19 сентября, 2024

“СОГУШТУ КƟРГƟН ГАНА ТЫНЧТЫКТЫН КАДЫРЫН БИЛЕТ”

Ооган согушу. Советтик армиянын куралдуу кʏчтɵрʏ 1989-жылы 15-февралда дээрлик он жылга созулган согуш талаасынан чыгып кеткен кʏн. Жоокерлер ɵзʏнʏн интернационалдык милдетин аткаруу ʏчʏн 1979-жылы 27-декабрда аталган ɵлкɵгɵ киргизилген эле.  Расмий маалыматтарга таянсак, согушка 620 миң аскер катышып, анын ичинен 14 453ʏ курман болгон. Ал эми Кыргызстандан 7 миңден ашуун жоокер катышып, анын 254ʏ согуш талаасында кɵз жумган. 1,5 миңдей аскер ар тʏрдʏʏ жараат алса, 600гɵ жакыны майып болуп кайтышкан.

Бʏгʏнкʏ кʏндɵ Ош шаарында 358 ардагер жашайт. Алардын тɵртɵɵ согуш талаасынан майып болуп келсе, учурда оор абалда 8 ардагер бар. Ошондой эле келгенден кийин ден соолугу начарлап, майыптыгы боюнча топторго кошулгандар жетимиштен ашат. “Бул согушта биз интернационалдык милдеттерибизди аткардык. Ага тарых ɵзʏ баа берет. Согуш дегендин эң акыркы ардагерлери биз бололу. Мындан кийин тынчтыктын гана ардагерлери болсун” дешет алар.

Редакция ардагерлердин абалынан кабар алды.  

“КУРМАН БОЛГОНДОРДУН СƟƟГYН АТА-ЭНЕСИНЕ ЖƟНƟТYY АБДАН КЕЙИШТYY ЭЛЕ”

Тургунаалы Абылкасымов, Ооган согушунун ардагери. Ал 1981-жылы Советтик армиянын кызматына  чакырылган. Ошол учур согуш мезгилине туш келип, башка жоокерлердей эле Ооганстанга аттанганын айтат:

-Бешене экен, Ооган жерине баруубузга туура келди. Ал жакта эки интернационалдык милдетибизди аткарып, шʏгʏр, аман-эсен кайттык. Эми согуш деген согуш, анда жоготуулар, кан тɵгʏʏлɵр болот. Эң жаманы ушул, куралдаш досторубузду жоготтук, алар биздин тʏбɵлʏк эсибизде. Аскерлерди атайын бригада кылып согуштук рейдке жɵнɵтчʏ. Рейд канчага созулары белгисиз, кээде белгиленген мɵɵнɵттɵн да узакка созулчу. Кезек-кезеги менен аскерлер алмашып кетишчʏ. Биринчи кеткендерди тосуп алуу кыйын эле. Анткени жоготуу болгонун билʏʏ ɵтɵ оор, андайда эки кʏн эки жылдай сезилчʏ. Биз кетсек, башкалар бизди тосуп алышат. Жоокерлер бири-бирибизге ушундай ынак элек. 1982-жылы Ооганстандын Пакистандагы чек ара жагында Панджер деген капчыгайында дивизия боюнча рейд болуп, ошондо жоготуу кɵп болду. Аталган капчыгай согушка ыңгайлуу болгон ʏчʏн ал аймакка ээлик кылууга кʏрɵш катуу жʏргɵн. Курман болгондордун сɵɵгʏн алып чыгып, ата-энесине жɵнɵтʏʏ абдан кейиштʏʏ эле. Жакшынакай буту менен басып барып, 18 жашында эч нерсени кɵрбɵй, интернационалдык милдетин аткарып жатып курман болушту. Бул согушту туура же туура эмес экенин тарых чечет. Биз эми ɵз милдетибизди аткарып кайттык. Согушту кɵргɵн гана тынчтыктын кадырын билет дейт эмеспи. Согуштун акыркы ардагерлери биз эле бололу. Мындан кийин согуш болбосун. Тынчтыктын гана ардагерлери болсун. 

“СОГУШТА АЙБАНДЫ АЯШЫ МYМКYН, АДАМДЫ АЯБАЙТ”

Ал эми ардагер Улугбек Урманов аскердик кызматтагы эки жылдын 22 айын Ооганстандын аймагында ɵткɵргɵнʏн, бир нече шаарларда болгонун, кʏтʏʏсʏз атылган октон аман калгандыгын эскерип отурду: 

-1979-жылдын кʏз айында аскердик кызматка чакырылып, Казакстандын Талдыкорган шаарында кызмат ɵтɵɵнʏ баштаганбыз. Эки ай Советтер союзунун аймагында болуп, андан соң Ооганстанга жɵнɵтʏлдʏк. Алгач Ɵзбекстандын Термез шаарына келип, кийин вертолёт менен Ооганстандын Кундуз деген шаарына кондук. Анда элдин тынчтыгын сактоо ʏчʏн эки ай болгонбуз. Кийин бизди борбору Кабулга, андан соң Желалабад шаарына жɵнɵтʏштʏ. Ал жактан биздин батальонду Асадабад шаарына которушту, 1980-жылдын май айынан тарта ошол жерде кызматыбыз бʏткɵнгɵ чейин болдук. Анда армиядан, согуштан баш тартуу деген кайда. Ар улуттагы досторду таптык, бирок эрте жоготтук. Кʏтʏʏсʏз атылган октон, минадан аман калганыбыз али кʏнгɵ чейин эсимде. Куралдаш досум экɵɵбʏз унаада баратканбыз. Ал рулда болчу. Мен баратып уктап, аркага жɵлɵнʏп калган экенмин, ошол кезде атышуу орун алып, капталыбыздан атылган ок айнектен кирип, сантиметр аралыкта бул жактагы айнектен чыгып кетиптир. Кудай сактап, досум экɵɵбʏз тең аман калганбыз.

Мекенибизге сак саламат келип, мынтип шаардагы ардагерлер бири-бирибиз менен кɵрʏшʏп, баарлашып турабыз. Баарыбыз бир убакта бир жерде болбосок дагы, ошол кездеги согуш талаасын кɵргɵнбʏз. Тилегибиз — мындан кийин согуш болбосун. Согушта айбанды аяшы мʏмкʏн, адамды аябайт. Анда адамдын жаныбарчалык да кадыры болбойт. Душман делет, туура, душман деле адам. Бирок, сен душманды атпасаң, ал сени атат. Айла жок, буйрукту аткарасың. 

“ООГАНСТАН СОГУШУ БИЗГЕ ЧОҢ МЕКТЕП БОЛДУ”

18 жашында согуш талаасына баргандардын бири Шарабидин Байтиков. Алардын батальону бир ай катуу даярдыктан кийин Памир-Хорог аркылуу Ооганстанга барышкан:

-Ооганстанда согуш а прелде башталган. Ал эми Советтик армия 1979-жылы киргизилген. Биз 1980-жылы бардык. Ошондогу учур ɵзʏнчɵ бир тарых. Анда он жыл согуш болсо, биздин жоокерлер барып кызматын ɵтɵп, бʏткɵндɵрʏ кайтып, башка жоокерлер жɵнɵп кетишет. Бʏгʏн ардагерлердин кичʏʏлɵрʏнʏн жашы 50-60ка келип калса, биз 60тан аштык. Бул согуш боюнча сʏйлɵшʏп келсең, айрымдар “биздин согуш эмес го” деген ойлорун айтышат. Бирок, анда буйрук мамлекеттики болгон. Буйрук болгондон кийин жоокерлер аткарууга милдеттʏʏбʏз. 

Ооганстанды баарыбыз эле тʏшʏнʏп, маалымат каражаттарынан окуп, кɵрʏп калдык. Ɵтɵ артта калган мамлекет. Мындайча айтканда, кылымга тете согуш жʏрʏп аткан ɵлкɵ. Убагында Англия да бул жерди колония  кылабыз деген, бирок таштап чыгып кетишкен. Америка келди, алар да таштап чыгып кетишти. Советтер союзу барды, согуш бʏткɵн жок. 1989-жылы 15-февралда  биздин жоокерлер андан чыгып кетишти. Ошол кʏн совет аскерлери ʏчʏн согуш бʏткɵн кʏн катары бʏгʏнкʏгɵ дейре майрамдалып келет. Ооганстандагы согуш эч качан эстен кетпейт. Себеби ал мезгилде согуш дегенди кинотеатрлардан, телевизорлордон эле кɵрчʏбʏз. Бейпил жашаган Советтер союзу согуш дегенди унуткан. А биз ошол нерсени ɵз кɵзʏбʏз менен,  жон-терибиз менен кɵрʏп, сезип келдик. Ал согуш бизге чоң мектеп болду.

Азыркы учурда согушту кɵргɵн, ошол мезгилди басып ɵткɵн жоокерлерге мамлекеттик деңгээлде кɵңʏл бурулуп, колдоого алынып, жаштарга ʏлгʏ катары кɵрсɵтʏʏ абдан зарыл. Бʏгʏн жаштардан сурасаң, армияга барууну каалагандар аз. Себеби идеология жок. Эгерде ɵлкɵбʏздʏн идеологиясы болбосо, элди коргойм, мамлекет ʏчʏн, жер ʏчʏн кʏйɵм деген патриоттор чыгышына менин кɵзʏм жетпейт. Кезинде биз Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин кɵрʏп, абдан суктанчубуз. “Медициналык кароодон ɵтпɵй калып, армияга барбай калды” дегенден уялып, эч болбогондо курулуш батальонуна барып  кызмат кылып келʏʏнʏ суранышчу. Аскердик кызматка барбаган бала – жараксыз дегенге эле барабар болчу. 

Жумагʏл Кочкорбай кызы