Дʏйнɵ коомчулугунун тынчын алып келе жаткан орус-украин согушу аяктаар фазасына мына кирет деп турганда оюндун шарты бузулуп, жакындап калгансыган тынчтык ишаарасы эки тараптан тең кайра кʏчɵгɵн атышуулардан улам, кирерге эшик эмес, темененин кɵзʏндɵй тешик таппай турганы бʏгʏнкʏ реалдуулуктун ɵзɵгʏн тʏзʏп олтурат. Жʏз берип жаткан алаамат айдыңында эки тараптын кимисине аз айып, кɵп кʏнɵɵ коерду билбей кала тургандай кеп-сɵздɵр жʏʏрʏʏдɵ.
“ПАУТИНА”

Оболу ал-акыбалы азыр кыйла эле оорлошуп жаткан Укринанын расмий маалыматтарына аңдоо кылып кɵрɵлʏ. “РБК-Украина” басылмасы берген маалымат боюнча, операция “Паутина” деп аталып, Украина коопсуздук кызматынын жетекчиси Василий Малюк тарабынан жекече координацияланган. Чабуулга “Иваново”, “Белая”, “Дяглово” жана “Оленья” аэродромдору дуушар болгон. Маалыматка ылайык, Россиянын кырктан ашык стратегиялык маанидеги бомбардировщиги жок кылынгандыгын Зеленский ɵзʏ сʏйʏнчɵлɵгɵн.
“РБК-Украинанын” булактарынын маалыматтары боюнча аталган операция бир жарым жылга чукул даярдалган. Алардын айткандарына караганда, дрондор жана зарыл конструкциялар Россияга жашыруун жеткирилип, кийинчерээк ачык коео берилʏʏгɵ тийиш болгон. Дрондор фураларда сакталып турган. Фуралардын айдоочуларынын айрымдары Россиянын чегинен ɵз убагында чыгып кетишсе, айрымдары атайы кызмат тарабынан колго тʏшʏрʏлгɵн.
Россиянын ядролук триадасына кирген стратегиялык самолеттор атайы ангарларда эмес, ачык аянттарда эле тизилип турганын эмне менен тʏшʏндʏрʏʏгɵ болот? Анын себеби АКШ менен Россиянын ядролук куралдар жаатындагы келишимдерине барып такалат. Эки ядролук державанын келишимине ылайык, ядролук авианосецтер дал ошондой тартипте, спутниктердин кɵзʏнɵ тʏшʏп тургандай болуп сакталып турууга тийиш эле. Учактарыңарды суук кɵздɵн арыраак сактабайсыңарбы дейин десек, келишимдин шартын орустар бекем сактап келишкен экен, сɵз жок. АКШ тарапка мындай сɵздɵрдʏн бап келишинде кʏмɵн жок эмес.
СПУТНИК АЛДАБАЙТ

“Аскердик-согуштук сыр” деген бар экени жана аны кеңири коомчулуктун кɵз-кулагынан оолагыраак сактоо зарылдыгы саясий-моралдык ар кандай жагдайлар менен шартталаары белгилʏʏ. “Паутина” операциясында Украинанын коопсуздук кызматынын маалыматы боюнча, Россиянын 41 аскердик учагы зыянга учурап, анын он ʏчʏ жок кылынган. Спутниктик маалыматка таянып, аналитиктер “Белая” жана “Оленья” авиабазасында 19 бомбардировщик жок кылынгандыгын аныкташты.
4-июнда Трамп Путинге телефон чалып, терроризм ʏчʏн Киевди айыптады. Путиндин пресс-катчысы Дмитрий Песков Путин Трампка аэродромдорго жасалган чабуулга Россия сɵзсʏз жооп кайтараарын билдиргенин айтып чыкты.
АКШнын эсебинде Россия Украинага кɵп буталуу чабуул даярдап жатканын Рейтер агенттиги билдирди. Агенттиктин бир булагынын айтымында, жооп бир нече кʏн жана “ассиметриялык” мʏнɵздɵ болот. Башкача айтканда, бутага алуу украиналыктардыкын кʏзгʏдɵй чагылдырбайт. Дагы бирɵɵсʏнʏн эсебинде ракеталар жана учкучсуз аппратардын катышуусундагы комбинациялаштырылган соккулар туурасында сɵз болушу мʏмкʏн.

РАДАНЫН ДЕПУТАТЫ ЭМНЕ ДЕЙТ?
Соцтармакта Украинанын коопсуздук кызматынын полковниги, Украинанын Жогорку Радасынын депутаты Роман Костенконун пикиринде, “Паутина” операциясы болбогондо деле Россия мурдагыдай эле соккуларын уланта бермек. Мындан ары деле ушундай боло берет. Балким эми белгилʏʏрɵк буталарды аткылоосу мʏмкʏн, мына, ядролук триаданын элементтерине жасалган чабуулдун ɵчʏн алдык деп айтыш керек да. Бирок чабуулдарды бул фактор токтотуп кое албайт. Анын пикиринде, “Россия тараптан “ɵзгɵчɵлɵнгɵн жоопту” Киев 2022-жылдан бери кʏтʏп эле келатат. Оболу Кара Деңиз флотунун кадыр-баркын чɵктʏргɵн “Москва крейсери”, анан Крым кɵпʏрɵсʏ, анда деле Москва биз тирʏʏ калбагандай кылып катыгыбызды берээрин айтып коркуткан. Маанилʏʏ бир обьектилерге, ɵкмɵттʏк кварталдарга. СБУнунун имаратына сокку урулушу мʏмкʏн, бирок, алар символикалык акцияларга кɵбʏрɵɵк окшоп калуусу ыктымал. Анткени аракеттеги аскердик бɵлʏктɵр айрым-айрым топтоштурулган, легендалаштырылган, жабык жайларда жайгаштырылган. Ошондой эле кʏч тʏзʏмдɵрʏ соккуну Жогорку Раданын имаратында да кʏтʏшʏʏдɵ. Ал жайда азыр деле отурумдар ɵткɵрʏлʏʏдɵ. Эгерде Россия, мисалы, Раданын имаратына сокку урса, ага 15-20 ракета мээлесе, балким тийип калуусу ыктымал. Бирок имаратты талкалашкан кʏндɵ деле башка жайда чогулабыз да. Бул пропагандисттик акт болуп чыга келет”,- дейт Костенко. Бирок ал баса белгилегендей, Украина да, Россия да ɵкмɵттʏк имараттарга сокку ура элек. Бул эскалациянын жаңы деңгээли болуп калат.
“Биз эми жооп кайтарууга жɵндɵмдʏʏ экендигибизди кɵрсɵтɵ алдык. Москвага тʏзʏктɵп тийишпедик. Ал тарапка учуп жеткен нерсе болбоду. Бизде эми алыска атылуучу каражат бар!” деп эскертти депутат. Эске сала кетсек, Британия, Франция, Германия жана АКШ Украинага берилип жаткан куралды алыс аралыкка атууга чектɵɵ киргизген. Эми бул чектɵɵ алынып салынды.
ЫРААКЫ ЧЫГЫШ АКШГА ЖАКЫН
“Паутина “операциясынан кийин балээден алысырак болсун дедиби, Россия стратегиялык бомбардировщиктердин бир бɵлʏгʏн Ыраакы Чыгышка кɵчʏрʏʏгɵ аргасыз болду. Россиянын ядролук триадасы негизинен АКШ жана НАТОнун белгилʏʏ кʏчтɵрʏн ооздуктап турууну максат кылгандан кийин, ар кандай кокустуктардын алдын алуу ʏчʏн мурдараак эле ошондой аракекттерди кɵрсɵ албетте дурус болмокпу деген да ой кетет. АКШнын ядролук ракеталары негизинен Россияга жакыныраак Европа ɵлкɵлɵрʏндɵ жайгаштырылгандыгы белгилʏʏ. Бирок непадам ядролук алаамат башталып калса, Россия эң оболу АКШга ядролук сокку ураары белгилʏʏ. Ошентип азыркы учурда “Россия-Украина согушу качан токтойт” деген суроого эч ким жооп бере албаган кырдаал жаралып олтурат. Согушту токтотуу эмес, токтотуу туурасында жʏргʏзʏлʏп жаткан сʏйлɵшʏʏлɵр желеге (“Паутина”) чулганып турат.
Абдираим МАМЫТОВ
Окшош макалалар
Ош областтар аралык бириккен клиникалык ооруканасы – тʏштʏктɵгʏ саламаттыкты сактоонун флагманы
Курманжан-Датка МАБынын башчысы Равшан Мирзабаев: “Ак-Буура дарыясынын жээгине жана суу ʏстʏнɵ курулган объекттер алынып жатат”
Салык санкциясы деген эмне?