Кыргыз-Ɵзбек Эл аралык университети ɵлкɵбʏздɵ илим жана билим берʏʏ ишмердиги аркылуу достуктун алтын ордосуна айланган, эл аралык статустагы, достук ордендʏʏ ɵзгɵчɵ окуу жай. Университеттин курамындагы алты факультет, ʏч колледж жана ɵндʏрʏшкɵ керектʏʏ адистерди кыска мɵɵнɵттɵ даярдап чыгарган кесиптик лицей инновациялык технологиялар менен жабдылган Ош шаарындагы жети, Ала-Бука районундагы эки окуу корпусунда кесиптик билим берʏʏ ишмердигин жʏргʏзɵт.

Эл аралык деңгээлдеги окумуштуу илимпоздор эмгектенет
Университеттин адистештирилген кафедра жана циклдеринде эмгектенген профессордук-окутуучулар курамында эл аралык деңгээлдеги окумуштуу илимпоздор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, Инженердик академиясынын академиктери, мʏчɵ-корреспонденттери, Кыргыз Республикасынын билим берʏʏсʏнɵ жана илимине эмгек сиңирген ишмерлер, илимдин докторлору жана профессорлор, илимдин кандидатары жана доценттер, тажырыйбалуу методист окутуучулар дʏйнɵлʏк стандарттын негизинде, алтымыштан ашуун билим берʏʏ программасынын алкагында кесиптик билим берʏʏ ишмердигин алып барат. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ окуу жайдын кʏндʏзгʏ жана сырттан окуу бɵлʏмдɵрʏндɵ он жети миңге чукул студент билим алууда.

Студенттердин кесипкɵй адис болуп, татыктуу билим алышы ʏчʏн баардык шарттар тʏзʏлгɵн
Китеп фонду бир жарым миллиондон ашык керектʏʏ адабияттардан турган китепкана, окуу залдары жаңы кɵз караштагы студентердин жагымдуу жайы. Дʏйнɵлʏк интернет желесине туташтырылган компьютердик класстар, электрондук китепкана керектʏʏ маалыматтарды ыкчам издеп табууга шарт тʏзɵт. Юридикалык билим берʏʏ багытындагы токтом каанасы Ɵкмɵт жана Жогорку Кеңеш тарабынан чыгарылган жаңы мыйзамдар, токтомдор менен ɵз учурунда таанышып, аларды туура пайдаланууга шарт тʏзɵт. Ошондой эле алыскы жана жакынкы чет ɵлкɵлɵргɵ барууну каалаган жарандар ʏчʏн ошол мамлекеттин керектʏʏ мыйзамдары менен алдын ала таанышып, ал мыйзамдарга ылайык ɵзʏнʏн милдеттерин жана укуктарын так билишине кɵмɵктɵшɵт. Юридикалык клиника бир эле студенттер ʏчʏн эмес, жалпы жарандар ʏчʏн кызмат кылат. Калкыбыздын саламаттыгынын сакталышын камсыз кылуу багытында медициналык клиника пайдаланылат.
Чет ɵлкɵлʏк мекеме-уюмдар менен кызматташкан илимий жана тил ʏйрɵнʏʏ борборлору

Дʏйнɵнʏн жʏз элʏʏдɵн ашык жогорку окуу жайлары, илим изилдɵɵ мекемелери, эл аралык ири компаниялар, чет ɵлкɵлʏк мекеме-уюмдар менен кызматташкан университеттин базасындагы корей, немец, англис, тʏрк тилдерин ʏйрɵнʏʏ борборлору аркылуу кыска убакыт аралыгында каалаган чет тилин ʏйрɵнʏʏгɵ болот. Ал эми мамлекеттик тил борбору, манас таануу, Айтматов таануу борборлору, славян жана ɵзбек маданий борборлору жергебизде жашаган баардык этностордун тарыхын, маданиятын, нарк-насилин ʏйрɵнʏп, ɵнʏктʏрʏʏ максатында пайдаланылат. Окуу процессин уюштуруп, башкаруу ʏчʏн AVN маалыматтык системасы жайылтылган. Университет билим берʏʏ ишмердигин жʏргʏзɵ баштаган алгачкы учурдан баштап, илимий изилдɵɵнʏн борбору, билим булагы катары таанылган. Жыл сайын мамлекеттик бюджеттен каржыланган илимий долбоорлордун аткарылышы аркылуу таанылган 9 илимий борбордон турган инновациялык изилдɵɵ институту негизделген. Ал илимий борборлордо 14 багыт боюнча кабыл алынган аспиранттар (PHD) докторанттар илимий изилдɵɵ иштерин алып барууда .
Эл аралык байланыш
Университет экинчи ирет эл аралык институционалдык жана программалык аккредитациядан ийгиликтʏʏ ɵттʏ. Анын негизинде кесиптик билим берʏʏ жана илимий ишмердигин ырааттуу ɵнʏгʏʏ жолуна тʏштʏ. Бир канча эл аралык уюмдардын, бирикмелердин мʏчɵсʏ катары катталды. ТʏРКСОЙ, ЮНЕСКОНУН жол картасы тʏзʏлʏп, эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюлду. Эки тараптуу тʏзʏлгɵн келишимдин негизинде университет ТʏРКСОЙ эл аралык уюму менен биргеликте дʏйнɵлʏк баалуулуктарын даңазалаган иш чараларды ʏзгʏлтʏксʏз ɵткɵрʏп келет. Германиянын «FAV — Тюрингияда тренинг» доолбору аркылуу Эрфурт соода-ɵнɵр жай палатасы менен тʏзʏлгɵн эки тараптуу келишимдин негизинде Германияда кесиптик билим алууга багыт берип, мыйзамдуу жумуш ордун табууга кɵмɵктɵшɵт.
Окуу жай Орус-Кыргыз техникалык университеттеринин консорциумунун мʏчɵсʏ. 2020-2021-окуу жылынан тартып, университетте Россиянын жогорку окуу жайлары менен биргеликте кош диплом берʏʏ программасын жʏзɵгɵ ашыра баштады. Тагыраак айтканда, Устинов атындагы «ВОЕНМЕХ» Балтия мамлекеттик техникалык университети менен болгон программалык келишим боюнча, студенттерге экинчи дипломго ээ болуу мʏмкʏнчʏлʏгʏ берилет.

