20 апреля, 2024

ТҮРКИЯДАГЫ ЖЕР ТИТИРӨӨ ДҮЙНӨДӨ КАТТАЛГАН ЭҢ КҮЧТҮҮ ОН ЗИЛЗАЛАНЫН КАТАРЫНДА

Магнитудасы  7, 7 баллга жеткен жер  силкинʏʏ Тʏркиянын тʏштʏк-чыгышында жана Сирияда 6-февралдын танында жʏз берип,бир нече шаарлардын бʏтʏндɵй кварталдарындагы кабаттуу имараттар кагаздай сапырылып жатып калды…

АПОКАЛИПТИК  КАРТИНА

Жергиликтʏʏ убакыт боюнча 04 саат 17 мʏнɵттɵ башталган силкинʏʏдɵн  жалпысынан Тʏркиянын он ири шаары: Газиантеп, Кахраманмараш, Хатай, Османие, Адыяман, Малатья, Шанлыурфа, Адана, Диярбакыр жана Килис жабыркады. Кʏчтʏʏ силкинʏʏ Сирияда да катталып, анын кесепетинен бир нече миң адам курман болуп, жараат алгандардын саны андан кɵп. Дамаск, Латакия, Алеппо жана башка ондогон шаарларда кыйроолор болду. Дʏйнɵлʏк Саламаттык сактоо уюмунун эсебинде, жер титирɵɵ 23 миллиондой адам жашаган аймакта болду жана уюмдун божомолунда каза болгондордун жалпы саны  кʏндɵн-кʏнгɵ ашып жатат. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ эки ɵлкɵдɵ зилзаладан каза болгондордун жалпы саны 43 миңден ашып барат.

Баса белгилеп коер бир  момент, Тʏркия менен Сирияга табигый кырсык дээрлик бирдей даражада эле келгени менен эки ɵлкɵгɵ сырттан жардам бирдей  болбой жатат. Тʏркияга дʏйнɵнʏн 75 ɵлкɵсʏ мамлекеттик жардам колун сунуп жатса, Сирия мындай масштабдуу  жардамдан санкцияларга байланыштуу кур калып отурат. Сирияга  Россия, Кытай жана Израиль гана жардам колун сунганын айта кетели. Жылас болгур саясат ушундай маалдарда деле моралдык принциптерден жогорураак баскычта тура берет шекил.

Баса, Израиль Сирияга жардам колун  сунуу менен мурда болуп кɵрбɵгɵндɵй айкɵлдʏктʏ кɵрсɵттʏ десе болот. Анткени, Сирия менен Израиль 1948-жылдан бери согушуу абалында болуп, башкасын кой, дипломатиялык алака-катыштары да таптакыр ʏзʏлгɵн эле. Израилдин мындай кырдаалдагы аракети мактоого гана татыктуу.

Ар бир кʏн ɵткɵн сайын зилзаладан аман калгандарды табуу мʏмкʏнчʏлʏгʏ азая берет, бирок он кʏн бою урандылардын алдынан тирʏʏ калгандарды тынымсыз издɵɵ иштеринин акыбетинде,  жабыр тартып жаткан ар кайсыл шаарлардан тɵрт, беш, он кʏндɵн кийин деле урандылардын алдынан куткарылган адамдар жагдайында жакшы кабар-маалыматтар Кудайдын кулагын сʏйʏнтʏп жатат. Диябакырда жер титирɵɵдɵн жʏз бир саат ɵткɵндɵн кийин урандынын алдынан  бɵбɵгʏ менен энесин тирʏʏ алып чыгышты.  Антакьяда жер титирɵɵдɵн кийин 260 саттан кийин 12 жаштагы баланы тирʏʏ табышты.  Хатайда бетон плитасынын алдында калган эки жашар Мохаммедке  плитаны жылдырганга чейин бɵтɵлкɵнʏн капкагы аркылуу суу ичирип турушту.Адыяманда кипкичинекей наристени ползункага ороп гана алып чыгууга туура келди.

Куткарылгандардын арасында жаш балдар кɵп. Кулаган ʏйлɵрдʏн аралыгындагы чакан боштуктарда эч кандай жаракатсыз эле аман калуу мʏмкʏчʏлʏгʏ кененирээк эле. Кɵптɵрʏ аларга куткаруучулар жеткен кездерде кыйкырууга да чамасы жетпей калгандай даражада алсыз болуп калышкан. Кантсе да, башкысы –алар тирʏʏ калышты.

Yнʏнʏн жетишинче кыйкырып, ооруканага бара жаткан Тез жардам машинасы азыр жакшылыктын жышааны болуп калды. Демек, кимдир-бирɵɵнʏ куткаруучулар урандынын алдынан алып чыгышты! Тез жардамдын ʏнʏн  бир апта мурда эле кɵп бɵлмɵлʏʏ ʏйлɵргɵ, офистерге, мейманкана, дʏкɵндɵргɵ толуп, азыр эми кыйрап калган урандыларды ары-бери казгылап-сʏрʏп жаткан бульдозерлор менен экскаваторлордун дʏңʏлдɵгɵн добуштары басып кетет. Арада саамга тыным да пайда боло калат. Андайда жардам сураган бирɵɵ-жарымдын ʏнʏ угулуп калабы деп куткаруучулардын кулактары туш тарапка тʏрʏлɵт.

Силкинʏʏнʏн эпицентрине жакын жайгашкан Кахраманмараш шаарында апокалиптик реалдуу картина  тартылган. Чар тарапта быт-чыты чыккан урандылар. Кɵчɵлɵрдɵ Жер ортолук деңизинин  суулары туш келди агып жатат.

Ɵлкɵ президенти Режеп Таип Эрдоган президенттик шайлоо алдындагы турнесин таштап, жер титиреген зонага учуп келди. Анын буйругу менен Тʏркиянын тʏштʏк-чыгыш зонасында  ʏч айга ɵзгɵчɵ кырдаал режими жарыяланды.

“Биздин максат- талкаланган ʏйлɵрдʏ бир жылда калыбына келтирʏʏ. Жер титирɵɵдɵн жабыр тарткан жайларда биз мурда да ошондой кылганбыз. Биздин адамдар кооптонбошу керек. Кимдир-бирɵɵсʏ кɵчɵдɵ калып кетпɵɵсʏ керек, андайга жол бербейбиз»- деди президент.

Табигый кырсыктан мурдагы жана кырсыктан кийин тартылган тʏрк шаарларынын сʏрɵттɵрʏ  кыйроонун катастрофалык мʏнɵздɵ болгонунан кабар берет. Жер титирɵɵгɵ эң эле туруштук берет делген имараттар, тарых, мезгил, доорлор да, кыялап ɵткɵн курулуштар да туруштук бере алган жок. Миң жылдык Газиентеп Тʏркиянын  башкы символдук шаарларынын бири. Бул жерде элестʏʏ айтканда, бʏтʏндɵй тарых бут алдыңда жатат. Шаардын ЮНЕСКОнун Бʏткʏл дʏйнɵлʏк мурастарына кирген Газиентепа чеби да кыйроого учураган.

Тʏркиядагы жер титирɵɵдɵн, акыркы алынган эсеп боюнча баш-аягы 6 миң 444 ар тʏрдʏʏ маанидеги имарат кыйраган. Хама шаарында Сириянын премьер-министринин бир тууган карындашы да каза тапкан. Ɵлкɵнʏн Тышкы иштер министрлиги зилзаланы гуманитардык катастрофа деп атап, БУУдан жардам сурап кайрылды.

Тʏркия ɵкмɵтʏ зилзаладан жабыр тарткан ар бир ʏй-бʏлɵгɵ 530  америка долларын жардам катары берʏʏгɵ даяр турат. Ал эми  131 адам кулаган имараттарды куруу эрежелерин бузгандыкка айыпталып, 8-9 жаран камакка алынып, калгандарына издɵɵ жарыяланды.

ПЛИТАЛАР КЫЙМЫЛЫ ЖАНА ЭКСПЕРТТЕРДИН ЭСЕБИ

Тʏндʏк Анатолия сыныгындагы сейсмологиялык активдʏʏлʏк дагы эки-ʏч аптага созулуусу ыктымал,-деп эсептейт Россия Илимдер Академиясынын академиги Рубен Татевосян. Бирок, мынчалык кʏчтʏʏ силкинʏʏнʏн кайталануу ыктымалдуулугу ɵтɵ тɵмɵн.

Россия Илимдер Академиясынын Сибирдик бɵлʏмʏнʏн Жер кыртышы институтунун директору Дмитрий Гладкочубдун пикиринде, болуп ɵткɵн зилзаланы аномалдык деп кабылдануусу керек, анткени биринчи жолку силкинʏʏ экинчи жолкусу менен барабар кʏчкɵ ээ болду. Анын эсеби боюнча, афтершоктор адатта биринчи силкʏʏдɵн алсызыраак келет.

Геология-минералогиялык илимдердин кандидаты, Сибирь федералдык университетинин доценти Павел Самородскийдин билдиришинче, Тʏркиянын геологиялык жактан ʏч метрге жылып кетʏʏсʏ мʏмкʏн, бирок бул уникалдуу кɵрʏнʏш эмес, анткени мындай кɵрʏнʏш Японияда 2022-жылдын мартындагы жер титирɵɵдɵ эле болуп ɵткɵн.

Италиянын геофизика жана фулканология боюнча Улуттук институтунун изилдɵɵчʏсʏ Алессандро Аматонун эсебинде, Тʏркиядагы жер титирɵɵ Анатолиялык плитаны 10 метрге жылдырды.

Тʏркиядагы жер титирɵɵ дʏйнɵдɵ катталган эң кʏчтʏʏ он  зилзаланын катарына киргенин Викториан университетинин сейсмология профессору Эдвин Ниссен билдирди.Анын эсебинде,  кʏчтʏʏ жер титирɵɵлɵр адатта океанда жʏз берет. Тʏркиядагы жер титирɵɵнʏн мынчалык кыйраткыч кʏчʏн ал зилзаланы масштабы менен Тʏркиянын калк жыш жайгашкан аймагы дал келишип калганынан кɵрɵт. Ниссен жер титирɵɵ тʏн ортосуна туш келип,  бул маалда элдин баары ʏйʏндɵ болгону ага кошумча,  аба ырайы да ʏйдɵн шашылыш чыгып кеткендер ʏчʏн ыңгайлуу болбогонуна да баам таштайт.

ЗИЛЗАЛА –ТАБИГЫЙ ПРОЦЕСС

Тʏркияда жана дʏйнɵнʏн дагы бир башка аймактарында эмне ʏчʏн жер титирɵɵлɵр кɵбʏрɵɵк болуп тураарын тʏшʏнʏʏ ʏчʏн жер кабыгы айрым алынган бɵлʏкчɵлɵрдɵн тураарына жана ал бɵлʏкчɵлɵр салыштырмалуу мʏнɵздɵ динамикалуу, бир канчалаган бɵлʏкчɵрдɵн, атап айтканда —  океандык бир нече гиганттык, бир нече континенталдык плиталардан  куралаарына баам таштоо талап кылынат.

Майда жана кичинекей плиталардын жалпы саны так канчага жетээри жагдайында окумуштууларда бирдей пикир жок. Бирок, плиталар жылына бир канча сантиметр аралыктарга жылып турат. Бул нормалдуу кɵрʏнʏш. Алар бири-биринен же алыстап же бири-бирине ɵйкɵлʏшʏп же бир плита башка плитанын астына кирип алган абалда да турушат. Андайда анын ʏстʏндɵ жайгашкан континент кыймылга келет. Муну плиталардын тектоникасы деп коюшат.

Тʏркия сейсмологдорду кɵптɵн бери эле кызыктырып келген. Потсдамдагы немецтик геологиялык илим изилдɵɵ борбору 1980-жылдан тартып эле тиешелʏʏ ɵлчɵгʏч приборлорун Тʏркияга орнотуу аркылуу сейсмикалык мониторинг жʏргʏзʏʏдɵ. Бул байкоолор негизинен алганда,  жер титирɵɵ кооптуулугу Мрамор деңизинин айланасындагы бардык аймактарда ɵтɵ жогору экендигинен кабар берип турат. Стамбул шаары да ушул аймакта жайгашкандыгын эске сала кетели.

Бул регион боюнча эксперт-сейсмолог Марко Бонхофф 2019-жылы эле мынтип айткан: “Маселе жер титирɵɵ болобу деген суроодо эмес, ал качан болот дегенде  жатат”.

Бонхофф жана башка эксперттер мындай пикирди Стамбулдун бʏткʏл тарыхында бир канча ирет кʏчтʏʏ жер титирɵɵ болуп ɵткɵндʏгʏнɵ негизденип айтышат.

“Бул аймак азыр жана кɵптɵн бери бири-бирине тирешип калган плиталардын ʏстʏндɵ жайгашып турганы кɵптʏ айтып турат. Муну менен бирге, кайсыл бир моментте катмардын катуулугун ашырып жибере турган чыңалуу кʏчɵп барууда. Акыбетинде бир силкинʏʏ аркылуу эки плита бир нече секундада  бирине бири жабышып жатып калуусу ыктымал”,-дейт сейсмолог.

Жер титиреген мезгилдерде имараттардын коопсуздугу ʏчʏн аларды  тургузуунун эрежелери жана кыртыштын бекемдиги маанилʏʏ ролду ойнойт.

“Фото сʏрɵттɵрдɵн кɵрʏнʏп тургандай, кыйраган кээ бир имараттар жер титирɵɵ коопсуздугунун заманбап эрежелери ишке киргизилгенден мурда салынган болсо керек. Бул имараттар мынчалык катуу жер титирɵɵгɵ эсептелген эмес”,-дейт Улуу Британиянын Саутгемптондогу универстетинин курулуш жана сейсмологиялык кафедрасынын доценти Мохаммад Кашани.

“Силкинʏʏлɵрдʏн  чоң кʏчʏ жана алардын жердин ʏстʏнɵ жакын жерде пайда болуусу бул зилзалага ɵтɵ кыйратуучу кудурет берди. Биз кыйраган имараттарды жана шаарларды кунт кое изилдеп, сабак алышыбыз керек. Ушундай жол менен гана имараттарыбызды жана шаарларыбызды келечектеги ыктымалдуу жер титирɵɵлɵр коопсуздандыра алабыз”,- дейт эксперт.

Абдираим  Мамытов