Кыргыз Республикасынын Тʏштʏк аймагында жайгашып, ʏч облусту камтыган, жалгыз адистештирилген Ош шаарындагы областтар аралык балдар клиникалык ооруканасы 1963-жылдан бери ʏзгʏлтʏксʏз иштеп келе жатат. Бул макалада аталган медициналык мекеменин тʏзʏлʏʏ тарыхы, учурдагы ишмердʏʏлʏгʏ, санариптештирʏʏ натыйжалары, адистердин эл аралык тажрыйба алмашуусу, жабдуулардын жаңылануусу жана айрым кɵйгɵйлɵр тууралуу кенен баяндайбыз.

Султан кызы Жаңыл, директордун уюштуруу усулдар иши боюнча орун басары.
Балдар ооруканасынын 60 жылдан ашкан ʏзгʏлтʏксʏз кызматы
Ош шаарындагы областтар аралык балдар клиникалык ооруканасы Кыргыз Республикасынын Эмгекчилер депутаттарынын Ош областтык советинин аткаруу комитетинин чечими менен 1963-жылы 7-мартта ачылган. Алгач оорукана ɵз алдынча 100 керебетке ылайыкташып, учурдагы жугуштуу оорулар ооруканасынын жанында жайгашкан имаратта иштей баштаган. 1980-жылы Салиева кɵчɵсʏнɵ жаңы имарат курулуп, ошол убакыттан бери адистештирилген кɵп тармактуу областтар аралык оорукана катары иштеп келет. Азыркы кʏндɵ оорукана жалпы 540 керебетке ылайыкташкан. Анын ичинде 14 дарылоо бɵлʏмʏ, 29 атайын адистештирилген керебет жана кошумча диагностикалык бɵлʏмдɵр бар.
“Кʏн сайын 1000 бала: Кызматтын масштабы кеңейʏʏдɵ”

Учурда ооруканада бейтаптарды кабыл алуу ʏчʏн 6 орун каралган. Кʏн сайын эртең мененки саат 8ден баштап кабыл алуучу, кеңеш берʏʏчʏ жана диагноз коюучу бɵлʏмдɵр менен бирге кыска мɵɵнɵттʏʏ, бир кʏндʏк жумуш башталат. Ошондой эле ооруканада ымыркайлар патологиясы бɵлʏмʏ да бар. Бул бɵлʏм 28 кʏнгɵ чейинки наристелерди кабыл алат. Мындан сырткары 24 саат бою тынымсыз иштеген 3 бɵлʏм бар. Алардын бири — кабыл алуу бɵлʏмʏ, бул жерде шашылыш тʏрдɵ, оор абалда, тез жардам менен келген бардык балдар кабыл алынат. Ал эми жол кырсыгына кабылган, жаракат алган же сɵɵктɵрʏ сынган балдар 24 саат иштеген травмпунктта кабыл алынат жана жандандыруу бɵлʏмʏ иштейт. Ошондой эле хирургия бɵлʏмʏ да курч абалдагы хирургиялык абалдарда кызмат кɵрсɵтʏшɵт.
Оорукана Тʏштʏк региону боюнча ʏч областты Ош, Баткен жана Жалал-Абадды камтыган жалгыз тездештирилген балдар ооруканасы болуп эсептелет. Имарат 1980-жылы ошол учурдагы калктын санына жараша салынган. Бирок учурда калктын саны ɵскɵн сайын бейтаптардын агымы да кɵбɵйʏʏдɵ. Бир кʏндɵ орточо эсеп менен 1000ден 1500гɵ чейин бала кабыл алынат. Айрыкча мезгилдик вирустук оорулар кʏчɵгɵндɵ бейтаптардын саны абдан жогорулайт. Кʏнʏнɵ 70-80ге жакын бала ооруканага жаткырууга жɵнɵтʏлɵт.
Кагазсыз иш: санарип клиниканын жаңы деңгээли

