колунда кагазды окуп атат. Жашоо ушундай керемет да, жашоо ушундай кызык да, жашоо ушундай күтүүсүз күндɵрдɵн, сааттардан, мүнɵттɵрдɵн турат да: “Эдигеев Ружомберокко!” деди! Буйругусу келсе жылдарды, айлар менен күндɵрдү, а тургай зуу этип ɵтүп кетчү ирмемдерди дал келтирип жүрбɵйбү бу жашоодо… Буйругусу келсе адамдар биягы Америкадан тиягы Африкадан бакыт таап, жыргал күтɵт турбайбы, бу жашоодо… Буйрубаса колуңа кармап, кучактап туруп да, бекем-бекем кармап туруп да бакыт кушун алдырышат турбайбы, бу ɵмүрдɵ. Ушундай экен. Дүйнɵдɵн, жашоодон баарын күт, баарын тиле, болот, аткарылат. Дүйнɵдɵн, жашоодон баарын күт же баарына даяр бол: муздакты, каргашаны, кырсык менен оң чыкпаган жаманды… Баары аралаш экен, баары жашоо жолуңда, ɵмүрүңдɵ кезигет экен, катарлаш. Ошондон бир саат ɵтпɵй бир башкача жеңил болуп лепилдеген, үнү чыгып чыкпаган, комфорту артык поезд менен тоолордон тоолорго, туннелдерден туннелге ɵтүп кетип бараттым. Жанымдагы жолдошторума айттым: “Бир тууган агам турган жерге баратам, 1,5 жылдан бери кɵрүшɵ элекпиз. Эми, мына азыр жетсек кɵрүшкɵн атам” деп. “Пай-пай, кандай жакшы ыя, кандай керемет окуя ыя!”дешип кубатташат жолдоштор. Ружомберокко таң агарып калганда жеттик. Бизди полктун клубуна алып кирип олтургузуп коюшту. “Ийе кудай, Бакыт ушул короодобу, ушул полк, ушул турган үйлɵрдɵбү!?”деп айланамды таңдана карайм.​ Ким билет канча олтурдук, бир кезде клубдун эң тɵр жагынан “кы-ыйч” этип эшик ачылды. Баарыбыз башыбызды буруп карап калдык. Бир солдат кирди. Анан түз эле бизди карай шартылдап басып келатты. Жай болчу. Жайкы пилоткасын куруна кыстарып койгон, шыңга бой солдат экен. Улам жакындап келет, баарыбыз аны карайбыз.Ким бул? Мурутчан экен, азият экен…. Койчу, бул ким? Бакытпы?! Ордуман кандай турганымы билген жокмун… ал мага, мен ага жетип барып… “Бакыт! Бакы! Бакыбай!” деп,​ “Жеки! Менин Жекинтайым!” деп…​ биз ошентип кɵрүштүк. Бир жарым жылдан кийин! Тээ кайдагы бир Чех жеринде. Аскердик бɵлүктɵ. Ал да жоокер. Мен да жоокер. Баса, мен сержантмын. Ал “рядовой” “Оо, сержант!” дейт. “Аа, рядовой солдат, сени башкарат турбаймынбы” дейм. Экɵɵбүз ошентип кɵрүшүп, тамаша айтышып… Жанымдагы солдаттын баары кино кɵргɵнсүп, эриндери шалпайганча бизди карап калышкан. Кɵрсɵ, мени бул жакка алып келген офицер түз эле Бакытка барып сүйүнчүлɵгɵн экен: “Иниң келди” деп. Мен аны билген эмесмин. Ошо менен казармадагы айрым кыргыз балдар болуп жолугушуп, чакан дасторкон жайылды. Аскердик рюкзактын ичинде толтура нерсе турган экен, үстɵлгɵ жая тɵксɵ эле кɵргɵн кɵзүмɵ ишенбейм: ɵмүрү кɵрбɵгɵн кызыл-тазыл таттуу, печеньелер, түшүмɵ кирбеген шумдуктар. Бир күндɵ эле СССР ден келип Европанын таттууларын жеп калганды элестет!

