27 июля, 2024

МУНИЦИПАЛДЫК ИПОТЕКА АЛУУНУН ШАРТТАРЫ ЖЕҢИЛДЕТИЛДИ

Ош шаардык Кеңешинин кезектеги XVI сессиясы болуп ɵттʏ. Ага тɵрага Салман Назылбеков, Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев, шаардагы бардык мекеме-ишканалардын, жарандык сектордун, массалык маалымат каражаттарынын, коомчулуктун ɵкʏлдɵрʏ катышты. Кʏн тартибине жети маселе киргизилген. Сессиянын жʏрʏшʏндɵ эл ɵкʏлдɵрʏ тарабынан бир катар маселелер кɵтɵрʏлʏп, мекеме-ишканалардын жетекчилерине сын-пикирлер, суроо-сунуштар айтылып, протоколдук тапшырмалар берилип, токтомдор кабыл алынды. Сессиянын жʏрʏшʏ тууралуу тɵмɵндɵ токтолобуз.

АР ТYРДYY МАСЕЛЕЛЕР

Кʏн тартибинде алгачкылардан болуп ар тʏрдʏʏ маселелер каралды. Анда шаардык Кеңештин депутаттары тарабынан билим берʏʏ, саламаттыкты сактоо, курулуш жаатында жана башка тармактардагы маселелер кɵтɵрʏлдʏ. Депутаттар Арыпбек Айтбаев мектеп мугалимдерине мектепте тамак-аш жасатпай жаткандыгын, мындан улам алар кɵчɵгɵ чыгып тамактанууга туура келерин, бул маселени тезинен чечʏʏ керектигин дагы бир ирет кɵтɵрсɵ, Кушбак Шайиев шаарда ɵндʏрʏштʏ колдоо зарылдыгын айтып, ишкерлерге мʏмкʏнчʏлʏк тʏзʏп берʏʏ керектигин белгиледи:

-Кечээ жакында “Ош сити” шаарчасын эки жерге курабыз деп аракетиңиздерди кɵрсɵттʏңʏздɵр. Мен буга чейин да шаарыбызга ɵндʏрʏш аймагын жаратуу боюнча айткам. “Ɵндʏрʏш зонасын кылууга шаарда жерибиз жок. Ошондуктан, ага мʏмкʏнчʏлʏк болбой келʏʏдɵ” деп келдик эле. Бирок, кечээ “Ош сити” шаарчасын трансформациялоого ɵкмɵткɵ сунушту бердиңиздер. Ɵндʏрʏш зонасын куруу боюнча да сунуш берсеңиздер болбойбу? – деген суроосун узатты.

Ош регионалдык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы Алтынбек Токошев шаардын башкы планына ылайык, ɵндʏрʏш багытында жерлер бар экенин, ɵндʏрʏшкɵ берсе боло турганын билдирди.

Бул суроону кошумчалай тɵрага Салман Назылбеков курулуш кʏчɵгɵн сайын ɵндʏрʏш багытындагы жерлер азайып бара жатканын айтып, мындай жерлерди сактап калууга чакырды.

Ал эми депутат Хулкар Исамова жаштар арасында синтетикалык баңги заттардын жайылышын алдын алуу керектигин, ал боюнча кандай иш чаралар кɵрʏлʏп жаткандыгына кызыкты. Аталган маселе боюнча социалдык тармакты тейлеген вице-мэр Нурбек Кадыров тиешелʏʏ чаралар кɵрʏлɵрʏн айтса, шаардык билим берʏʏ башкармалыгынын башчысы Санталат Аматова мектеп директорлоруна эскертʏʏ тапшырмалары берилгенин маалымдады.

Сессиянын жʏрʏшʏндɵ Жапалак айыл аймагына газ тʏтʏкчɵлɵрʏн тартуу дагы деле ишке ашпай жатканын айткан депутат Бекболот Арзибаев прокуратура кызматкерлерине кайрылды:

-Жапалакта 2 км жерге газ тʏтʏкчɵсʏ тартылбай турат. 15-декабрга чейин куруп бʏтʏрʏʏнʏ убадалашкан эле, бирок кура элек. Эмне ʏчʏн катуу чараларды кɵрɵ албай жатасыңар? – деди ал.

