20 августа, 2025

Жанибек Чолпонбаев:“Калктын кɵйгɵйʏн жеринен чечʏʏгɵ аракет кылабыз”

Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгынын негизги иш багыты – бул аймакта жашаган калктын жашоо шартын жакшыртуу. Анын ичинде кварталдардагы кɵйгɵйлʏʏ маселе —  жамгыр кɵп жааганда бир багытта агып кетʏʏчʏ агынды суу арыктын жоктугуна байланыштуу жертɵлɵлɵргɵ тʏшʏп кетʏʏсʏн алдын алуу, жолдор боюнча иштерди аткаруу, тургундардын социалдык абалын жакшыртуу. Бизде 23 ʏй-бʏлɵлʏк жатакана бар, алардын шарттары ɵтɵ оор. Анткени ал жатаканаларда  жалгыз бой энелер, кɵп балалуу ʏй-бʏлɵлɵр жашашат. Алардын эң кɵйгɵйлʏʏ маселеси – 1-2 баласын бала бакчага жайгаштыруу жана шаарда ишканалардын жетишсиздигине байланыштуу кɵпчʏлʏгʏнʏн жумушсуздугу. Колдон келишинче мыйзам чегинде жергиликтʏʏ маселелерди жеринен чечʏʏ милдетин аткарып келебиз.

Ɵткɵн жылкы эсеп боюнча биздин аймакта 55 720 калк жашачу. Административдик аймактык реформанын алкагында Нариман айыл ɵкмɵтʏнɵн Жийделик, Жаңы маала (Лɵлʏ маала) жана Джим айылдары кошулду. Азыр калктын саны 68–70 миңдин тегерегинде.

Биздин аймакта 213 кɵп кабаттуу ʏй бар. Коммуналдык тейлɵɵ боюнча маселелер ɵзгɵчɵ кыш мезгилинде курч турат. Бул маселелерди чечʏʏ ʏчʏн жаңы мэрибиз Жеңишбек Шерматовичке кайрылганмын. Тургундарга техникалык тɵлɵмдʏ жɵнɵкɵйлɵтʏп, батирдин аянтына жараша ай сайын сарптаган жылуулуктун суммасына кошо авариялык учурда же болбосо оңдоп-тʏзɵɵ иштерине сарпталуучу каражатты алдын ала топтолуусун сунуштаганмын. Бул долбоордун ʏстʏнɵн иш жʏрʏп жатат.

“Жылуулук электр борбору” (ТЭЦ) жылуулукту ʏйдʏн алдына чейин жеткирет, андан кийин жертɵлɵдɵн ʏйдʏн ичине чейин Муниципалдык турак-жай коммуналдык (МЖКУ) ишканасы тейлейт. Бирок кɵп учурда эки ишкана бири-бирине шылтап, ʏйлɵр  жакшы жылыбай калууда. ТЭЦ “жылуулукту берип жатабыз”, десе, МЖКУ «обратка начар болуп жатат» деп чыгат. Эми бул ишти ушул ишканалардын бирине гана жʏктɵлʏʏсʏн ишке ашырабыз. ТЭЦ мурда акционердик коом болчу, азыр муниципалдык ишкана катары шаарга кошулду.

 Жайында жылуулук жетишсиз берилген ʏйлɵргɵ барып оңдоп-тʏзɵɵ иштерин жʏргʏзɵлʏ десек, айрым тургундар «кыш боло электе эмне кереги бар?» деп кош мамиле кылган учурлар да болбой койбойт. Бирок кыш келгенде кайра арызданып келишет.

Акыркы ʏч жылда Масалиев жана Алай кɵчɵлɵрʏн оңдодук. Алай кɵчɵсʏн ачып, 1,5 километр аралыктагы жолду асфальттап, эки тилкелʏʏ кылдык. Мурда ал жɵн гана жашоочулар басып ɵтʏʏчʏ жол тилкеси болчу.

Мурунку Зайнабетдинова, азыркы Раимбеков кɵчɵсʏндɵгʏ мыйзамсыз курулуштар бузулуп, эки тарабына заманбап техника менен жабдылган эс алуучу жай курулду.

 Раззаков кɵчɵсʏндɵ жɵɵ жʏргʏнчʏлɵр ʏчʏн ыңгайлуу тротуар жана велосипед тебʏʏгɵ ылайыктуу веложол курулду. Жол боюнда кʏн нурунан кубат алып кʏйчʏ заманбап чырактар орнотулуп, кечкисин кɵчɵгɵ ɵзгɵчɵ жарык тартуулоодо. Бул жаңы кɵрʏнʏш шаар тургундарына коопсуздук менен бирге кɵрктʏʏ чɵйрɵ тʏзʏп берʏʏдɵ.

1. Раззаков кɵчɵсʏн Наримандагы темир жолго чейин асфальттоо;

2.  Касымбеков кɵчɵсʏнʏн башталышынан  шаардык МАИдеги айланма жолго чейин кеңейтʏʏ (3 тилкеден 6 тилкеге чейин, тротуары менен кошо).

Ички жолдорду оңдоо боюнча шаардык бюджеттен ар бир МАБга 30 миллион сом бɵлʏнмɵк, бирок, азырынча каражат чечиле элек. Ошентсе да 50/50 долбоору аркылуу — жарымы шаардык бюджеттен, жарымы жашоочулардан — ички жолдорду оңдоону улантып жатабыз. Мындай ыкма менен мурда ʏйдʏн фасаддары, чатырлары оңдолгон. Тургундар аз да болсо ɵз чɵнтɵгʏнɵн акча чыгарганда аялуу мамиле жасап калышат экен.

Ар аптанын ʏчʏнчʏ кʏнʏ “Коомдук алдын алуу” борборунда жыйын ɵткɵрʏп, аймактагы коомдук тартипти сактоо жана алдын алуу иштерин талкуулайбыз. Аталган борбордун тɵрагасы катары аймактык тескɵɵчʏлɵр жана мектептердин социалдык педагогдору менен тыгыз кызматташып, ырааттуу иштерди жʏргʏзʏп келебиз.

Биздин максат — жаштар арасында тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жигердʏʏ жʏргʏзʏʏ, мыйзам бузуулардын алдын алуу жана коопсуз чɵйрɵ тʏзʏʏ. Ошондуктан чоң жана кичи жолугушууларды ɵткɵрʏп, тургундар менен тыгыз байланышта болууга аракет кылабыз.

Аймакта жашоо шарты оор ʏй-бʏлɵлɵр кɵп. “Жɵлɵк пул” берʏʏ ʏчʏн социалдык адистер менен комиссия тʏзʏлʏп, кайрылгандардын шарттарын кɵрʏп чыгып, жардам берилет. Кайдыгер карабаган жарандарыбыз, соода тʏйʏндɵрʏн иштеткен ишкерлерибиз менен тыгыз иш алып барып, аз камсыз болгон ʏй-бʏлɵлɵргɵ бир-эки кʏнгɵ жетчʏ азык-тʏлʏк алып берип келебиз.

Аймакта уруш-талаш маселелери да болбой койбойт. Мындай учурда тургундар оозеки жана жазуу тʏрʏндɵ кайрылышат. Алардын негизгилери – жатаканалардагы бɵлʏштʏрʏʏ маселеси: бир секцияда 4 батир болсо, алардын  бир дааратканасы, бир ашканасы болот. Ошолорду пайдаланууда пикир келишпестиктер чыгат. Кээ бирлери ɵзʏ менчиктеп алган учурлар болот. Биз юрист менен барып тʏшʏндʏрʏп, маселени жеринен чечʏʏгɵ аракет кылабыз.

Экинчи кɵп кайрылган маселе – таштанды таштоочу контейнерлердин жайгашкан жери. Айрыкча жайында мɵмɵ-жемиш бышканда таштанды кɵп чыгып, жыттанып, чымын-чиркей кɵбɵйгɵн учурлар болот. Контейнерди жылдыруу кɵп кабаттуу ʏйлɵрдʏн арасындагы жер тилкелердин тардыгына байланыштуу мʏмкʏн болбой жатат.  Ошондуктан тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзʏп, ордунда калтырууга аракет кылабыз. Акыркы мезгилде «сортировочный пункттарды» курдук. Бул ыкма тазалыкка ɵбɵлгɵ тʏзɵт. Контейнер-кузовдорду жок кылып, ушул пункттарга ɵтʏʏнʏ кɵздɵп жатабыз. Азырынча ʏч пункт курулду.

Спортко кызыгуу жылдан-жылга артып жатат. Бул – дʏйнɵлʏк чемпиондорубуздун ийгиликтерине байланыштуу. Аймакта  “Достук” деген аталыштагы Иран ɵлкɵсʏ менен биргеликте салынган спорт комплекси бар. Ал жерде кɵп жаштарыбыз машыгышат. Майрамдарда  спортчуларды колдогон демɵɵрчʏлɵр спорттук мелдештерди уюштуруп турушат.

Акыркы беш жыл ичинде Манас-Ата МАБында 20дан ашуун кɵп кабаттуу ʏй курулду. Эң бийиги – 16 кабаттуу. Азыр Масалиев кɵчɵсʏндɵ “МК Групп” жана «ЭМАКОМ» компаниялары эки ʏйдʏ жашоочуларга тапшыруу алдында турат.

ХБК кичи районун эл “промзона” деп коёт. Унаа тетиктери сатылуучу жай, арматура заводу, ТЭЦ ушул жерде жайгашкан. Ошого карабастан, азыр жанында 6 кɵп кабаттуу ʏй курулууда. Бул келечекте чоң кɵйгɵй жаратышы мʏмкʏн, анткени турак жай менен ɵндʏрʏш аймактарынын ортосундагы аралык мыйзам менен белгиленет. Азыр курулуш бʏтɵ элек, бирок, тургундар киргенден кийин арыздар башталышы мʏмкʏн.

Мен ушул аймакта, Ош микрорайонунда 23 жыл жашап, терсовет кызматында иштеп калдым. Ошондо бул аймактын кɵйгɵйлɵрʏн жʏрɵгʏм менен сезип, эң негизги маселе катары мектеп жана бала бакчанын жетишсиздигин кɵтɵргɵм. 6 мектеп, 6 бала бакча бар, баары союз убагында курулган. Заманбап мектеп, заманбап бала бакча жок. “Жатаканада жашаса да, райондун балдары заманбап бакчага барсын, ойноочу аянтчасы болсун. Андан келечекте мыкты окумуштуу, жетекчи чыксын” деген тилек менен сунушту 2015-жылы шаар мэри Айтмамат Кадырбаев болуп турганда киргизгем.

“Жетиген” мектеби буга чейин Бишкекке караган, быйыл АТРдин алкагында бизге ɵттʏ. Дагы бир кубанычтуу нерсе,  былтыр № 27 XXIV партсъезд атындагы мектепке 500 окуучуга ылайык жаңы корпус курулду.

Адамдын жашоо шарты оңолгон сайын анын жʏрʏм-туруму да ɵзгɵрɵт экен. Салиева кɵчɵсʏндɵгʏ аллея буга мисал. Ал жерде мурда кичинекей базар, автоунаа токтоочу жайлар менен толуп турган, булганыч жер болгон. Аллея курулгандан кийин ал аймактагы жашоочулардын жоругу да, турмушу да жакшырып калды. Шаарыбыздын цивилизациясы ошол жерден ɵйдɵ карай ɵсɵ баштайт. Кɵчɵлɵрдʏ таза кармап, шаарга болгон мамилебизди оңдосок, коом да оңолот.

Айнура Валижанова

About The Author