Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын кɵз микрохирургия бɵлʏмʏ — бул Тʏштʏк аймагындагы кɵз ооруларына каршы кʏрɵшʏʏдɵ алдыңкы орунда турган бɵлʏм болуп саналат. Бɵлʏм башчысы, врач Айдарали Арыков жетектеген бɵлʏмдɵ кɵздʏн тʏрдʏʏ оорулары, сезгенʏʏлɵрʏ аныкталып, заманбап ыкмалар менен дарыланууда. Ошондой эле жаш дарыгерлерди ʏйрɵтʏʏ, эл аралык тажрыйба алмашуу, жаңы технологияларды киргизʏʏ аркылуу бɵлʏм ɵз ишмердʏʏлʏгʏн тынымсыз ɵркʏндɵтʏп келет.
Арыков Айдарали Борконович, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын кɵз микрохирургия бɵлʏмʏнʏн бɵлʏм башчысы.

-Жаштар арасында жана чоң адамдар арасында кɵз ооруларынын кайсы тʏрлɵрʏ кɵп таралган?
-Биздин бɵлʏмгɵ кайрылгандардын 60 пайызы катаракта менен жабыркагандар. Катаракта — кɵздʏн чечекейин (хрусталик) парда басып, адамдын кɵрʏʏсʏн начарлатып же таптакыр кɵрбɵй калышына алып келет. Мындай учурда катарактага операция жасалып, кɵрʏʏ калыбына келтирилет. Ал эми глаукома — кɵздʏн ички басымынын жогорулап кетиши менен байланышкан коркунучтуу оору. Бул учурда кɵздʏн тамырлары кысылып, кɵрʏʏ нерви жабыркап, сокурлукка алып келиши мʏмкʏн. Бɵлʏмгɵ кайрылгандардын 15 пайызы ушул диагноз менен келет. Мындан сырткары Алай, Чоң-Алай, Араван сыяктуу климаты катаал, шамалдуу же ɵтɵ ысык, чаңдуу райондорунда кɵздʏн бурчунан ɵскɵн ɵсмɵлɵр кɵп кездешет. Ошондой эле кɵздʏн жаш агызуучу каналдары жабылып калган кɵз оорусу да бар. Бул кɵйгɵй бейтаптардын 7-8 пайызында кездешет. Дагы бир белгилей кетʏʏчʏ нерсе, учурда кант диабети менен жабыркагандар кɵп. Кант диабети оорусунда кɵздʏн микротамырлары кɵйгɵйлɵргɵ душар болот. Тамырлар жарылып, кɵзгɵ кан толуп, кɵрʏʏнʏн начарлашына же жоголушуна алып келет. Диабеттик ретинопатия азыркы учурда эң кɵп кездешип жаткан кɵз ооруларынын бири.
“Гаджеттердин терс таасири”

Жаштарга келе турган болсок, гаджеттерден улам келип чыккан кɵрʏʏнʏн начарлоосу кескин кɵбɵйдʏ. Компьютер, телефон, планшет кɵп колдонулганда кɵздʏн булчуңдары чарчап, кɵз кургап, “компьютерный зрительный синдром” пайда болот. Бул процесс миопияга алып келʏʏсʏ толук мʏмкʏн. Мисалы, Японияда илгертен технология ɵнʏккɵн, кɵп жумуштар онлайн аткарылгандыктан калктын 70-75 пайызы кɵз айнек тагынып жʏрɵт. Кыргызстанда да мындай тенденция кʏч алып баратат.
-Кɵз ооруларынын тукум куучулук белгиси жɵнʏндɵ айтисаңыз?
-Кɵз ооруларынын айрым тʏрлɵрʏ тукум кууйт. Алардын бири – шам тʏшкɵндɵ кɵрбɵй калуу же орусчасы куриная слепота. Бул оору ата-энеден баласына, кээде неберелерге чейин ɵтʏшʏ мʏмкʏн. Глаукома да ген аркылуу ɵтʏп, ʏй-бʏлɵ мʏчɵлɵрʏндɵ кайталанып кездешет. Ошондуктан ата-энесинде кɵз оорулары барлар балдарын убагында дарыгерге текшертип турууну сунуштайм.

