Бала – эртеңки кʏндʏн ʏмʏт шооласы. Ар бир ата-эне баласынын мыкты инсан болуусун каалайт. Баланын эртеңине кам кɵрʏʏ — ата-эненин жана жалпы коомчулуктун милдети десек болот. Балдар темасын улай бʏгʏнкʏ кʏндɵ баланын ден соолугуна, мʏмкʏнчʏлʏгʏнɵ жана ɵзгɵчɵлʏгʏнɵ карай аларга кандай шарттар тʏзʏлгɵн, комплекстʏʏ ɵнʏктʏрʏʏдɵ кайсы тармагыбыз аксап жатат? Ош шаардык кеңешинин депутаты, социалдык-маданий ɵнʏктʏрʏʏ жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын тɵрайымы Акмарал Тентимишова менен маектешкенбиз.

-Мугалим катары айтсаңыз, азыркы балдарды тарбиялоодо ата-энеден жана мугалимдерден кандай мамиле талап кылынат?
-Бала тарбиялоонун даяр рецепти жок деп дайыма айтып келем. Ар бир ʏй-бʏлɵнʏн индивидуалдуу усулдары болот. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ бала тарбиясына келгенде “ʏлгʏлʏʏ бала”, “ийгиликтʏʏ бала” деген тʏшʏнʏктʏ бир аз чектеп алышыбыз керек. Ар бирибиздин акыл кампабызда бул тʏшʏнʏктɵргɵ карата ар тʏрдʏʏ моделдер жашайт. Ошол эле учурда улуу муун менен жаштардын ортосундагы ажырым болбоосу шарт. “Азыркы жаштар сɵз укпайт, билгенин жасайт” деп кʏнɵɵлɵй берген туура эмес. Башта улуу муун ɵзʏбʏздʏн да иш-аракеттерибизге, жʏрʏм-турумубузга баа берʏʏнʏ ʏйрɵнʏʏбʏз керек. Кɵпчʏлʏк мугалимдер жана ата-энелер айтканды уккан, эмне десең аткарган баланы “жакшы бала” деп баалашат. Ошентип отуруп баланы кичинесинин бардык нерсеге чектеп, ɵз оюн эркин билдире албай турган рамкага салып таштайбыз дагы чоңойгондо ийгиликтʏʏ баланы кɵргʏбʏз келе берет. Негизи адамдар башкаруучу, аткаруучу, ойлоп табуучу болуп бɵлʏнɵт эмеспи, биз менталитетке таянып, балдардын кɵбʏн айтканды жасаган аткаруучу кылып чоңойтот экенбиз. “Мен улуумун, кɵптʏ кɵргɵнмʏн, демек менин айтканым гана туура” деп баланы чектебей, эркиндик берип, анын оюн да уга билсек, ошондо гана оюн тартынбай айткан лидерлер, ойлоп табуучулар чыгат деп ойлойм.
-Балдардын билим алуусунда, чыгармачылыкта, спортто ийгилик жаратуусуна ʏй-бʏлɵдɵн, мектептен канчалык деңгээлде колдоо кɵрсɵтʏлɵт деп ойлойсуз?
-Мурдагы союз мезгилинин билим берʏʏ системасында баланын тандап алган кесиби боюнча жɵндɵмʏнɵ басым жасалып келген. Ал эми бʏгʏнкʏ кʏндɵ дʏйнɵ жʏзʏндɵ “soft skills” жана “hard skills” тʏшʏнʏктɵрʏ пайда болду. Мисалы софт скилстери, тактап айтканда жумшак кɵндʏмдɵрʏ ɵнʏккɵн адистерге талап жогору. Мында бала команда менен иштей алат, эмоционалдык интеллектке, аналитикалык ой жʏгʏртʏʏгɵ ээ, элдин алдында сʏйлɵй алат, мамиле кура алат ж.б.. Ошондуктан баланы маданий, социалдык чɵйрɵгɵ кɵп аралаштыруу керек. Учурда шаарда балдарды маданий жактан ɵнʏктʏрʏʏгɵ бир аз шарттар тʏзʏлгɵн. Спорт жаатында деле ушундай. Мамлекеттик жана жеке спорттук, маданий ийримдер иштеп жатат. Ийгиликтʏʏ спортчуларга мамлекеттен болгон колдоолор да балдарга, ата-энелерине мотивация берип келʏʏдɵ. Аталган тармактарга мындан ары да кам кɵрʏʏ, санын кɵбɵйтʏʏ иштерин токтотпошубуз керек.

-Балдардын каникул учурунда татыктуу эс алуусуна канткенде жакшы шарт тʏзʏʏгɵ болот?
-Жайкы эс алуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын отурумунда бир нече жолу маселе кɵтɵрʏп, шаардык кеңештин сессияларында мен жана башка кесиптештерим тынбай эле айтып келишʏʏдɵ. Чынында шаарыбызда балдарды эс алдырууга мʏмкʏнчʏлʏктɵр жок. Союз мезгилинде бир-эки лагерь болгон экен, бирок, алардын абалы азыр абдан начар, башка тʏзʏмдɵргɵ ɵтʏп кеткендери да бар. Ата-энелер жай мезгили келгенде балдарын каякка эс алдырып келʏʏнʏ билишпейт. Мʏмкʏнчʏлʏгʏ барлар айылга чоң ата, чоң энелерине жɵнɵтʏшɵт. Мʏмкʏнчʏлʏгʏ жоктор ʏйдɵ алып отурушат же жеке жактарга тиешелʏʏ лагерлерге беришет. Ушул жерде дагы бир маселеге токтолоюн, жеке жактарга тиешелʏʏ спорттук, маданий, окуу же диний багыттарындагы лагерлер бар. Алардын ички мазмунун кɵзɵмɵлдɵп, балдарга кандай нерселерди ʏйрɵтʏп жатканын текшерʏʏгɵ “жеке бизнести коргоо” деген мыйзам менен жергиликтʏʏ бийликтин укугу чектелип калган. Бирок, азыркы бийлик, калаа башчысы Жеңишбек Токторбаев социалдык маселелерге да кɵңʏл бɵлʏп, канча жылдан бери капиталдык оңдоодон ɵтɵ элек балдарга тиешелʏʏ борборлорду карап, оңдотуп жатат. Мен ойлойм, лагерь маселелери да акырындан чечилет.
-Мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелген же ɵзгɵчɵ балдардын кɵбʏн ʏйдɵн чыгарбай карашат эмеспи, мындай аракеттер баланы коомчулуктан ого бетер алыстатып койбойбу?
-Ата-эне ʏч учурда ɵзгɵчɵ баласын ʏйдɵн чыгарбай карашы мʏмкʏн. Биринчиси, ата-эне андай баласын эл алдына алып чыгууга ɵзʏ даяр эмес. Элден корунуп, “эл эмне дейт” деген ойдо жашайт. Мындай ата-энелердин ɵздɵрʏнɵ психологиялык жардам керек. Экинчиден, коомдун даяр эместиги. Коомдо ɵзгɵчɵ балдарга жана алардын ата-энелерине болгон ɵзгɵчɵ мамиле бар. Ɵзгɵчɵ балдар кɵбʏнчɵ теңтуштары, кошуналары, кесиптештери жана тейлɵɵ кызматкерлери тарабынан басынтууга туш болушат. ʏчʏнчʏдɵн, мамлекеттик деңгээлде шарттардын тʏзʏлбɵгɵнʏ. Мисалы, арабада отурган балдарга бардык эле мекемелерде тоскоолдуксуз кире ала турган шарттар жок. Коомдук транспорттордо да кɵйгɵй бар. Азыр бардык шарты бар жаңы автобустар келген менен шаарды толук камсыздай албай жатат. “Час пик” учурунда алты саны аман, дени сак адам араң чыгып-тʏшɵт. Ал эми кичи автобустарга бир да майып бала чыга албайт. Мына ушундай факторлордон улам майып же ɵзгɵчɵ балдар элге дайым аралаша алышпайт. Аларга шарт тʏзʏп, мʏмкʏн болушунча элге аралаштыруу зарыл. Анткени ата-эне баланы ɵмʏр бою карап, жанында жʏрɵ албайт. Жок дегенде ɵз алдынча дʏкɵндɵн керектʏʏлɵрʏн сатып алганга, бирɵɵ менен сʏйлɵшɵ алууга даярдоо керек. Ɵзʏмʏн аутист баламды мисал кылып айтайын, айлана-чɵйрɵбʏздɵгʏ дʏкɵндɵргɵ дайыма эскертип, соода кылганы келсе эринбей тʏшʏндʏрʏп, эсептеп берип койгула деп айтчумун. Ошентип жʏрʏп кудайга шʏгʏр азыр балам дʏкɵндɵн кадимки ɵзʏнɵ соода кылып, керектʏʏсʏн ала алат. Кичинесинен эле коом эмне десе ошол десин деп дайыма ɵзʏм менен алып жʏрдʏм. Шашканда эле жеке унаага же таксиге салбасам жолду ʏйрɵнсʏн деп дайым коомдук унааларга салып жʏрдʏм. Жактырбагандар да болот, башкача кɵз караш менен караштары мʏмкʏн. Ушулардын баарына чыдаган ата-эне гана баласын коомго чыгарып калат. Чыдабаган ата-эне ʏйдɵ алып отуруп, баланын такыр социалдашпай калуусуна себеп болот. Ɵзгɵчɵ балдарга комплекстʏʏ кам кɵрʏʏ керек. Коомчулукка адамдар ар тʏрдʏʏ экенин, ɵзгɵчɵ балдар да биздей эле адам экенин, укугу бар экенин, биз тараптан колдоого муктаж экенин ʏйдɵ ата-эне айтса, мектепте мугалим айтып, тʏшʏндʏрʏʏсʏ зарыл.

Бизде “дени сак балдар жана мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелген балдар” деп эки эле топко бɵлʏшɵт. Ортодо жеңил формадагы ɵзгɵчɵлʏктɵргɵ ээ болгон балдар абдан кɵп. Менин уулум да ушул категориягадагы балдардын катарына кирет. Мындай балдарга атайы мектептерге барганга да болбойт. Мисалы, уулум окуйт, жазат, математикалык эсептерди так, туура чыгара алат, демейдеги балдар аткара албаган эспетерди чыгара алат бирок, ой жʏгʏртʏʏсʏ, талаптары башкачарак болгондуктан кадимки мектептеги балдар менен аралашып окуй албайт. Мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелген балдардын тобуна кирбегендиктен атайы мектептерде да окуй албайт. Ушундай балдары бар ата-энелер шарты болсо индивидуалдуу окууларга берип, кʏчтʏʏ жактарын бир аз ɵстʏрʏп жатышат. Шарты жок ата-энелердин балдары калып калууда. Ортодогу балдар менен иштɵɵ ʏчʏн ɵлкɵбʏзгɵ атайы система керек деп ойлойм. Мындан он жыл мурда Казакстанга эл аралык семинарга барып калдым. Ошондо ɵзгɵчɵ балдарды бɵлбɵй кадимки балдарга аралаштырып окута берсе, кадимки балдарда ɵзгɵчɵ балдарга болгон тʏшʏнʏʏ, колдоо инстинкти пайда болот деген маселени кɵтɵрʏшкɵн. Мындан сырткары мектеп программасын ɵзгɵчɵ балдар да ʏйрɵнʏп кете ала турган кылып тʏзʏʏ зарылдыгын айтышкан эле. Дʏйнɵ жʏзʏндɵ статистика боюнча ɵзгɵчɵ, аутист балдар абдан кɵп. Акыркы он жылда биздин ɵлкɵдɵ да бул кɵрсɵткʏч жогорулаган. Алардын баарына ɵзʏнчɵ бала бакча, ɵзʏнчɵ мектеп кыла берсек коомдогу ажырым чоңоё берет. Ошондуктан жалпы билим берʏʏ системасын, усулдарды карап чыгуу зарылдыгы бар.
-Жаңы билим берʏʏ системасында ушуга окшогон кɵйгɵйлɵр каралганбы?
-12 жылдык билим берʏʏдɵ балдардын кошумча кесиптик кɵндʏмдɵрʏнɵ басым жасалган. Майыптыгы бар же ɵзгɵчɵ балдар ʏчʏн атайы программалар каралган эмес. Бирок акыркы жылдары Кыргызстанда инклюзивдик билим берʏʏ боюнча долбоорлордун негизинде аракеттер жасалып жатат. Ал эми массалык тʏрдɵ бардык мектептерде кɵтɵрʏʏ маселеси азырынча колго алына элек. Ар бир жаңылык долбоорлор аркылуу кирет эмеспи, мʏмкʏн келечекте бул долбоорлор да массалык тʏрдɵ ишке ашып калаар.
Айжылдыз Тойчиева
Окшош макалалар
Ош областтар аралык бириккен клиникалык ооруканасы – тʏштʏктɵгʏ саламаттыкты сактоонун флагманы
Курманжан-Датка МАБынын башчысы Равшан Мирзабаев: “Ак-Буура дарыясынын жээгине жана суу ʏстʏнɵ курулган объекттер алынып жатат”
Салык санкциясы деген эмне?