27 июля, 2024

Жанболот Турсунбаев: “Университет деген чоң ʏй- бʏлɵм бар”

Ɵлкɵнʏн ɵнʏгʏʏсʏнɵ салым кошкон инсандарга гезит бетинен орун берип келебиз. Алардын ɵрнɵктʏʏ ɵмʏрʏ жаштар ʏчʏн ʏлгʏ болсо деген тилек. “Бейне” рубрикабыздын бʏгʏнкʏ коногу Ош технологиялык университетинин ректору, техника илимдеринин кандидаты, доцент Жанболот Жанышович болмокчу. Илим жолундагы инсан балалыгы, жаштыгы, эмгек жолу тууралуу кеп кылып берди. Анда кеп башынан болсун.

“Чоң энемин жомогу”

-Мен 1972-жылы 14-январда Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Кыргыз-Чек айылында тɵрɵлгɵмʏн. ʏй-бʏлɵдɵ 2 бир тууганбыз, менден улуу эжем бар. Биздин мезгилде ата-энелерибиз баары эле окшош колхоздун ишинде иштегендиктен бизди чоң ата, чоң энебиз багып чоңойтту. Мен ошол кишилердин тарбиясын алып калдым. Анан ɵз ата-энеңе караганда чоң эне, чоң ата кээ бир учурда эркелетсе да алар турмуштун ɵйдɵ-ылдыйын кɵп кɵргɵн ʏчʏнбʏ тарбия берʏʏдɵ тажрыйбасы жогору болот экен. Чоң атам жалгыз уул болгону менен чоң энем кɵп бир тууган, чоң ʏй- бʏлɵнʏн кызы эле. ʏйгɵ чоң энемин туугандары келгенинен улам билчʏмʏн. Анан энем нанды аябай чоң жана даамдуу жапчу. Мен балалык кылып билбейт экен элем, энемин нанынан жеп кетели деп кошуналар деле, туугандары деле келип калчу. Эркек киши ар дайым сырттагы адам, ошол ʏчʏн илгертен эле баланы тарбиялоодо эне негизги ролду ойногон. Чоң энем да бизге ар тʏрдʏʏ жомокторду, уламыштарды айтып берип чоңойтту. Кɵрсɵ ошонун баары адам баласынын калыптануусунда таасирин тийгизет экен. Чоң атам Турсунбай да колхоздо иштеген, эмгекчил, чынчыл, адилеттʏʏ киши болгон, айылдын аксакалы болгон ʏчʏн эсимде, ʏйгɵ чечилбей аткан маселелерин айтып айылдын адамдары кɵп келчʏ. Комузду жакшы чертчʏ, чоң атамын эмгекчилдик мʏнɵзʏн алдым, бирок комуз чертʏʏнʏ ɵздɵштʏрɵ албай койдум. Аракет кылдым, музыка мен ʏчʏн эмес экен.

“ʏйдɵ малды карап, пахтаны да терип, окууга деле жетишчʏбʏз”

-1979-жылы мектеп босогосун аттадым. Айылыбызда кыргыздардан сырткары ɵзбек, чечен, азербайжан улутунун ɵкʏлдɵрʏ жашачу. Ошол кездин талабы менен ʏй-бʏлɵбʏз баары пахтага чыгат элек. Кыргыздардын жашоосу мал менен ɵтɵт, ʏйдɵ малды карап, пахтаны да терип, окууга деле жетишчʏбʏз. Мектепте сабакты жакшы окуп, 10-классты бʏткɵнчɵ класском болдум. Спорттук мелдештерге райондорго чейин барып катышып келчʏбʏз. Биз мектепти аяктап атканда 4 бʏтʏрʏʏчʏ кʏмʏш медаль менен бʏттʏк. Негедир биз бʏтʏп аткан кезде алтын эмес, кʏмʏш берилген. Ошол 89-жылкы бʏтʏрʏʏчʏлɵрдɵн жалгыз мен жогорку окуу жайына ɵткɵм. Калгандарыбыз кийинки жылы окуду.

“Группалаштар менен картошкада тааныштык”

-1989-жылы Фрунзе политехникалык институтунун жол курулуш машиналары адистигине тапшырып студент болуп калдым. Ал кезде студенттерди айыл чарба жумуштарына жɵнɵтчʏ. Чоң-Кеминде картошка казып иштеп келип, анан окууга кирдик. Группалаштар менен картошкада жʏрʏп жакындан тааныштык. Жатаканада жашадым. Жаштыктын бир мезгили студенттик кʏндɵр болсо, анын ичинде жатаканада жашоо да чыныгы студент болуунун бир ʏзʏмʏ. Биз жашаган 7- жатаканада ошол кезде жаңыдан таанылып келе жаткан Бек Борбиев, Мыктыбек Арстанбек ɵңдʏʏ белгилʏʏлɵр да жашачу. Бек жатакананын балконуна чыгып, аккордеонун тартып ырдап калса, баарыбыз башыбызды чыгарып аны тыңдап калаар элек.

Жогорку окуу жайын ийгиликтʏʏ аяктап келген соң Ош технологиялык университетинин автомобилдик транспорт факультетине лаборант болуп жумушка орношуу менен эмгек жолум башталды. Кийин ушул жерде лаборатория башчысы, анан окутуучу болуп эмгектендим. 2001-жылдан 2022-жылдын сентябрь айына чейин Ош мамлекеттик университетинде иштедим. Ɵткɵн жылдын сентябрынан тарта Ош технологиялык университетине ректор болуп дайындалдым.

