28 марта, 2024

Унутулган кʏʏлɵрдʏ  жанданткан “Улуу Мурас” этнографиялык- фольклордук тобу

Улутту улут кылып турган анын тили, маданияты, кадаа-салты. Кыргыз элинин маданияты эзелтеден таланттарга бай келип, не бир сонун кʏʏлɵр жаралып, нечендеген залкарлар жашап ɵттʏ. Кылымдар бою кɵɵнɵрбɵс кыргыз музыкасынын учугун улап келе жаткан мыктылардын арасында Ош шаардык маданият башкармалыгын алдында тʏзʏлгɵн “Улуу Мурас” этнографиялык ансамбли да бар. Аталган ансамбль тʏптɵлгɵнʏнɵ аз убакыт болгонуна карабай бир топ ийгиликтерге жетишкен.

Талгат Зарылбек уулу “Улуу мурас” этнографиялык-фольклордук ансамблинин жетекчиси. Н.Борошов атындагы музыкалык окуу жайдын мугалими.

-«Улуу Мурас» ансамблинин тʏптɵлʏшʏ жɵнʏндɵ айта кетсеңиз?

-“Улуу Мурас” фольклордук тобунун тʏптɵлʏшʏнɵ Ныязалы Борошов атындагы музыкалык окуу жайдын мугалими, комузчу, ɵзʏмʏн досум Ɵмʏрзаков Бегматтын салымы чоң. “Ошко кел, фольклордук музыканын деңгээлин кɵтɵрɵлʏ” деген сунуштарын кɵпкɵ чейин айтып жʏрдʏ. Ошентип 2020-жылы аталган музыкалык окуу жайга келип жумушка орноштум. Окуу жайдын ɵзʏнɵн эле таланттуу мугалимдерди топтоп ансамбль тʏзɵ баштадык. Ансамль тʏптɵлгɵндɵ, алгачкы тушоо концертин окуу жайдын ɵзʏндɵ ɵткɵрдʏк. Концертке мэриядан вице-мэр, маданият башкармалыгынын жетекчиси келип катышкан. Ошондон кийин бизди Маданият башкармалыгына кабыл алышты.   

-Топтун мʏчɵлɵрʏ кандай аспаптарда ойношот?

-Учурда “Улуу Мурас” фольклордук тобунда жалпы 7 киши бар. Аспаптар боюнча айтсам. Фольклордо чоор аспабында бир эле киши жыгач ооз комуз, темир ооз комуз, чопо чоор, сыбызгы ойнойт. Андан сырткары комуз, кыяк жана кыл кыяк, урма аспап, бас кыяктарда ойногон мʏчɵлɵрʏбʏз бар. Фольклордо жаштар, орто курактагы жана улуу курактагылар да бар. Бир нече мамлекеттик иш чараларга, сынактарга, чет ɵлкɵдɵгʏ фестивалдарга катышып келе жататбыз. Бир иш чарага катышуу ʏчʏн бир жума же болбосо бир ай даярдык кɵрɵбʏз. Ɵзʏм чоор аспабында ойнойм. Анын ичине жыгач ооз комуз, темир ооз комуз, чопо чоор, сыбызгы баары кирет.

-Кʏʏ чертип жатканда кандай сезимдерди баштан ɵткɵрɵсʏз?

-Музыка – жан дʏйнɵмʏн азыгы. Музыкага тиешелʏʏ эмне болбосун, жан дʏйнɵмɵ жакын кабыл алам. Аспаптарды ойноп жатканда ар кандай сезимдер келет. Аткарып жаткан чыгармаңа жараша шаңдуу кʏʏ чертип жатсаң маанайың кɵтɵрʏлʏп, шайыр боло тʏшɵсʏң. Кайгылуу музыка болсо кайгыга толуп чыгарманын мазмунун ɵзʏмɵ да, аспапка да берʏʏ аркылуу угуп жаткан адамга жеткиликтʏʏ кылганга аракет кылам.

-Ансамблдин алдыда кандай пландары бар?

