24 апреля, 2024

Абсамат Масалиев: «Чыныгы таза болгон кишинин жʏзʏ жарык болот»

Кыргызстандын белгилʏʏ мамлекеттик ишмери, Кыргыз Республикасынын Эл баатыры Абсамат Масалиевдин кɵзʏ тирʏʏ болгондо быйыл  90 жашка чыкмак. 1933-жылы 10-апрелде Кадамжай районундагы Алыш кыштагында туулган.Масалиевди «жупуну мʏнɵз кʏткɵн, жɵнɵкɵй, чыныгы мекенчил инсан эле» дешет замандаштары.

Даректʏʏ фильмди эч бир тв кɵрсɵткɵн эмес

Режиссёр Нуралы Турапов »  Абсамат Масалиев» деген даректʏʏ фильм тарткан. Анда мамлекеттик ишмер Масалиевдин кɵзʏ тирʏʏ эле. Андагы уникалдуу кадрлар кɵрʏʏчʏгɵ Масалиевдин карапайымдыгын кɵрсɵтɵт.

Кадрда Кадамжайдагы Алыш айылында тулуп- ɵскɵн, ата-энесинин сɵɵгʏ чыккан эски жалпак ʏйʏ.

«Ушунча жыл чоң болуп жʏрʏп ата-энесинин тамын оңдой алган жок» деп да айткандар болгон экен.

Масалиев бул сɵзгɵ мындайча жооп берген:

«…. айрым санаалаштар айтып калчу: «Абсамат Масалиевич, сиздин бир сɵзʏңʏз. Мобул жерге заңгыраган сарай салып коёбуз»,-деп. Бийликте турган адамга ар кайсы жол менен кызмат кɵрсɵтɵ коёбуз дегендер четтен табылат эмеспи. Бул мен ʏчʏн кымбат ʏй. Бул дубалдын ар бир топурагында атамдын колунун изи, энемдин мени дубалдай сактап келген мээрими турат».

Нуралы Турапов тарткан бул даректʏʏ фильм Масалиевдин дʏйнɵдɵн кайтарына бир ай калганда тартылган.

Арадан бир аз ɵтпɵй 2004-жылы 31-июль кʏнʏ кʏтʏʏсʏздɵн жʏрɵк оорусунан каза болгон.

Ал тасмада ɵзʏ жɵнʏндɵ: «Таза болуп жашайын. Калыс болоюн. Бирɵɵлɵргɵ катуу айтпайын дедим. Чыныгы таза болгон кишинин жʏзʏ жарык болот экен. Дайыма ɵзʏнʏн ой пикирин айта алат экен. Ɵзʏнɵ баш ийген кишилерден талап кыла алат экен. Мен ʏчʏн бул эреже болуп калган, ошол бойдон, кудай кааласа, келатат».

Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, жазуучу жана драматург Султан Раев:

«Абсамат Масалиев — ар бирибиздин жʏрɵгʏбʏзгɵ тазалык менен элге кызмат кылуунун ɵзгɵчɵ символун калтырды»

— Абсамат Масалиев кɵп жылдар бою кыргыз элин башкарып, ɵзʏнʏн ак, адал, чынчыл, акыйкатчыл мʏнɵзʏ менен тарыхта калды.

Абсамат Масалиев. Бул ысым ар бирибиздин жʏрɵгʏбʏзгɵ тазалык менен аруулуктун, абийир менен ар-намыстын, элге кызмат кылуунун ɵзгɵчɵ символун калтырды. Ɵмʏрʏ да, ɵмʏр жолу да, адамдык нарк-насили да ɵрнɵк. Карапайым.Таза. Талапчыл. Мындай адамдарга кыргыз коому чаңкап турат.

