13 мая, 2024

Сессия: Айрым жетекчилерге эскертʏʏ берʏʏ сунушталды

15-ноябрда Ош шаардык Кеңешинин кезектеги XIV сессиясы ɵтʏп, анда кʏн тартибине ылайык 14 маселе каралды. Сессияга шаардык Кеңештин тɵрагасы Салман Назылбеков, эл ɵкʏлдɵрʏ жана вице-мэрлер, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышып, кʏн тартибиндеги маселелер боюнча маалыматтар угулуп, депутаттар тарабынан суроолор, сын-сунуштар айтылып, талкууланып, тиешелʏʏ токтомдор кабыл алынды. Сессиядагы урунтуу учурларга токтолобуз.

«Ош шаарынын ардактуу атуулдары» тандалды

Сессия шаардын ардактуу атуулдарын сыйлоо менен башталды. Анда  2022-жылдын 27-сентябрдагы Ош шаардык Кеңешинин кезектеги ХIII сессиясынын «Ош шаарынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жɵнʏндɵгʏ токтомго ылайык, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Ɵмʏрбек Эрмекбаевге, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, манасчы Рыспай Исаковго жана жеке ишкер Нурбек Осмоновго аталган наам ыйгарылды. 

Салман Назылбеков, тɵрага:

«Шаардык Кеңештин токтомунун негизинде «Ош шаарынын ардактуу атуулуна» талапкерлер жабык добуш берʏʏ менен тандалган болчу. Аталган ʏч талапкер тең мурдагы сессияда «Ош шаарынын ардактуу атуулу» болуп табылган».

Белгилей кетсек, аталган наам атуулдардын Ош шаарынын жана Кыргыз Республикасынын гʏлдɵп-ɵнʏгʏшʏн камсыз кылууда сиңирген ɵзгɵчɵ эмгегин таануу жана анын ишмердигин баалап сыйлоо максатында уюштурулуп, жобосу кабыл алынган. 

Ар тʏрдʏʏ маселелер

Кʏн тартибинде алгачкылардан болуп ар тʏрдʏʏ маселелер каралып, эл ɵкʏлдɵрʏ тарабынан экономикалык, коммуналдык жана социалдык тармактар боюнча тʏрдʏʏ маселелер кɵтɵрʏлʏп, сын-сунуштар айтылып, протоколдук тапшырмалар берилди.

«Кабыл алына элек 1024 трансформатор бар»

Депутат Мирбек Маматов трансформаторлорду кабыл алуу боюнча иш алып барылбай жатканын, кайрылуулар жоопсуз калып келгенин, ал тургай протоколдук тапшырмалар аткарылбаганын айтып тиешелʏʏ жетекчилерди сынга алды.

-Бʏт хронологияны карап чыктым, трансформаторлорду кабыл алуу боюнча былтыр тɵрт жолу депутаттардын протоколдук тапшырмасы берилиптир, токтомдор бар экен. 2017-жылдан бери трансформаторлорду кабыл алуу боюнча бардыгы муниципалдык менчик башкармалыгына кайрылышкан, Алмаз Ишенбековичтин атына да тɵрт жолу кат жолдонуптур, бирок бир иш чара колдонулбаптыр. Социалдык объекттерди муниципалдык капиталдык курулуш башкармалыгы курууда, бирок, бала бакчалардын трансформаторлору кабыл алына элек. Мэрдин, депутаттардын тапшырмасын же мекеме-ишканалардын суранычын аткарбай, жетекчи атайын саботаж кылып жатат деп ойлойм. Мындай 1024 трансформатор бар. Комиссия тʏзʏп, жылына ондон кабыл алсын, акчасын биз чечип берели. Бул кɵйгɵйлʏʏ маселе».