25 апреля, 2024

КЫРГЫЗ-ƟЗБЕК  КЫЗМАТТАШТЫГЫНЫН ЖАҢЫ ТИЛКЕСИ

Ɵзбекстандын президенти Ш.М. Мирзиеевдин 26-27-январда Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапары  ɵлкɵдɵ тарыхый жана албетте, эки  бир тууган мамлекет ʏчʏн эң ийгиликтʏʏ болгонун эки тараптын тең эксперттери баса белгилешет.

 КЫЗМАТТАШУУГА КЫЙМЫЛДАТКЫЧ КYЧ  ЖЕТИШПЕЙ ЖАТКАН

Садыр Жапаров жана Шавкат Мирзиеев сʏйлɵшʏʏлɵрдʏн жыйынтыктарына канааттангандыктарын билдиришип,Кыргызстан менен Ɵзбекстан кыргыз-ɵзбек  ортосундагы кɵп пландуу кызматташтыкты мындан ары бекемдɵɵнʏн нукура тарапкерлери экенин белгилеп ɵтʏштʏ.

Ɵзбекстандын президентинин мамлекеттик иш сапарынын жыйынтыгында кызматташууну мындан  ары ɵнʏктʏрʏʏгɵ багытталган бир катар маанилʏʏ  документтерге кол коюлду.

Кол коюлган документтердин арасында Ɵзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда баарын камтыган стратегиялык ɵнɵктɵштʏк жɵнʏндɵ декларация, Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Ɵзбекстандын Ɵкмɵтʏнʏн ортосунда чукул кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча макулдашуу жана башка бир топ маанилʏʏ келишимдер жана макулдашуулар бар.

Белгилей кетʏʏ керек, Ɵзбекстандын пезидентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик иш сапары бир нече ирет жылдырылган.Бул жагдайда Ɵзбекстандын кɵз карандысыз эксперти Рафаэль Сатаров  ɵз пикирин минтип билдирген:

-Мирзиеев документтерге майрамдык маанай менен кол коюуну  ʏмʏттɵнгɵн. Ал кошуна ɵлкɵдɵгʏ ыктымалдуу саясий кризиске себепкер же шылтоо болуп калууну каалаган эмес. Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы нааразычылыктар жана ага байланышкан активисттерди  камакка алуулар ɵзбек бийлигинин коридорунда белгисиз калган деп айтуугаболбойт. Ошондуктан иш сапарды жылдырып турду. Ташкентте  бир гана салтанаттуу иш чараны эмес, аны  кадимки эле майрам кʏндɵй кабылдоо жагы ɵкмɵттʏк маалымат каражаттарында кыйытылган.

Ошол себептенби, кɵптɵгɵн эки тараптуу маанилʏʏ келишимдер (алар 20 дан ашуун) ошол чырлуу суу  сактагыч боюнча тʏзʏлгɵн келишимдин фонунда анча деле байкалбай калганынан эки ɵлкɵнʏн саясатчылары кача албай калышты шекил.

Бардык кɵңʏл негизинен суу сактагычка жана  эки мамлекеттин ортосундагы бизнес келишимдерге бурулду.

Эгерде цинизмдин бир аз ʏлʏшʏ менен айтсак, анда эки ɵлкɵнʏн тең жетекчилиги  бул аралыкта Кыргызстандагы ɵзбекти жек кɵрʏʏчʏлʏк, Ɵзбекстандагы кыргызды  жек кɵрʏʏчʏлʏк  маанайларын минималдаштырып турууга жетише алышты”.

Эксперттин эсебинде, эки ɵлкɵнʏн тең саясий элитасы, эң башкысы –коомчулуктун сергек ой жʏгʏрткɵн бɵлʏгʏ чек ара маселесин чечʏʏ канчалык  татаал экендигине карабастан,  бул зарыл кадам экендигин жана  бул кыйынчылыктар локалдык гана мʏнɵз кʏтʏп, эки элдин руханий баалуулуктарына эч кандай залал келтирбейт деп эсептейт.

ƟНʏГʏʏ ʏЧʏН АЛДЫГА ЖЫЛУУ КЕРЕК

Эки ɵлкɵнʏн орторсунда декларативдик доллбоорлор, ар кандай пландар, сɵздɵр кɵп болгону белгилʏʏ. Андайлар азыр деле жыйылып  жатат. Акаевдин доорундагы “Тʏбɵлʏк достук” келишими “эле эмнени айтып турат. Бирок, араба ордунан жылган жок, тескерисинче, артка кеткенин байкабай коюуга мʏмкʏн эмес. Туңгуюктан суурулуп чыгуу ʏчʏн  кʏчтʏʏ  эрк керек эле. Азыр эки ɵлкɵнʏн жетекчилигинде да андай эрк жана максатка жетʏʏнʏн бардык зарыл шарттары жетиштʏʏ болуп калганын айта кетʏʏгɵ тийишпиз. Айталы, кɵптɵн бери айтылып, азап чегип келе жаткан “Кытай-Кыргызстан-Ɵзбекстан” темир жолу. Бул долбоор расмий документтерде жана эксперттик маалымдамаларда декларативдик фразаларга гана айланып калбайт,тʏпкʏлʏгʏ бар деп ʏмʏт байлап турганга негиз жетиштʏʏ.

Кыргызстанда да, Ɵзбекстанда да калктын саны Кудайдын кулагы сʏйʏнгʏдɵй деңгээлде  ɵсʏʏдɵ.  Эки ɵлкɵнʏн  жаш мууну ɵзʏлɵрʏн мындан ары демократияны  кɵп кʏтпɵсɵ да, балким бизнес-эркиндикти жана мʏмкʏнчʏлʏктɵрдʏ талап кылаары тʏшʏнʏктʏʏ болуп турат.

АЛЫСКЫ ТУУГАНДАН ЖАКЫНКЫ КОШУНА АРТЫК

-Бул  кɵптɵн бери тыным алып калган мамлекеттик иш сапар эле жана жыйынтыгында бир топ маанилʏʏ документтерге кол коюлушу менен жемиштʏʏ болду дегенге негиз бар,-дейт кыргызстандык саясат таануучу Денис Бердаков. -Башка ɵлкɵлɵрдʏн мамлекеттик  иш сапарларынын баары эле ушундай жемиштʏʏ боло бербейт.

Ɵзбекстан биринчи жолу эки тарапты тең канааттандыруу товар алмашууну сунуш кылганын белгилеп кетели. Ɵзбекстан Кыргызстанга, ал эми Кыргызстан Ɵзбекстанга  сата турган товарлар  жетиштʏʏ.

Ɵзбекстанда экономиканы калыптандыруунун советтик системасы али кʏчʏндɵ экенин Бердаков белгилейт. Эки тараптын тең соода жʏгʏртʏʏ кɵлɵмʏ 500 миллион долларды чапчышы ыктымал. Мындай  тыгыз, бекем байланышы жок башка ɵлкɵлɵрдɵн эмне ʏчʏн товар  сатып алуу керек? Кыргыз Республикасына башка ɵлкɵлɵр  кредит же грант сунуш кылуусу мʏмкʏн, а бул жерде конкреттʏʏ сатып алуулар сунушталды. Мында экономиканы калыптандыруунун кудуреттʏʏ пландык элементи пайдаланылууда. Кыргыз-ɵзбек фонду аркылуу кайсыл тармакты ɵнʏктʏрʏʏ зарыл экенин, мисалы, ɵзбек тарап тʏшʏндʏ жана дал ошого басым жасалат.

Ɵзбекстан эт, сʏт жана айыл чарба продукцияларын сатып алат. Мисалы, 100 миллион долларлык ɵлчɵмдɵ жʏгɵрʏ данын сатып алуу жаатында келишим тʏзʏлдʏ.

Дагы бир маанилʏʏ момент:ɵнɵр жайын ɵнʏктʏрʏʏ, мисалы, цемент заводун куруу жана  автомобилдерди кураштыруучу линияларды орнотуу. Ошондо биз ички рынок корголгон, автомобилдер ири  жана майда тʏйʏндɵр менен куралган ɵзбек бизнесин кɵчʏрмɵлɵп баштайбыз.

Бир караганда, алар бизге ɵзʏбʏздʏн ɵнɵр жайыбызды тʏзʏʏгɵ  жардам беришмекчидей эле сезилет. Кытай автоɵндʏрʏшʏнɵ басым жасоо менен ɵткɵн индустриялизация жолу кайра жаңыдан башталат.

-Белгилей кете турган дагы бир мааннилʏʏ момент –гидроэкономика, айыл чарба темасы-дейт  Денис Бердаков. –Эмне дегенде, суу жыл сайын кымбаттоодо.Суу ичээрге эле  эмес, айыл чарбасын суусуз элестетʏʏ такыр мʏмкʏн эмес.Андыктан, бул маселени чечʏʏ эки ɵлкɵгɵ тең зарыл экени тʏшʏнʏктʏʏ. ГЭСтердин каскадын куруу зарылдыгы илгертеден эле тармактагы башкы кɵйгɵлɵрдɵн болуп келе жатканы белгилʏʏ.

“Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу Ɵзбекстанга сугат суусунан касыз болуу ишенимин  арттырса, Кыргызстан электр энергиясынын дагы бир булагына ээ болот. Фергана ɵрɵɵнʏндɵ  экономикалык системанын балансы тʏзʏлɵт –суу болсо тʏшʏм жакшы болот.жакшы тʏшʏм туристтерди ɵзʏнɵ тартат, туристтер ɵлкɵгɵ акча таштап кетишет. Адатта башка ɵлкɵлɵр акча беришет, а мында сатуу рыногу турат. Чындап келгенде, баштапкы стадиядагы экономикалык  биримдик тʏзʏлʏп жаткансыйт.

Саясий маселеге  келсек,не демекпиз, Борбордук Азияда Советтер Союзу кʏм-жам болду, бирок чек араларды жɵнгɵ салып туруу ɵңʏтʏнɵн алганда, СССР али кулай элек.Бул –чɵлкɵмдɵгʏ бардык республикалардын проблемасы. Чɵлкɵмдɵ жана дʏйнɵдɵ эмнелер болуп жатканына баам таштаган ɵлкɵлɵр ыктымалдуу согуштун алдын алууга мʏмкʏн деп эсептелген  маселелерди жɵндɵп алууга жʏз  бурушууда. Чек арасы такталбаган ɵлкɵ –алсыз ɵлкɵ,-деп белгилейт саясат таануучу.

Ɵзбек-кыргыз кызматташтыгын бекемдеген тархый кʏнʏ эки ɵлкɵнʏн жарандарына чек арадан айди-карт менен эле ɵтɵ берʏʏ процедурасы ишке ашты.Адам, инвестиция кыймылы кɵбɵйʏп, соода-сатык кʏч алды.Чɵлкɵмдɵгʏ соода-логистикалык биримдикке Казакстан, Ɵзбекстан жана Кыргызстан ɵзɵк болуп калуусу ыктымал.Мында анын ɵзʏнʏн логикасы жана ички стабилдʏʏлʏктʏ сактоонун милдеттенмеси да бар.Жалгыздап жашай албайсың.Анткени, бул  бажылык эмес, логистикалык биримдик болуп эсептелет.А балким, гумманитардык биримдиктир бул ʏч ɵлкɵ азырынча ТYРКСОЙду Тʏркияга тарттырып жиберише элек.

  Абдираим Мамытов