“Кезинде арзыбаган айлыкка иштегем”

-Мен жаңыдан жумушка лаборант болуп орношкон кез Союз мезгили болгон ʏчʏн баары бирдей, адамдардын деле бар нерсеге топук кылып жашаган мʏнɵзʏ бар эле. Азыр чындыгында лаборант болуп иште десең аз айлыкка кээ бир жаштар чыдамы жок, кетип калып жатышат. Андан кɵрɵ Орусияга барып иштейм дейт же болбосо ишкердик кылат. Бирок мамлекеттин социалдык-экономикалык абалын кɵтɵрʏʏдɵ жаштарыбыз мамлекеттик иштерде иштегени дурус болмок. Жɵн эле иштебестен илимди кошо ала кетсе, себеби билим берʏʏдɵ илим кошо жʏрɵт. Мен деле кезинде арзыбаган айлыкка иштегем. 80-90 сомдун тегерегинде айлык алчумун. Алган айлыгымы чоң ата, чоң энеме алып барып берем, жетпей атса кайра алардан алам, баарына сабырдуулук менен жетсе болот.

“Турмуш, жумуш деп жʏрʏп кээде спортко убакыт жетпей калат”

-Илим жолуна 1997-жылы тʏштʏм десем болот. Ал кезде лаборатория башчысы элем, кайрадан куралуучу энергиянын тʏрлɵрʏнʏнʏн негизиндеги энергетикалык курамалар деген адистик бар. Ошол адистик боюнча аспирантурага тапшырдым. Шартка байланыштуу бир окуу жайдан бир окуу жайга ɵтʏп, ушундай убакыттарда ортодо менин илим жактоом бир аз созулуп кетти. 2000-жылы аспирантураны аяктадым, 2005-жылы кандидаттык даражамды коргодум. Илим жолунда мени тарбиялаган илимий жетекчим катары Ош мамлекеттик университетинин докторантура бɵлʏмʏнʏн башчысы Кенжаев Идирисбек Гуламовичти айта алам, бир эле илим жолунда эмес, турмуштук да тарбия берген инсан. Агай бир эле мени эмес, менден башка да бир топ кандидаттарды чыгарган киши.

Негизи мектеп кезинен бери спортко жакынмын. Турмуш, жумуш деп жʏрʏп кээде спортко убакыт жетпей калат. Ошентсе да эрте менен таза абада басканды адатка айлантып алгамын. Дайыма ɵзʏмдʏ тонуста кармаганга аракет кылам.

“Уулоо ɵзʏнчɵ терапия”

-Мен уулоого кызыгам, балык, канаттууларга уучулук болобу, кандай тʏрʏ болбосун мени эс алдырат. Максат бир нерсени атуу же кармап алуу эмес, ошодон ырахат алуу. Таза абада, дарыянын шарылдап акканын тиктеп отуруу мээде топтолуп калган стресстерден арылтат. Бул ɵзʏнчɵ терапия. Жылдын кайсыл мезгили болбосун эс алуунун ушул тʏрʏ кɵңʏлʏмɵ жакын.

Чоң атам, андан кийин атам, ɵзʏм да жалгыз уул болгон ʏчʏн кɵп балалуу болууну кыялдандым. Кудайга шʏгʏр, жубайым экɵɵбʏз 5 балага ата-эне болдук. 2 уул, 3 кызыбыз бар. Балдарымын чоңдору студент, магистратурада окуп, иштеп калса, арты мектеп окуучулары. Бала тарбиялоо оңой эмес, кандай гана кырдаал болбосун, жашоодо адам болгула деп колубуздан келген тарбияны берип келʏʏдɵбʏз. Келинчегим менен мен лаборант болуп иштеп жʏргɵн кезде таанышып баш кошконбуз, кесиби боюнча бухгалтер. Учурда балдар менен ʏйдɵ.

“Ɵндʏрʏштʏ кʏчɵтʏшʏбʏз керек”

-Азыр заман ɵзʏ бир аз олку-солку учур. Ошого карабастан университет деген чоң ʏй- бʏлɵм бар. 458 окутуучулук-профессордук курам 16 миңден ашуун студентке билим берип келʏʏдɵ. Окуу жайыбызды дʏйнɵлʏк деңгээлдеги университеттердин катарына кошуу ниетте азыр сырткы байланышты кʏчɵтʏп, бир нече эл аралык долбоорлордун ʏстʏнɵн иш алып барып жатабыз. Буюрса, максаттарыбыз ишке ашса университеттин да аброю кɵтɵрʏлɵт деп ишенем. Кыргызстанда 5 университет ɵзгɵчɵ деген статуста, тʏштʏктɵн бир гана ОшМУ ушул тизмеде. Биздин окуу жай тʏштʏктɵгʏ эң чоң техникалык багытта билим берген бирден бир технологиялык окуу жай болгондуктан ошол ɵзгɵчɵ деген статуска биз да жетишсек деп максат койгонбуз. Буга талыкпастан бʏт жамааат менен биргеликте аракеттенип, ɵндʏрʏштʏ кʏчɵтʏшʏбʏз керек. Сɵз соңунда кыргыз элиме, анын ичинде ɵзʏм эмгектенген окуу жайдын жамаатына жетишкендиктерди, ынтымак-ырашкерликти каалап кетем, арыбаңыздар.

Элира Чынтемир кызы