27 июля, 2024

“Мурунга тамчылатма дарыны кɵп куюу – дем алуу процессин бузат”

Ширеңкенин даны же кулак тазалагыч менен кулагын тазалай берген адамдарды тынбай кезиктиресизби? Балким, сиз да кулак тазалоонун ышкыбозу чыгарсыз. Чоңдорду кɵргɵн балдар да кулагын тазалап берʏʏсʏн талап кылышат. Бирок, адистердин айтымында кулактын ичине таптакыр тийбеш керек. Айрыкча балдардыкына. Кулак-мурун менен байланышкан суроолорго Ош шаардык клиникалык ооруканасынын ЛОР дарыгери Гʏлжигит Абдираев жооп берет.

Бала оозу менен гана дем алса, тезининен дарыгерге чуркаңыз!

-Айрым балдар эмне ʏчʏн мурду менен сʏйлɵшɵт?

-Балдардын мурду менен сʏйлɵшʏ аденоиддин кесепетинен болот. Аденоид – бул таңдай безинин чоңоюп кетиши. Кɵбʏнчɵ 3 жаштан 10 жашка чейинки балдарда кездешет. Аденоид 3  даражага бɵлʏнɵт. Акыркы 3-баскычы мурун кɵңдɵйлɵрʏ бʏт жабылып, мурдунан суу куюлуп, бала оозу менен дем ала баштайт. Мындай учурда токтоосуз дарыгерге кайрылуу керек. Дарыгерлер текшерʏʏдɵн ɵткɵргɵндɵн кийин 1-2-даражада болсо дарылоо жолу менен айыктырууга мʏмкʏн. Кокус 3-болсо операция жолу менен алып салууга туура келет. Буга кайдыгер кароого болбойт, эгер бала оозу менен дем алып жʏрɵ берсе сɵɵктɵрдɵ ɵзгɵрʏʏ болуп, тиштери кыйшык ɵсɵт. Мурун тосмосунун кемирчеги кыйшаят. Башы ооруп, эс тутуму начарлайт. Кɵпкɵ чейин ооз менен гана дем алуу жʏрɵккɵ таасир этип, ревматизмге кабылтышы да ыктымал.

“Дарыгердин кɵрсɵтмɵсʏ сɵзсʏз болуусу керек”

-Балдардын мурду бʏтʏп, дем алалбай кыйналса эмне кылуу керек?

-Негизи балдар 7 жашка чейин бир жылда он эки ирет сасык тумоо, шамалдап калуу сыяктуу оорулар менен оорушат. Бул нормалдуу эле кɵрʏнʏш. Ар бир ооруган сайын организмде вирустарга каршы кʏрɵшɵ турган иммунитет иштелип чыгат. Ал эми мурундун бʏтʏшʏ балдарда да чоңдордо да тынбай катталган кɵрʏнʏш. Мисалы, бала тумоолоп калганда мурдунан суу куюлуп, ошол эле учурда бʏтʏп калат. Мындай учурда ата-энелер дарыканадан ар кандай тамчылатма дарыларды сатып алып, ɵз алдынча эле колдоно бергени туура эмес. Дарыгердин кɵрсɵтмɵсʏ сɵзсʏз болушу керек. Тамчылатма дарыларды кɵп колдонуу мурундун ичин кургатып, майда кан тамырларды жабыркатат. Натыйжада мурун тез-тез канай турган болот. Мындан сырткары вазомотордуу аллергиялык ринитке алып келет. Ошентип дем алуу процесси бузулат. Албетте, бʏтʏп калган мурунду ачпасак баланын кулагы ооруп, ириң агып калышы мʏмкʏн. Ошондуктан дарыгерлер тамчылатма дарыны бир жума же он кʏнгɵ эле жазат. 

“Балдар ʏчʏн операциясыз дарылоо биринчи орунда турат”

-Мурундун дайым агуусунун себептери эмнеде?

-Балдардагы дайым мурун агуусу аденоиддик вегетациядан же аллергиядан же болбосо атрофикалык риниттин кесепетинен улам болушу мʏмкʏн. Жогоруда айтып ɵткɵн аденоид оорусунда баланын угуусу да начарлайт. Мындай учурларда оперативдик (хирургиялык) ыкма менен дарылоого болот. Бирок, алгач оорунун степендерин билʏʏ зарыл. Белгилей кетʏʏчʏ нерсе, балдар ʏчʏн консервативдик (операциясыз) дарылоо биринчи орунда турат. Ошондуктан алгач операциясыз дарылоону туура кɵрɵбʏз. Эгер, таптакыр эффект бербей, бала дем алгандан кыйнала берсе оперативдик дарылоого ɵтɵбʏз. Кɵп нерсе ата-энеден кɵз каранды, бала оооруган кезде кʏндɵгʏдɵй бакчага жɵнɵтʏп жибербей, убагында тамактандырып, жылуу кармап, диетаны сактап, шириндикти кɵп бербей, аллергия берʏʏчʏ дары-дармектерди колдонбосо дарыгердин кɵзɵмɵлʏндɵ бат эле айыгат.