КƟЭАУ-кесипкɵй адистерди даярдап чыгарат
Инженердик-технологиялык, юридика-экономикалык, эл аралык медициналык факультеттери, медициналык колледжи, кесиптик жана Ала-Бука колледждеринин юридика-экономикалык багыттары рынок шартындагы дʏйнɵлʏк атаандаштыкта туруктуу иш ордун камсыз кыла алган кесипкɵй адистерди даярдап чыгарат. Ал эми педагогикалык багыттагы: тарых-филология, гуманитардык педагогикалык, табигый-педагогикалык жана маалыматтык технологиялар факультеттеринде 12 жылдык билим берʏʏгɵ ылайыкташкан компетенттʏʏ адистерди тарбиялап чыгарат.
Университеттин базасында окуу куралдарын басып чыгаруу багытында ɵздʏк басмаканасы иш алып барат. Азыркы учурда борбор Кыргыз Республикасынын тʏштʏк аймагындагы ɵзбек тилдʏʏ мектептерге зарыл болгон окуу куралдарын даярдоо багытында ʏзгʏлтʏксʏз иш алып барууда. Ушул кʏнгɵ чейин белгиленген борбор тарабынан жʏз жетимиш эки аталыштагы окуу куралдары эки миллион нуска менен чыгарылып, ɵзбек тилдʏʏ мектептерге берилген.
Студенттер ʏчʏл тʏзʏлгɵн мʏмкʏнчʏлʏктɵр

500 орундуу жыйындыр залынан, 7 тилге синхрондук котормо аппараты менен жабдылган конференция залынан, электрондук китепканадан, ашканадан турган маданий-эстетикалык комплексинде университеттин студенттери жана профессордук-окутуучулар курамынын катышуусунда маданий-массалык иш чаралар ʏзгʏлтʏксʏз ɵткɵрʏлʏп турат. Анын натыйжасы катары алар шаардык, облустук, республикалык деңгээлде уюштурулган маданий-массалык, спорттук иш чараларга активдʏʏ катышып, алдыңкы орундарды багындырып турушат. Маданий-массалык иш чараларды уюштурууда жаштар комитети жигердʏʏ иш алып барат. Ал эми студенттик омбудсмен университетте, окуу жайдан сырткы чɵйрɵлɵрдɵ да студентердин укугун коргойт. “”Достук планетасы” газетасы ай сайын чыгарылат. “Достук” теле студиясы студенттердин чыгармачылык ийгиликтерин чагылдырып турат. Спорттук иш чаралар ʏчʏн “Достук” спорт клубу иш алып барат. Спорттук секциялар ʏчʏн спорт манежи, спорт залы, кичи футбол аянтчасы тʏзʏлгɵн. Спорт багытында тʏзʏлгɵн мыкты шарттын натыйжаларында университеттин студенттери да, окутуучулары да шаардык, облустук, республикалык, эл аралык мелдештерде байгелʏʏ орундарды багындырып турушат.
Алыскы аймактардан келип окуган студенттер, академиялык мобилдʏʏлʏк программасы менен сырттан келген студенттер мезгил талабына жараша жабдылган студенттик жатаканага жайгаштырылат. Тажырыйба алмашуу ʏчʏн, же конок лекция окуу ʏчʏн башка окуу жайлардан келген мугалимдер, профессорлор ʏчʏн атайын даярдалган конок ʏйʏ пайдаланылат. Ошондой эле окуу корпустарынында студенттик ашканалар иштейт. Жыйынтыктап айтканда, Кыргыз-Ɵзбек эл аралык университети, заманбап матераилдык-техникалык базасы, жаңы кɵз караштагы окумуштуу-окутуучулары менен билим берʏʏ жана илим багыттары боюнча изилдɵɵ иштерин жʏргʏзʏʏ аркылуу баардык этностордун маданиятын, тарыхын ɵнʏктʏрʏʏгɵ жол ачкан, биримдикти туу туткан достуктун алтын ордосу.
Окшош макалалар
Ош областтар аралык бириккен клиникалык ооруканасы – тʏштʏктɵгʏ саламаттыкты сактоонун флагманы
Курманжан-Датка МАБынын башчысы Равшан Мирзабаев: “Ак-Буура дарыясынын жээгине жана суу ʏстʏнɵ курулган объекттер алынып жатат”
Салык санкциясы деген эмне?