20 апреля, 2024

Тынчтыкбек Досмуратов: “ОКУУЧУ САБАКТАН АЛГАН ТӨМӨН БААСЫ ҮЧҮН ЖАЗАЛАНБАШЫ КЕРЕК”

Ош билим берʏʏ институтунун кабинет башчысы Тынчтыкбек Бекмуратов «Медиасабак» фонду менен биргеликте Германия, Финляндия, Эстония ɵлкɵлɵрʏнɵ билим берʏʏ боюнча  иш сапарына барып келди. Тынчтыкбек бул фонддун тʏштʏк аймагы боюнча координатору. Андагы таасирлер, тажрыйбалар, финдердин бала тарбиялоо ыкмасы тууралуу маек курдук.

-Тынчтыкбек мырза, жакында эле билим берʏʏ жаатында Европа ɵлкɵлɵрʏндɵ иш сапарда болдуңуз, кандай таасирлер менен кайттыңыз?

-Иш сапардын алкагында Германия, Финляндия, Эстония ɵлкɵлɵрʏндɵ болдум. Таасирлер кɵп, четинен айта берсе болот. Алгач Финляндиянын борбору  Хельсинки шаарындагы OODI деп аталган китепканада болдук. Китепкана 3 кабаттан турат экен, бирок окурмандар ʏчʏн стандарттык китеп окуучу жай эмес, ɵзʏнʏн заманбап анан окурманы кɵп экендиги менен айырмаланат. Китепкананы куруу алдында 3-4 жыл сурамжылоо жʏргɵн. “Мен кандай шарт тʏзʏп берсем, сен китепканага барып окуйсуң” деген суроо менен. Айрымдары мен “жɵн гана барам” десе, дагы бирɵɵ “Wi-Fi болсо барам”, дагы бирɵɵ “уктай турган шарты болсо”, же “шахмат ойной турган жери болсо”, же башка “хобби менен алектене турган жай болсо барам” деп элдин тʏрдʏʏ катмары ар тʏрдʏʏ жоопторду беришкен. Чын эле китепкана элдин суроо- талаптарын эске алып, жагдайына карап ар тараптуу экенин кɵрдʏм. Бирɵɵ жатып алып китеп окуса, бирɵɵ шахмат ойногончо окуп жатат. Дагы бирɵɵ интернет барактап отурат, бардык ыңгайлуулуктар бар, эч ким эч кимге тоскоолдук жаратпайт. Мында 17 тилден ашык тилдерге которулган китептерди кездештирʏʏгɵ болот.

-Келиңиз эми финдер балдарга билим берʏʏ боюнча кандай иштерди алып барат, ушул жаатта маекти уланталы, биздегидей класста окуучунун саны кɵппʏ?

-Финдерде бир класста 19 окуучунун тегерегинде болот, 1 мектепте 200-300 окуучуга чейин билим алышат. Эгер окуучунун ʏйʏ мектепке 2 километрден алыс болсо мамлекет тарабынан анын жол акысы да каржыланып берилет. Жеке менчик мектеп деген тʏшʏнʏк дээрлик жок. Себеби мамлекеттик мектептер ɵзʏ сапаттуу билим бергени ʏчʏн ага муктаждык жок.

-Финдер балдарды кандай тарбиялайт, кантип билим берет ушул туурасында оюңузду уккум келип жатат, бул балким биздеги ата-энелер, мугалимдер ʏчʏн да кызык болсо керек…

-Финляндиянын билим берʏʏ ɵзгɵчɵлʏктɵрʏн биз буга чейин да Кыргызстандын практикасында колдонуп келгенбиз. Финдерде балдарды тарбиялоо, билим берʏʏдɵ эркиндик кɵп берилген. Бизде экзамен ʏчʏн окутсак, булар турмуш ʏчʏн окутканын баамдадым. Баланын эске тутумун жакшыртуу деп эле ʏйгɵ тапшырмаларды берип, муну жаттап кел деп кыйнайт экенбиз. Аларда мындай эмес, алган билими турмушта канчалык деңгээлде пайдасы тиет, ошого басым жасашат. ʏйгɵ тапшырма дээрлик берилбейт. Анткени ʏйдɵ сен ʏйʏңдɵгʏлɵр, жакындарың менен бол деген идея жатат. Тапшырмалар кɵбʏнчɵ мектепте жыйынтыкталат. ʏйгɵ берилген тапшырмалар изилдɵɵ, эркин ой жʏгʏртʏʏ форматында. Мисалы, “ɵзʏңдʏн санжыраңы изилдеп кел же болбосо мындан 50 жыл мурунку жашоо тууралуу чоң ата, чоң энеңден интервью алып кел” деген сыяктуу жаттап келʏʏ эмес, изилдɵɵ сыяктуу тапшырмалар берилет экен. Сабактардын сааттары да биздикиндей эмес, балдар кыйналбагыдай деңгээлде. Мектеп формасы деген жок, ɵзʏнɵ ыңгайлуу кийимди кийип келет. Отурганда да эркин отурат. Кааласа уктап, телефон кармагысы келсе аны кылат. Себеби, окуучунун сабакка кɵңʏл бурбай атканын мугалим окуучудан эмес, ɵзʏнɵн кɵрɵт. Биздегидей “тʏз отур, сʏйлɵбɵ, артты караба” деп мугалим окуучуну тыя албайт.

-Мугалим демекчи, аларга коюлган суроо-талап, иштɵɵ тартиби кандай экен, окуучу менен мугалимдин байланышы тууралуу айтып берсеңиз.

-Мугалимдер мектепке 1 жылдык мɵɵнɵт менен келишимдик негизде алынат. Бир жылдан соң алар ошол мектептен бошоо алдында турат. Кайрадан келишимди узарткысы келсе экзамен тапшырат. Ишке алынууда мурунку иштеген мектептен алынган сунуштама каттар эске алынат. Мугалим жыл бою ɵзʏн жакшы кɵрсɵтпɵсɵ, тескерисинче, жаман адаттар же терс пикирлерди жаратса жетекчи кийинки жылга келишимди узартпастан кош айтышат. Мугалимдин бедели аларда жогору бааланат. Бизде ɵзʏ каалаган окууга ɵтɵ албай калса, акырында мугалимдик кесипке тапшырып коёбуз, аларда андай эмес. Мугалимдик кесип беделдʏʏ кесиптердин бири экенин байкадым. 

-Окуучуларды билим алуудагы баалоо системасы тууралуу эмнелерди айта аласыз?

-Туура айтасыз, окуучуларга 3-класска чейин такыр баа коюлбайт. 4-7-класстарда оозеки тʏрдɵ “жакшы”, “мыкты”, “араң” дегендей баалар коюлат экен. 7-класстан жогорку окуучуларга 10 баллдык система менен баа коюлат. Ошондо дагы окуучунун алган баасы ɵзʏнɵ гана маалым болот. Тɵмɵн баа алгандыгы ʏчʏн окуучу жазаланбайт. Негизинен окуучулар бир нерсени жаттоо эмес, кайсы бир долбоорду долбоорлоо, турмуштук байланышы бар ушундай жаат менен кетет.

Бизде айрым бир учурда маянага салыштырып коёбуз. Мугалим да ошого жараша коомдон сый кʏтʏп атат. Эми азыр айлык жакшы, бир аз кɵтɵрʏлʏп калды. Биз демократияны башкача кабыл алып, оюбуздагыны кыла берсек болот деген тʏшʏнʏк менен жашап калдык. Аларда эркиндик берилген менен сый-урмат да балдар тарабынан ошончолук жогору. Алар демократия менен тартипти бири- бирине каршы кɵрбɵйт. Булар эркиндикти баалуулук катары кɵрʏшɵт, биз ээнбаштык катары кɵрɵбʏз.

-Финдердин кайсы бир ыкмасын биздин ɵлкɵдɵ колдонсо болот деп ойлойсуз?

-Келечекте биздин да билим берʏʏ жааты эркин, креативдʏʏ, ошол эле учурда кɵйгɵйʏ азыраак коомго айланабыз деп ʏмʏт кылам. Мындай деңгээлге жетʏʏ ʏчʏн жалаң эле финансылык нерсеге байлай берсек болбойт. Айрым учурларда финансы керек. Бирок негизинен аң-сезим, тажрыйба менен финдердин кайсы бир элементтерине жетсек болот деп терең ишенем. Бизде билим берʏʏдɵгʏ реформалар жакшы эле кетип жатат. Ал ʏчʏн айыл, шаар дебей жапатырмак киришишибиз керек. Мисалы, тажатма жаттамай сыяктууларды жоюп, маселени чечʏʏгɵ байланышкан ыкмаларды колдонууга эмнеге болбосун. Ушинтип жакындап отуруп ийгиликке жетишсек болот. Анан 8-класстардан кийин келечекте тандаган кесибине карап сабактарды киргизе берсе болот, буга биз даяр элебиз деп ойлойм. Мисалы, тɵмɵн баа алса ал бала ошол ʏчʏн ɵзʏн кʏнɵɵлʏʏ сезбеши керек. Окуучу кыргыз тилден “2” алганы менен химиядан “5” алып атпайбы, балким ал мыкты дарыгер болуп чыгат. Мектепте 5ке окуганы менен турмушта “2” алып калгандар бар. Сабактан “2” алган окуучуну ийгиликсиздиги деп кабыл албашыбыз керек. Кɵз караштардын ʏстʏнɵн да акырындык менен иштей беришибиз керек. 

Элира Чынтемир кызы