19 апреля, 2024

Куттубек Абдуллаев: “Майыптыгы бар жарандарды караган ассистенттер пенсияга чыгууга мʏмкʏнчʏлʏгʏ бар”

Жумушсуз жаран жɵлɵк пул алса болорун билчʏ белеңиз?Анда тɵмɵнкʏ макала ушул туурасында болсун. Биздин суроолорго Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жетекчиси Куттубек Абдуллаев жооп берет.

 -Куттубек мырза,  шаардагы жумушсуз статусун алган жарандар боюнча сиздердин мекеме кандай иш-аракеттерди алып барат?

-Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында жумушсуз жарандар менен калкты иш менен камсыз кылууга кɵмɵктɵшʏʏ бɵлʏмʏ иш алып барат. Негизинен жумушсуз жарандар биздин башкармалыкка ɵздʏгʏн тастыктаган документ менен келип каттоого турушат. Биздин адистер аларды каттоого алып, андан соң бош жумуш орундарын сунуштайт. Ал жаранга ылайык жумуш табылбаса анда жумушсуз статусу берилет. 2023-жылдын 1-январына карата Ош шаары боюнча расмий каттоодо турган жумушсуздардын саны 3065 адамды тʏзгɵн. Биз Ош шаарындагы жана жакынкы райондордогу бош жумуш орундарын мониторинг кылып турабыз. Жумуш берʏʏчʏлɵр дагы бизге маалымат берип турат. Ошолордун жыйынтыгында бизде бош жумуш орундарынын базасы тʏзʏлʏп, жарандарга сунуш кылабыз. Адистиги бар же жок экенине карабай келген адамдын баары каттоого алынат. Эгер келген адамдын адистиги же тиешелʏʏ документтери жок болсо кыска мɵɵнɵттʏʏ 3 айлык окуу курстарына окутабыз. Алар тигʏʏчʏ, ашпозчу, электрик, сантехник сыяктуу кесипке ээ болуп чыгышат. Жыйынтыгында жумушка жайгаштырганга жардам беребиз. Ош шаарында 3 кесиптик окуу жай бар. Мындан сырткары, жеке окуу борборлору да биз менен кызматташат. 2022-жыл ичинде биз 361 адамды ар кандай кесипке окутуп, жергиликтʏʏ ишканаларга ишке жайгаштырдык. Кɵпчʏлʏгʏ чет ɵлкɵгɵ чыгып, ишмердʏʏлʏгʏн ошол жакта жʏргʏзмɵй болушат. Кыска мɵɵнɵттʏʏ кесиптик окуулар 100 пайыз мамлекеттик бюджеттен каржыланат, жашына чектɵɵ жок, 18 жаштан жогорку жарандар кабыл алынат.

-Жумушсуз жарандар ʏчʏн ɵкмɵттɵн каралган жɵлɵк пул боюнча да кенен токтолсоңуз…

-Жумушсуз жарандарга мамлекет тарабынан атайын жɵлɵк пул каралган. Бирок буга чейин Ош шаарынан эч бир жаран жумушсуздугу ʏчʏн жɵлɵк пул алууга кайрылган эмес. Кайрылуунун шарттары: жарандын акыркы 3 жылдык эмгек стажы болуш керек, расмий тʏрдɵ иштеген, социалдык фондго салыктарды тɵлɵгɵн тɵлɵмдɵрʏ болсо, бизге 6 айдын ичинде кайрылса ал жаранды каттоого алып, ай сайын сумма, албетте аз ɵлчɵмдɵ 375 сомдон 6 айга чейин жɵлɵк пул тɵлɵнɵт. 6 айдан кийин токтойт.  Себеби жаран 6 ай ичинде жумуш таап, жумушка жайгашышы керек. Эгер жаран жумушка орношпосо  жɵлɵк пул алуу 6 айга узартылат. Ошондой эле жумушсуз жарандарды убактылуу болсо да жумуш менен камсыз кылуу максатында акы тɵлɵнʏʏчʏ коомдук жумуш деген иш-аракетибиз бар. Мунун негизинде шаардагы муниципалдык аймактык башкармалыктар, билим берʏʏ мекмелери менен тыгыз иш алып барып келебиз. Бул жерде ошол аймактарга кандайдыр бир коомдук ишти аткаруу ʏчʏн жумушчу кʏчʏ жетпей жатса алар бизге арыз менен кайрылат. Биз жумушсуз жарандарды убактылуу болсо да жумуш менен камсыз кылабыз. Алар тал-теректерди кыркуу,сырдоо, кɵрктɵндʏрʏʏ, тазалоо иштери менен алек болот. Мисалы, 2022-жылы 1514 жаранды коомдук жумушка тарттык.

-Коомдо ден соолугунун мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелген жарандарыбыз бар, алардын айрымдары бирɵɵнʏн жардамысыз эч нерсе кыла алышпайт, булар ʏчʏн жеке  ассистент кызматы бар эмеспи, алардын айлык акылары кɵтɵрʏлгɵнбʏ?