Бул маселе боюнча Ош шаарынын прокуратурасынын бɵлʏм башчысы Канат Насипов териштирʏʏ иштери жʏргʏзʏлгɵндɵн кийин так маалымат берилерин убада кылды. 

Мындан сырткары эл ɵкʏлдɵрʏ тарабынан экономикалык, коммуналдык жана социалдык тармактар боюнча тʏрдʏʏ маселелерге карата сын-сунуштар айтылып, протоколдук тапшырмалар берилди.

“ИПОТЕКАЛЫК ШАРТТА ТУРАК-ЖАЙ БƟЛʏП БЕРʏʏНʏН ТАРТИБИ ЖƟНʏНДƟ” ЖОБОГО ƟЗГƟРТYYЛƟР КИРГИЗИЛДИ

Жыйындын жʏрʏшʏндɵ Ош шаардык Кеңешинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы №11 “Ош шаарынын мэриясы тарабынан ипотекалык шартта турак-жай бɵлʏп берʏʏнʏн тартиби жɵнʏндɵ Жобону бекитʏʏ жɵнʏндɵ” токтомуна бир катар ɵзгɵртʏʏлɵр киргизилди. Маселени архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мʏлк, экология, агрардык жана ɵзгɵчɵ кырдаалдар  маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы карап, кʏн тартибине алып чыккан. Ага ылайык, эми ипотекалык турак жайды сатып алуучу Кыргыз Республикасынын жɵндɵмдʏʏ жарандары гана эмес, юридикалык жактар да боло алат.

Мындан тышкары:

— 18 жаштан (арыз берилген учурга) 70 жашка чейин (акыркы тɵлɵɵ суммасын тɵлɵп берген учурга) деп ɵзгɵртʏлдʏ. Буга чейин 65 жашка чейин деп белгиленген;

 — акыркы 5 жыл ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз мʏлкʏ (ʏй, батир, жеке турак-жай куруу ʏчʏн жер тилке жана коммерциялык жай) жок болушу керек. Бул талап чогуу жашаган ʏй-бʏлɵ мʏчɵлɵрʏнɵ да тиешелʏʏ;

— шаарда туруктуу жашоо жана тиешелʏʏ каттоого туруу мɵɵнɵтʏ 5 жылдан 3 жылга кыскартылды;

— ʏй-бʏлɵнʏн бардык бойго жеткен мʏчɵлɵрʏ ʏчʏн муниципалдык ипотекалык программа боюнча турак жайды сатып алууга макулдук берʏʏ зарылчылыгы алынып салынды;

— акыркы 5 жыл ичинде Кыргыз Республикасынын бʏткʏл аймагында турак-жай боюнча эч кандай жарандык-укуктук бʏтʏмдɵр болбогон (ижара жана курулушу башталбаган турак ʏйʏн алуу жɵнʏндɵ ʏлʏштʏк курулушка катышуу келишимдеринен сырткары). Бул талап чогуу жашаган ʏй-бʏлɵ мʏчɵлɵрʏнɵ да тиешелʏʏ;

— катталган жарандардын арасында турак жайды бɵлʏштʏрʏʏ батирлерди чʏчʏ кулак кармоонун негизинде жʏргʏзʏлɵт.

Кошумчалай кетсек, ипотекалык турак-жай алуу ʏчʏн жаран мобилдик тиркеме аркылуу ɵтʏнмɵ берет. Атайын программа жарандардын тиешелʏʏ иш кагаздары толук болгон учурда жарандын арызы кабыл алынгандыгы жɵнʏндɵ билдирме берет. Бул жарандын арызынын кабыл алынгандыгын жана кезекке тургандыгын тастыктайт. Жаран автоматтык тʏрдɵ тизмеге кирет.

