6 июля, 2025

“Келечек” — баланын кыялы канат каккан жай

Ош шаарында эскилиги жеткен бир имарат бар. Ал жактан балдардын кʏлкʏ аралаш ʏнʏ угулат, кыялга жуурулушкан кʏʏлɵр жаңырып турат. Бул — “Келечек” балдардын чыгармачылык борбору. Бул жайга ар кʏнʏ ʏч миңге чукул бала баш багып, жарык келечекке карай ɵз жолун издейт. Кимдир бирɵɵ кʏʏлʏʏ комузга кол сунат, кимдир бийдин ыргагына аралашат, дагы бири сʏрɵт менен сʏйлɵшɵт…

47 мугалим ар бир баланын жан дʏйнɵсʏнɵн ɵнɵрдʏн шооласын издеп, билимин жана мээримин берип келишет. Ош шаарында 100 миңден ашык окуучу болсо, борбордо билим алган балдардын саны анын болгону 2 пайызын гана тʏзɵт. Калган окуучулар ар кандай себеп менен ийримге катыша алышпай, кээде убарасыздыкка чɵгʏп, коомдук терс кɵрʏнʏштɵргɵ жакын болуп калууда. Бул сан эмес — бул тагдыр, келечек, жоопкерчилик.

Ошондуктан “Келечек” балдардын чыгармачылык борбору биринчи кезекте аз камсыз болгон, толук эмес ʏй-бʏлɵлɵрдʏн балдарына, жетимдерге эшигин ачат. Кийин гана калган орундар башкаларга ыйгарылат.

1953-жылы тʏптɵлгɵн  борбордун  жаралганына жетимиш жылдан ашкан. Бир нече муундун эскерʏʏсʏндɵ калган касиеттʏʏ жай. 1996-жылы “Келечек” деген атка ээ болуп, балдардын ʏмʏтʏн, ɵнɵрʏн ɵзʏнɵ батырган жайга айланды. Борбор Ош шаарынын мэриясына карагандыктан, негизги жардамды шаардык бийликтен алат. 2025-жылы Ош шаарынын мэри Токторбаев Жеңишбек Шермаматович келип, борбордун учурдагы абалы менен жеринен таанышып, жардам колун сунган. 70 жылдан ашкан имаратка капиталдык оңдоп-тʏзɵɵ иштери башталды. Март айынан тарта чатыры жаңыртылып, азыр жер тɵлɵɵ, кааналар, зал, коридорлор жана сырткы фасад толугу менен жаңыртылууда. Забору алмаштырылып, заманбап борборго айлануусу кʏтʏлʏʏдɵ. Сырты замандын демин тартса, ичинде баланын кыялы жашай тургандай шарт тʏзʏлʏп жатат.

Борбор тɵрт негизги багытта иштейт: билим берʏʏ, спорт, техникалык жана музыкалык-эстетикалык. Илгери балдар арасында бий ийрими гана популярдуу  болсо, азыр шахматтан тартып сʏрɵткɵ чейин тең ата ɵнʏгʏʏдɵ.

Шахмат — акылдын ак майданы. Ош облусундагы шахмат федерациясы менен тыгыз байланыш тʏзʏлʏп, биргелешип, балдар турнирден турнирге ɵтʏп, ак жана кара таштардан стратегия ʏйрɵнʏп жатышат.

Англис тили — дʏйнɵгɵ терезе. Ар бир бала башка элдин тилин ʏйрɵнʏʏ менен дʏйнɵнʏ кеңири таанып, шаардык олимпиадаларда кʏч сынашууда.

Комуз, вокал, сʏрɵт, кол ɵнɵрчʏлʏк — бул тармактарда мугалимдер жʏрɵктʏн тили менен сабак беришет.

Борбор Евразия ассоциациясына мʏчɵ болуп, алты мамлекет менен кызматташат. ЕАДОТтун жоболору боюнча ар кандай эл аралык конкурстарга катышып, “Арууке”,   “Асман Stars” бий топтору Тʏркия, Индия, Казакстан, Ɵзбекстанда ɵткɵн фестивалдарда сахналарды жаркыратышып баш байгелерге ээ болду. Алардын ар бир кыймылы — кɵркɵм баяндын жаңы барагы.