Абсамат Масалиев жɵнʏндɵ досум Нуралы экɵɵбʏз документалдуу фильм тартканбыз. Ал учурда Абсамат Масалиевдин атын катуураак айтканга да жʏрɵксʏнʏп турган мезгил . Эч кимге билгизбей, эч жарыя кылбай тарттык. Абсамат Масалиев кандай болсо, ошондой тарттык. Короодо картошка эгип, лопатка басып жʏргɵн Масалиев. Бутуна резина ɵтʏктʏ кийип, огороддо кʏн бою жʏргɵн Масалиев…

Ушул кадрларды КТРден тʏн жамына Нуралы «уурдап» алып чыккан камера менен тарттык. Абсамат Масалиевдин, кɵзʏ тирʏʏ Масалиевдин миңдеген кадрлары тартылды. Арабыздан кɵп ɵтпɵй а киши ɵтʏп кетти. Биз тарткан ар бир кадр, кɵз ирмем ошол кʏнʏ тарыхка айланды. Фильмди бʏтʏп, эч бир теледен кɵрсɵтɵ албай жʏргɵнбʏз. Кɵзʏ тирʏʏсʏндɵ кɵрʏп алсын дегенбиз. Эч кайсы канал кɵрсɵткɵн жок. Кɵзʏ ɵткɵндɵ гана ал фильмди Жогорку Кеңеште депутаттарга кɵрсɵттʏ. Эң ɵкʏнʏчтʏʏсʏ Масалиев Биринчи катчы, эл башкарып жʏргɵн мезгилдеги бир да тʏзʏк кадр калбаптыр. Баары жок кылынган экен. Аялы, эжебиз Кайрынса да ушул даректʏʏ фильмде тʏбɵлʏккɵ калды. Журт башынын аялы ɵмʏр бою тигичʏʏ болуп иштеди. Азыркынын тили менен айтканда, ал — нонсес, журт башынын аялы жɵнɵкɵй тигʏʏчʏ. Ушундай адамдар арабызда болгон, алар болгон ʏчʏн кɵкʏрɵгʏбʏздɵ кыпындай болсо да адамдык ыймандын бир бутагы кɵктɵп турат…

Абсамат Масалиев да, досум Нуралы да арабызда жок. Бирок, алардын элеси калды. Ал элес, аларга болгон таазимдин элеси…

Исхак Масалиев, Жогорку Кеңештин депутаты, уулу:

«Атам ɵмʏр бою эл ʏчʏн иштеген»

-Атам ɵмʏр бою эл ʏчʏн иштеген. Аны бирɵɵлɵр жек кɵрʏштʏ, бирɵɵлɵр сыйлады. Атам ɵлгɵндɵн кийин ɵздɵрʏн Масалиевдин союздашымын деп атаган адамдар кɵп болгон. Бирок атам алардан айырмаланып ыйманын, элин саткан эмес, материалдык байлыктарды топтоп, мʏлк жыйган эмес. Ал эми азыр кээ бир жаштар ал убакты советтик убак дешсе, мен алардан уялбайм, алар менен сыймыктанам. Эске сала кетейин, Абсамат Масалиев акыркы 27 жыл ичинде ɵлкɵбʏздʏн бирден бир лидери эл менен бирге болуп, акыркы мʏнɵттɵргɵ чейин муну менен сыймыктанып келген.

«Баарынан кечирим сурагандай, коштошкондой болду»

А. Акматовдун «Жалгыз дос» аттуу китебинде Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров мындайча эскерет:

-Абсамат Масалиев ɵткɵндɵн кийин Алышка барып, Абсатар аба менен учурашып отурдук. Ошондо Абсатар аксакал агасы, маркум Абсамат Масалиевдин Алышка акыркы ирет келгенде мурда жасабаган иштерди жасаганын айтып берди.

“Абсамат Масалиев ɵтɵр алдында айылга келип, мурда жасабаган ишти жасады. Аксакал байбичеси менен айылына келип, алыс-жакын туугандарын, кошуналарын чакырып, кой союп чай берди. Адатта Абсамат Масалиев дасторконго отурганда келин-кесектер айбыгып отурчу эмес. Ал кʏнʏ Абсамат Масалиев баарын кыйнап-кыстап, тегиз отургузуп, ар жак, бер жактан сɵз козгоп отуруп, баарынан кечирим сурагандай, коштошкондой болду. “Жогорку Кеңеш жайкы каникулга тарар алдында депутаттарга тыйын берет. Мына ошол тыйын-тыпырдын эсебинен силерге чай берип коёюн дедим”,- деп кошуна, туугандарга айтып отурду. Кайран абам ошондо эли-журту менен коштошуп жаткан экен”,-деп Абсатар аксакал эскерди…

Басып ɵткɵн жолу

• Абсамат Масалиев 1949-жылы ʏч-Коргон кыштагындагы 8 жылдык мектепти бʏткɵндɵн кийин Кызыл-Кыядагы тоо-кен техникумун артыкчылык диплому менен аяктаган.

• 1953-1956-жылдары Москвадагы Сталин атындагы тоо-кен институнун атайын орто билимдʏʏ адистерди тездетилген программа менен инженердик кесипке даярдачу ʏч жылдык бɵлʏмʏндɵ окуйт.

• Институтту бʏткɵндɵн кийинки алгачкы беш жылда «Кызыл-Кыя кɵмʏр» башкармалыгынын «Комсомольская» кенинде участка начальнигинин жардамчысы-тоо местери, участканын начальниги, «Комсомольская» кенинин орун басар башкы инженери, «Кыргыз кɵмʏр» трестинин башкы инженеринин жардамчысы болуп эмгектенет.

• 1961-жылы Кыргызстан компартиясынын Ош облустук комитетинин ɵнɵр жай жана транспорт бɵлʏмʏнʏн инспектору болуп которулат.

• 1962-1964-жылдары Алматыдагы Жогорку партиялык мектепте окуйт. Андан соң Кыргызстан КП БКсы менен Кыргыз ССР Министрлер советинин Партиялык-мамлекеттик контролдоо комитетинин ɵнɵр жай, транспорт жана байланыш бɵлʏмʏнʏн инспектору, Ош облустук элдик контрол комитетинин тɵрага орун басары болуп иштейт.

• 1966-жылы партиянын Ош облустук комитетинин ɵнɵр жай жана транспорт бɵлʏмʏнʏн башчысы, ал эми 1969-1971-жылдары партиянын Таш-Кɵмʏр шааркомунун 1-катчысы, андан соң эки жылдай Кыргызстан КП БКсынын ɵнɵр жай жана транспорт бɵлʏм башчысынын орун басары болгон.

• 1972-1974-жылдары Фрунзе шаардык аткомунун тɵрагасы болуп иштеген.

• 1974-1979-жылдар-Кыргызстан КП БКнын катчысы.

•1975-жылдын январь, 1985-жылдын июнь айлары партиянын Ысык-Кɵл областык комитетинин биринчи катчысы.

•1985-жылы КПСС БКнын инспектору. 1985-жылдын ноябрынан 1991-жылдын апрелине чейин Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы.

• 1990-жылдын апрель-декабрь айларында Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин тɵрагасы болгон.

• 1991-жылдын апрель-август айлары КПСС БКнын идеологиялык бɵлʏмʏнʏн кеңешчиси.

• 1993-96-жылдар Тоо кен иштериндеги коопсуздукту техникалык кɵзɵмɵлдɵɵ боюнча мамлекеттик агенттиктин мʏдʏрʏ.

• КПСС БКнын мʏчɵсʏ (1986-1991), СССР Жогорку Советинин 10-11-чакырылышынан депутаты, СССРдин эл депутаты(1989-1991), СССР Жогорку Советинин мʏчɵсʏ, Кыргыз ССР Жогорку Кеңешине беш чакырылышына депутат болуп шайланган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1-чакырылышынын депутаты. 2000-2004-жылдары КР Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты.