16 апреля, 2024

Тʏркияда жʏргɵн куткаруучулар: “УРАНДЫДАН ТУУГАНДАРЫН ИЗДЕГЕН, ТИРYY ТАБЫЛЫП КАЛСА ДЕГЕН ЖАРАНДАР КƟП”

“Бу замана тʏрлɵндʏ,

Жер силкинип термелди.

Кылкылдаган асман-жер

Бузулуп кетээр ɵңдɵндʏ.

Санаага келбес иш болду,

Сакта кудай, пендеңди”

— деп айтылуу Молдо Кылыч Шаамыркан уулу зилзаланы баяндагандай абал боордош тʏрк элинде катталып, имараттар кулап, миңдеген адамдардын ɵмʏрʏ кыйылып, миллиондогон калкы бар аймак талкаланды. Тʏркия менен Сирия мамлекеттери оор абалды башынан кечиришʏʏдɵ. Жер титирɵɵнʏн кесепеттерин Тʏркиянын он провинциясында 13,5 миллион адам сезгенин президент Режеп Тайып Эрдоган билдирди.

17-февралдагы маалыматтарга ылайык, Тʏркияда каза болгондордун саны 38 миңден ашса, 108 миңден ашуун адам жабыркаган. Ошондой эле Сирияда каза болгондор 4400дɵн ашса, жабыркагандардын кɵрсɵткʏчʏ 7600гɵ жеткен. Ал эми урандыларды тазалоо жана кесепеттерин жоюуга 250 миңден ашуун адам тартылган. Алардын арасында Кыргызстандан барган куткаруучулар да бар. Куткаруучу топ менен жеринен баарлаштык.

Кахраманмараш шаарында Ош шаарынын 52 куткаруучусу иштеп жатат

КРнын Ɵзгɵчɵ кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы, майор Алтынбек Абылаевге байланышканыбызда куткаруу иштери тууралуу тɵмɵнкʏлɵргɵ токтолду:

-Тʏркиянын Кахраманмараш шаарына Ош шаарынан жалпы 52 куткаруучу келген. Куткаруучулардын бардыгы практикалык тажрыйбасы мол, атайын окуудан ɵткɵн адистер. Аталган шаар Сирия ɵлкɵсʏ менен 20 километр аралыкта жайгашыптыр. Мында негизинен кɵп кабаттуу ʏйлɵр кулаган, аябай кɵп. Кулаган объекттердин саны 130 миңден ашат. Бир кɵп кабаттуу ʏйдɵ канча адам жашагандыгы боюнча жергиликтʏʏ бийликтин берген маалыматына карап, адамдарды издɵɵ иштерин жʏргʏзʏʏдɵбʏз. Оңой эмес, ыйлай турган абал тʏзʏлгɵн. Кечээ биздин топ 20 адамдын сɵɵгʏн таап чыкса, бʏгʏн бир сааттын ичинде ʏчɵɵнʏ ɵлкɵнʏн ички иштер органдарына ɵткɵрʏп беришти. Издɵɵ, куткаруу иштерине албетте, техникалар жардамга келʏʏдɵ. Талкаланган объекттерди техника жеңилдетип ачып бергенден кийин куткаруучулар издɵɵ иштерин башташат. Алгач ʏн аркылуу белги беришип, кыйкырып, адам тирʏʏбʏ, тирʏʏ болсо кандай абалда экендигин тактап, куткарып, жардам беришʏʏдɵ. Ар бир куткаруучу тиешелʏʏ шаймандар менен камсыз болуп, коопсуздугу ʏчʏн шарттар каралган. Куткаруучулардын бардык тобуна тʏрк тилин жакшы билген куткаруучулар бɵлʏнгɵн.

Ал эми куткаруучулар келгенден бери талаа шартында, чатырларда жашап жатабыз. Биз аскер кызматкерибиз. Ɵзʏбʏзгɵ ылайыктап алып келген чатырларыбызды тигип, ошондо аскерлер кезектешип, издɵɵ иштерин жʏргʏзʏшʏʏдɵ.      

Бектур Чыңгыз уулу, Республикалык ɵзгɵчɵ куткаруу отрядынын биринчи мобилдик куткаруу тобунун айдоочу-куткаруучусу, прапорщик:

“КƟБʏНЧƟ УРАНДЫ АСТЫНДА КАЛЫП, ДЕНЕЛЕРИ МАЙДАЛАНЫП, ЭЗИЛИП КАЛГАНДАР…”

-Куткаруучулар нɵɵмɵт менен иштɵɵдɵбʏз. 12 саат кʏндʏзʏ иштесек, кийинки кʏнʏ 12 саат тʏнкʏсʏн иш алып баруудабыз. Куткаруучуларга колдон келген жардамдарын кɵрсɵтʏп, тамак-аш, суусун кɵтɵрʏп келип, тʏрк ыктыярчылар да жʏрʏшɵт. Биз бир гана издɵɵ иштерин жʏргʏзʏп, урандынын астында калган жарандарды чыгарууга болгон кʏчʏбʏздʏ жумшоодобуз. Бардыгы бетон болгон ʏчʏн кол менен иштɵɵ кыйын, экскаваторлор ачып берип, ишибизди жеңилдетʏʏдɵ. Кайсыл жерде адамдын бар экенин билип калсак, анда тирʏʏ жан болобу, ɵлʏʏбʏ кол менен тазалап ачып, алып чыгуудабыз. Эки кʏн мурун биздин куткаруучулар бир адамды тирʏʏ таап, куткарып калышкан. Андан бери тирʏʏ жандар табыла элек. Кɵбʏнчɵ уранды астында калып, денелери майдаланып, эзилип калгандарды эле алып чыгуудабыз. Туугандарын издеген, тирʏʏ табылып калса деген жарандар кɵп. Мындай нерсени эч бир мамлекеттин, элдин башына салбасын.

Сыймык Асылбек уулу, куткаруучу:

“КУЛАГАН БАРДЫК ИМАРАТТАРДА КУТКАРУУ ИШТЕРИ ЖYРYYДƟ”

-Биздин келгенибизге 10 кʏндɵн ашып калды. Келгенден бери куткаруу иштеринде 5 адамды тирʏʏ куткарып калуу мʏмкʏн болсо, жʏздɵн ашык каза болгон адамдардын сɵɵгʏ алынып чыгылды. Кахраманмараш шаарындагы кулаган бардык имараттарда куткаруу иштери жʏрʏʏдɵ, жалпы 59 ɵлкɵдɵн келген куткаруучулар иштеп жатканын айтышууда.

“УРАНДЫ АЛДЫНАН КОШ ƟМYРДY КУТКАРДЫК”

Ɵзгɵчɵ кырдаалдар министрлигинен кабарлагандай, Кахаранмараш шаарынын Хайрулла, Он эки шубхат, Баалыжа, Абдулла Шейит жана Ебрар райондорундагы урап тʏшкɵн имараттарда издɵɵ, куткаруу иши жʏргʏзʏлгɵн. Натыйжада куткаруучулар жалпы 5 адамдын ɵмʏрʏн сактап, 168 жарандын сɵɵгʏн чыгарып, туугандарына ɵткɵрʏп беришкен. Куткарылган жарандардын арасында 21 жаштагы кош бойлуу келин да бар. Окуяга кʏбɵ болгон куткаруучулардын бири, котормочу Темирлан Жумамʏдʏнов ал учурду мындайча эскерет:

-Куткаруу иштериндеги эсимден кетпей турчу окуя кош бойлуу келинди куткаруу болду. Биздин куткаруучулар жардам сураган ʏндʏ угушуптур. ʏндʏ уккан куткаруучулар аны аман чыгарууга жандалбастадык. Алгач кирип, абалын сурадым. Келиндин башы биз тарапта экен, диванда жаткан абалда, ɵтɵ тар жерде болчу. Куткарууга бир саатка чукул убакыт кетти. Ал биринчи эле суу сурады. Ошентип, уранды алдынан кош ɵмʏрдʏ чыгарып алып, жакындарына ɵткɵрʏп бердик. Алар абдан ыраазы болуп, жакшы сɵздɵрʏн айтып жатышты, — дейт ал.

Белгилей кетсек, жер титирɵɵдɵн кийинки издɵɵ-куткаруу иши кыргызстандык куткаруучулар тарабынан Хатай шаарында да уланат. Тʏрк тараптын атайы кайрылуусу менен аталган жерге ƟКМ куткаруучулары жɵнɵтʏлгɵн. Ал шаарда да жер титирɵɵнʏн кʏчʏ катуу болгондуктан, адам курмандыктары кɵп экендиги айтылып жана бʏгʏнкʏ кʏндɵ куткаруучулар жетишсиз.

Жумагʏл Кочкорбай кызы