ЮНЕСКОнун жана Евразия ассоциациясынын мʏчɵсʏ катары “Келечек” чет ɵлкɵлɵргɵ таанылып, Кыргызстандагы 74 мекеменин ичинен экинчи орунду ээлеши — бул жɵн гана кɵрсɵткʏч эмес, бул — сыймык.

Былтыр милициянын жана прокуратуранын 100 жылдык мааракелерине борбордун балдары активдʏʏ катышып, байгелʏʏ орундардарды багындырышты.

Ар бир мугалимдин ɵзʏнʏн методикасы бар. Аны практикага колдонуу менен окуучулар ийгиликтерге жетип жатышат. Жыл сайын салтка айланган отчеттук концертке быйыл 1000ге жакын бала катышты. Анда 40 номер кɵрсɵтʏлʏп, концертке Ош шаарынын мэринин орун басары Аманова Салтанат Абдылдаевна, шаардык кеңештин тɵрагасы Баетов Болотбек Талайбекович катышты.

Андан сырткары быйыл “Арууке”, “Нур” бий топтору ɵзʏнчɵ отчеттук концерттерин беришти. “Асман Stars” жана “Таэлия” бий топтору да даярдык ʏстʏндɵ.

Ата-энелер да балдарынын ийгиликтерин кɵрʏп кубанышып, ɵз ыктыяры менен жардам кɵрсɵтʏʏнʏ каалашат. Бул ийгиликтин артында Аида Сапарбаевна жетектеген жамаат, мугалимдердин эмгеги, кɵз ирмебеген аракет жатат.

Боз ʏйдɵй жасалгаланган бɵлмɵдɵ кыргыз жомоктору жаңырып, балдар ал аркылуу ата-бабанын дʏйнɵсʏнɵ сʏңгʏп киришет. “Мурас” ийрими — бул бир эле сабак эмес, бул жʏрɵккɵ уюган тарых.

Борбордун директору Жакыпбаева Аида Сапарбаевна:

“Биз ʏчʏн ар бир бала — жарык келечектин ачкычы. Ага мʏмкʏнчʏлʏк берсек, ɵлкɵнʏн тагдыры ɵзгɵрɵт”, — дейт.

2024-жылы борборго 2000ден ашуун бала келген болсо, быйыл бул кɵрсɵткʏч 3000ге жетти. Жаңы окуу жылына 4000ге жакын баланы кабыл алуу пландалууда. Бул шаардын жана шаардагы калктын санынын ɵсʏшʏнɵ байланыштуу. Ош шаарында бир гана чыгармачылык борбордун болушу жетишсиз. Ар бир аймакта мындай борборлор ачылса, балдарга мʏмкʏнчʏлʏктɵр кеңеймек.

Ал эми жайкы лагерди борбор 3-4 жыл мурун баштап, алгач 100 бала менен иштесе, былтыр 400 бала келип, эки агымда ɵткɵрʏлгɵн. Быйыл ремонтко байланыштуу балдардын саны чектелʏʏ болду. Бирок кийинки жылы кеңейтʏʏ пландалууда.

Министрдин 2025-жылдагы буйругу менен борбор 9 багытта иш алып барат. Техникалык багыттагы ийримдер  ачылып, замандын талабына ылайык жаңыча билим берʏʏ форматына ɵтɵт. Ар бир жаңылануу — баланын келечегине салынган пайдубал.

“Келечек” —  жɵн гана борбор эмес. Бул —  баланын кыялы кɵккɵ учкан, мугалимдин жʏрɵгʏ кʏйгɵн, коомдун ʏмʏтʏ жанданып турган ыйык уя. Балким дал ушул эшиктен эртең кыргыздын залкар акыны, кɵрʏнʏктʏʏ инженер же белгилʏʏ дизайнер чыгып келээр… Ар бир бала — ʏмʏттʏн шооласы.

Айнура Валижанова

About The Author