27 июля, 2024

Хашим Ахмаджанов, Ош шаардык Кеңешинин депутаты: “Аскердеги командирибизди Ошко чакырып, сыйладык”

-Мен ɵзʏм 1958-жылы туулгамын. 1977-жылы аскерге чакыртылдым, Ош шаарынан Германияга аскердик кызматка барчулар Араван районунан кире бериштеги Гʏлбаар айылында 1 ай бою аскердик даярдыктан ɵттʏк. Анан бизди Германиянын Подстам деген шаарынан ары 30 км алыстыктагы Олимпишесдорф шаарына алып кетти. Поездден тʏшкɵндɵ дароо шаардын тазалыгына кɵзʏм тʏштʏ, андан кийин кызыл тʏстɵгʏ жоогазындарды  кɵрʏп аябай таасирлендим. Билбейм эмнеге, бирок ошол жоогазындар азыр да кɵз алдымда. Аскерге барганга чейин киномеханика жаатында окуган элем. Аскерде да жʏргɵндɵ кино, гимнди коюп калдым. Кʏн сайын балдардан 15 мʏнɵт эрте туруп, радиоузелге чуркайм, гимн коём, ошол менен аскерлер ойгонот, эрте мененки машыгуулар жʏрɵт. Анан дем алыш кʏнʏ аскердеги ар улуттун ɵкʏлдɵрʏ ʏчʏн улутуна карап музыка коёт элем. Ɵзʏнʏн тилинде музыканы укканда эл-жерин, ата-энесин сагынып турган аскерлер муюп угушат эле. Анан менин дагы бир милдетим келген каттарды аскерлерге таратуу эле. Ал кезде ата-энеден кат келди деген сага эт бергендей эле жагымдуу болчу. Мен ʏйдɵ улуу болгон ʏчʏн кичине ини-карындаштарым кат жазганды анчалык билишчʏ эмес. Мага ата-энемен гана кат барат. ʏйʏндɵ улуу ага-эжелери барларга кɵбʏрɵɵк кат келчʏ. 15 кʏн кат келбей калса зарыгып кʏтʏп калчубуз. Армия бизге мекенди сʏйʏʏ, чыныгы эркек кандай болуш керек экенин, ата-энеге болгон сый-урматты ʏйрɵттʏ. Советтер союзунда улутка бɵлʏнʏʏ дегенди билбей ɵстʏк, баарыбыздын максат бирɵɵ-ал мекенге кызмат кылуу.

Жашоо, ɵмʏр ɵтɵ берет  экен, арабыз суюлуп баратат. Ɵткɵн жылы аскерге барганыбызга 45 жыл болуптур. Оштон барып, чогуу кызмат ɵтɵгɵн балдар катташып турабыз. Ошолор командирибиз Александр Черепановду Ошко сыйга чакырдык, ал Орусияда жашайт, 2 жумадай жʏрдʏ. Биздин салт-санаабызга аябай таң калды. Аны тойго ээрчитип бардык, “Как можно столько людей покормить” деп таң калганын жашырган жок. “Силер бизге иштегени барасыңар, анан ушундай той кыласыңарбы” дейт. Мен айттым “бул эч нерсе эмес, сен али ɵлʏмдʏ кɵргɵн жоксуң” деп тамашаладым.