19 апреля, 2024

КУРУЛТАЙ АШТЫ, КЫР АШТЫ

edf

25-26-ноябрда Бишкекте ɵткɵн биринчи Элдик курултайдын айланасында эмдиги жылда ɵтɵ турган экинчи Элдик курултайга чейин кеп-сɵз тʏгɵнбɵɵрʏ  белгилʏʏ. Ал ошол ʏчʏн биринчи  деп аталат да, ошол себептен орустар айткандай, “бɵлтɵк-салтагы” менен ɵттʏ. Андыктан, ага азыр “ура! “ мамиле жарашпайт.

КУРУЛТАЙЛАР ТАРЫХЫНАН

Курултай (монгол  сɵзʏ -хуралдай, хурал) монгол жана тʏрк улуктарынын жыйыны, эл ɵкʏлчʏлʏгʏнʏн Европадагы парламент сыяктуу  органы деп тʏшʏнсɵ болот. Монголияда жана Башкортстанда  парламент азыркы кʏндɵ  да курултай атын алып жʏрɵт.

Курултай тʏшʏнʏгʏ жалпы элдик жыйын маанисиндеги  колдонууга он экинчи-он ʏчʏнчʏ кылымдарда кирип, курултайдын  жардамы аркылуу  атактуу Чынгыс хан  ɵз алдынча жашаган монгол урууларынын  башын бириктирген. Бул термин алгачы ирет “Монголдордун ыйык уламышынын”  282-параграфасында “улуу курултай” маанисинде кездешет. 

Чынгыс хандын жоболору жазылган  Яса китеби боюнча, курултайга ɵтɵ олуттуу маани берилген. 

1206-жылы Онон дарыясынын жээгинде ɵткɵн курултайда Темучин Чынгыз хан наамын алып, анын Улуу Монгол мамлекети жарыяланган.

1229-жылкы курултайда Улуу хан болуп Чынгыс хандын уулу Угедей  шайланат.

1225-жылы ɵткɵрʏлгɵн курултайда мамлекеттин мындан аркы тышкы саясаты иштелип чыгып,булгар, половец, Русска, Тʏштʏк Кытай жана Корейлерге  жʏрʏш жасоо, Жакынкы Чыгышка кошумча кʏчтɵрдʏ жиберʏʏ сыяктуу стратегиялык чечимдер кабыл алынат.

1246-жылкы курултай Угедейдин кɵзʏ ɵткɵндʏгʏнɵ байланыштуу, улуу ханды шайлоо максатында чакырылган эле. Улуу хан болуп Кʏйʏкхан шайланууга тийиш болгондуктан, анын атаандашы Батый курултайга барбай коет. Курултай ʏч жылдан кийин Батыйсыз эле ɵтʏп,  май-талкандуу жана улуу орус князы Ярослав Всеволодович, чет элдиктерден Плано Карпини сыяктуу  коноктордун катышуусунда ɵткɵндʏгʏ менен эсте калган.

1269-жылы курултай Кыргызстандын Талас  суусунун жээгинде ɵтʏп, анда Менгу-Темур, Барак жана Хайду, башкача айтканда тиешелʏʏ тʏрдɵ  Жуучу, Чагатай жана Угедей улустарынын башкаруучулары  ар бир улустун ɵз алдынча мамлекет экендигин таануу  жана эгерде улуу хан Хубилай алардын кɵз карандысыздыгына шек жараткан кадамдарга бара турган болсо, ага каршы бирге турууга чечим кабыл алынган.

Ал эми кыргыздардын тарыхында да курултай ɵткɵнʏн  айрым алабарман чала тарыхчылар  он тогузунчу кылымдагы Ормондун хан деп шайланган курултайын  окшошпосо деле мисал тартууга далбас уруп жʏргɵндɵрʏ белгилʏʏ. Жогорудан маалым болгондой,  курултай мамлекеттик маанилʏʏ маселелерди чечип келген. Ал эми он тогузунчу кылымдагы кыргызда кайсыл мамлекет бар эле? Анан да ата-жотосунда хандын бир илим заты- жыты да жок Ормонду кайсы негизде хан деп шайлашкан, курултайга кыргыздын канча уруусунан, кайсыл башчылары барышкан, белгисиз бʏт баары жɵɵ жомок, ала кɵɵдɵндʏк! 

МИҢДЕЙ МАСЕЛЕ АЙТЫЛДЫ

Биринчи элдик курултайда кɵтɵрʏлгɵн жана тигил же бул деңгээлде мамлекеттик мааниде маанилʏʏ деп кабыл алса болот деген 911 маселелер мамлекеттик профилдик органдардын кароосунда иштɵɵдɵн ɵтʏп жаткандыгы, жалпы жонунан биринчи элдик курултайда 2 миңдин тегерегинде сын- пикир, сунуштар айтылгандыгы кабарланды. Ошону менен бирге Аксакалдар Кеңешинин мʏчɵсʏ, экс-депутат Бейшенбек Абдрасаков аткарылып жаткан иштер жана жаңы кɵйгɵйлɵр жагдайында делегаттар жергиликтʏʏ бийлик ɵкʏлдɵрʏ менен  квартал сайын бир жолу талкуулап турушса болот деп билдирди.

Биринчи элдик курултайды уштуруучулардын пикири боюнча, курултай эл кʏткɵндʏ актады. Курултайдын негизги максаты болуп аймактардагы элдин кɵйгɵйлɵрʏн  жана  ɵнʏгʏʏ боюнча сунуш-пикирлерин угуу эсептелген. Бул жагынан алып караганда, сын, сунуш пикирлерден эч кандай ɵксʏк болгон жок, кʏтʏлгɵндɵн да ашып тʏштʏ десе болот.

Курултайда элден тʏшкɵн сунуш-пикирлер, ар кандай ойлорду  трансформациялаган ыңгайда резолюция кабыл алынды.

Резолюцияда Жогорку Кеңешке 2023-жылдын май айына дейре “Элдик курултай” жɵнʏндɵ Конституциялык мыйзам кабыл алуу, мыйзамдарды кабыл алып жатканда коомдун кызыкчылыктарын жекече кызыкчылыктардан жогору коюу, улуттук иденттʏʏлʏктʏн, адеп-ахлактык нормалардын, ʏй-бʏлɵлʏк жана социалдык баалуулуктардын тиешелʏʏ талаптарын эске алуу сунуштары берилген. Министрлер кабинетине Кыргыз Республикасынын толук кɵз карандысыздыгын камсыздоо ʏчʏн  бир гана саясий жана экономикалык жактан ɵнʏгʏʏгɵ эле эмес, толук кандуу аймактык бʏтʏндʏккɵ жана кɵз карандысыздыкка да кɵңʏл бɵлʏʏ, чек аралык, маалыматтык-идеологиялык, экономикалык, энергетикалык, экологиялык, демографиялык, азык-тʏлʏктʏк жана коргонуу коопсуздугун камсыз кылуу  боюнча тиешелʏʏ чараларды кабыл алуу  сунушталды. Жогоруда белгиленгендей, курултай,  башкасын билбейм,бирок сунуштардан ɵксʏк болгон жок.Алардын баары эске алынды, бирок дароо эле, мисалы бир жылда аткарыла калчу сунуштар азыраактай сезилет.

ЭКСПЕРТТЕР ЭМНЕ ДЕЙТ? 

Конституция боюнча алганда элдик курултай эң оболу бийликтин отчетун угууга тийиш эле. Мамлекеттик маанидеги  сунуш-пикирлер, ойлор ошондон улам  ойгонуп, оргуштап чыкса, баарына оңтойлуу болмокпу деген ой кетет.

Курултай эч бир отчетсуз ɵткɵнʏ  ɵкʏнʏчтʏʏ болду. Курултайды жогорку билимдʏʏ эркектердин жɵн-жай бир форуму дегендер да бар.

 Делегаттардын курамында жаштар, улуттук азчылыктын ɵкʏлдɵрʏ, эмгек мигранттары дээрлик жокко эседей сезилгени ырас. Курултайда аялдар элдик ɵкʏлчʏлʏктʏн жетиден бир гана ʏлʏшʏн тʏзʏптʏр. Курултайдын жалпы катышуучуларынын ʏчтɵн экиси -709 делегаттын жаш курагы 50дɵн ɵйдɵ. 18ден 30 жашка чейинки делегаттардын саны 23тʏ гана тʏзɵт. 

Курултайда Садыр Жапаровго эле эмес, Камчыбек Ташиев, Акылбек Жапаровдун, бʏтʏндɵй башкаруу формаларынын даректерине да сындар айтылганына карабастан, аналитиктердин бир бɵлʏгʏ курултайды дежурдук иш чара  катары гана баалагандан ары  ɵтɵ алышкан жок. Эмне ʏчʏн дегенде  баарынан мурда курултайдын  кыймыл-аракетин жɵнгɵ сала турган конституциялык мыйзамдын жоктугу кендирди кести.

Эксперттер алыс-жакынкы келечекте курултайдын бийликтин бир ишенимдʏʏ  институтуна айланып калуу мʏмкʏнчʏлʏгʏ барбы деген суроого ооба деген же ошого жакындата берилʏʏчʏ жооптон тайсалдап турушканы жɵн жерден эмес.

“Курултай эмнеге керек болду? Эгерде эл менен кеңешʏʏ ʏчʏн  деген ɵңʏттɵн карасак, андай болгон жок-дейт саясат талдоочу Медет Тюлегенов, -мамлекеттик органдардан отчет кʏтʏштʏ эле, анысы да жандап ɵтʏп кетти. Мындай форматта кандайдыр бир олуттуу талкууну жʏргʏзʏʏ мʏмкʏн эмес.Президенттин кычуусун кандыруу ʏчʏн жасалды дейин десең, ага да окшобойт. Курултай чакыруу менен эмнени айткысы келгендеринин ɵзʏ тʏшʏнʏксʏз”.

“Айрым делегаттардын гана сын формасындагы сɵздɵрʏн уктум, бирок жалпы кʏн тартибине  алар таасир бере алган жок- дейт саясат талдоочу Эмиль Жураев. –Мен кʏткɵндɵй эле, курултай эч кандай жаңылыкты, конструктивдʏʏлʏктʏ алып келген жок. Ал дежурдук иш чара болгон жокпу?  Жок деп айтардан озунуп ооба дегим келип турат. Албетте, бийлик анын моюнуна арткан милдетти  гана аткарды”.

Эксперттин пикиринде, курултайдын бʏткʏл идеясы элдик бийликтин альтернативалык, Жогорку Кеңештен кʏчтʏʏрɵɵк, таасирдʏʏрɵɵк институтун  тʏзʏʏгɵ, анын жардамы менен  лоялдуу эмес парламент аркылуу алып ɵтʏʏгɵ мʏмкʏн болбогон айрым чечимдерди легитимдештирʏʏгɵ багытталган эле.

“Курултайдын делегаттарынын сунуш, пикири деген  жʏйɵɵ менен эмне кааласаң, ошону  жасоого, мисалы президенттик бийлик вертикалын бурамаларды катуу буроо жана сɵз эркиндигин тарытуу аркылуу андюан ары кеңейтʏʏгɵ эмне ʏчʏн болбосун”-дейт ал.

Абдираим Мамытов