2023-ЖЫЛГА КАРАТА БЮДЖЕТ БЕКИТИЛДИ

Кʏн тартибинин алкагында Ош шаарынын 2023-жылга бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландык кɵрсɵткʏчтɵр каралды. Бюджет маселеси боюнча депутаттардын суроолоруна шаардын биринчи вице-мэри Марс Исаев, шаардык каржы башкармалыгынын ɵкʏлдɵрʏ жооп берип, бюджеттин киреше жана чыгаша бɵлʏгʏнʏн негизги кɵрсɵткʏчтɵрʏ боюнча маалымат беришти. Жыйынтыгында Ош шаарынын 2023-жылга бюджети бекитилип, 2 509 306,2 миң сомду тʏздʏ.

Буга чейин маалым болгондой, 2023-жылга жергиликтʏʏ бюджеттин киреше кɵлɵмʏ (бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын кошкондо) 2022-жылдын бекитилген бюджетине салыштырмалуу 156,8 % га ɵсʏп, же болбосо 908 796,2 миң сомго кɵбɵйʏп, 2 509 306,2 миң сомду тʏзʏʏдɵ, анын ичинен:

— салык кирешелери 2 023 126,2 миң сомду (жалпы бюджеттин кɵлɵмʏндɵ 80,7%);

— салык эмес кирешелери 356 180,0 миң сомду (жалпы бюджеттин кɵлɵмʏндɵ 14,1%);

— бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары 130 000,0 миң сомду (жалпы бюджеттен 5,2%) тʏздʏ.

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга болжолу жɵнʏндɵ” Мыйзамынын негизинде жергиликтʏʏ бюджетке жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерʏʏлɵрʏ тɵмɵнкʏдɵй ченемде белгиленген:

— киреше салыгы — 100%;

— жер казынасын пайдалангандыгы ʏчʏн салык — 50%;

— мʏлк салыгы — 100 %;

— патенттин негизиндеги салык — 100%.

Ал эми жергиликтʏʏ бюджеттин пландык кɵрсɵткʏчтɵрʏ 2024-жылга 2 632 874,0 миң сомду, 2025-жылга 2 768 117,7 миң сомду тʏзʏʏдɵ.

Бюджеттин чыгашалар бɵлʏгʏ 2023-жылга атайын каражаттарды кошкондо 2 509 306,2 миң сомду тʏзʏп, 2022-жылга салыштырмалуу 908 796,2 миң сомго кɵбɵйгɵн.

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун тапшырмасына ылайык, быйылкы жылы калаа тургундарын ичʏʏчʏ суу менен ʏзгʏлтʏксʏз камсыздоо, шаардын инфраструктурасын жакшыртуу, социалдык объектилерди куруу жана жолдорду оңдоо, шаардын борбордук жолдорунун кесилиштериндеги тыгындарды жоюу маселелерине, долбоорлорду биргелешип каржылоого ɵзгɵчɵ кɵңʏл бурулат.

2023-жылга белгиленген бюджеттин чыгаша бɵлʏгʏ тармактар боюнча тɵмɵндɵгʏдɵй сунушталган:

 Бюджеттин долбоорун талкууда эл ɵкʏлʏ Кушбак Шайиев мекеме-ишканаларга берилчʏ субсидиянын кɵлɵмʏ ɵскɵндʏгʏн айтып: “Жумуш жʏрʏп жаткан жерде субсидиянын кɵлɵмʏ жыл ɵткɵн сайын азайышы керек эле. Жетекчилер субсидияны азайтуу ʏчʏн кандайдыр бир сунуштарды айтып жатышабы? – деген суроону койду.  

Бул маселе туруктуу депутаттык комиссияда каралганын айткан депутат Эсенбек Арзиев, субсидияны азайтууда кайра эле элге жʏк тʏшʏп жатканын белгиледи:

-Субсидиянын кɵлɵмʏ жогорулады. Албетте, бербеш керек, бирок анда тазалыктын тарифин кɵтɵрʏп, жол акыны кымбаттатыш керек экен. Ал кайра эле элдин жонуна тʏшʏп калууда, — деди Арзиев.

Жумагʏл Кочкорбай кызы