“Кулактагы кулкуну эч качан чукулабагыла!”

-Кулку толгон кезде кантип тазалайбыз?

-Ата-энелерге эскерте кетʏʏчʏ жагдай, баланын кулагындагы кулкуну эч качан чукулабашсын. Бул чоң адамдарга да тиешелʏʏ. Чоңдор кулак тазалагыч менен кулактын оозун гана тазалап койсо болот. Баланы жуунткандан кийин шамалдап калса кулку кɵп чыгышы мʏмкʏн. Ата-энелердин кɵпчʏлʏгʏ кулакты ɵз алдынча тазалап, тарсылдагын (барабанная перепонка) козгоп коюшат. Тарсылдак козголуп калчу болсо сасык тумоо тийген сайын кулакка терс таасири тийип, ириң ага берчʏ болуп калат. Нормада кулактан эч кандай суюктук акпаш керек. Суюктук акса демек кулак оорунун белгиси. Норма боюнча кулку толгондо ɵзʏ тʏшʏп тазаланат. Айрым балдардын анатомиялык ɵзгɵчɵлʏгʏнɵ жараша кулагына тез-тез кулку толо берет. Кургак жана майланышкан абалда келип, кургагы сыртка ɵзʏ чыгып кетет. Майланышкан кулку бир аз топтолуп, катып калуусу ыктымал. Аны чукуласа ого бетер ары тʏртʏлʏп отуруп, тарсылдакты бʏт жаап калат да бала укпай калат. Мындай учурда дарыгерлер кулкуну жууп-тазалап же болбосо тамчылатуучу дарылар аркылуу чыгарып салышат. ʏйдɵн ɵз алдынча перекись, спирт, ар кандай дарыларды же сʏт тамчылатканга таптакыр мʏмкʏн эмес. Ɵкʏнʏчтʏʏсʏ ушуга окшогон туура эмес ыкмаларды колдонуп, кулактын тарсылдагын ɵздɵрʏ тешип алып келип жаткандар жок эмес. Кулак ооруларын алдын алуу максатында жылына эки-ʏч жолу жашаган жериндеги ЛОР дарыгерлерине кайрылып, балдардын кулагын текшертип турууну сунуштайбыз.

“Баланы жаткызып алып эмизген туура эмес”

-Бала чалкасынан жатып эмгенде сʏттʏн кандайдыр бɵлʏгʏ мурун тарапка кетип туруп калат да, кулактан ириң агышына себеп болот. Ошондуктан баланын башын бир аз ɵйдɵ кармап эмизиш керек. Жуунткан кезде пахтаны вазелинге аралаштырып кулагына салып койсо суу кирбейт. Кошумчалай кетчʏ маалымат, азыр ɵнʏккɵн ɵлкɵлɵрдɵ мирингопластиканы кенен колдонушат. Мирингопластика бул — кулактын тешилген тарсылдагын тигип операция жолу менен ириң акпай, инфекция кирбегидей кылып дарылашат.

-Мурундан жаман жыттын келиши коопту эмеспи?

-Балдар мурдуна майда резина оюнчуктарды же кичинекей батарейкаларды, жʏгɵрʏнʏн данектерин, пахта, мочалканын бɵлʏктɵрʏ сыяктуу нерселерди салып алып, чыгаралбай калышы мʏмкʏн. Ошону айталбай кɵпкɵ чейин жʏрɵ берсе мурдунан суу куюлуп, ичинен жаман жыт келе баштайт. Ата-энелердин кɵпчʏлʏгʏ муну тумоолоп калган деп ойлошот. Мындай учурда мурунга тыгылган нерсени тиешелʏʏ медициналык аспаптар менен бат эле алып коюуга болот. Айрым балдар аябай ыйлап, такыр жолотпой койсо, облустук балдар ооруканасына жɵнɵтɵбʏз. Ошол жерден наркоз аркылуу гана мурунга же кулакка тыгылган нерселерди алып салышат.

Айжылдыз Тойчиева