-Ɵткɵн жылы 17-февралда Ош улуттук драма театрында концерт берген элек. Буюрса, быйыл да март айынын 15теринде концерт берели деп жатабыз. Азыр ошого даярдык кɵрʏп жаткан учурубуз.

-Кʏʏлɵрдʏ кийинки муунга кандай калтырсак деген ойдосуз?

-Негизи «Улуу Мурас» ансамблинин максаты – кыргыз аспаптары аркылуу чыгармаларды элге таратуу. Аспаптар менен чыгармаларды кандай деңгээлде аткарса болорун кɵрсɵтʏʏ. Айрым эски кʏʏлɵрдʏ кайрадан иштеп чыгуу, элге тартуулоо. Бизде ойнолбой, унутулуп калган кʏʏлɵр толтура. Алардын нукуралыгын сактап калуу менен жаңыдан иштеп чыгып, окуучуларга ʏйрɵтʏп, кийинки муунга калтырсак деген ойдобуз. 

-Чоң сахнада адашып кеткен учурлар да болсо керек, мындайда эмне кыласыздар?

-Чоң сахнада адашып кеткен учурлар болбой койбойт. Профессионалдуу музыкант болгонго жараша аны билдирбей кайра ойноп кеткенге аракет кылабыз.   

Абдурасул Сабирбаев, “Улуу мурас” тобунун мʏчɵсʏ. 

-Агай, айтсаңыз, музыкалык аспаптын канча тʏрʏн ойной аласыз?

-Улуттук консерваторияны 1996-жылы флейта аспабы боюнча аяктагамын. Андан кийин “Камбаркан” этнографиялык-фольклордук ансамблинде иштеп жʏрʏп чоор, чопо чоор, сыбызгы, керней-сурнай сыяктуу кыргыз аспаптарын ʏйрɵндʏк. Жалал-Абадда иштеп жʏрʏп, кийин Ошко келдим. 2020-жылдан бери ушул топко мʏчɵмʏн. 

Бегмат Ɵмʏрзаков, “Улуу мурас” тобунун мʏчɵсʏ.

-Ансамблдин жетишкен ийгиликтери?  

-Чет ɵлкɵдɵгʏ иш чаралардан жакында Тʏркмɵнстанга барып келдик. “Тʏрксой” деп аталган фестиваль ɵтʏп, Кыргызстандын атынан бизди чакырышты. Ал жерге ондон ашуун мамлекеттин музыканттары келди. Концерттин ачылышында Кыргызстандын желеги менен сахнада асапаптарды ойнодук. Ɵзʏбʏздʏн кʏʏлɵрдʏ, аспаптарды тааныштырып бир сааттык концерт коюп бердик. Фестивалдын соңунда бир топ сыйлоо баракчаларын ыйгарышты. Андан сырткары Баткенде ɵткɵн салттуу музыка жумалыгында ансамблдин ар бир мʏчɵсʏ Маданият министринин колунан грамоталарды алдык. Кыргыз Республикасынын эгемендʏʏлʏк майрамына карата Чуңкурчак жайлоосунда ɵткɵрʏлгɵн майрамга да барып ɵз ɵнɵрлɵрʏбʏздʏ тартуулап кайттык.  

Кымбат Сабирова, “Улуу мурас” тобунун мʏчɵсʏ.   

-Канча жашыңыздан бери комуз чертесиз?

-Атам комузда аябай жакшы ойногон киши, ошондуктан мен да кичинекейимен комузга жакын болуп чоңойдум. Музыкага кызыгуум кʏч болгондуктан 16 жашымда музыкалык окуу жайга тапшырдым. Биз музыкалык билим алып жаткандыктан эртеден кечке музыка менен алектенебиз. Кандайдыр иш чараларга даярданыш керек болгондо чогулуп, кʏнʏнɵ 2-3 сааттан убакыт бɵлɵбʏз. Музыка менен алектенʏʏ мага ырахат тартуулайт.

Айжылдыз Тойчиева