Сүрɵт: агам Бакыт. Ружомберок шаары, 1990-жыл

Ушундай. Ошо менен күндɵр ɵтɵ берди. Айылга, үйдɵгүлɵргɵ кат жазсак ишенип, ишенишпейт. Анан бир баракка экɵɵбүз тең кат жазып, чогуу сүрɵткɵ түшүп салып жиберген соң анан кɵргɵн кɵздɵрүнɵ ишенип, жыргап калышты. Апам байкушум сүйүнүп “Балдарым алыстан жолугуптур!” деп эл чакырып, улак союп, нан жазап түлɵ кылыптыр. Мага ошондо ой келди, мындай жакшы окуяга чыдай албай, муну бир нерсе кылбасам болбойт деп, гезитке макала жазмак болдум. Ал кезде Советтик бийликтин күчү жана тартиби ушунда: ар бир 15 союздук республиканын ɵз тилинде чыккан гезиттери Ружомберокко саны сайын кечикпей келип турчу. Кыргызстандан “Советтик Кыргызстан” менен “Ленинчил жаш” келээр эле. Ошол эки гезитти кɵрүп агамы кɵргɵн сымал кайрадан сүйүнгɵн элем. Анан полктун “Ленин бɵлмɵсүнɵ” олтуруп алып макала жаздым да быссымылда деп “Советтик Кыргызстанга” жɵнɵтүп ийдим. Макаламда чет жер жɵнүндɵ, андагы советтик аскерлер жɵнүндɵ жазып келип аягында бир тууган агам экɵɵбүз жолугушуп калганыбызды, аны угуп алыста апам түлɵ ɵткɵргɵнүн сүрɵттɵп жазган элем. Эртеси эле чыгып калчудай болуп, күндɵ китепканага барып жаңы санын карап коем. Ошондон бир жума ɵткɵн соң, мынакей анан гезиттен макаламды кɵрүп чалкамдан түшүп кала жаздадым! Гезитти алып койнума кысып, бетиме тийгизип тимеле жинди болгончо сүйүндүм. Китепканачы мени таң калып карап калды эле ага баарын жобурап айтып бердим. Макалам: “Бардыгы ɵзүнɵ жараша” деп аталган болчу. Агама, элдин баарына сүйүнчүлɵдүм. Ал кезде “Советтик кыргызстан” деген гезит түз эле Родина жүрɵгү Москва деген сыяктуу, борбор шаар Фрунзе деген сыяктуу, же Усубалиев аксакал ɵзү жылмайып карап турган сыяктуу кол жеткис, ой жеткис бийик нерсе эле. А ага макалаң чыгыш деген бул сɵздүн чын маанисинде жомок болчу! Ошо менен тынч ала албай экинчи макаламы жаздым. Бир жума ɵтпɵй экинчиси чыкты! Баатыр болуп үчүнчүсүн жаздым – үчүнчүсү чыкты! Ошо менен ɵзүмдɵ: мен журналист турбаймынбы!, журналист болушум керек турбайбы деген эң алгачкы сезимдер ойгонду. Анан ыр жаза баштадым. Анан турмушта эмне кɵрүп билгенимди кагазга жаза бердим, жаза бердим…

Агам развед-ротада болчу. Мени сүйлɵшүп ɵз ротасына которуп алды. Эң кызыгы — мени биздин бɵлүккɵ командир кылды. 12 солдатка. 12 солдаттын бири агам Бакыт. Жатканда да эки ярустуу керебеттин алдында мен, үстүндɵ агам жатчу. “Отбойдон” кийин да айылды сүйлɵшүп анан бир топто барып уктап калчубуз. Эртең менен мен​ аларды буйрук берип тизип алып тамакка алып барам. Тамак ичип атканда солдаттардын колунан жылып, жылып олтуруп мага бир жумуртка келет. Аны ары жакта олтурган Бакыт жɵнɵткɵн болот. Аскерде башка күнү эмес ишемби менен жекшемби күндɵрү эртең менен ар бир жоокерге экиден жумуртка берилчү. Бакыт ошонун бирин мага берип жиберип атпайбы. Ошол жумурткаларды аябай күтɵɵр элек… Мен командир катары тамагымды баарынан эртерээк жеп бүтүшүм керек да ордуңан туруп: “Заканчиваем прием пищи!» деп эскертип кыйкырышың керек. Анан дагы 5 мүнɵт күтүп болуп, эшикке тизилгиле деп ырдаган бойдон казармага кетесиң.

Ошентип арадан бат эле 6 ай ɵтүп Бакыт “дембель” болду. Экɵɵлɵп аскердик альбом жасадык. Ошо менен бир күнү аны Кыргызстанга, Кош-Дɵбɵгɵ узаттым. “Ружомберок” деген розалуу ɵрɵɵн деген маанини берчү. Тоо-таш, токою керилген жомоктой сулуу жер. Ошо менен арадан айлар ɵтүп, 90-жыл келип, биз Чехословакиядагы советтик аскер бɵлүгүн биротоло түп орду менен СССР аймагынан кɵчүрүп, биротоло чыгарып кеттик. Тыным алып 9 сутка поезд менен жол жүрүп, кайрадан Белоруссиянын Марьина-Горка деген шаарына кɵчүрүп келдик.

Бир күнү атайын чыгынып Ружомберокко баргым келет. Ошол советтик казармаларды кɵргүм келет. Эки ярустуу керебетте жатып алып агам экɵɵбүз айылды айтып, элди айтып, бир тууган менен АПАны айтып, келечек күндɵрдү айтып, кыялданган, сүйлɵшкɵн түндɵрүн эстегим келет…