26 апреля, 2024

Курсантбек Тойчубаев, афган согушунун ардагери: “Армияга барбаган жигитке кыздар кʏйɵɵгɵ чыкпайт эле”

-Мен 1986-87-жылдары Афганистанда аскердик кызмат ɵтɵдʏм. Мектепте окуп жʏргɵндɵ Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин кɵрʏп, ошолордун таасири менен чоңойдук, ошондо эле мекенге кызмат кылуу тууралуу тарбиялап коюшчу. Армияга барбай калсаң кыздар турмушка чыкпайт эле. “Негодный экен” дейт деп аскерге барганга шашат элек. 86-жылдын 24-апрелинде шаардын Западный кичи районунан бизди даярдап, Афганистанга барасыңар деп айтты. Мен аскерге кетээрден 1 ай мурун агам аскерден келген эле. Ал да Афганистанда кызмат ɵтɵгɵн. Бизди алгач поезд менен Ташкентке алып кетти, ал жерде 3 ай окутту. Оштон 100дɵй бала барганбыз, 5-6 бала калдык, калганыбыз чачырап ар тарапка тарадык. 4-август кʏнʏ учак менен Афганистандын Шинданд провинциясына тʏштʏк. Андан ары борбор шаары Кабулга учтук. Учуп атсак жанымда бир бала кетти. Ал агам менен кызмат ɵтɵгɵн Адыл деген фуркаттык бала, кызматын улантып калган экен, экɵɵбʏз таанышып калдык. Каерден болосуң деп сурап отуруп менин Тойчубаев экенимди кɵрдʏ, “Маматкерим деген чогуу кызмат ɵтɵгɵн досум бар эле” дейт, “ошол менин агам болот да” деп сʏйʏнʏп кеттим. Анан ал мага курсагыңы тойгузасың деп чек таштап кетти. Ошентип аскердик кызматым башталды. Апамын ден соолугу начар, андан санааркап Афганистанда дебестен ата-энеме Германияда кызмат ɵтɵп жатам деп, агама Афганистанда деп кат жазам. Антпесем апамын кан басымы жогору, кыжаалат болот. 1 жарым жылдан кийин агама жазган кат кандайдыр апамын колуна тʏшʏп калыптыр, менин Афганистанда экеними билип, кан басымы кɵтɵрʏлʏп 2 саат жатып калыптыр. Кийин “баары жакшы деп тʏшʏндʏрдʏк” дейт агам.

Афганистан 200 жылдан бери согуш токтобогон ɵлкɵ. Мен байланыш полкто кызмат ɵтɵдʏм. Армияда жʏрʏп, мекендин, ата-эненин кадырын билесиң. Апам жапкан нан кɵздɵн ɵтɵт. 1987-жылы орозо айттын бʏтʏшʏнɵ мага жооп беришти. Ташкенттен келип, энемин ʏйʏн чоң ʏй деп коёт элек, барсам эл кɵп, энем каякта десем “энең бир жакка кетти эле” деп коюшту. Энем тыным албаган кемпир эле. Кɵрсɵ энемдин кɵзʏ ɵтʏп кетип, ошонун айттыгы болуп жаткан экен. Аны мага аскерде жʏргɵндɵ айтышкан эмес болчу, айтса деле келе алмак эмесмин. Анткени, тартип ошондой. 

Элира  Чынтемир кызы