6 июля, 2025

УЙКУ ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

Азыркы замандын кɵпчʏлʏк адамдары жыл мезгилдеринин алмашканынан дээрлик кɵз каранды эмес. Ырас футболка, пуховиктерди алмаштырып кийиниши мʏмкʏн, бирок, жыл бою жылууланган, жарыктандырылган, сутка бою иштеп турган дʏкɵндɵрʏ бар комфорттуу чɵйрɵдɵ жашайт. Бирок баарын эстеп турган дене-бойду да эсептен чыгарып салууга болбойт. Анан калса акыркы жʏз жылдыкта шаарлашып кеткендердин саны шагырап ɵстʏ, кудайдын кулагы сʏйʏнсʏн, дагы ɵсɵт! Эволюциянын буга чейинки ондогон миң жылдыктарында адам баласы табияттын элеритмдерине жараша, аларга моюн сунуп келип, тиричилик ɵткɵргɵн.

Берлиндеги уйку жана хрономедицина клиникасынын доктору Дитер Курц ɵз пациенттеринин (дээрлик 200 киши) мисалында жылдын ар кыл мезгилиндеги уйку циклин изилдеп чыгып, тɵмɵнкʏдɵй жыйынтыктарга келген: “Жыл мезгилинин алмашуусу уйкунун узактыгына жана ɵзгɵчɵлʏгʏнɵ сɵзсʏз таасир тийгизет. Биринчиден, жаз, жай мезгилдеринде биз уйкуну кышкы мезгилге караганда фаза (тез уйку фазасы) узагыраак (орточо 30 мʏнɵт) созулат. Бул фазанын мезгилинде биз ɵтɵ жарык тʏштɵрдʏ кɵрɵбʏз да, каректерибиздин кыймылы тездейт.Yчʏнчʏдɵн, кʏзʏндɵ терең уйку фазасынын мɵɵнɵтʏ кыскарат.

Тактай кетʏʏ маанилʏʏ, эксперименттин катышуучулары тɵшɵктɵ организм канча кааласа, ошончо жатып, уйку дары кабыл алышкан эмес жана будильник режими коюлбаган. Кɵпчʏлʏгʏбʏз андай жыргалдан ажыраганбыз, бирок, эксперименттин авторлору изилдɵɵнʏн жыйынтыктарын кээ-кээде болсо да колдонуп жʏрʏʏнʏ сунуш кылышат. Мисалы, кеч кʏз жана кыш мегилдеринде эртерээк жатуу, эгерде эртең менен табият тарабынан талап кылынган ашыкча саат уктоого убакыт жетпей калса, анын ордун кечинде толтуруу керек. Анан тʏн бир оокумга чейин олтура берʏʏ да анча деле соо идея эмес. Шаардыктар табияттан анча деле алыстап кете албаганы менен ɵздɵрʏнɵ “социалдык джетлаг” деген илдетти жармаштырып алышкан заман азыр. Кадимки джетлаг дегенде, эмгек ɵргʏʏгɵ чыгып же алыскы жерлерге эс алуга барып, убакыттын айрымачылыктарынан улам кʏн менен тʏндʏ алмаштырып алууну тʏшʏнɵбʏз. Ал эми социалдык джетлаг деген эмне?

“Мегаполистин ар бир онунчу жашоочусу дем алыш кʏндɵрʏндɵ уйкусун кандыруу ʏчʏн адаттагыдан орточо тɵрт саат кеч ойгонот” — дейт врач-сомнолог, медицина илимдеринин доктору, РФ президентинин Борбордук медициналык академиясынын профессору Роман Бузунов. – Дал ушуну социалдык джетлаг деп коебуз. Дем алыш кʏндɵрʏндɵ эч каякка учпай-нетпей эле сааттык поястарды ɵзгɵртʏп таштайбыз. Тɵрт саат деген бул Таиландга же Балига учуп барып-келгенге тете убакыт. Ал эми дʏйшɵмбʏдɵ кадимки режимге кайтуу канчалык кыйын болоорун ар кимибиз эле сезе бербейбиз да, сезгенге убакыт да жок, сезип-сезбей, билип-билбей дене-бойду  кыйноого салып коебуз. Албетте, азыркы коомдук турмушта бʏт баарын эле сыдыргыга салгандай тʏз алып кетʏʏ оңой эмес. Социалдык айырмачылыктар, статус, милдет, кызмат дегендер бар. Бирок баарын сыдыргыга сала албасак да, оптималлуу таризде жалпы эреже тʏзʏп алганга умтулуу ашыкчалык кылбайт.