— Жаш ɵткɵн сайын кɵздʏн кɵрʏʏсʏнʏн начарлашы табигый кɵрʏнʏшпʏ же алдын алууга болобу?
-40 жаштан кийин кɵпчʏлʏк адамдарда жакынды кɵрɵ албоо кɵйгɵйʏ башталат. Бул физиологиялык процесстердин бири. Кɵздʏн чечекейи жаш кезде ийилчээк болуп, алыс-жакынды оңой кɵрɵт. Жаш ɵткɵн сайын кɵздʏн фокусту жɵнгɵ салуу жɵндɵмʏ тɵмɵндɵйт. 60 жаштан кийин “жаш курактык катаракта” кɵбʏрɵɵк кездешип, чечекей бозоруп, операция талап кылынат. Толук алдын алууга мʏмкʏн эмес. Башка органдардай эле кɵздʏн да иштɵɵ функциясы тɵмɵндɵйт.
— Лазердик коррекция тʏбɵлʏк кɵз айнек такпай жʏрʏʏгɵ кепилдик береби?
-Азыр лазер менен дарылоонун ар тʏрдʏʏ ыкмалары колдонулууда. Миопияны ко ррекция кылуу, глаукоманын басымын тʏшʏрʏʏ, челдин айрылышын дарылоо ʏчʏн лазер колдонулат. Бирок бул ыкма бардык эле адамга ылайыктуу боло бербейт. Мисалы, 22-23 жашка чейинки балдарды лазердик коррекция жасоого сунуштабайм. Анткени организм ɵсʏп жаткан учуру, кɵз дагы ɵзгɵрɵт. 23 жаштан кийин жасатса, тʏбɵлʏк кɵз айнек такпайт деп эч ким кепилдик бере албайт. 40 жаштан баштап кɵз айнек тагуу ыктымалдуулугу жогору.
-Кɵздʏ ʏй шартында же элдик медицинада дарылоонун кооптуулугу?
-Эл арасындагы кооптуу адаттардын бири — кɵзгɵ бир нерсе кирсе ʏйлɵɵ же тʏшкɵн нерсени тил менен алуу. Бул ыкмалар кɵзгɵ зыян алып келип, инфекция тʏшʏрɵт. Ооздо микробдор абдан кɵп. Ɵз алдынча ыкмаларды колдонуп, кɵзгɵ ар кайсы дарылаорды куя бербеш керек. Кɵз – эң назик орган. Кɵз менен байланышкан кɵйгɵйлɵрдɵ врачка кайрылса, текшерип, медицинанын далилденген дарылары менен дарылайт.

-Кош бойлуу аялдардын кɵрʏʏсʏ ɵтɵ тɵмɵн болгон учурда тɵрɵтʏнɵ кооптуубу?
-Кɵрʏʏсʏ начар кош бойлуу аялдар (миопия 6дан жогору болсо) кɵздʏн формасы ɵзгɵрʏп, узарып, жукарып кетет. Тɵрɵт учурунда аял толготкондо кʏч келип, кɵздʏн тордуу чел кабыгы жыртылып кетʏʏ коркунучу бар. Ошондуктан кош бойлуу аялдар алдын ала текшерилип, операция жолу менен тɵрɵɵ керекпи же табигый жол менен тɵрɵй алабы аныктап, кеңеш алуусу керек.
-Сиздерге кайрылган бейтаптарга канча орун каралган?
-Ош облусунун клиникалык ооруканасынын кɵз микрохирургия бɵлʏмʏ учурда 40 койкага ылайыкташып, кʏнʏнɵ орто эсеп менен 40 бейтап кабыл алынат. Бɵлʏм негизинен чоң кишилерге кызмат кɵрсɵтɵт. Ар кандай операциялар, дары менен дарылоолор жана консультациялар бул бɵлʏмдɵ ɵткɵрʏлɵт. Бɵлʏмдɵ учурда 7 дарыгер иштейт, алардын ичинен айрымдары 40-50 жылдан берки тажрыйбалуу врач катары эмгектенип келишет. Ал эми менин иштегениме 40 жылдан ашты. Жаш дарыгерлерибиз деле иштегендерине 3 жылдан 10 жылга чейин болуп, бир топ тажрыйба топтоп калышты.
-Жаш дарыгерлер кɵз дарылоосу ɵнʏккɵн ɵлкɵлɵргɵ барып тажрыйба алып турушабы?
-Бɵлʏмдɵ ар дайым жаш адистерди окутуу жана квалификациясын жогорулатуу иштери жʏрʏп турат. Кытай, Индия, Непал сыяктуу мамлекеттерге барып билим алып келген дарыгерлерибиз бар. Мисалы, дарыгер Арапбаева Уултай Кытайда окуп, кɵз дарылоо ыкмаларынын жаңы усулдарын ʏйрɵнʏп келген. Ошондой эле Кыдыров Сагын, Аралова Гʏлнара, Жумалиева Ханзада, Алиев Адилет сыяктуу жаш кадрлар эл аралык тажрыйба топтоп, жаңы мʏмкʏнчʏлʏктɵрдʏ ʏйрɵнʏп келишкен.
Таңсулуу Сʏйʏнали кызы
Окшош макалалар
Ош областтар аралык бириккен клиникалык ооруканасы – тʏштʏктɵгʏ саламаттыкты сактоонун флагманы
Курманжан-Датка МАБынын башчысы Равшан Мирзабаев: “Ак-Буура дарыясынын жээгине жана суу ʏстʏнɵ курулган объекттер алынып жатат”
Салык санкциясы деген эмне?