-Ден соолугунун мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелʏʏ, атайын бир адамга муктаж болгон жарандарга атайын жеке ассистент кызматы каралган. Буларды караган ата-энелер же жакын туугандары да болушу мʏмкʏн. 2022-жылга чейин 18 жашка чейин гана балдарды караган ата-энелерге берилип келген бул каражат. 2022-жылдан баштап балалыгынан баштап ден соолугунун мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелген 1-топтогу майыптар жеке ассистент кызматына кирди. Мурда 18 жашка чыккандан кийин токтоп калчу. Азыр 18ден ɵткɵндɵн кийин деле диагнозуна карап, эгер жаран 1-топтогу майып экендиги такталса уланып кете берет. Шаар боюнча 2022-жылга карата жеке ассистент кызматы 426 мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелген жаранга 412 адам дайындалган. Арасында кээ бирлери 2ден баланы карап калгандары бар. Ассистенттердин айлык акысы 6268 сомду тʏзɵт. Мурунку жылдары 4900 сом болчу. Ушул айлык акы менен кийин алар пенсияга да чыкса болот. Анткени, булар мамлекетке салыктарды тɵлɵп жатышат, эмгек стажы кете берет. Кээ бир ата-энелер ошол баланы карап, эч жерде иштей албай калышат. Пенсия курагы келгенде пенсияга чыгыш ʏчʏн стажы жок, ошондой болбоосу ʏчʏн бул да мʏмкʏнчʏлʏк.

-Ден соолугунун мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелген жарандарды  жумушка жайгаштырууда кандай иш-мерчемдер бар?

-Бизде жумушсуз катары катталган ден соолугунун мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелген жарандар да бар. Шаарда 7000ден ашуун мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелген жарандар болсо алардын 1000 бала 18 жашка чейинкилер тʏзɵт. Мэрия тараптан мекемелерге атайын квоталар бɵлʏнɵт. Ошондой квоталар ʏчʏн ɵткɵн жылы 10 жаранды жумушка жайгаштырдык. Мисалы, биздин башкармалыкка ɵткɵн жылы 1 адам ишке алынган, ага чейин 2 адам иштечʏ.

-Социалдык келишим боюнча ɵкмɵттɵн жʏз миң сом алып ишкердигин баштоо долбоору быйыл да жʏрɵбʏ?

-Жɵлɵк пул алган жарандар ʏчʏн ɵткɵн жылдан баштап социалдык келишим деген долбоор ишке кирген. Ɵлкɵ боюнча 2800 адамга каралып, анын ичинде Ош шаарына 50 адамга акча каражаты бɵлʏнгɵн. Шарттары боюнча айтсам, ʏй-бʏлɵгɵ кɵмɵкчʏ пул алган жарандар биринчи кезекте чакан бизнес долбоорлорун сунуштайт. Мэриянын алдында тʏзʏлгɵн комиссия карап чыгып, долбоорду жактыргандан кийин 100 миң сом кайтарымсыз акчалай жардам берилет. Акча каражатын алган соң 3 ай ичинде алар чакан ишкердигин башташ керек. 3 айга чейин биз аларды колдоо максатында жɵлɵк пулду токтобой алып турушат. 3 айдан соң токтойт. Ишкердиги башталган соң 3 жыл бою жɵлɵк пул берилбейт. Кандайдыр бир себептери менен ишкердиги калып кетсе да 3 жылдан соң кайрадан жɵлɵк пулга документ тапшырса болот. Келишим боюнча ишкердиги 3 айга да жетпей банкротко учураса   жɵлɵк пул 3 жылга чейин берилбейт. Алар ишкердигин баштаган соң биздин адистер мониторинг жʏргʏзʏп, маалыматтарды алып, ар биринин делосуна тиркеп турат. Азыркы учурда тигʏʏчʏлʏк, чакан дʏкɵндɵрдʏ, ашкана иштеткендер бар, унаа алып такси кылгандар, мал алып мал чарбачылыгын жɵнгɵ салып аткандар бар. Баары ɵз багытында иштеп жатышат.

Бул долбоор быйыл да уланып, ушул жылда ɵлкɵ боюнча 10 миң ʏй-бʏлɵгɵ 100 миң сомдон каражат бериле турган болду. Анын ичинде Ош шаарына 160 жаран ʏчʏн каражат бɵлʏнɵт. Бул тууралуу азыр биздин кызматкерлер жɵлɵк пул алган ʏй-бʏлɵлɵр менен байланышып, маалыматтарды берип жатышат. Шаарда 1200дɵн ашык жɵлɵк пул алган ʏй -бʏлɵ бар. Бизнес долбоорлору жактырылса алар ʏчʏн бизнести кантип жолго салып алып кетиши керек, кандай тоскоолдуктар болот, бул тууралуу Ош шаарындагы жаш ишкерлер ассоциациясы жарандар ʏчʏн акысыз окуу ɵтɵт.

 Элира Чынтемир кызы