Ош шаардык кеңешинин кезектеги VIII сессиясында бир топ маселелер кɵтɵрʏлʏп, токтом долбоорлору кабыл алынды. Ал арада эл ɵкʏлʏ Бекболот Арзибаев мурдагы мэр Мелис Мырзакматовдун Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги 20 гектарга жакын жерди мыйзамсыз тосуп алганын айтып, териштирʏʏнʏ талап кылды.

Бекболот Арзибаев: “50 метрден 70 метрге чейин дарыянын нугунун чети бош болуусу керек. Бирок азыр бизде ал корук зонасы жок. Ак-Бууранын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар боюнча буга чейин комиссия тʏзʏлгɵн. Азыркы мэр Жеңишбек Шермаматович ɵзʏ да тастыктап айтууда, миңден ашуун ʏйлɵр, курулуштар мыйзамсыз деп табылган. Кылмыш иши козголгону боюнча вице-мер Замирбек Байышович маалымат берип, буга чейин аталган комиссияны жетектеп турган. Кʏч органдарына ɵткɵрʏлʏп, тергɵɵ жʏргʏзʏлʏʏдɵ деп жатышат, бирок, бир жыл ɵтсɵ да тергɵɵнʏн аягына чыкпай келʏʏдɵ».
Мындан сырткары жол акысынын наркын кɵтɵрʏʏ учур талабы экени, чыгым акталбай калгандыктан буга чейин бир нече маршруттук каттамдар ишмердʏʏлʏгʏн токтотуп койгонун тийиштʏʏ кызматтар баса белгиледи. Маршруттук каттамдарыдын жол акысын 20 сомго кɵтɵрʏʏ маселеси колдоо тапты.
Айжан Тогузакова, депутат: “Жол акыны кɵтɵргɵнгɵ жараша автобустардагы, кичи маршруттук каттамдардагы тʏзʏлгɵн шарттарга да кɵңʏл буруп, тазалыкты сактап, айдоочулардын туура мамилесин депутат катары талап кылышыбыз керек”.
Бердиев Жанболот, Жʏргʏнчʏлɵрдʏ ташуу агенттигинин жетекчиси: “Солярканын, тетиктердин баасы кɵтɵрʏлʏп жатат. Кичи каттамдардын калькуляциясы бар. Калькуляцияга каттамдын кʏнʏмдʏк чыгымы кирет. 100 пайыз кепилдик бербесем да жол акынын кɵтɵрʏлʏшʏ -айдоочулардын, кичи маршруттук каттамдардын кɵбɵйʏшʏнɵ шарт тʏзɵт».
Эскерте кетсек буга чейин шаарда 600гɵ жакын кичи маршруттук каттам тейлесе, алардын саны 500гɵ чейин кыскарган. Ош шаардык автоунаа мекемеси автобус, троллейбусту тейлесе, Ош шаардык жʏргʏнчʏлɵрдʏ ташуу агенттиги кичи маршруттук каттамдарды тейлейт.
Ошондой эле автобус, троллейбустун баасынын жогорулашы да добушка коюлуп, колдоо тапты. Анда электрондук тɵлɵм 15 сом болсо, накталай тɵлɵм 17 сом деп бекитилди.

Сабижан Турдуев, Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасынын жетекчиси: «Жол акысы акыркы жолу 2019-жылы 14-майда шаардык кеңеш тарабынан бекитилип берилген. Айдоочулардын маянасы салыштырмалуу аз. Ошондуктан башкы экономисттерге, тиешелʏʏ адистерге тапшырма бердик. Кабыл алынган токтом кʏчʏнɵ кирип, иштей баштагандан кийин, атайы комиссия менен карап, кирешебизди эсептеп, ошого жараша айлык маяналарды кɵтɵрсɵк деп турабыз».
Ар тʏрдʏʏ маселелерде бардык тармакка тиешелʏʏ арбын маселелер каралып, арасында асфальттын сапатын оор жʏк ташуучу унаалар менен талкалап албоо жана кɵркʏнɵ чыгып келе жаткан шаардагы жарнамалардын иреттʏʏлʏгʏнɵ тиешелʏʏ кɵйгɵйлɵр да айтылды.
Арыпбек Айтбаев, депутат: “Азыркы учурда Ош шаарында асфальт тɵшɵɵ иштери кɵп жʏрʏп, мамлекет миллиондогон, миллиарддаган акча сарптап жол салып жаткандыгын, бирок оор жʏк ташыган Howo, Shacman (Шакман) автонунаалары ашыкча жʏк жʏктɵп, жолдорду бузуп жаткандыгын айтып, “нарашкаларын” алып салууну сунуштадым. Шаар мэри дагы бул сɵзʏмɵ кошуларын, бул кɵйгɵй боюнча кɵзɵмɵлдʏ кʏчɵтɵɵрʏн билдирди. Ал эми МАИ жетекчиси нарашкага уруксат берʏʏ токтотулгандыгын, бул боюнча иш жʏрʏп жаткандыгын айтты”.