Лукки университетинин доктору Валентин Эльче жетектеген италиялык окумуштуулар маселени дагы тереңирээк тʏшʏнʏʏ ʏчʏн тʏш кɵрʏʏнʏ изилдеп чыгууну чечишти. 18ден 70 жашка чейинки 217 эркек жана аял катышкан изилдɵɵнʏнʏн жыйынтыгын жакында эле жарыялашты. Ыктыярдуулар тɵрт жыл бою кɵргɵн тʏштɵрʏн жазып жʏрʏштʏ. Нейробиологдор психологиялык тест аркылуу эксперимент ɵткɵрʏштʏ, уйку фазларын изилдешти, энцефалограммаларды жасашты.

“Биздин мээ тʏштɵрдʏ кантип генерациялайт, тʏшʏнʏксʏз” –дейт доктор Эльче. – Кɵргɵн тʏштɵрʏбʏздʏ эмне ʏчʏн ар дайым эле эстей албайбыз? Ойгонгон ирмемден баштап эле реалдуу курчап турган дʏйнɵ жана ар тʏрдʏʏ тышкы факторлор бизди бомбалай баштайт. Будильникти ɵчʏрʏп, телефондон келген маалымдама-билдирʏʏлɵрдʏ карайсың да, жумушка шашыласың. Мындай ыргакта кайдагы тʏштʏ эстеп олтурасың, андан кɵрɵ, кыйкырышып жаткан адамдары толо кошуна бɵлмɵдɵн шыбыр эшитʏʏ оңоюраак эмеспи.

Канткен менен кээде биз тʏшʏбʏздʏ майда-чʏйдɵʏсʏнɵ дейре жеткирип эстей алабыз, кимгедир мындай учур кʏн сайын туш болот, кимгедир жок.

Кɵрсɵ, тʏштʏ эстеп калуу мерчеми да жаш куракка, жеке ɵзгɵчɵлʏктɵргɵ жана ал турсун жыл мезгилдерине да кɵз каранды экен. Жаз жана кʏз айларында кɵргɵн тʏштɵр жакшы эсте калат, эмнеге экени белгисиз.

Байпакты чечип уктаган жакшыбы же жокпу деген прозаикалык суроого Сеулдук изилдɵɵчʏлɵр жооп издеп кɵрʏштʏ. Экспериент ʏчʏн 20-24 жаштагы жаштарды алышты. Баарын комфорттук 23 градус жылуулуктагы бɵлмɵлɵргɵ жаткырышты. Бир гана жери, алардын айрымдары байпакчан, айрымдары жыңайлак эле. Кɵрсɵ, байпак деле уйкуга реалдуу таасир берет экен. Байпакты чечпей жаткан жигиттер 7,5 мʏнɵткɵ мурдараак уйкуга кетип, тʏн ортосунда 7,5 эсеге аз ойгонушту. Тʏнʏ бою алардын буттары 13 градуска жылуу болду.

Дал ушул байпактардагы температура батыраак уктоонун бир сыры дешет изилдɵɵчʏлɵр. Кеч жакындаган сайын мелатонин иштеп чыгуу кɵбɵйʏп, температура бир азга тɵмɵндɵйт. Бул уйкуга кетирʏʏчʏ сигнал. Кеп мында ички температура жаатында баратат. Байпак менен жылууланган буттар ашыкча жылуулукту сыртка берʏʏгɵ кɵмɵктɵшɵт да, органзмге “уктоого убакыт жетти” деген сигналды так берет.

Абдираим  МАМЫТОВ.

About The Author