26 апреля, 2024

КЕҢЕШЧИ ЖАНА ТААСИРДYY КАНАЙЫМДАР

Дʏйнɵдɵ мамлекеттин президентинен кийин эле биринчи канайымдар кɵзгɵ урунуп, элдин кеп-сɵзʏнɵ алынары чын. Кɵпчʏлʏк ɵлкɵ лидерлеринин жубайлары саясатта активдʏʏ болуп, публикага байма-бай чыгып, эл кɵзʏндɵ болушса, кээ бир ɵлкɵдɵ тескерисинче, биринчи айымынын дээрлик билбеген да учурлар кездешет. Эл ичинде “Кʏчтʏʏ эркектин артында кʏчтʏʏ аял турат” деп коёт эмеспи. Сулуулук, кийими,  турган турпаты жагынан бири-биринен озгон канайымдарды тизмектеп, алардын арасынан айрымдарына токтолуп кɵрдʏк.  

МАКРОНДОН 24 ЖАШ УЛУУ

Брижит Мари-Клод Макрон Франциянын Амень шаарында 1953-жылы тɵрɵлгɵн. Француз коомдук ишмери жана мугалим. Ал Франциянын 25-перзиденти Эммануэль Макрондун жубайы. Экɵɵнʏн жаш курагынын айырмасы 24 жашты тʏзɵт. Алар Макрон Амень шаарындагы колледже студент мезгилинде таанышышкан. Анда канайым ʏй-бʏлɵлʏʏ, ʏч баланын энеси жана француз тилинен жана адабиятынан сабак берип эмгектенчʏ. Ал кезде 16 жаштагы Макрон 40 жаштагы Брижиттин сʏйʏктʏʏ студенти болгон.  Алардын бири-бирине сезими ошондо эле башталган. Муну байкаган Эммануэль Макрондун ата-энеси аны башка лицейге которуп жиберишет. Кетип жатып Эммануэль Брижитке: «Эмне кылсаң да, мен сага ʏйлɵнɵм» деп убада берген. 2006-жылы Брижит банкир кʏйɵɵсʏ Андре-Луи Озье менен ажырашып, 2007-жылы Макронго турмушка чыккан. Саясатчынын жубайы катары биринчи жолу 2015-жылдын Испаниянын королу Филипп жана анын жубайы менен расмий кечки тамакка катышып, эл алдына чыккан.

Брижит алар жолуккан учурдан тартып Макрон ʏчʏн кʏчтʏʏ колдоочу болгон. Ал кыйын кырдаалда ага кеңештерин берип, банк тармагындагы жана министрликтеги кɵйгɵйлɵрдʏ чечʏʏгɵ жардам берген. Алар ʏйдɵ да, жумушта да мыкты кызматташтыкты тʏзɵ алышкан.

Бʏгʏнкʏ кʏндɵ Франциянын канайымы аталган Брижит окутуучулук жумушун таштап, жолдошунун иш аракеттерине колдоо кɵрсɵтʏп келет. 2017-жылдагы президенттик шайлоого даярдык учурунда ага Макрондун бʏт ʏй-бʏлɵсʏ жардам берген. Жолдошунун президент болуп дайындалышы ʏчʏн болгон аракетин жумшаган. Эммануэль Макрон да аялы ар дайым жашоосунда маанилʏʏ роль ойноп келгенин, башкы кеңешчиси экенин басылмаларга берген маегинде айтып келет.

Брижит Макрон келген каттардын саны боюнча Карла Бруни-Саркози рекордун жаңылады. Мурунку биринчи айым кʏн сайын 35 кат алса, Брижитке француз аялдарынан кʏнʏнɵ 200 кат келет.

70 жаштагы канайымдын учурда ʏч баласы, жети небереси бар. Анын ортончу кызы Эммануэль Макрон менен жашташ.

АЛТЫ ЖЫЛДАН КИЙИН КООМЧУЛУККА АЧЫККА ЧЫККАН ЛИ СОЛЬ ЖУ

Дʏйнɵгɵ эң жабык ɵлкɵлɵрдʏн бири болгон Тʏндʏк Кореянын учурдагы канайымы Ли Соль Жу. Ал 1989-жылдары Хамгён-Пукто шаарында тɵрɵлгɵн. Ɵлкɵнʏн лидери Ким Чен Ындын мыйзамдуу жубайы экенин  ЖМКлар 2012-жылы кабарлашкан. Жолдошу президент болуп турган алтынчы жылы гана коомчулукка ачыкка чыккан канайым алгачкы жолу Кытайга иш сапарга барган.