Саламаттыкты сактоо министрлигинин демилгеси менен “Санарип клиника” программасы мамлекеттик медициналык мекемелерде ишке киргизилген. Бул система ооруканада бир жылдан бери иштеп келет. Негизги ɵзгɵчɵлʏгʏ — бейтаптардын карталары, эмгекке жарамсыздык баракчалары, керектʏʏ маалымкаттар “Тʏндʏк” тиркемеси аркылуу электрондук тʏрдɵ жеткиликтʏʏ болуп калды. Бейтаптарга ыңгайлуулук тʏзʏʏ ʏчʏн электрондук кезек да киргизилген. Бирок бул жаңы система айрым бейтаптар, айрыкча улуу муундагы жарандар ʏчʏн кыйынчылыктарды жаратып жатат. Ошондуктан бул багытта атайын тʏшʏндʏрʏʏ иштери тынбай жʏргʏзʏлɵт. Эң негизгиси “Санарип клиника” документ жʏгʏртʏʏнʏ жеңилдетип, иш процессин ылдамдатты.
Акысыз дарылоо кимге тиешелʏʏ? Жооп катталган жериңизде
Ар бир жаран ооруп калган учурда биринчи кезекте ɵз аймагындагы поликлиникага кайрылышы керек. Алгач ошол жердин дарыгери бейтапты кɵрʏп, зарыл анализдерден ɵткɵрɵт. Эгерде абалы оор болуп, кошумча дарылоо талап кылынса, чоң ооруканага жолдомо берет. Биздин ɵлкɵдɵ “Мамлекеттик кепилдиктер программасы” бар, анда 6 жашка чейинки балдар айрым шарттарда акысыз дарыланат деп жазылган. Бирок бул система бейтаптын катталган аймагына жараша иштейт. Поликлиникаларга мамлекет тарабынан каражат бɵлʏнɵт, ошонун негизинде бейтаптар кээ бир текшерʏʏлɵрдɵн бекер ɵтɵ алышат. Бирок кɵпчʏлʏк бейтаптар тʏз эле ооруканага келип алышат, айрымдары “шаардын ичинде жашасак, карайсыңар” деген талап менен кайрылышат. Эгерде бардык бейтаптар ɵзʏнʏн ʏй-бʏлɵлʏк дарыгерине кайрылып, зарыл текшерʏʏдɵн ɵтʏп, андан кийин жолдомо менен келсе тʏшʏнбɵстʏктɵр азаят эле.

“Дарыгерлер Кытайга жана Москвага жɵнɵтʏлʏʏдɵ”
Ооруканада 700дɵн ашуун кызматкер иштейт. Дарыгерлердин арасында илимдин кандидаттары, аспиранттар, профессорлор, кошумча доценттик наамы бар дарыгерлер бар. Дарыгерлер ар дайым республикалык жана эл аралык конференцияларга катышып турушат. Жакынкы кʏндɵрʏ оорукана директору Жыргалбек Жолдубаевичтин демилгеси менен Кытай мамлекетинин Цзинань медициналык университети менен кызматташуу келишими тʏзʏлгɵн. Бул келишимдин алкагында дарыгерлерди Кытайга жиберип, тажрыйба алмашуу, заманбап методдорду ɵздɵштʏрʏʏ максатында окутуу иштери жʏрʏп жатат. Мындан тышкары, жаш балдардын курч оорулары боюнча Москвага эки жумалык окууга барып турушат. Ошондой эле билим деңгээлин жогорулатуу боюнча мыйзамдын негизинде ар бир дарыгер мезгил-мезгили менен аттестациядан ɵтɵт.

Заманбап жабдуулар — так диагноз, ыкчам жардам
Оорукананын материалдык-техникалык базасы акыркы жылдары жакшы толукталды. Эң негизги кɵйгɵйлɵрдʏн бири болгон рентген аппаратка кезек кʏтʏʏ маселеси чечилди. Мурун кабыл алуу бɵлʏмʏндɵ иштеген эки эле рентген аппараты болгондуктан оор абалда келгендер жана жɵн гана текшерилʏʏгɵ келгендер бир жерде кезек кʏткɵн. Былтыркы жылы Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Бʏткʏл дʏйнɵлʏк банктын жана Президенттин Оштогу ыйгарым укуктуу ɵкʏлчʏлʏгʏнʏн колдоосу менен жаңы санарип рентген аппараты алынып, бейтаптарды абалына жараша бɵлʏп текшерʏʏ мʏмкʏнчʏлʏгʏ тʏзʏлдʏ. Ошондой эле УЗИ аппараты, жʏрɵктʏ текшерʏʏчʏ “холтер”, жана заманбап автоклав стерилизациялоочу аппарат алынды. Персоналдык жабдыктар менен да камсыздалып, диагностика сапаты жогорулады.
Таңсулуу Сʏйʏнали кызы
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы