27 апреля, 2024

“Жер титирɵɵнʏ алдын алуунун бир гана жолу – сапаттуу курулуштар”

“Азырынча биздин ɵлкɵдɵ Тʏркиядагыдай жер титирɵɵ катталышы мʏмкʏн эмес. Себеби Тʏркия географиялык жайгашуусу боюнча эки плитанын ʏстʏндɵ турат. Экɵɵ тең кыймылдуу плиталар. Алар бири-бирине жакындаган сайын тектоникалык чыңалуу бошонуп, кʏчтʏʏ силкинʏʏгɵ алып келет. Ал эми Кыргызстандын тʏндʏк тарабында кыймылсыз Казакстан плитасы жатат. Бирок, тʏштʏгʏндɵгʏ Индия плитасы тʏндʏктʏ кɵздɵй акырын жылууда. Демек активдʏʏлʏк жок эмес…” деп белгилейт физика-математика илимдеринин доктору, УИАнын сейсмология институтунун илимий жетектɵɵчʏ кызматкери Алымбай Токтосопиев. Ал эми Ош шаарынын сейсмикалык абалы жана ɵлкɵнʏн тоолуу аймактарындагы силкинʏʏлɵр, курулуштардын сапаты тууралуу маалымат алуу ʏчʏн тийиштʏʏ адистерге кайрылганбыз.

Мусабек Дуванкулов, ОшТУнун пайдалуу кендердин геологиясы кафедрасынын башчысы, доцент:

“Тоолор – эки плитанын кошулган жери болуп саналат”

-Жер шаары 4,5 миллиард жыл мурда пайда болгон деген гипотеза айтылып келет. Ошол 4,5 миллиард жыл мурда галактикада чоң жарылуу болуп, анын чачырандыларынан жер, кʏн жана башка планеталар пайда болгон. Ошончо жыл аралыгында жердин ички жана сырткы тʏзʏлʏшʏ калыптанды. Жердин радиусу орточо 6 374 километр болсо, орточо эсеп менен анын орточо 70 километри гана катуу катмар болуп саналат. Калган 6 миң километри коймулжуң келген жогорку температурадагы зат.

Баарыбызга белгилʏʏ болгондой, жер кʏндʏн айланасында айланат. Жердин спутниги ай. Жер менен кʏндʏн, жер менен айдын тартылуу жана тʏртʏлʏʏ кʏчтɵрʏ болгондо жер ɵзгɵрʏʏгɵ душар болуп, ʏстʏнкʏ катмары литосфера кыймылга келет. Ал эми литосфера бʏтʏн зат эмес, ал ар кандай жаракалардан турат. Мисалы, Кыргызстандын территориясында да чоң жана майда жаракалар бар. Литосфера кыймылга келгенде жаракалар аркылуу жылышуу болушу мʏмкʏн. Ал эми континенттин ичиндеги тоолор сɵзсʏз эки плитанын кошулган жери болуп саналат. Ошондуктан тоолуу аймакта жер титирɵɵлɵр кɵп катталат. Тʏздʏктɵрдɵ суткасына болжол менен 50-60 ирет майда жер титирɵɵлɵр катталса, тоолуу аймактарда 300гɵ чейин жетиши мʏмкʏн.

“8-9 баллдык жер титирɵɵ катталышы мʏмкʏн болгон кичи райондор шарттуу белгилер менен кɵрсɵтʏлгɵн”

-Кыргызстандын аймагын Тʏндʏк Тянь-Шань, ортоңку Тянь-Шань жана Тʏштʏк Тянь-Шань деп ʏчкɵ бɵлʏп карайбыз. Ош шаары Тʏштʏк Тянь-Шань бɵлʏгʏнɵ кирет. Бул аймакта жаракалар ɵтɵ кɵп. Жарака бар жерде жылышуу сɵзсʏз болот. Анын ʏстʏнɵ Тянь-Шань кырка тоосу орто жаштагы тоо болуп, силкинʏʏ зонасына бай. Ош шаарынын сейсмикалык туруктуулугу боюнча микрорайондорго бɵлʏнгɵн картасы 1994-жылы илим изилдɵɵчʏлɵрдʏн эмгегинин негизинде тʏзʏлгɵн. Андан бери шаар бир аз кеңейди. Картада 8-9 баллдык жер титирɵɵ катталышы мʏмкʏн болгон кичи райондор шарттуу белгилер менен кɵрсɵтʏлгɵн. Анын ичинде 9 баллдан жогорку жер титирɵɵ катталышы мʏмкʏн делген аймактар да бар. 

“Кыргызстан 94% тоолордон турат, тʏздʏктɵр аз”

-Жер титирɵɵнʏн болушун алдын ала так айтууга илим, техниканын азырынча мʏмкʏнчʏлʏгʏ жок. Бирок, алдыңкы 4-5 жылга болжолдуу маалыматтарды айтып турушса болот, себеби сейсмикалык абалды изилдеп турчу заманбап приборлор бизде деле бар. Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунда изилдɵɵ иштери тынбай жʏргʏзʏлɵт. Ар бир райондо атайы сейсмографтар орнотулган. Саатына, суткасына канча ирет, канча баллдык жер титирɵɵ катталып жатканын, жалпы активдешʏʏнʏ байкап турушат. Мисалы, ɵткɵн айда ʏч ирет катталса, кийинки айда тогуз ирет болушу мʏмкʏн. Андан кийинки айда кɵрсɵткʏч дагы жогоруласа, ошол маалыматтарга ылайыктап катуу силкинʏʏнʏн качан болушун болжолдошот. Активдешʏʏ жердин ички кʏчтɵрʏнʏн таасири астында ɵзгɵрʏшʏ мʏмкʏн. Жогоруда айтканымдай, жердин сырткы катмары кʏн менен тʏн теңелип, ай толгондо, кʏн менен жердин, жер менен айдын ортосундагы тартылуу жана тʏртʏлʏʏ кʏчтɵрʏнʏн таасири астында козголгон учурда шар формасындагы жер жыйрылууга келип, жаракалар аркылуу кыймыл пайда болот. Андан сырткары жердин техногендик таасирлерин да эске алуу зарыл. Акыркы жʏз жылда адам баласынын техногендик таасири менен литосфера бузулууга жана ɵзгɵрʏʏгɵ дуушар болуп жатат. Буга атомдук бомбаларды сынап кɵрʏʏлɵр, пайдалуу кендерди казуу жана башка аракеттер кирет.

“Картаң тоолор дээрлик тʏздʏккɵ айланышат”

-Дʏйнɵдɵ материктеги тоолордун баарын эсептей турган болсок, океандын тʏбʏндɵгʏ тоолор андан бир нече эсеге кɵп. Суунун бетине чыгып калганы арал болуп саналат, калганы бизге кɵрʏнбɵйт. Суу астында тынымсыз вулкандар атылып турат. Эгер бул материкке жакын жерде атылса жер титирɵɵ болуп байкалышы мʏмкʏн. Дʏйнɵнʏн айрым ɵлкɵлɵрʏндɵ жер дээрлик титиребейт. Мисалы, Кавказды эске албаганда Россияда Азия менен Европаны бɵлʏп турган чоң Урал тоосу бар. Урал дээрлик тʏздʏккɵ айлана баштаган картаң тоо. Россиянын аймагы бир нече плиталардан турат. Негизгилери Орус платформасы жана Сибирь платформасы болуп эсептелет.

Кандай болгон кʏндɵ да мекенди сʏйʏʏбʏз керек. Табигый кырсыктарды алдын алуу ɵзʏбʏздɵн кɵз каранды. Ал эми жер титирɵɵнʏ алдын алуунун бирден-бир жолу сапаттуу курулуштар. Мисалы, Япония имараттарын жаңы технологияларды колдонуп куруп жатат. Эгер Японияда 9 баллдык жер титирɵɵ болсо ɵлʏмдʏн саны болжолдуу 20%ды гана тʏзʏшʏ мʏмкʏн. Бизде курулуп жаткан курулуштардын сапаты стандартка дал келʏʏсʏ керек. Курулуштардын сапатына мамлекет тарабынан кɵзɵмɵлдʏ кʏчɵтʏʏнʏ сунуштар элем.

Орунбек Бейшебаеев, архитектуралык курулушту кɵзɵмɵлдɵɵ башкармалыгынын жетекчиси.

“Оштогу кɵп кабаттуу ʏйлɵр 8-9 баллдык жер титирɵɵгɵ туруштук бере ала турган талапка жооп бериши керек”

-Учурда Ош шаарында турак ʏйлɵрдʏн курулуштары тынымсыз жʏрʏп жатат. Курулуш компанияларына архитектуралык уруксат документтерин алып, мамлекеттик экспертизанын корутундусун алгандан кийин гана курулуш иштери башталат. Документте кɵрсɵтʏлгɵндɵй ʏйлɵр 8-9 баллдык жер титирɵɵгɵ туруштук бере ала турган талапка жооп бериш керек. Ошонун негизинде архитектуралык курулушту контролдоо боюнча башкармалыкка каттоого алынып, ага тиешелʏʏ инспектор бекитилип берилет. Тиешелʏʏ инспектор курулуштун пайдубалын казуу иштеринен баштап толук бʏткɵнгɵ чейин ар бир этапты кɵзɵмɵлдɵп, кабыл алып, сапатын текшерген соң курулуштун кийинки этабына ɵтʏʏгɵ уруксат берет.

Айжылдыз Тойчиева