Канайым тууралуу ачык маалыматтар ɵтɵ аз. Атасы — мугалим, апасы — дарыгер. Ал Пхеньяндагы Ким Ир Сен университетинин бʏтʏрʏʏчʏсʏ. Ким Чен Ынга турмушка чыкканга чейин ырчы болгон жана Юнхасу мамлекеттик оркестринин курамында ойногон. Ɵлкɵнʏн жергиликтʏʏ басылмаларынын бири Тʏндʏк Кореянын лидери болочок жубайын алгач сыналгыдан кɵргɵнʏн жазган. Учурда алар ʏч баланын ата-энеси.

Тʏндʏк Корея ɵзʏнʏн катаал эрежелери жана чектɵɵлɵрʏ менен белгилʏʏ. Бирок, Ли Соль Жуга башкаларга караганда кɵбʏрɵɵк эркиндик берилген. Мисалы, ага чач кыркууга, кыска чач менен эл алдына чыгууга же кɵйнɵктʏн жакасындагы милдеттʏʏ тɵш белгини башка нерсе менен алмаштырууга уруксат берилген. Ал ɵлкɵ лидерлеринин аялдарынын ичинен биринчи болуп эл алдына чыга баштаган айым. Ким Чен Ындын атасы менен чоң атасы эч качан жубайларын коомчулукка алып чыккан эмес.

Бир катар байкоочулардын айтымында, Ким Чен Ын жубайынын таасири астында Тʏндʏк Кореяда аялдардын сырткы келбетине коюлган талаптарга бир аз жеңилдиктерди киргизген. Маселен, аялдар костюм-шым жана жинсы, кара колготки, платформа, бийик такалуу бут кийим кийʏʏгɵ уруксат берилген. Ошондой эле  алардын велосипед тебʏʏсʏнɵ болгон тыюу да алынып салынган.

ЖОЛДОШУ ПРЕЗИДЕНТ, АЯЛЫ ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТ

Азербайжан президенти Илхам Алиев жубайы Мехрибанды ɵлкɵнʏн вице-президенти кылып дайындаган. Ɵлкɵдɵгʏ президенттен кийинки эле мартабалуу кызматтагы адамга айланган канайым саясатта, коомдук иштерде ɵзʏн активдʏʏ кɵрсɵтʏп келет.

Канайым мектепти алтын медаль менен бʏтʏргɵн соң медицина багытында жогорку окуу жайга тапшырып, кызыл дипломго ээ болгон. Окуп жʏргɵн учурунда Илхам Алиев менен таанышып, бʏлɵ курушуп, эки кыз, бир уулдуу болушкан. 

Анын саясаттагы жолу 2005-жылы башталган. Ал кайнатасы Гейдар Алиев жана кʏйɵɵсʏ Илхам тɵрагалык кылган башкаруучу (1995-жылдан бери) “Жаңы Азербайжан” партиясынын мʏчɵсʏ болгон. Биринчи жолу 2005-жылы №14 Азизбеков II шайлоо округунан III чакырылыштагы Милли Межлистин (парламенттин) депутаттыгына ат салышып, шайлоодо жеңип чыккан. Ал эми 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо 94,49% добуш алса, 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо 96,7% добуш менен жеңип, ʏчʏнчʏ ирет депутат болгон.

2016-жылдын сентябрь айында Азербайжанда Конституцияны ɵзгɵртʏʏ боюнча референдум ɵтʏп, анын жыйынтыгында, президенттик мɵɵнɵт 5 жылдан 7 жылга узартылып, биринчи вице-президенттик кызмат орнотулган. Ɵзгɵртʏʏлɵргɵ ылайык, президент кызматтан кеткен учурда мамлекет башчысынын ыйгарым укуктары мурдагыдай премьер-министрге эмес, биринчи вице-президентке ɵтɵт. 2017-жылдын 21-февралында Азербайжандын президенти Илхам Алиев Мехрибан Алиеваны ɵлкɵнʏн биринчи вице-президенти кылып дайындаган. Муну дʏйнɵлʏк серепчилер “уулуна тактыны мурастоо” деп айтып келишет.

Канайым учурда 58 жашта, Азербайжандын мамлекеттик, саясий жана коомдук ишмери, биринчи вице-президенти (2017-жылдан бери), Гейдар Алиев фондунун президенти.

Жумагʏл  Кочкорбай кызы