27 июля, 2024

Эрнис Толтоев: “ЧОҢ АТАМДАЙ ИНСАН БОЛУУГА ДАЙЫМА ҮГҮТТӨШЧҮ”

Бул ирет Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкʏлʏнʏн орун басары, КР Мамлекеттик жана жарандык кызматтын III класстагы кеңешчиси Эрнис Толтоев конок тɵрʏбʏздɵ. “Мен кызматка келгениме аз эле убакыт болду, кайсыл бир иштерди аягына чыгаргандан кийин журналисттерге жооп берейин деген элем” деп маек берʏʏдɵн коомайланып жʏргɵнʏн билдирген каарманыбыз менен азыноолак кеп курдук. Публикага ɵтɵ аяр мамиле жасаган жаш мамлекеттик кызматкер тууралуу макаладан окуңуз.

“СЫЙ-УРМАТТА ЖАШАГАН КОҢШУЛАР, УЛУУГА УРМАТ, КИЧYYГƟ ЫЗААТ КƟРСƟТКƟН АЙЫЛДАШТАР…”

-Эрнис Мукашбекович, келиңиз, бала чак, айылыңызга барып келели. Айылды эстегенде кандай кʏндɵр кɵзгɵ тартылат? Эмнелер эсте калган?

— Бала чагыбыз айылда ɵттʏ. Ɵзгɵн районунун Кызыл-Сеңир айылында тɵрɵлʏп, 1-класстан 11-класска дейре айылыбыздагы П.Жолдошов атындагы орто мектепте билим алдым. Бала чагыбызды кɵз алдыбызга элестетсек, билимге умтулган жаштарды, агай-эжекелерибиздин бизди окууга шыктандырганы, сый-урматта жашаган коңшулар, улууга урмат, кичʏʏгɵ ызаат кɵрсɵткɵн айылдаштарыбыз, спорттун футбол тʏрʏн тандап алып, кечке топтун артынан чуркаганыбыз, ата-энебиздин турмуш-тиричилигине жардамдашкан талаа жумуштары сыяктуу кɵз ирмемдер тартылат.

-Кимдин колунда тарбияландыңыз? Ата-энеңиз, чоң ата, чоң энеңиз тууралуу айтып берсеңиз? Кɵбʏрɵɵк кимдин тарбиясын алдыңыз?

-Биз ʏй-бʏлɵдɵ тɵрт бир тууганбыз. Атамдын кесиби агроном жана журналист. Ɵмʏр бою типография тармагында эмгектенип келет. Ал эми апам мектепте биология предметинен мугалим болуп, учурда ардактуу эс алууда. Бирок, мени 1 жашка чыга элек кезимден тарта раматылык чоң атам менен чоң энем багып, тарбиялап, эрезеге жеткиришти. Ɵз учурунда чоң атабыз да, чоң энебиз да билимдʏʏ, элге эмгеги сиңген, ʏлгʏлʏʏ ишмерлер болушкан. Ушундай тарбия, акыл насаат, турмуштук тажрыйба ʏчʏн ɵмʏр бою аларга ыраазымын.   

 “ТУУЛГАН ЖЕРДЕН КАБАР АЛУУ – БИЗДИН ПАРЗ”

— Эр жигит ʏчʏн туулган жер ɵзгɵчɵ мааниге ээ эмеспи. Тез-тез барып турасызбы?

-Туулган жерибиз баарынан ыйык. Себеби туулган жерибиз аркылуу эс тартып, дʏйнɵ таанымыбыз кеңейип, жаратылышка, эл-журтка, ɵлкɵгɵ болгон сʏйʏʏбʏз калыптанды. Мамлекеттик кызматтын ар кандай тепкичтеринде иштесек да, убактыбыз тартыш болгондугуна карабай туулган жерден кабар алуу – биздин парз. Кɵпчʏлʏгʏбʏздʏн айыл жерине каттообузду  ата-энебизден, жакындарыбыздан кабар алуу менен байланыштырышат.

— Калктын кызматында жʏрɵсʏз, элдин тилин табуу оңой эмес. Коомдук, мамлекеттик иштер, кызмат сизди кандай тарбиялады?

-Кудайга шʏгʏр, мамлекеттик кызматта 2009-жылдан бери ишмердʏʏлʏк жʏргʏзʏп келем. Жетекчиликтин койгон тапшырмасын так, сапаттуу, оперативдʏʏ аткарууга аракет кылуу, дайыма мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгын кɵздɵɵ иш-аракетин жасап келебиз.

Элдин койгон талабын туура кабыл алуу менен аны аткарууда туура багытты тандап алуу – мамлекеттик кызматтын ийгилиги деп билем. Катардагы адистен тарта аймактык, шаардык,  облустук, республикалык маанидеги мамлекеттик мекемелерде тажрыйба топтоого  мʏмкʏнчʏлʏк алдык. Тажрыйбалуу аксакалдар, партиялык жана коомдук ишмерлер дайыма мени кɵрʏшкɵндɵ раматылык чоң атабыз Толтой Алдыраковду (облустук партиялык жетекчилик кызматтарда иштеген) эскеришип, анын жолун улантуумду айтышып, чоң атамдай инсан болууга дайыма ʏгʏттɵшчʏ. Мамлекеттик кызматта профессионалдуулук, адамгерчилик, мекенчилдик, процесске туура баа берʏʏ – бʏгʏнкʏ мезгилде да, келечекте да приоритет бойдон калат.

“ДОСТУКТУН ЧЕГИ БОЛБОЙТ”

-Достор темасына келсек. Чыныгы достор саналуу эле болот дешет. А сиз досторго кандай маани бересиз?

— Достук, достошуу – бул адамдагы жакшы сыпаттардын бири. Тарых барактарында, чыгармаларда дайыма “достуктун чеги болот”, “саналуу достор” болот деген термин кɵп окулуп, айтылып келет. Достор боюнча дайыма жылуу пикир айта алам. Менимче, достуктун жана достошуунун чеги болбойт. Бул мамиле ар бир адамдын ниетинен гана кɵз каранды. Бала бакчадан да, мектептен да, жогорку окуу жайынан да, жумуштан да дос кʏттʏм. Чоң кызматта да, ʏйдɵ да бош олтурган мезгилдер болду. Ийгилик жараткан же ийгиликсиз мезгилдер да болду. Ошондой учурда достордон эч жамандык кɵрбɵдʏм. Досторум, агаларым, инилерим, замандаштарым менен дайыма сыймыктанам. 

“СЫНДАРДЫ ТУУРА КАБЫЛ АЛУУ, КЕМЧИЛИКТЕРДИ ЖОЮУНУН YСТYНДƟ ИШТƟƟ – ЖООПКЕРЧИЛИКТYY, АК НИЕТ КЫЗМАТКЕРДИН КYНYМДYК ЖУМУШУ”

-Кээ бирлер айтат эмеспи “сын-пикирге маани бербейм” деп, сизчи?

— Ар бир жумуштун жоопкерчилиги бар. Аны сезе билʏʏ керек. Жоопкерчиликти сезе билʏʏ – ийгиликтин башаты. Сын, кɵз-караштардын дал келбестиги коомдо болуп турат. Ар кимдин жеке пикири, ошол эле мезгилде коомго ылайыкташтырылган пикирлердин жыйындысынан келип чыккан орто пикир бар. Алдыга да, арттагы процесске да кɵз салып турганыбыз туура.  Сындарга маани бербейм десек, ал туура эмес. Айтылган сындын актуалдуулугун, сын кандай жагдайда айтылды, ким тараптан айтылды деген суроолорго кɵз чаптырып, туура жыйынтыкка келип алгыныбыз оң. Ар кимибиз берилген багытыбызды чын ниет менен жаратмандык негизде жасасак, жыйынтыгы жаман болбойт. Сындарды туура эле кабыл алуу жана айтылган сындар негиздʏʏ болсо  жоюунун ʏстʏндɵ иштеп коюу – азыркы жоопкерчиликтʏʏ, ак ниет кызматкердин кʏнʏмдʏк жумушу.

Мамлекет берген функционалдык кызматтын тегерегинде географиялык абалына карабай бирдей кызмат кылууга аракет кылып келебиз. Аймактарда маселелер жок эмес. Инфраструктура, социалдык кɵйгɵйлɵр дайыма ирети менен чечилип келʏʏдɵ. Ошондой эле кɵйгɵйлɵр биздин аймакта да кездешет. Маселени чечʏʏдɵ дайыма активдемин жана болгон кʏч-аракетимди жумшап келем. Кимдин аракети кандай, ким эмне жумуш жасады деген бааны убагы келгенде мамлекет, эл ɵзʏ баалап алат. Элдин кɵйгɵйлɵрʏн чечʏʏгɵ аракеттерибиз, чечилген жумуштарыбыз ʏчʏн элибиздин ак батасын  алуу учурдагы мамлекеттик кызматтагы чыйыр жолубуздун бʏгʏнкʏдɵй уланып жатышына жардамын берип келет.

“БАЛА ТАРБИЯЛООДО АЙЫЛДАГЫ ЖАШОО-ТУРМУШ МЕНЕН ЧОН-АТА, ЧОҢ ЭНЕНИН РОЛУ ЭБЕГЕЙСИЗ”

-Адам ɵмʏрʏндɵ эки нерсени туура тандоосу керек дешет. Анын бири кесиби болсо, экинчиси — ɵмʏрлʏк жолдош. Кепти ʏй-бʏлɵңʏзгɵ бурсак. Бала тарбиялоодо кандай кеп-кеңештерди колдоносуз?

-Эл катары ʏй-бʏлɵ кʏтʏп, келинчегим менен балдарды тарбиялап жатабыз. Келинчегим кесиби боюнча финансы-экономика тармагынын адиси. Учурда ишкердик менен алектенет. 2 уул, 2 кызыбыз бар. Бала тарбиялоодо ата-энебизден бизге ɵткɵн тажрыйба жетиштʏʏ деп ойлойм. “Уядан эмнени кɵрсɵң, учканда ошону аласың” дегендей, кʏнʏмдʏк жʏрʏм-турумубуз – бул ɵзʏ балдарга тарбиянын негизи деп ойлойм. Кɵп мезгилдерде жумушка байланыштуу ʏй-бʏлɵгɵ, балдардын тарбиясына аз убакыт бɵлʏп калган учурлар кɵп кездешет. Муну моюнга алуу керек. Негизи эле балдардын тарбиясында атанын да, эненин да ролу ɵзгɵчɵ болушу керек. Ошол принципти карманып келебиз. Айта кетʏʏчʏ жагдай, бала тарбиялоодо айылдагы жашоо-турмуш менен чон-ата, чоң эненин ролу эбегейсиз экендигин мезгил далилдеп келет. 

-Маегиңизге рахмат, эл ʏчʏн талыкпай эмгектене бериңиз.