Жазгʏл Максутова, депутат: “Учурда шаарыбызда LED-экрандар, медиа-дисплейлер орнотулуп, башаламан жайгашкан баннерлердин актуалдуулугу жоголо баштады деп ойлойм. Ал эми дʏкɵндɵрдʏн, кафе-ашканалардын, сулуулук салондордун жана башка мекемелердин аталыштары жана алардын сыртына илинген иретсиз, уруксатсыз, сапатсыз, сабатсыз даярдалган баннерлерди колдонбой, бирдиктʏʏ кɵлɵмдʏʏ тамгалар менен аталышы гана жазылса болот. Мисалы, “БЕРЕКЕ АЗЫК-ТʏЛʏК ДʏКƟНʏ” деп эле жазылса. Дʏкɵндɵ эмне сатылса, ошонун баарынын сʏрɵтʏн баннерге чыгарып илʏʏнʏн эмне зарылдыгы бар? Ашкананын аш тизмегин сыртка чыгарып, тамак-аштын сʏрɵтʏнɵн бери илип алгандар да эске алынса… Кызматкерлер бул боюнча дагы иш алып барып, бирдиктʏʏ дизайнды, чектелген стандарттарды талап кылып, шаардын иреттʏʏлʏгʏнɵ жапырт киришишет деген ойдомун. Иреттʏʏлʏк бар жерде ɵнʏгʏʏ жʏрʏп, коом тартипке баш ийет. Ар бир кадам ойлонулуп жасалат, жарандык жоопкерчилик жогорулайт”.

Кʏн тартибиндеги 14 маселе:
1. Ар тʏрдʏʏ маселелер
2. Ош шаарынын Кызыл-Кыштак айылдык аймагындагы Кызыл-Кыштак айылынын башкы планын жана ага бириктирилген деталдык пландоо долбоорун бекитʏʏ жɵнʏндɵ:
3. Ош шаарындагы коомдук транспорттун бардык тʏрлɵрʏндɵ жʏргʏнчʏлɵр ʏчʏн жол акынын тарифин бекитʏʏ жана Ош шаардык муниципалдык автоунаа муниципалдык ишканасы тарабынан акы алып кɵрсɵтʏлʏʏчʏ кызматтардын нарктарын белгилɵɵ жɵнʏндɵ:
4. Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 15-июнундагы №53 “Ош шаарынын мэриясынын жʏргʏнчʏлɵр транспортунун агенттиги” муниципалдык ишканасынын диспетчердик тʏйʏндɵрʏнʏн жана шаардык кичи автобустук маршруттук каттамдарында жʏргʏнчʏлɵрдʏ ташуу кызматтарын кɵрсɵтʏʏчʏ субъекттер ʏчʏн франшиза наркын жогорулатуу жɵнʏндɵ” токтомуна ɵзгɵртʏʏлɵрдʏ киргизʏʏ жɵнʏндɵ:
5. “Ош унаабекети” муниципалдык ишканасынын аймагына кирип-чыгуучу автоунаалардан акы алуу нарктарын бекитʏʏ жɵнʏндɵ:
6. Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы №213 “Ош шаарынын мʏлкʏнɵ сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотуу жана пайдалануу келишимдин тɵлɵмдɵрʏнʏн ɵлчɵмʏн аныктоо ирети жɵнʏндɵ” токтомуна ɵзгɵртʏʏ киргизʏʏ жɵнʏндɵ:
7. Демɵɵрчʏлʏк жардам катары берилген атайылаштырылган унаа каражаттарын мамлекеттик менчиктен Ош шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берʏʏ жɵнʏндɵ:
8. Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги жер тилкесин Ош шаарынын прокуратурасынын имаратын куруу ʏчʏн мамлекеттик менчикке ɵткɵрʏп берʏʏгɵ макулдук берʏʏ жɵнʏндɵ:
9. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Ош шаарындагы айрым автоунаа жолдорун Ош шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берʏʏ жɵнʏндɵ:
10. Ош шаарынын Аэропорт шаарчасында жайгашкан муниципалдык жер тилкелерин мамлекеттик менчикке ɵткɵрʏп берʏʏгɵ макулдук берʏʏ жɵнʏндɵ:
11. Муниципалдык мʏлктɵрдʏ ижара акысынан бошотуу жɵнʏндɵ:
12. Ош шаардык кеңешинин 2025-жылдын 27-февралындагы №18 “2025-жылга Ош шаарынын жергиликтʏʏ бюджетин бекитʏʏ жана 2026-2027-жылдарга пландык мезгили жɵнʏндɵ” токтомуна ɵзгɵртʏʏ киргизʏʏ жɵнʏндɵ:
13. №11 В.В.Терешкова атындагы мектеп-интернатында окуган окуучуларга жайкы жана кышкы кийимдерди сатып алуу ʏчʏн акча каражатын бɵлʏп берʏʏгɵ макулдук берʏʏ жɵнʏндɵ:
14. Ош шаарынын участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарынын резервдерине кɵрсɵтʏлгɵн талапкерлердин тизмелери жɵнʏндɵ.
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы